ДҮЙНӨДӨ 1210 МИЛЛИАРДЕР БАР

№452 1-7-июль, 2011-жыл


Кызык экен

2011-жылдын 9-мартында Американын финансы-экономикалык "Форбс" ("Forbes") журналы адаттагыдай эле планетанын эң бай адамдарынын тизмесин жаңылап жарыялаган. Ал тизме боюнча 2010-жылы алдыңкы ондуктагы эң байлар кимдер жана алар эмнеден киреше таап жаткандарына баам салалы.

Миллиардерлердин тизмеси бир учурда 2 рекорд койду. 1-рекорд –тизмедегилердин саны 1210 адамды түзгөнү, 2-рекорд – алардын байлыктарынын жалпы суммасы 4 триллион 500 миллиард долларды чапчыганы (өткөн жылкыдан 1 триллионго көп). Капчыгы калың миллиардерлердин саны боюнча алдыңкы өлкөлөр АКШ (413), Кытай (115) жана Орусия (101) болуп калды.

КИМИСИ КАНТИП БАЙЫП ЖАТАТ?
Карлос Слим Элу өткөн 1 жыл ичинде 20,5 миллиард долларга байый алды. Буга ал песонун (Мексика акчасы) курсунун бир калыпта кармалышы жана Мексиканын фонд рыногунун 19 пайызга өсүшүнүн арты менен жетти.
Билл Гейтс 1-орунга чыга алмак. Бирок ал акыркы жылдары өзүнүн кайрымдуулук фондуна 30 миллиард доллар которгондуктан, байлыгы азая түшкөн. Айта кетсек, ал кургак учук, шал жана калтыратма оорусуна каршы күрөшүүчү кайрымдуулук фондунун ээси.
“Омахадан (АКШдагы жер аты) чыккан Оракул” лакап аттуу Уоррен Баффет – дүйнөдөгү белгилүү инвестор. 2010-жылы ал 37 миллиард долларын 5 кайрымдуулук фондуна которуп бергендигин жарыялаган. Ошондон кийин деле 3-орунду камсыз кылып отурат.
Бернар Арно үчүн да өткөн жыл ийгиликтүү болду. Ал ээлик кылган холдингден чыгарылган шампан, коньяк, саат, аксессуар жана башкаларга суроо-талап өсүп, 2010-жылдагы жылдык кирешеси 13,5 миллиардга жеткен.
Ал эми компаниясынын акциялары 30 пайызга өскөндүгүнө байланыштуу Лоуренс Эллисон 5-орунга көтөрүлө алды.
“Индиялык Билл Гейтс” атка конгон Лакшми Миттал учурда 30 өлкөдөгү болот өндүрүүчү ишканаларга ээлик кылат.
Амансио Ортега – кийимдер сатуучу "Zara" соода түйүндөрүнүн ээси. Учурда анын 73 өлкөдө кийим сатуучу 4500 дүкөнү бар. Алардан түшкөн кирешенин эсебинен Ортега 7-орунга жете алды.
"Мени дүйнө эли 2003-жылдан кийин таанып келет. Бирок ага чейин мен алтын өндүрүүчү шахтаны ар өлкөлөргө: Бразилияга 5ти, Чилиге 1ди, Канадага 2ни кургам" деп айтып келген Эйке Батиста 8-орунда.
Нефть, газ өндүрүү жана сатуу менен шугулданган Мукеш Амбани учурда заманбап Индиянын салмактуу персонасы, Индия элинин жүзү катары саналат. Мындан тышкары “Дүйнөнүн эң сыйлуу ишкер лидерлери” аттуу тизмеде 42-орунда турат.
Кристина Уолтон – Wal-Mart империясынын мураскери. Ал байлыгын 1 жыл ичинде 4 миллиард долларга өстүрө алды. "Wal-Mart" – дүйнөдөгү эң ири соода дүкөндөр тармагы. Учурда ал кучагына 15 өлкөдөгү 8838 ири дүкөндү камтыйт.

АКШ – БАЙЛАРДЫН МЕКЕНИ, МОСКВА – БАЙЛАР ЖАШАГАН ОРДО КАЛАА
Маалыматка караганда, учурда Москвада 79 расмий миллиардер жашайт. Ал эми байлардын мекени болуп саналган АКШда 400дөн ашык миллиардер жашоо кечирет. Алардын 58и Нью-Йоркто жашайт.
2010-жылы орусиялыктардын ичинен миллиардерлердин катарына кирип, дүйнөлүк рейтингден орун алган белгилүүлөр төмөнкүлөр:
Новолипецк металлургия комбинатынын Директорлор кеңешинин төрагасы Владимир Лисин (тизмеде 14-орун, байлыгы 28,3 миллиард доллар), ири металлургиялык ишканалардын ээси Алишер Усманов (35-орун, 17,7 миллиард доллар), Орусиянын "алюминий королу", "Базовый элемент" компаниясынын ээси Олег Дерипаска (36-орун, 16,8 миллиард доллар), Чукотка автономиялуу округунун экс-губернатору, жеке ишкер Роман Абрамович (53-орун, 13,4 миллиард доллар), Москванын экс-мэри Юрий Лужковдун жубайы Елена Батурина (993-орун, 1,2 миллиард доллар).

КЫЗЫКТУУ

  • "Форбс" дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесин 1987-жылдан бери жарыялап келет.
  • 1996-жыл менен 2007-жылдын аралыгында миллиардерлердин саны 423төн 1125ке өскөн.
  • 2010-жылы "Форбс" журналынын тизмесине жаңы кирген миллиардерлердин саны 214кө жетти.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Канча каражатыңыз болсо, өзүңүздү баймын деп эсептейт элеңиз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
02.07.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura aitat ichki duino bai bolush kerek neggizi. Milliondu emne kylmak elen. Asabnyakta oturup,ferari minip jurup baktysyz,duinosu kem ekenin korosun.............
04.07.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыретке озу менен кошо алып кете ала турган байлыгы (ыйман, жаратканга болгон ибадат, соопчулук, адамдык жакшы сапат ж.б.у.с.) бар адамды чынында бай деп эсептегенге болот.
04.07.2011. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa,bizdin Kg de en bailar kim jana bailyktary kan4a million dollar je kan4a milliard somdu tuzot boldu eken???
04.07.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы жана екс депутат минис....... приз......аларда болбоду дегенде 1-2 милондун акчасы
баразыркы жана екс депутат минис....... приз......аларда болбоду дегенде 1-2 милондун акчасы
бар
04.07.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин байлыгым азырынча 4900$ жана 60 мин тенгем бар.
04.07.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интересно, Кыргызстанда миллиардер барбы? в долларах есептегенде)
04.07.2011. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дАА!!!
Миллиардерлер чындыгында жыл сайын көбөйүп жатышат.Кээ бирлери кайрымдуулук фондусуна акчасын которушуп турушат.Роман Абрамовичттин футбол клубунан жакшы киреше түшпөгөндүктөн,эми ночной клуб сатып алыптыр.
Кр.да бар миллионерлер,бирок ачыка чыгарышпаса керек менин ушунча акчам бар деп!
05.07.2011. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meniki bolso $900,
05.07.2011. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин 20000мин сомум бар
06.07.2011. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biz dele baybiz
06.07.2011. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КР дын ар бир жарааны, ''келечектеги милиардерлер''деп ойлойм,!Байкап корсок азыркы жаштар орто-мектепти бутуп-бутпой,акча табуунун амалын издеп жоношту.(причём практически)
06.07.2011. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semhandsome,

Кандай жолдор менен ......????
06.07.2011. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1210чусу мен болуш керек озу.:))))
07.07.2011. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ата-энем, бир-туугандарым менен баймын деп эсептеймин.
07.07.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ата- энем, туугандарым,досторум бар.Мына менин байлыгым!!!!!!
07.07.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча деле байлык, бирок эгер акыл мн алска эн жакшы байлык Ата-Эне ынтымактуу уйбуло! чонойгондо болсо жанында ыймандуу,акылдуу жубайын жана балдарын кулуп жайнап отурса жанында мына ошол БАЙЛЫК!
08.07.2011. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGde eng baj adam bul Askar Salymbekov.Tipa"Dordoj","Plaza".
A men Bill Gejtsti ajabaj syjlajm,al ozunun akyly m-n baj bolgon jana kajrymduuluk kylat,al soop ish.Kajrymduu bololuk baarybyz!:)
Abramovi4 bolso ozunun bajlygyna 4irenet da 4irenet.
17.10.2011. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz elim aman bolso anda men özümdü Baimyn dep esepteim!!! Bailyk-bailyk! dep jyrgondorgo tüwünböim, emne bai bolgondo ölböi kalasynby? barybir bir künü hryak bolosun! Andan koro Ata-ene birtuugan aman bolsun dep el 4inde kybyrap ookat kylgan jakshygo deim kandai deisiner???
06.12.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончо акчаны жыя алган жогоруда аты аталган кишилерге баракелде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: