Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сапарым жазгы жолдо, жазгы жолдо
Сарысеп салып келем оңго солго
Көркөмдүү көргөзмөсүн көрсүн дейби
Күн нуру шоолаланды кыраң жолдо
Асманга анан жерде нур таралат
Аз-аздап шык ойгонуп ыр жаралат
Эңилип жаман гүлдөр өөп кетпейби
Эртелеп бара жатсам бак аралап
Мактасаң сулуулукту жазда макта
Жашыл түс кырда, түздө, дүйүм бакта
Жамалың жамгыр чайкап эртели кеч
Таштар да өңүн ачат ушул чакта
Булбулдар көрүшкөнсүп теңи менен
Безилдеп үн алышат сени менен
Жабыркап жылуулуктан жадап турсаң
Жел аргый желпип өтөт жеңи менен
Төшөлөт чөп килемдей бут алдына
Жайылат нур жибектей кош далыма
Көпөлөк көлөкөмдөн боюн тартат
Келгенсийт кебирсинген кыш жанына
Асема менен Аиданы угуп отуруп, биринде сулуулук биринде ун бар экенин байкадым, Асема актриса болуп эле элдин конулун калтырбай андан ары улашы он, ал эми Аида чиста ырчы. Кыргызки вперед!!!!!
Аида эжекебиз назик бийкеч болуп калган го бул клипте. Позитивдүү маанай тартуулаган клип экен. Бир гана жаш балдар менен аралашып бийлеп жаткан жердеги кийген кийими өзгөчө башындагысы жарашпай калган экен.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.