Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Коом жана турмуш: Оору баккан эне: "Акча болсо уулума бөйрөгүмдү берем"
00:05:31
39,13 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Аяна Байтемирова
Оператор : Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Акыркы күндөрдө эки бөйрөгү иштебей, кан алмаштырып туруу үчүн гемодиализ аппаратына жиби жок байлангандар көбөйүүдө. Мына ушундай бүк түшүргөн бөйрөк оорусуна 28 жаштагы Чыңгыз Сарымсаков дагы кабылган. Бейтап убагында Орусияга барып, бир нече жыл эт саткан дүкөндө, муздаткычтын ичине кирип иштеп жүргөн. Бөйрөк алмаштырууга муктаж жигиттин энеси уулуна бир бөйрөгүн берүүгө даяр.