Гүлбү Ороскул кызы "Арзуу"
Жанр:Фольклор
00:04:08
63,56 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2012


Сөзү:Ж.Исабаеваныкы
Обону:Б.Мамаевдики

Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көңүлдө калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, басып наздана,
Баш ийип калдың башкага.
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагындым, мынча сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда не келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.
  • Currently 4.52/5
(31 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (41)

25.01.2012. 16:53
 bahabala
такыр корунбой атат.
25.01.2012. 17:23
 Aiaika
krasivie platie klaaaasno
25.01.2012. 23:39
 shako
супер инфо чоон рахмат аябай сонун супер ыр экен
26.01.2012. 00:43
 talan
сонун екен
26.01.2012. 04:13
 Schatz
abdan jakty,sozdorun jazyp da aldym
26.01.2012. 10:16
 Luntik
жактыыыыыыыыыыыыы
26.01.2012. 12:19
 gulmira.kg
аябай сонун ыр экен.жакты.Гулбуу эжеге рахмат,жеткире ырдаган.
26.01.2012. 23:51
 cello
Даа... Клип жакшы тартылыптыр. Эмнегедир Элмирбекке ырдап жаткандай таасир калтырууда. Эмнеси болсо да ишинизге ийгилик...
27.01.2012. 00:37
 Aelina
ortocho
27.01.2012. 17:59
 anyuka
Abdan ukkuluktuu ir eken. Gulbu eje ozgo4o 4a4iniz jakti!!!!!!!!!!!
27.01.2012. 21:35
 benslife
Super infonun jamaaty:sizderge 4ooon rahmat,ayabay izdep jurgon bol4umun...al emi Gulbu eje bul yrdy sizdei e4 kim jetkire yrdai albait!!!!!!!dagy jany 4ygarmalarynyzdy kutobuz...
27.01.2012. 22:01
 Gulzhan
Таланттуу айым,клипти башкачараак тартса болмок экен.
27.01.2012. 22:41
 salidat8087
Элмирбек Иманалиевге арналган ыр го...Бирок мага аябай жагат жана колдойм.
28.01.2012. 01:54
 jipara86
бул ыр мага окуучулук кундорумду эстетти кыздар менен ырдачууэлек жакшы ыр
29.01.2012 18:48
tilekbek
сонун ыр экен аябай жакты



29.01.2012. 19:01
 nulan2505
Жакшы клип
30.01.2012. 13:51
 ira-8484
bir korso bolot, birok chachy jakty.
01.02.2012. 03:00
 ysymbek
Ырдын мазмууну обону сонун,мага абдан жагат.Бирок ырдаган адамды эми кордум .
06.02.2012. 23:04
 Delo
Жакшы ыр экен... Ушинтип сезимдеги тунук суйуундун баркына жетпей, башкага тебеленип кеткендер канча. Ырдын мааниси мен жанылып суйгон бироону эстетип кетти.
15.02.2012. 16:26
 albina448074
элмирбекке арналган ырго.
21.02.2012. 11:46
 masa23
Бул ырды кимдер гана ырдаган жок. Бирок ар бир аткаруучунун дараметине жараша болот эмеспи. Бакыт Мамаев ырдап чыкканда жеткиликтуу болбоду эле. Гулбу азаматсыз. Бир аз толуп алыптырсыз.
06.03.2012. 17:11
 asash04
asamatsin gylbyby
04.04.2012. 03:38
 cosmopolit
Чынында сонун ыр-мааниси терен...Чын эле Элмирбекке арнап ырдап жаткандай туюлат экен, баары бир "женская привязанность" деген катуу нерсе да...
24.04.2012. 15:51
 durusbekovna
Гулбу эже Аксынын сулуу кыздарынын бири. Ырлары мага аябай жагат. Сиздин талантыгызды сыйлаган Аксылык синдигиз.
20.05.2012. 14:00
 Lusi
ушуну ыр деп айтса болот Гулбу эже азаматсыз
22.07.2012. 13:45
 772468810
эн сонун ырдаптыр мага абдан жакты молодец
31.07.2012. 19:58
 Burda
Журокту ооруткан ыр ностальгия кылат жетпей калган суйуунду эстетет.
11.02.2013. 09:51
 admin_media
jumash,
Сизге эскертүү!
Сайтта бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
23.01.2014. 09:38
 Aydan
Кыргызымдын сулуу айымы бар болунуз! Биздин уй булого, озгочо байкеме абдан жагасыз! Жаны ырларды, клиптерди кутобуз эжеке!
13.03.2014. 13:48
 Orozbek
Эл уулу, Сейрек талант Элмирбек Иманалиевди чанганы учун негедир жакпайт.(
21.06.2016. 11:49
 NAZIK85
Сонун экен мага абдан жагат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: