Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жумагүл Раимжан кызы "Замандаш"
Жанр:Эстрада
00:03:58
51,84 Мб
Жүктөлгөн: 18-07-2013


Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики

Күч бирдикте бир жүрөлү, замандаш, эй, замандаш,
Күн өткөрүп күлкү, ырга аралаш, эй, аралаш.
Жаныңдагы мүдүрүлүп чалынса, эй, чалынса,
Жардам кылып жараатына каралаш.

Кайырма:
Ал менин досум, сенин да досуң,
Ал менин досум, сенин да досуң,
Достугубузга, замандаштар, ырыскы толсун, бак-таалай консун.
Кызгалдактай ачылат, эй, ачылат,
Кол кармашып бир ойнойлу, кел, досум.

Улуу турса урмат кылып амандаш, эй, амандаш,
Кичүүлөргө сый бололу, замандаш, эй, замандаш.
Капыс бирөө жаза басып чалынса, эй, чалынса,
Болбойт аны “акылсыз” деп жамандаш.
Кайырма

Дасторкондо желип бүтсө тамак-аш, эй, тамак-аш,
Бата кылбай туруп кетпе, замандаш, эй, замандаш.
Ата Журттун үрп-адатын сактаса, эй, сактаса,
Болбойт аны “эскиси” деп мазакташ.
Кайырма
  • Currently 4.77/5
(22 добуш)
Окшош видеолор

Комментарийлер (32)

18.07.2013. 15:09
 Daiza
Азаматсын, жакшы аракет кылыптырсын Жумагул. Ырга болсо соз жок класс да!
18.07.2013. 22:03
 Boss.kg
ырга соз жок Бек акенин ырда клипти да жакшы жаратылышта тартыптыр
19.07.2013. 00:07
 DEKIBB
ырды абдан уккулуктуу ырдаптыр,клиптин да тарбиялык мааниси чон,аткаруу чеберчилиги да мыкты такшалган ырчы екени билинип турат.Супер клип болуптур.Ийгилик!
19.07.2013. 01:06
 Davlethan
Азаматсын Жумагул.
19.07.2013. 11:23
 koroleva_zimy
Мага ыр да, клип да жакты. Кыргыздын оймо-чиймеси тушүрүлгөн көйнөгү өзгөчө! Реалда көргөнүмдө мындан да татынакай жарашкан эле Жумагүл. Сага ийгилик!
19.07.2013 16:29
astrakg
унуно онуно чырайы келишкен ырчыго,мага жагатта,клипке миллион добуш!Алга!
19.07.2013 16:40
adilet83
ырды жеткиликтуу ырдаптыр,клип да чыныгы жашоону тартыптыр жасалма нерсе жок,наазик жылдыздуу кыз.ырларын суйуп угам.Сулуктуу шаарына келсе кучак жайып тосуп алам.
19.07.2013 18:20
aidai95
голосу оргиналдуу сырткы келбети да жагат,однаклассникте бар бекен
19.07.2013. 18:52
 NADUW
супер. аракети жакшы экен! койногу озуно жакшы жарашат экен.дагы жаны ырларды кутобуз!
19.07.2013. 23:15
 elaman93
уну жакшы экен, бирок клип жакпады. идея чын эле начар экен качествосу тоже
арзандын тузу татыбайт деген ушулда
19.07.2013. 23:35
 yalegenda
формалары сонун жарашыптыр ийгилик
20.07.2013. 19:27
 admin_media
aksana96,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
10 күн банга!
21.07.2013. 03:14
 sakibaev
ыр жакшы ыр болчу достор озу кичине шып ырдап ырды бузуп койуптур азырак жай ырдаса жакшы болмок
21.07.2013 13:30
baatir88
лениндин алдында башка ырды ырдаганда коргом жузунон нур чачырап,озгочо жылмайганы жакты живая сулуу кыз екен.клип маанайды которгон кызыктуу болуптур уну кооз учун жакшы жагымдуу.Ийгилик!
21.07.2013 13:47
laghin
жумагул чындыгында таланттуу кыз голосу жакшы учун жакшы ырдаган идеясы Ернистики болуш керек сапатуу еле тартылган,а так ырлары жагат татынакай кыз.
21.07.2013 16:07
MIRDJAMELL
sakibaev, бечара кыз артынан бироо кубалагандай ырдаптыр...Бирок бул ырды жигиттер ырдса жакшы жарашат,эстрадага салып ырдаганы болбой калыптыр,клиптин мааниси жок,аябай аракет кылыптыр бирок
22.07.2013. 05:50
 Agusha
таззза ызырынып тиштенип ырдаптырго)
22.07.2013 12:10
aidai95
жумагул еже молодец!анча мынча уну жок жылдыз болуп жургон ырчыларга караганда100%жакшы ырдайт,Бектин ырын духу жеткени ырдайт,ырларын уккандан тажабайм озу да берилип ырдайт,коро албагандар жаза берет.Супер!
24.07.2013. 11:16
 Jonaruk
бул ыр башында 1 чи элге чыга электе эле угуп коргом ошондо жакында хит болот дегем ошондо
24.07.2013 12:12
nurova83
кана достор м3ге жуктойлу керемет ыр бектин ырына жан бериптир,уну бар ырчы любой ырды жакшы ырдайт.Супер.
24.07.2013 12:28
kalmatov
башка интерьвюларында суйуудон жабыр тарткандай,жаштыгы бар жакшынакай кыз,бир куну сен да бироонун кайырмагына тушосун.Кыз-бурактын 35-жылдыгында жан-жанды Айжамалдай соонун ырдаган.Чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт болсун!
24.07.2013 12:53
sana00
клиптин идеасын дагы башкача кылса болмок,бирок ырды ырчы аябай жакшы ырдап,жузу менен ырды да клипти да ачыптыр,койноктору сонун екен.Жакты,мыкты ырларды жарата бер,кутобуз.
25.07.2013. 15:33
 isunchik
Азаматсын Жумагул, абдан сонун чеберчилик менен аткарыптырсын. Дагы да алдыда сага чоон чоон ийгиликтерди каалайм. клибин да шайкеш келип жакшы чыгыптыр. Чыгармачылык ийгиликтер сага, деп байкен Илияз.
26.07.2013 12:29
kalmatov
жумагул просто супер!ырларын баарын жактырып угам,сырткы келбети да коптон бери жагат.ырчылардын мыктысы болуп журо бер.
24.08.2013. 20:22
 balshirin
Жумагул, азамат, жылдын дебюту номинациясына татуктуусун, ал гана эмес, дагы бир аз аракет кылсан, ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ болушун да узакта эмес
13.11.2013. 18:47
 TolonturCN
Бек байке жашап койгон экен го, ушул ырларды дагы эле уксак уккубуз келе берет экен.
30.04.2014. 22:37
 tulpanka92
admin_media мен коро албай жатам клипти
01.05.2014 11:08
admin_superstan
tulpanka92, Саламатсызбы!
Көйгөй тууралуу купуяма кененирээк жазып койсоңуз.
16.05.2014. 01:58
 peri...97
Ырга соз жок....55555555555
09.03.2015. 22:45
 etaj_rus79
унун жагат уккулуктуу аябай
07.04.2015. 18:07
 wolk85
Унуно соз жок эмес бар кттасы жакшылап уксан
09.04.2015. 14:07
 amanatym
чынын айтыш керек бул ырга уну жетпейт экен.Ырлар баарыбир автордун аткаруусунда жакшы угулат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: