Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
00:12:28
136,21 Мб
Жүктөлгөн:
Автор : Айсалкын Качкынбекова
Оператор : Элчибек Кыштообаев
2020-жылдын февраль айында Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берене (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынса, 28-февралда ал үй камагына чыгарылган. Андан бери Октябрь райондук сотунда блогердин соту өтүүдө. Жакынкы күндөрү райондук сот блогерге козголгон иш боюнча чечим чыгарат.