БИЗДИН ВУНДЕРКИНДдер

№470 4-10-ноябрь, 2011-жыл


Вундеркинд – жаш курагындагы балдардан айырмаланып, эрте ой жүгүртүп, эрте калыптанган өспүрүм. Статистикага таянсак, 7 жаштан өйдөкү вундеркинддер бардык өспүрүмдөрдүн 1 пайызын гана түзөт. Бул жолу бетибизди спорт тармагындагы кыргыз тың чыкмаларына арнамакчыбыз. Алдыңыздарда кыргыз спортунун келечеги, биздин көчөгө да майрам алып келе турган жеткинчектер.

ЭРБОЛ АТАБАЕВ

Атабаев Эрбол Канатбекович
Туулган жылы – 2001-жыл, 15-август.
Туулган жери – Кант шаары.
Амплуасы – Жарым коргоочу.
Кумири – Лионель Месси.
Лакап аты – Кичинекей Марадона.
Учурда Орусиянын Казань шаарында жашайт.

Бул каарманыбыз тууралуу канча жазсак да аздык кылат. Учурда орусиялык “Рубиндин” футболдук мектебинде окуп жаткан Эрбол тууралуу жакшы жаңылыктарды уктук. Жайында Татарстан аймагы боюнча өткөн мелдештерде анын командасы чемпиондуктун үстүндө гана болуп келгенин, болгондо да Эрболдун командада негизги “көзүр” экени жана бардык мелдештерде “Мыкты оюнчу” наамы менен сыйланып келгени абдан кубантты.

“РЕАЛДЫН” РЕАЛДУУ ЭМЕС МАМИЛЕСИ
Ооба. Мындан 2 жыл мурун "Абдыш-Атанын" футболдук мектебинин окуучусу Эрбол мадриддик “Реалдын” кароосуна аттанды" дегенде өлкө дуу болгон. Испаниялык клуб Эрболдун атайын жиберилген видеосун жана андагы мыкты оюндарын көрүп, көзү түшүп калган. Бирок ал сапар испаниялык тараптын жоопкерчиликсиздигинен улам ийгиликтүү болгон эмес. Дегенибиз, “Реал” 2009-жылы Эрболду кароодон өткөрүп, “биринчи турдан өттүң, экинчи турга чакырабыз” деп сылык узатып, ошол бойдон байланышты үзүп койгон.
Эрболго андан кийин “куда түшкөндөрдүн” саны арбып, Европа жана КМШ өлкөлөрүн кошкондо 27 өлкө расмий чакыруу жөнөткөн. Бирок “Реалдын” кайдигерлигинен көңүлү калган атасы Канатбек уулу менен кеңешип, алыс кетпей эле Орусиянын алдыңкы клубдарынын бири, казандык “Рубиндин” сунушуна токтолууну туура көрөт.

“УУЛУМ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ГАНА ОЙНОЙТ”
Ошентип, 10 жаштагы Эрбол “Рубиндин” футболдук мектебине кабыл алынып, өзү теңдүү балдар менен машыгууга өтөт. Талант үчүн клуб анын ата-энесин жана агасын Казанга көчүрүп барып, турак жай, жумуш менен камсыздап берди. Учурда алар Орусиянын жарандары. Угушубузча, атасы: “Бөтөн өлкөнүн жарандыгын алганыбыз – уулумдун мыкты футболчу болуусу үчүн жасаган аракетибиз. Мунун баары убактылуу. Буюрса, чет өлкөдөн тажрыйба топтоп, кыргыз футболуна салым кошобуз. Уулум Кыргызстан үчүн гана ойнойт”,- деп көп айтат экен.
Эске салсак, Эрбол топ менен там-туң басканда эле таанышкан. 5 жашка толгондо “Абдыш-Атанын” футболдук мектебине кирген. Анын курагындагылар үчүн команда түзүлө элек болгондуктан, өзүнөн 2-3 жашка улуу балдар менен топ тоголотчу.

КЫРГЫЗДЫН МЕССИСИ
Эрболду көпчүлүк учурдун №1-футболчусу, аргентиналык Лионель Мессиге салыштырышат. Көбүнчө алардын оюн стилин, чач жасалгасын, атүгүл дене түзүлүшүн окшоштурушат. Эрболду серепчилер “тубаса талант. Мессидей чыгаан футболчу болору шексиз” дешет. Ал өзү да Месси ойногон каталондук “Барсанын” күйөрманы. Айта кетсек, Мессиге 11 жашында дарыгерлер “өсүү гормонунун жетишсиздиги” деген диагноз коюшуп, “бою 140 сантиметр бойдон токтоп калат” деп коңгуроо кагышат. Машыккан клубу дарылоодон баш тартканда аны дарылатууну “Барселона” колго алган. Кичинекей баланын талантын баалап, келечекке ишеним артып, океандын ары жагынан ата-энесин көчүрүп келип, иш менен камсыз кылып, жашоо шартын түзүп берген.
Мессинин учурдагы абалы ошол кезде арзыбаган акчасын аяган “Ньюэллз Олд Бойз” футболдук клубунун жетекчилерин өкүндүрөрү турган сөз. Биз да Эрбол Атабаев мыкты футболчу болуп чоңоюп, атагы алыска тарасын, анан, албетте, “Реалдын” жетекчилеринин ичи ачыша тургандай болсун деп ниет кылалы.


СУЛТАН БУКЕЕВ

Букеев Султан Талантбекович
Туулган жылы – 1997-жыл, 31-май.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Бою – 169 см. Салмагы – 48 кг.
Бут кийиминин өлчөмү – 41.
Жетишкендиктери – Сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону (Индонезия, 2011), КРнын Президентинин кубогунун ээси (2011), Бишкек шаарынын көп жолку чемпиону.
Максаты – Профессионал спортчу болуу.
Кыялы – Олимпиада чокусун багындыруу.
Кумири – Майкл Фелпс.
Учурда №9-гимназиянын 10-“г” классынын окуучусу. Бишкекте жашайт.

20 ЖЫЛ КҮТТҮРГӨН ИЙГИЛИК
Жакында Индонезияда сууда сүзүү боюнча өткөн Азия биринчилиги өспүрүмдөр арасында 2 алтын менен эсте калды. Анда 100 жана 200 метр аралыкка сүзүү боюнча (брасс стилинде) 14 жашар Султан Букеев алдына эч кимди салбады. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери мындай ийгиликке жетише элек болчу.
Султан борбордогу белгилүү спорт клубдардын биринде машыгат. Аны сууда сүзүү боюнча секцияга апасы 8 жашында алып барган. Аптанын бардык күнүндө ал таң эрте 5те туруп, бир жарым сааттык машыгууга барат. Андан чыгып сабакка жөнөйт.
Султан үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу. Апасы Залина чакан тигүү цехин иштетет. Ал эми атасы Талантбектин чакан бизнеси бар. Иниси Дастан – мектеп окуучусу. Калган маалыматты өзүнөн уксак.

“СПОРТЧУ БОЛУУДАН БАШКА ОЮМ ЖОК”
– Султан, 8 жашыңан бери спорт менен алышып келатыпсың, чоңойгондо ким болгуң келет?
– Негизи, ата-энем да айтып калат, “сени спортко хобби катары гана карап, олуттуу машыгат деп күткөн эмеспиз” деп. Мен азыр профессионал спортчу болуудан башка оюм жок. Спорт менен эле кетем.
– Бош убактыңда эмне менен алек болосуң?
– Аптада жекшемби күнү эле бош болом. Күндү сейил бакта сейилдеп, кинотеатрлардан кино көрүп өткөрөм.
– Эртең менен саат 5те туруп машыгууга, анан сабакка барат экенсиң. Кыйналып калбайсыңбы?
– Жок, кыйналбайм. Көптөн бери ушундай тартипте машыккандыктан, адат болуп калды. Тескерисинче, сергек болуп, өзүмдү жеңил сезип жүрөм. Эртең менен да кыйналбай эле өзүм турам.
– Мектепте кандай окуучусуң? Кайсы сабактар жагат да, кайсылары жакпайт?
– Орто эле окуйм. Мелдеш болбосо, сабак деле калтырбайм. Азия чемпиондугуна даярданып, чет өлкөлөрдө машыгуу сборун өткөрүп жүрүп, 1-чейректе бир эле апта сабакка барыптырмын. Эми ошонун баарын кууп жеткенге аракет кылып жатам. Сабактардан тарых, география жагат. А жактырбаган сабагым – химия. 
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Жок, хе-хе.
– Өзүң теңдүүлөргө эмне дейт элең? Өткөөл куракта жаман жолго түшүп кеткен өспүрүмдөр бар эмеспи...
– Спорт менен машыгууга чакырмакмын. Мисалы, сууда сүзсөң, дем алууң кадимкидей жакшырып, таң эрте таза абадан рахат аласың. Андай жаман адаттар жакшылык алып келбейт дейт элем.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



Репортаж - Кыргыздын кичинекей Марадоннасы Эрбол Атабаев

Блиц маек - Сууда сүзүү боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону Султан Букеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
04.11.2011. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat turbaybi, keede mekenge da kelipturuw kerek birok- aldyda birotolu taanibaykoybosun olkonu..))
SUPER.KG видео
04.11.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat, jashtigina karabi jakshy jetishkendikterge jetiship kelet eken, iygilik!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
04.11.2011. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstandyn atinan emes emi Rossiyanin atinan oinoit ta, oshonusu okunuchtuu eken. Birok azamat!
SUPER.KG видео
04.11.2011. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат алга эрбол барбол
SUPER.KG видео
05.11.2011. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мессиго
SUPER.KG видео
05.11.2011. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alip baruuchu balanin dobushu ech ele jakpayt da.
SUPER.KG видео
05.11.2011. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooggooo kyrgyzdyn jigitter!bychakka sap bolchu jigetter osup kele jatkan turbayby! kyrgyz elim koldop alaly ushunday kelechekten koptu umuttondurgon jashtardy!!!beshiktegi balanyn kan boloorun kim bilet demekchi,kelechegi bar ekeni korunup turat. talykpastan daiym alga.kelechek kyrgyzstan!!!
SUPER.KG видео
05.11.2011. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап =( Мадриддин Реал клубунда калса биз учун ээн жакшы болмок... Бирок Казандаык Рубин деле калышпай анча мынча ФКлардан, ак жол иничек Эрбол ийгилик сага!
SUPER.KG видео
05.11.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызда ушундай бала бар экенине абдан суйундум.Эрбол ийгилик келечегин кен болсун!
SUPER.KG видео
05.11.2011. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zbornyiga kaiaka boldu eken??
SUPER.KG видео
05.11.2011. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футболду үйрөнбөйт, футболчу болуп туулат деген туура турбайбы. Ийгилик Эрболго.
SUPER.KG видео
05.11.2011. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эсен бол иничек коптогон ийгиликтерди каалайм, асикс фирмасынын кийимдерин кийип туура кыласын,бул японская марка эн туура кийим-бут кийимдерди чыгарат,реклама деп ойлобогула, ким эмнени кааласа ошону кийсин, ден соолук каалайм баарына
SUPER.KG видео
05.11.2011. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркееееееееееек!КЫРГЫЗДЫН уулу!!!!
SUPER.KG видео
07.11.2011. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрбол кыргыздын керегине жараган мыкты жигиттерден бол!!!
SUPER.KG видео
07.11.2011. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат жигит экен!!!! албан ийгиликтерге жетише берсин!
Репортаж-орто болуптур, акыркы создорун кыркып салгандай...резко токтоп калганы жакпады....ошондойле суроолору и жооптору да кызксыз...ИМХО
07.11.2011. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erbol menen Sultan azamat baldar eken . Jashtayinan ele Kyrgyzstandyn jelegin dyinodo jelbiretip keleberiwin kaalaim. Den sooluk jana iygylik. Algaaaaaaaaaaaaa
08.11.2011. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анкайган саясатчылар элдин канын соргондон коро ушундай жеткинчектерди колдоп ,спортко -маданиятка салымдарын кошушса болмок Эрболду коруп алып толкунданып кеттим,омуру узун Кыргыздын чыгаан уулу болсун.
SUPER.KG видео
08.11.2011. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун! КЕЛЕЧЕГИН КЕН БОЛСУН! Калдайган калын кыргыз ар дайым сени менен! Бар бол! Эн соооооооооонун!
SUPER.KG видео
09.11.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне демек элек Эрболчик алга жана алгааааааааааа. Тфу тфу коз тийбесин
SUPER.KG видео
09.11.2011. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn ERBOL kyrgyzymdyn syimyktangan jigitterinen bol alban alban jeniwtikterge jet!
SUPER.KG видео
10.11.2011. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
моладец красавчик..сенден кучтуу футболист чыгат..АЛГА
SUPER.KG видео
11.11.2011. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasav4ik bratiwka, Iygilik!!!
SUPER.KG видео
11.11.2011. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да малочик сен келечектеги месси эмес сен кыргыздын эрболу болуп чык ийгилик сага
SUPER.KG видео
11.11.2011. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasav4ik,Realdy okunto turgan futbolist bol!! iigilik saga!!!!!
SUPER.KG видео
13.11.2011. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
германияда вольфсбург деген командада кыргыз ойнойт
SUPER.KG видео
17.11.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекте ата-энелерда балдарына ужас мультфильм коргозбой, ушундай ден-соолукка пайдалуу нерселерге кызыктырса абдан жакшы!
SUPER.KG видео
18.11.2011. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрбол азамат!Келечекте ата-энеңе күйүмдүү,кыргызды бүткүл дүйнөгө тааныткан ЖИГИТ болуп чоңойгун!Көз тийбесин!
SUPER.KG видео
10.12.2011. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о молодец ойногондору да мэсси го
SUPER.KG видео
12.12.2011. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bashtagan ishinge choong ijgilikterdi kaalaim jash sportchu!!!
50 metrlik basseinder dagy pada boloor bisde dagy akyryndyk menen.
SUPER.KG видео
19.05.2012. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тепендеген буттарына ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: