Жанр:Эстрада
00:02:44
66,05 Мб
Жүктөлгөн: 29-05-2025
Сөзү:Зарлык Камбаралиев
Обону:Зарлык Камбаралиев
Кызытайым таттуу болуп балдан да
Эзилемин карап уктап жатканда
Жүрөгүмдү элжиретип кылыгың
Сен жашоомду айландырдың майрамга
Атасынын кызы,эркем
Бакыт болуп бизге келген
Жаратканым белек кылып берген
Атасынын кызы,эркем
Бакыт болуп бизге келген
Жаратканым белек кылып берген
Кызытайым көзүмдөгү карегим
Атасынын периштеси бар эми
Жасай берем келгенинче колумдан
Сен бактылуу болуу үчүн данегим