Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Cоңку кабар: Ошто маршруттук такси көпүрөдөн кулап түшүп, 6 адам жаракат алды
Ош шаарында эл ташып бараткан маршруттук такси көпүрөдөн түшүп кетип алты адам жаракат алды. Окуя кечээ, 2-сентябрда болгон.
Жаракат алгандардын арасында 48 жаштагы аялдын абалы оор экенин Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирген. Ош облустук оорукананын башчысы аялдын далысы сынып, баш мээсинен жаракат алганын кабарлады
Жабыркаган 2 адам үйүнө чыгарылып, дагы үчөө ооруканада дарыланып жатат.
Маршруттук таксилердин баарын мамлекеттик кылып, айдоочуларга маяна төлөнүүчү кылса гана абал өзгөрөт. Алардын көзүнө бир гана акча көрүнөт. Жол кире арзан болгондуктан алар көп жолоочу алып, көбүрөөк пайда табуу үчүн, жол эрежесин да коопсуздукту да сакташпайт. А айлык маянага иштешсе, аялдамадан гана киши алып, жолоочулар да тартипке келип калмак. Жакшы дагы кудай сактап, өлүм катталбаптыр.
Негизи маршрутниктердин көзүнө жолдо адам көрүнбөй эле 10 сом көрүнүп калат.Адамдарды каалаган жерден салып алып улкунтуп жулкунтуп айдаганычы.Буларды кайрадан окутуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.