Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Саясат: Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму өттү
Бишкекте 2017-жылдын 14-апрелинде Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйналышы жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусу өттү. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Армениянын президенти Серж Саргсян, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Сонунда бир катар документтерге кол коюлду. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна жогоруда аталган президенттер менен бирге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.