Добр "Тагдыр"
Жанр:Рэп (Хип-хоп)
00:03:55
58,29 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2009


Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку

Кайырма:
Арманда калган бала, балада болгон санаа,
Тагдыр тайкысын кара, жок эми кылар арга.
Көзүнө жаш алып, кусалыкка батып,
Жаш бала, жаш бала.


Темселеп, тегеренип көчөнүн караңгы түнүндө,
Тепселеп, көрүнгөн жерди бала үйүнө көрүнбөй.
Кечир ата, кечир апа, чыгып кеткениме үйдөн,
Тажадым апоо, мас атамдын сүрүнөн.
Түгөнбөй жатат жолум, кайда алпарарын билбейм,
Ай жарык түнү жолум, упузун, килтейген.
Жетелеп алып колумдан экөөңөрдүн ордуңарга,
Өңөрүп алгансып тагдыр келечегимди жонуна.
Бала кетип бара жатат, арканы карабай түндө,
Улам эстеп атасынын арак ичип жатканын үйдө.
Баргысы келбей үйүнө, көрүнгөн жерде түнөдү,
Үргүлөп, илинип көзү, бир маалда үйүн түш көрдү.
Көрдү апасын түшүндө, өзү менен төркү үйүндө,
Отурганын чай ичип экөө, дасторкон үстүндө.
Жылуу төшөгүн жамынып, уйкуга баткан маалда,
Эшик ачылды, атам кирип келди мас абалда.

Кайырма:
Арманда калган бала, балада болгон санаа,
Тагдыр тайкысын кара, жок эми кылар арга.
Көзүнө жаш алып, кусалыкка батып,
Жаш бала, жаш бала.


Апамдын ооруганы аз келгенсип, ага асылды,
Көрүнгөн нерсенин баары ырыскы менен чачылды.
Ызы-чуу кайнап турган кези, кыйкырык бөлмөдө,
Колумдан келбеди колунан тартып бөлгөнгө.
Баланы арыны көздөй жулмалап түртүп салды,
Чалынып барып бала дубалга жабышып калды.
Карачы жашоону, арак адамды эмне кылганын?
Атам түшүнбөй калды кантип ага кабылганын.
Ошонун айынан бала жүрөт көчөдө темселеп,
Келечек менен бактысын жер менен кошо тепселеп.
Кез келет, баары токтойт дегенге ишенбей калды,
Апасы менен баласы үмүтүн үзүп салды.
Сагындым сени атоо, ичпеген соо кезиңди,
Көздөрүндөгү жашынан кусалыгы сезилди.
Баланын жүрөгүндө бир гана шам күйүп турду,
Үйгө караганда көчө тынчыраак болуп угулду.

Кайырма:
  • Currently 4.90/5
(10 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (46)

18.04.2009. 22:28
 sher
daa turmushun eshek araba tuuldun kaldin balaaga
19.04.2009. 22:00
 karyshkyr
chen ele bala soonun oinoptur (gercek gibi)
chon aktiyor bolotko.alga
20.04.2009. 12:27
 Кокаин Марихуанович
Маладес....
Сайкалдын "наливай!"ына видео ответ!
21.04.2009. 19:32
 Мелисбек
Клип озу нормальный тартылыптыр. А бирок ыры анча топ келбей калыптыр. клиптин уландысы барбы же ушуну менен эле бутуп калабы? ырыны бир аз озгортуп ырдаса жакшы болмок. Бир аз клипке недагон болуп калдык.
22.04.2009. 14:58
 Айдай
клип абдан жакшы сабак болот деп ойлойм 5+
22.04.2009. 18:44
 KGMA
Азамат!!! Кыргызда да Добрдай реперлер коп болсун!Ыр да клип да супер!!!
29.04.2009. 17:22
 Единственный
кыз жакшы ырдайт экен
15.05.2009. 05:56
 simon
Jakshy Eger dagy klip tartyp kalsan baktyluu turmushtu tart.
02.06.2009. 20:16
 Roha
"Нукура кыргыз бала Добр" деп бут эле ырында айтып даназалап турасын го кайсыл ырынды укпайын баарында айтасын созсуз . Кайсы клибинди тартпа баарынта тен фантазия кучтуу! Тан берем .
05.06.2009. 18:07
 ryzhak
Добр, азамат! Бул клипке биз да салым кошконбуз! Жакшы чыгыптыр! (Технология мечты)
05.06.2009. 23:36
 kanat
отлично! больше нет слов! красавчик дерзай
08.06.2009. 16:25
 Meri
5+ Koyup men dagi bir jolu dadogo koshulam Dobr azamat!
08.06.2009. 16:34
 Roha
Добр С упер Хит сынагына катышып жатыптыр го! Азамат жылыш бар окшойт мен да 5+ деген баа коем ! Келгиле достор Добрга баа коюп берели патриотту колдоп !
12.06.2009. 08:08
 alga
устункудо коментарий берген жана баардык кыргыз балдар жана кыздарга кайрылам... келечекте уй-булоолу болуп уул-кызду болсонор балдарынарды жакшы тарбиялаганга аракет кылгыла. Башка-бетке чапкылабай, кыйкырып анан боло берет дебей...
ушул клиптен жакшы сабак алсанар!
18.06.2009. 18:37
 adiku
Добрды мен да сыйлайм ,бут ырлары жагат,озгочо патриотизми. Нукура кыргыз бала болуп журо бер элдин сынына сынба ! сендейлерди биз сыйлайбыз. Кыргыздар алга!!!
20.06.2009. 15:36
 Roha
Dobr alga ! Patriottor alga!
22.06.2009. 01:12
 лунка
сонун ырдайтда ушул жигит!жакшы ыр!баракелди!
04.07.2009. 11:13
 Meri
JOJO milyi ili mila9 my s10da priwli klip otsenit,a ni vnewnost i ne odejdu! mne truba ho4ets9 na tvo10 vnewnost posmatret. mojet ostaviw svoi @mail adres aa?
04.07.2009. 16:10
 LIVER
"Назгул" и "JOJO" специально для вас!
Наверно вы такие красивые,стройные и стильные.
Будьте по проще, не стройте из себя красивую даму. Так хотелось бы на ваши фейсы посмотреть... дело не в красоте совсем, и пишите вы обе не в тему, не ставьте себя перед публикой,и не устраивайте здесь показуху, Плевать я хотел, на вас с высокой башни , походу кто то вам на хвость наступил. Кыргыздар качан бири бирибизди шылдындашты коебуз. Ыр абдан жакшы, создорунун мааниси сонун. а клип хоть и п
05.07.2009. 04:27
 Даниэль
начар.
Aman у всех свое мнение есть
16.07.2009. 16:42
 KiD
Досуке азамат! бирок мээлейди чеччип эле койчу ганста болбой! озундун стилинди жоготпо!
Алга нукруа кыргыз бала!
19.07.2009. 14:14
 namys
азаматсын иним!
07.10.2009. 02:27
 alikbek
уважуха просто класс
21.11.2009. 03:52
 honestbek
Арак арак качан ушинтип элимди кыйнаганын коет ? Качан ган элим анын ою жаман кылган иши жаман экенине ишенип ичпей калганда гана токтобосо арактын устомдугу азыр опурталдуу болуп турган чагы КЫРГЫЗымдын келечегине!!!! Элимди аяйм!!
21.11.2009. 09:23
 honestbek
Арак арак качан ушинтип элимди кыйнаганын коет ? Качан ган элим анын ою жаман кылган иши жаман экенине ишенип ичпей калганда гана токтобосо арактын устомдугу азыр опурталдуу болуп турган чагы КЫРГЫЗымдын келечегине!!!! Элимди аяйм!!
20.01.2011. 20:14
 zarinchik
жакшы ыр!молодец ДОБР!каждый раз когда слышу эту песню сердце болит...
25.04.2011. 03:57
 gulnura
Malchik v klipe sygral na otlichno.
14.03.2012. 23:22
 adina2096
байкуш бала..кудай ушундай жамандыктан озу сактасын
12.02.2013. 14:26
 ss90
мен коруп алып ыйладыыыым((турмушта мындан да жаман нерселер болуп жатат тилеке каршы...АЛЛАХтын коруп тураарын унутпайлычы...!?
03.08.2013. 16:27
 Muslim9595
Эээ ушул да рэпби яя???? Кыргыз рэпти уят кылды жигит!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: