00:02:57
17,41 Мб
Жүктөлгөн: 10-09-2009
Сөзү:К.Качкынбаеваныкы
Обону:М.Атабековдуку
Сен махабаттын сересинен кайттың,
Азгырылып алдана.
Байкабадың, сезе албадың бактым,
Кимди таптың?
Бул жашоодо бизди айрыган,
Арзууну жалгыз калтырган.
Жалган айтып жагынба,
Мага жалынба.
Кайырма
Мага кереги жок махабатың,
Максатым – ал менин таянарым.
Мейли кетсең сенден өтүнбөймүн,
Мендик болбой калдың өкүнбөймүн.
Күткөнүм элең күнгө теңеген,
Көргүм келип эңсегем.
Алмаштырдың, адашып калдың,
Кимди таптың?
Бул жашоодо бизди айрыган,
Арзууну жалгыз калтырган.
Жалган айтып жагынба,
Мага жалынба.