Жанр:Эстрада
00:03:20
63,48 Мб
Жүктөлгөн: 15-12-2008
Сөзү:Жакут Сыдыковдуку
Обону:Жакут Сыдыковдуку
Салам айтам жалпыңа, жалпы кыргыз калкыма,
Мен татыктуу болсом экен Жакут деген атыма.
Жакут деген асыл таш, а мен болсо али жаш,
Кичинемден жазып жүргөн ырларым бар бир КамАЗ
Кайырма
Өзүм деле ыр жазам,
Неге болбойт ырдасам?
Аккордеон ойной алам,
Азыр угуп, тыңшасаң.
Кичинекей кезде эле ырчы болгум келчү эле,
Азыр деле кеч эместир, азыр деле эрте эле.
Обондорум, ырларым оомат болуп жыйналдың,
Багыңарды ачайынчы баарыңарды кыйнадым.
Кайырма
Ырларымды хит кыла,
Далайларды ит кылам.
Ыр жазамын обон жазам,
Аранжировка бүт кылам.
“Супер-Инфо” ойлосо, спонсорлор колдосо,
Азыр ырчы болуш кыйын, продюсериң болбосо.
Дагы ырлар жаратам, ырдаганы баратам.
Тартуу кылып эл-журтума DVDге таратам.
Кайырма
Кыргызстандык кыргызмын,
Сүйгөнүмүн бир кыздын.
Өнөрүмдү сүйгөндөргө,
Өчпөй турган жылдызмын.