Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жашыттың көз көрүнө
Чачырап бүтүн бүлөө
Жетээриң ошол беле
Жаза алдым кай күнөөмө
А кантип эркиң жетти
Жүрөгүм оорутууга
Сен деген сезимимди
Айланттың кыяматка
Чын эле кантип бардың
Дүйнөмдү аңтарууга
Санаамды ызаа толгон
Чаңдатып сапырууга
Тап берем тагдырыма
Наалыймын таалайыма
Жаралбай койгондо эмне
Дүйнөгө бул жарыкка
А кантип дитиң барды
Сүйүүмдү бүлдүрүүгө
Урабас махабатым
Күч менен сүрдүрүүгө
Ишенбейм ызааланам
Күйүткө батып барам
Арман күн курчап алды
Эми мен кантип жашайм
Башканын келинчеги
Болдуңбу кеңешээри
Ак жоолук куп өзүңө
Жарашса керек эми
Кош болгун бактылуу бол
Болбоймун сага тоскоол
Жүрөктөн тапканыңдын
Ардагы таалайы бол
Эстебе кайрылбагын
Мен эми башка адаммын
Жараатты таңып болбойт
А кайра ырбатпагын
Кечирим сурабагын
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.