Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
00:00:52
6,43 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Нургазы Аматов
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки жетекчиси бир айдын ичинде иштен бошотулду.Алгач министрдин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореяда учакта чуу салып, кызматтан бошотулган. Андан соң министрдин башка орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Өкмөт башчы бул арызды азырынча канааттандыра элек. Министр Таалайгүл Исакунова жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан кеткен. Алар экөө кызматтык сапарларга чыгуу тартибин бузган деп Башкы прокуратура аныктаган.