Мээрим Карыпова "Сагынып кеттим"
Жанр:Поп
00:03:45
57,66 Мб
Жүктөлгөн: 05-09-2017


Келчи жаным сагынып кеттим,
Оттой жандым, нөшөрлөй төктүм.
Жаным менин келет го кээде,
Канат кагып куш болуп кеттим.
Алсыз жүрөк кыйнады жанды,
Мончок болду көзүмдүн алды.
Сагынычтын кесеси толуп,
Уйкусуз түн атырдым таңды.

Кайрыма:
Канча көктөм чакырса да мени алдап,
Мендик жүрөк сенде калган бир арман.
Сени көргөн күндөн баштап сүйгөнүм,
Мен лейлимин сагынчка камалгам.
Сактадыңбы мени эсиңе?
Эстейсиңби, эстейсиңби?
Сенсиз өткөн күндөрүмдүн баары арман,
Сенсиз өткөн түндөрүмдүн баары арман.

Деңиздейсиң толкунуң күчтүү,
Менин сүйүүм өрттөн да күчтүү.
Сен кайдасың көктөмүм менин,
Сары күздүн салкыны түстүү.
Араласам алтын багыңды,
Өчкөн үмүт кайра жагылды.
Сагынычтан саргайган менин,
Ким түшүнөр ашык жанымды.

Кайрыма:
  • Currently 1.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (2)

12.09.2017. 11:06
 maka_090596
жакшы ыр болуптур
19.10.2017. 10:00
 Alias
Мен жактырган ырчы айым. Мээрим жакшы ырдайт. Айрыкча жандуу ун менен ырдаганы сонун. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: