АЙСУЛУУ ӨМҮРАЛИЕВА «СУПЕР СУЛУУ-2011» АТАЛДЫ

№476 16-22-декабрь, 2011-жыл


«Супердин» тандоосу-2011

12-декабрь күнү сыртта кыштын ызгаары уруп турса да, Спорт Ордосунда атмосфера ысык жана жагымдуу болду. Атактуу ырчылар катышкан чоң масштабдуу концерт жана сулуулар сынагы көрүүчүлөрдүн бизге болгон ишеничин актады деп ойлойбуз.

СУПЕР КОНЦЕРТ, СУПЕР СЫНАК...
Салтка айлангандай, «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер сулуу-2011» сынагы Спорт Ордосунда жыйынтыкталды. Сынак 4 этаптан: өзүн тааныштыруу (коктейль көйнөгүнүн көргөзмөсү), чыгыш бийи, бикини, кече көйнөгүнүн көргөзмөсүнөн турду. Ушул 4 тапшырма аркылуу сулуулардын тагдыры чечилмек.
Бир ай бою чыгыш бийин өздөштүрүү, подиумда басууну үйрөнүү менен алек болгон кыздардын бир буту окууда, бир буту сынакка даярдыкта болуп, чуркап жүрүшкөн. 2000ден ашкан көрүүчүлөрдүн сүрүбү же атактуу инсандар чыгып жүргөн чоң сахнанын күчүбү, айрым кыздардын толкунданганы үнүнөн, басканынан билинип жатты. Бирок ал башталышы гана болчу, андан ары көрүүчүлөрдү укмуш шоу күтүп турган.
Бийчи, шоумен Бакыт Байсариев кыздар менен чогуу «живой» барабандын коштоосунда көрүүчүлөргө курсак бийи боюнча «мастер-класс» өтүшкөнү өзгөчө эсте калды. Андан кийин кымча бел сулууларыбыз биринин артынан бири кериле басып, бикиниде келбеттерин көрсөтүштү. Акыркы тапшырмада кече көйнөгүнүн көргөзмөсүн элге тартуулап, аягында 4 тапшырма боюнча өзүн татыктуу көрсөтө алган алдыңкы үчтүк калыстардын баасы менен жарыяланды.

КЫЗДАРДЫН БААРЫ СУЛУУ, БИРОК ЖЕҢҮҮЧҮ БИРӨӨ
Сынакта баары болду, айрымдары бири-бири менен бат тил табышып, жакын курбу арттырышса, айрымдарынын ортосунда, тилекке каршы, түшүнбөстүктөр жаралып, жакшы-жаман айтышкандарына күбө болдук. Албетте, баары «Супер сулуу» наамын алууга далалаттанып жаткандыктан, бири-бирине атаандаш экенин унутушкан жок. Кыздардын ар бир тапшырма боюнча өзүн кандай көрсөтө алгандыгына жараша калыстар өз баасын беришти. Алардын арасында биз сыймыктанган ырчылар Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев, диктор Айнура Кабатай кызы жана башкалар бар эле. Ошентип, жыйынтык мындай болду:

“Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүү­чүсү – Айсулуу Өмүралиева.
“Сымбаттуу сулуу” наамынын ээси – Айтурган Исраилова.
“Ажарлуу сулуу” атагын Айзада Абдиева алды.

«Супер сулуу» Айсулуу жакынкы убакта чет өлкөлөрдүн бирине эс алууга сапар тартмакчы. Андан сырткары «Келдике» зер борборунун чеберлеринин колунан жасалган кымбат баалуу таажыны «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов тапшырды. Ал эми «Сымбаттуу сулуу» Айтурганга «Дордой Плаза-2» соода борборунан
10 000 сомго, «Ажарлуу сулуу» Айзадага «Села» соода түйүнөн 10 000 сомго сертификат берилди. Ал эми калган катышуучуларга атына заты жарашкан наамдар ыйгарылды.
Ооба, кыргыздын кара көз, керме каш кыздарына эч ким жетпейт. Бул сынакка катышкан 14 кыздын баары сулуу, баары татыктуу, бирок жеңүүчү бирөө гана!

Айсулуу Өмүралиева,
“Супер сулуу-2011”.

– Айсулуу, сыйлык кут болсун!
– Чоң рахмат.
– Сынакта жеңгениңдин сыры эмнеде деп ойлойсуң?
– Эң негизгиси, сахнага чыкканда өзүңдү эркин алып жүрүшүң керек. Эгер сүрдөп, тырышып, коркуп чыксаң, анда көрүүчүлөргө да эч кандай жагымдуу маанай тартуулай албайсың. Негизги сыр ошол эле.

Айтурган Исраилова,
“Сымбаттуу сулуу-2011”

– «Сынакта орундар сатылып алынды» деген сөз­дөр­дү айтып жаттыңар. Эми ишендиңби, «Супер-Инфонун» сатылбай турганына?
– Негизи, «байгелер сатылып алынган» деген сөздөр тарап кетти эле. Бирок, чындыгында, сахнада өзүңдү көрсөтө алсаң, татыктуу орунга илинет экенсиң. Буга көзүм жетти.

Айзада Абдиева,
“Ажарлуу сулуу-2011”

– Өзүңдү татыктуу орун алдым деп эсептейсиңби?
– Албетте, «Ажарлуу» деген наамга татыктуумун. Чоң сахнага биринчи жолу чыкканыма карабастан, өзүмдү эркин алып жүрдүм. Жагымдуу жылмайганым, назиктигим менен калыстарга жактым деп ойлойм.

«Супер сулуунун» таажысы тууралуу
Азамат Макешов, “Келдике” соода борборунун жетекчиси:

– Үч жигит таажынын үстүндө кеминде эки жума иштедик. Бир бала эскизин чийип, экөөбүз аны колго жасадык. Таажы 925-пробадагы күмүштөн, тоо хрусталы, циркон менен жасалгаланды. Анын өзгөчөлүгү – «Супер-Инфо» гезитинин символикасына айланып калган куштун бийиктикке обологон канаттары коюлуп, кыргыздын оймо-чиймелери менен кооздолгонунда.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



Жылдын СУПЕР концерти. "Супер сулуу - 2011" сынагынан репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(57)
SUPER.KG видео
24.12.2011. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizada Abdieva chyndap ele Ajarluu eken.Aysuluu degeni jakkan jok(ke4irip koysyn).
SUPER.KG видео
24.12.2011. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azada Abdieva suluu eken syilyity ushul kyzga berse bolmok.
SUPER.KG видео
24.12.2011. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койчу ай ошончо элдин алдына чечинип чыксада 10000 сом белек кылыптыр 10000000000000000000000 бербейби. 10000 сомду мен чечинбесе деле бермекмин Айзада Абдиевага
24.12.2011. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертке барган жокмун,себеби Ошто болчум.Барбаганым да жакшы болуптур деп тим болалбадым,комменттерди окуп отуруп! Менин жеке оюм,Европа өлкөлөрүнөн артта калбай ушундай конкурстарды өткөрүп жаткандары кубандырбай койбойт албетте бирок,биз кимди ээрчибейли мусулман бойдон калышыбыз керек! Бикини шоусуна каршылардын катарына кошулам.Кыздарыбыз сынактын уюштуруучуларынын талабы боюнча чыккандары айтпаса да белгилүү эмеспи,сулууларды к&#
24.12.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулууларды күнөөлөгөндөн алысмын.Ошентсе да,кыздарга концертке жалан гана аялдар же жаштар келет деген кепилдик берилген эмес! Залда кимдер,кандай ой менен карап отурганын биле туруп,кээ бир тамчыдай болсо да намысы бар кыздар сүрдөп,жанылыптыр,тескерисинче атак-данк,авторитет(аялдардын алдында эмес!),сыйлык үчүн,биринчи орунда пенде,анан аруузат аял экенин унутуп,өзүн бардык жактан көрсөтүп койгон кызыбызд
24.12.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ы Ала-Тоо "сулуусу"деп тандап алып,сыймыктанып карап отурабыз! Ар бир кыздын өзүнүн"изюминкасы"бар."Денесин баалоо"деген түшүнүк бизде болбой эле койсо дейм тек гана! Жалпыныздардын жаны жылыныздар менен,ар бир үй-бүлөгө бакыт,тынчтык,ырыскы,ынсап,алыста жүргөн кыргыз бир туугандарыбызга аманчылык каалайм!
SUPER.KG видео
24.12.2011. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz tilin ayabay burmalawyptyrgo?!kalystar tilge dele karap koyuwbayby?!
SUPER.KG видео
24.12.2011. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelbetine ele karabastan 1.akylyna 2.sozmorduuluguno 3.kelbetine karasa bolotda!Akylduu adam suluu deitgo...?!
SUPER.KG видео
25.12.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламаттсыздарбы%)) сонун айтышат го
SUPER.KG видео
25.12.2011. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а мага жакты татыутуу эле кыз экен койногу тартынбастыгы и бийге тушкону азамат
SUPER.KG видео
25.12.2011. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтурган Исраилова самая лучшая и самая сногшибательная!!!
SUPER.KG видео
26.12.2011. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардын саламдашуу айткан кейпи анча жага бербеди, кыргызчаны эми уйронуп жаткандай суйлошту го же ашыкча эле сурдуу болдубу айтоор саламдашуу же тааныштыруу болугуно кипкиченей пилууус койдум... Айсулуу сулуу эле экен, менимче ал татыктуу эле... Туура айтасынар Кыргыздын кыздары бааыр эле сулуу, бир эле мени азыртан тажатып жаткан бироону исключать эткенде..
SUPER.KG видео
27.12.2011. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча даярданышып бир саламдашууну жакшылап жаттап каюшпаптыр, эптеп, орустан беш бетер болуп чулдурашып айтышыптыр, эми кыргыз сулуусуна уят да.
SUPER.KG видео
28.12.2011. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4yndap ele oz tilderin unutup baratywkanby?ge ajabaj surdonuekonbu, NO uwun4a eldin aldynda 4e4ingendi biliwken, kantip ele suiloi alywpai kalywkan!!!!!
SUPER.KG видео
29.12.2011. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2чи номердеги кыздын суйлогону атасына еркелегендей го
SUPER.KG видео
29.12.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizada Orozbaeva superdin suluusu
SUPER.KG видео
29.12.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айзада я болел за тя
SUPER.KG видео
02.01.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8 и 13 лучше было!
06.01.2012. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mende jakshy korsotpoi koidu goo!!! Kuruch tishterden kiyin ochup kalyp jatat!!
SUPER.KG видео
07.01.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bulardi kirgis dep kim aitat,suilogondoru bul,kiingenderi tigil evropadan alip kelip 1 ai kirgis4a uirotup 4igargandai ele go.yiat kirgis kizdari silerge karaganda narinda jashagan japon kizdari jakshi suiloit eken osholordu korup aiabai kubangam,silerdi korup iilagim keldi,osubusdun tilibisdi osubus bilbesek,anan kantip onugobuz!!!
SUPER.KG видео
07.01.2012. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
evropada jurup kirgis tili ushun4alik koos,sonun ekenin tushundum,1 sosdu kirgis4a 2 sosdu orus4a suilogondu moda kilbaili4i jerdeshterim,kele4ek bisdin kolubusda, mindai suilop kala turgan bolsok KIRGIS tilibisdi jogotobus,kele4ek muundaribis taptakir bilbei kalat,ati kirgis bolgon menen tili:orus je kirgis je anglis4e ekenin.
SUPER.KG видео
09.01.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзада Абдиева такыр бийлей албайт,Айсулуу болсо жон эле эби жок силкилдей берет экен
SUPER.KG видео
13.01.2012. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзада Абдиева сулуу экен!
SUPER.KG видео
20.01.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super koncert
22.01.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар бири бирин Коро албайт
SUPER.KG видео
02.02.2012. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коргон сайын кыжырым келип жатат.Айзада Абдиевага берсе болмок.
SUPER.KG видео
18.02.2012. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзада Абдиева красавица, умница! 14февраля на конкурсе ты достойна показала наш факультет!!!!
SUPER.KG видео
29.02.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын суйлогондору кантет.Айсулуну жениши менен куттуктайм бирок анча сулуу кыз эмес экен. мага Жайнагул аттуу кыз жакты.
SUPER.KG видео
15.03.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааааииий булар кантет кыргыз тилин билишпейт го ээ
SUPER.KG видео
07.08.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Айзаданын суйлогону ордунда, татынкай, козу бакыракай, чачы кара жакшынакай кыз экен! Ошол кызга берсе болмок. Айзаданын жанында эки кыз уктап калгандай эле болот экен. Жюрилер чарчагандан кийин сыйлык тапшырылса керекда...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: