Айганыш Абдиева "Жүрөгүңүздө ким бар?"
Жанр:Поп
00:03:03
58,97 Мб
Жүктөлгөн: 11-03-2021


Сөзү: Зарлык Камбаралиевдики
Обону: Зарлык Камбаралиевдики

Билбейм муну сүйүү дейби сезим дейби,
Ашыктыгым көздөрүмдөн билинбейби.
Сүйөрүмдү айтсам эгер жүрөгүңүз,
Четке кагып бүт айламды кетирбейби.

Бар...Сезимдер ар кандай
Калган го байкалбай
Жүрсөңүз айта албай

Күлгөнүңүздө күн бар,
Карегиңизде түн бар.
Үндөсөм ачпай койду
Жүрөгүңүздө ким бар?.

Чертилбей сүйүү кылдар
Кезексиз өттү жылдар
Ачылар бир күн деген
Жүрөгүмдө миң сыр бар

Жүрөгүмө жашыруун сөз катып койгом
Сезимдерди сактайын деп тунук бойдон
Кайдан билем жандырмагы сизге буйруп
Маңдайыма балким сизди жазып койгон

Айт,айтыңыз жашырбай
Сан ойго батырбай
Калбасын ачылбай
  • Currently 2.00/5
(1 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: