Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Багыңа мени чакырдың,
Багынтып дүйнөм мас кылдың.
Баары сен болуп жашоомдун,
Байкатпай мени азгырдың.
Кайырма
Жаныңа жаным тартылат
Көргөндө көзүм карагат
Арбалып сага баратам
Алтыным
Багынтып бизди махабат
Бактылуу күнгө чакырат
Багыңда бакыт куш сайрап
Алтыным
Жүрөктүн издеп ачкычын
Жүрөгүң үчүн жактырдым
Кулпулап эми жүрөгүм
Алып ал өзүң ачкычын
Кайырма
Балын бир татып сүйүүнүн
Бирге бир жүрчү күн келсин
Кош жүрөк согуп турганда
Сүйүүмө сүйүүң дем берсин
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.