Айдин Шер "Кыргызым"
Жанр:Поп
00:03:25
69,72 Мб
Жүктөлгөн: 27-10-2010


Сөзү:С. Бейшекеевдики
Обону:С. Бейшекеевдики

Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөр,
Алманын сабагындай.

Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашаймын эл менен.

Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болор чоң бурулуш.

Кайырма:
Кыргызым, ыйлаба,
Күн тиет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буюрса, бактыңа.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Элим мен сени менен.

Элимдин ырысын,
Демиткен адамдар.
О дүйнө барганда,
Бир Кудай жазалар.
Тийбечи, суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.

Кайырма:
Ыйлаба, кыргызым,
Кемибесин ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буюрса, уул-кызың.
Элиме дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Жашайм мен эл менен.
Тирүүлүктө, өңүмдө,
Келем мен сени менен,
Кыргызым, ай сени менен.
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (49)

02.11.2010. 19:56
 naka
Айдин молодец!!!Песня просто супер. Эта песня так же хорошо звучит и в твоем исполнении. Айдин творческих успехов как на сцене, так и в кино!!!
02.11.2010. 20:10
 tekila
сонун!!! супер!!! рахмат чон сага!!!
спасибо за патриотизм, в наше время их не много((
03.11.2010. 03:32
 Alisher
Kirgizstanibiz elibiz jurtubuz tinch bolsun ar biribizge insap iyman bersin yr soonun boluptur iygilik
03.11.2010. 14:12
 alisam
Жакшынакай кыргызча ырды, орусча акцент менен ырдаганы жакпай калды. Бирок, ыр да соз жок. Сыймык байке азамат! Айдин Шер сен да молодец!
03.11.2010. 16:34
 aibektemurov
ушул ырдын МР3 варианты кимде бар.
04.11.2010. 19:03
 litpa
Кун дагы бурколду, адамдын кабагындай.

Турмушун узулоор, алманын сабагындай.

Ыйлаба кыргызым, боксорбойт ырысын,

Азап кундон алып чыгат, буюрса уул-кызын.

Демине дем берет, мукамдуу ыр менен.

Тируулук тонундо, жашайм мен эл менен.
04.11.2010. 23:52
 Wonderfullgirl
сонун +5
05.11.2010. 01:16
 sulusha
1-jolu ugup ayabai yilagym keldi,yrdyn teksti maaniluu eken.uwundai yrlardy kop-kop jarata ber.rahmat Aidin.
05.11.2010. 14:59
 temu
Созу жана обону абдан сонун, бирок Айдин Сыймыктай ырдай алган эмес. Сыймыктын аткаруусунда бул ыр жакшырак угулчу эле.
08.11.2010. 00:10
 maratik
molodec bratec !!! jelayu uda4i !
08.11.2010. 08:31
 шахзода
Классно спел,супер песня!!!! Баарынан создору жакты,бирок жакпаганы Айдиндин айрым костюмдары.
08.11.2010. 12:11
 Dashi
Клибин азыраак,азыркы кыргыздын турмушуна байланыштырып тартса болмок,бирок ырына соз жок.
09.11.2010. 21:05
 baby
сыймык байке жакшы жазган.....айдин ептеп септеп еле чыгарганы шашканбы
11.11.2010. 17:27
 Gambit
админ көчүрүгө мүмкүнчүлүктү беринизчи
13.11.2010. 15:56
 eren
kirgizdar daima birge
14.11.2010. 21:45
 aziku
Айдин Азаматсын!!! Эн жакшы ыр! Журоктун тупкуруно жетет. Азаматсын!!! АЛГА!!!
14.11.2010. 23:46
 Muratbei
En sonun,jakshy yrdaptyrsyn tuugan
17.11.2010. 12:54
 Bad boy
ushul jigit molodets, patriot da okshoit, tak derjat mujik... opkolonbogonu le jagat jonokoiluk baarin jenet dep oiloim
22.11.2010. 09:41
 Латыш
Супер! Азаматсын! Сонун ыр экен!
24.11.2010. 16:50
 Miss X
А что у него с губами?
25.11.2010. 20:11
 jika
ССССУПЕР!!! Бул клиптин(ырдын)жаман жери жок экен,молодец Айдин Шер,азаматсын.А биягы мындай экен,тиягы тигиндей экен дегендер-да вы просто завидуете,ЯСНО?! Так что-дерзай дальше мальчик ,по больше бы таких песень.УДАЧИ!
27.11.2010. 18:39
 Aisuluuwa
Супер!!! Дайыма алга кыргыз элим!!! Молодец Айдин Шер!!!
29.11.2010. 21:34
 aziku
Super! baari sonun boluptur!!!
10.12.2010. 12:27
 Talpen
азамат керемет жакшы ер екен ,бар бол сага ийгилик!!
08.01.2011. 22:04
 OdiNokaYa
Каждый раз когда я слушаю эту песню :...(((прям плачу ((( Тем более когда ты на большом расстоянии от дома, просыпается такое сильное патриотическое чувство и любовь к народу. Спасибо исполнителю что смог передать все это красивым голосом)))
05.04.2011. 17:40
 Aipesh
Ыры жакшы бирок клиби анча окшошпой калыптыр
15.04.2011. 16:23
 Akawka
)))
11.08.2011. 11:28
 Malika88
сындагандар...?! озунор биринчи ушинтип ырдап алгылачы ээ
соонун эле турат
12.10.2011. 11:41
 Дикуся
Азамат сонун ырдаган
29.10.2011. 11:00
 nursultan_250692
Супер ыр!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: