Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Саясаттагы соттук иштер: Экс-мэрлер соту: Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов сот залынан бошотулду
Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго сот чечим чыгарды. Анда Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов мамлекетке 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
АШАнын айылдашы, иниси, мурдагы кампачы болуп баштаган Албек Ибраимов да бар. Албек мырза Атамбаев бийликке келгенден кийин СЭЗ «Бишкекке», ТНК «Дастанга», «Манас» аэропортуна башчы болгон. КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары да болду. Акыркы ээлеген кызматы борбор калаа башчылыгы болду. Андан ары коррупцияга айыпталып, УКМКнын СИЗОсуна кирди. Эми биротоло 15 жылга камалды.
Жуз миллиондорду жеди дейт да 5 миллион айып пул не деген чечим. 100 миллион жеп туруп 5 миллион толосон болду,95 миллион жанында калат экен. Ушуда болобу? Жеп жеп уй камагына чыкса, туура эмес да. Бут байлыгын мамлекетке откоруш керек, озуно жокидегенде 15- 25 жыл бериш керек, калганына сабак болуш учун.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.