Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «АДАШКАНДЫН АЙЫБЫ ЖОК, КАНТСЕ ДА ТАШИЕВ МЕНЕН БИРИКТИК»

№483 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.


Экс-спикер, "опытный" депутат, телетаймаштардын эң популярдуу каарманы жана жөн гана сөзмөр Адахан мырза бизге түз байланышка келди. Президенттик жарышта "күмүшкө" ээ болгондон бери "Мадумаров губернатор болот", "жок, Атамбаевден акча алып, чет өлкөгө кетип калыптыр" деген түрдүү сөздөр кыргыз жергесинде удургуп жүргөн. Өзү эмне дейт?

Ибрагим, Кызыл-Кыя:
– Азыркы бийликте жалаң бизнес өкүлдөрү отурат. Саясат бул – бизнеспи?
– Саясат – бизнес эмес. Ошол бизнесте жүргөн азаматтар саясатка аралашып баштап, аны да бизнеске айлантып алышты. Ошонун арты менен шайлоодо Кыргызстандын элин да бизнесмендерге айлантып коюшту. Акча берсең сени сыйлайт, бербесең сыйлабайт. Азыр гезитке да акча берсең чыгасың, телеге да акча берсең чыгарат, мындайча айтканда, Кыргызстанды чайкоо базарына айлантып жиберишти. Саясатка таза, бизнеске аралашпаган адамдар келиши керек. Ошондо ал таза болот. Элибиз да таза болушу зарыл. Шайлаганда элдин баары "базары бар экен", "терек сатат экен, жүн сатат экен" деп шайлап жатпайбы азыр. Шайлоодо жолугушууга барып, төрт казан ассаң, эл көбүрөөк жыйналат. Казан аспай жөн чакырсаң, көпчүлүгү келбейт. Элибиздин кайдигерлигинен улам бийликке чайкоочу саясатчылар келип жатат.

Эльвира, Бишкек:
– Президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев сизди премьер-министрликке коёт деген маалыматтар чыкты эле, бул кеп чынбы?
– Гезиттердин бетине эмнелер гана чыкпайт, азыркы күндө? Мен "бул шайлоо адилетсиз, арам өттү. Жүз миңдеген шайлоочуларыбыз өз добуштарын бере албай кылышты. Ушундай жалганчылык менен өткөн шайлоонун жыйынтыгын мен тааныбайм. Бул мыйзамдуу эмес бийлик" деп жарыя кылбадымбы. Демек, тааныбагандан кийин бул бийлик менен иштешүүдөн баш тартам.

Салтанат, Кадамжай:
– Шайлоодон кийин эч эле дайыныңыз чыкпай кетти, азыр эмне жумуш менен алексиз?
– Биздин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы өз жумушун бир күн, бир саат да токтоткон жок. Ошол жумуштар менен эле алектенип жүрөбүз. Биздин жасап жаткан иштерди гезиттен же теледен көрсөтпөсө эле, демек, биз токтоп калдык деген сөз эмес.

– ЮНЕСКОнун маалыматына ишенсек, Кыргызстан 50 жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүнбү?
– Сыртта туруп алып кыргызга көзү түз эмес кээ бир уюмдардын ушундай жоромолдору бар. "2025-жылга чейин кыргыз мамлекетин дүйнөлүк картадан жоюшубуз керек" дегендер бар. Азыркы бийлик, жанагы өткөөл мезгили дейби, утурумдук өкмөтү дейби, баары ошолордун айткандарын ишке ашырып жатат. Азыркы Конституция – Кыргызстанды жок кылчу Конституция. Баш аламан, башчысы жок мамлекет кылып көрсөткөнү да ушул. Эми Кудай сактасын, Кыргызстан жок болуп кетеби же сакталып калабы, ал кыргыздын өзүнүн пейилине жараша болот. Өзүбүздүн аң-сезимибизге, саясий маданиятыбыздын жогору болгонуна барабар. Эгерде уруу-уруу, айыл-айыл болуп алып чабышсак, анда чет өлкөлүктөрдүн жардамысыз эле Кыргызстан жок болуп кетиши мүмкүн. Кудай ушундан сактасын. Арабызда жанагы "лөлүдөн жоо чыкса өзүн чабат" дегендер толуп кетти азыр.

– Сизди Баткенге губернатор болот деп жатышты эле, эмне болду?
– Бул жанагы ушактын артынан жүргөн гезиттердин чыгарганы. Мени менен сүйлөшпөй, кабарлашпай көрүнгөндү жазат. "Шайлоодон кийин Атамбаев экөө тымызын жолугуптур" деп да айтышты. Атамбаев менен жолукмак түгүл, телефон аркылуу да сүйлөшө элекмин. Шайлоодо Кадамжай районунда төрт жарым миңдей эл шайлоого кире албай калды. Аны баары билет. Киргизбей коюшунун себеби Мадумаровдун ал жерден 100 пайыз добуш аларына көздөрү жетти. Бир эле бул жерде эмес, Кыргызстан боюнча ушундай жол тутуп, шайлоочуну көкүрөктөн түртүп койгонго барышты. Бул – арам бийлик. Эгер өз кызыкчылыгымды ойлосом, соодалашып бир кызматты алып, ошол жерде отура берсем жарашат. Бирок мен үчүн элдин ишеними кызматтан бийик турат.

Бердибек, Бишкек:
– Сиз Дооронбек Садырбаев менен бирге жүрүп, саясатта такшалып элге белгилүү болдуңуз эле. Эмне үчүн ошол киши каза болгондо тажиясына барган жоксуз?
– Эми Докеме күйсө менчелик күйгөн болор, анан эл көзүнө барып эки тамчы көз жашын агызып, аны телеге көрсөтүп коюу эле Докемди сыйлагандык болуп калбайт. Ал кишиге депутаттык замандын өтө кыйын мезгилинде ким кандай көмөк көрсөтүп, ким эң оор күндөрүндө жанында тургандыгын кемпиринен сурасаңыз айтып берет. Ал киши каза болгон учур менин кызматтан кеткен күнүмө туш келип калган. Кагаздарды берип, алып, ошол иштер менен алек болуп калган учурубуз болчу. Бирок куранды кумдун астына, мухиттин түбүнө кирип алып окусаң деле дарегине жетет.

Абдымомун, Лейлек:
– Азыркы бийликте "коррупцияны жоёбуз" деп коррупционерлер, "криминалды жоёбуз" деп криминалдар өздөрү отурушат. Үмүтүбүз сизде, кантип сизди бийликке алып келсек болот?
"Коррупцияга каршы күрөшөбүз" деп күн сайын какшаганы менен, коррупциянын башында отургандар өздөрү. Лейлек аркылуу канчалаган күйүүчү май коңшу мамлекетке өтүп жатты, туурабы? Ошонун башында кимдер турганын мен атап бербедимби. Бирок кээ бир биздин азаматтарыбыз бар да, тыйынын алып, "жинди суусун" ичип, тамагын жеп алып, ошолордун артынан чуркап жүргөндөр. Таза бийликти эл гана алып келет. Бизде бийликтин ыйыктыгы калбай калды. Мурун, 80-жылдары Ак үйдүн алдынан өтүп баратканда тизебиз калчылдайт эле. Азыр ак үйдүн ичин кыпкызыл соодагерлер тебелеп-тепсеп басып жүрүшөт. Акимдин алдында тик туруп сүйлөй албайт элек. Азыр аялыбы, эркегиби, жашпы, карыбы, жетекчиси сүйлөп жатса оозунан микрофонду жулуп алып айкырат. Элестетиңиз, баласы атасынан же энесинен коркпосо, бул үй-бүлө эмес. Азыр эл милициясынан да, сотунан да президентинен да, эч кимисинен коркпойт. Жанагы "тилин кесиш керек" деген сөздү айтып койсом, ар кандай сындашты. Мен ал сөзүмдөн кайтпайм. Ушактын артынан жүрүп эки жакшынын башын бириктирбеген жакшылыкты жамандык, жамандыкты жакшылык деп айтып жүргөндөрдүн тилин кесиш керек. Ушактардын, соодагерлердин өлкөсүнө айландык. Эч качан айран, кымызын сатпаган кыргыз азыр ата-энесин, керек болсо баласынын бөйрөгүн да сатып жатышат. Ким күнөөлүү? Заман. А заманды жасап жаткан өзүбүздүн пейилибиз. Тике карап чындыкты айта албай калдык. "Ийилген башты кылыч кеспейт" деген макал бар. Азыр, тескерисинче, башты канчалык ийсең, ошончолук тебелеп баштайт.

Айсалкын, Нарын:
– Сиз Апрель окуясынын курмандыктарын "каракчылар" дешиңиздин негизи эмнеде?
– Апрель окуясына катышкандарды каракчы эмес, ошол ишеним артып, жалган сөздөргө ишенип 90го жакын жигиттерибиз каза болуп калган мезгилде ошолорду унутуп коюп, бийликти гана басып алган адамдарды каракчы деп айттым. Муну айырмалап билиши керек. Орто жолдо жанагы Каптагаев сыяктуу кыргыздын маңдайына бүткөн шору барлар жүрөт. Ошолор атайын өздөрүнө тийиштүү маалымат булактарынан тескери кылып таратышат. "Мадумаровго кол салуу болуптур", "атып кетиптир", "качып кетиптир" деген сөздөрдү да ошолор чыгарат. Алар түшүнбөй жатат, бул жалган дүйнөдө өмүр кыска. Эртең "биз кыргыздын мыкты улан-кыздары биригип жатабыз" десек, бири-бирибиздин ортобузга чок салат. Ошондон рахат алышат.

Талант, Бишкек:
– Алдыңызга койгон пландарыңыз...
– Кыргыз мыйзамдарында көрсөтүлгөн чекте биз күрөштү улантабыз. Анан президенттик шайлоодон кийин "аягына чейин турбадыңар" деген сөздү эл көп айтат. Аягына чейин турганды кандай деп элестетет, мисалы, мен ак таяк көк таяк, жээк-жээк болуп алып кагылышууну жактыра бербейм. Убактылуу жеңишке жетишүү көп азапка алып келиши мүмкүн. Азырынча белгисиз, ким утту да, ким утулду? Менимче, азыркы "жеңип чыктык" деген азаматтардын турмушта эң чоң жеңилүүсү ушул болуп калышы мүмкүн. Тагдырды эч ким алдай албайт. Отунбаева "тынчтык жол менен бийликти өткөрүп берип жатам" деп айтып жатпайбы. Жок нерсени кантип өткөрүп берет. Мен айттым, Отунбаева жалган президент катарында тарыхта калат.


Түз байланыштын тарыхында www.super.kg сайтындагы атайын темага берилген суроолордун саны боюнча Адахан Мадумаров рекорд койду десек болчудай. Бир нече баракчага барып токтогон колдонуучуларыбыздын суроолорун тандап берүүгө мажбур болдук.









MIRlan:

– "Жакында бардык өкмөткө караштуу ишканалардын жумушчулары кыскарат, кайрадан уюштурулат" деп жатышат. Ушул иш эмнеге алып барат?
Кайрадан уюштуруу сыяктуу популисттик жолду аябай колдонуп алышты. Мен өкмөттөгү мындай билдирүүлөрдү жаш баланын оюнчугу катары кабыл алам. Ишке ашпай турган нерсе. Мына, "Кыргызстан кышка даярдык көрүүнү 100 пайыз аткарды" деп тим эле безеленишип, аны "Ала-Тоодон" күн сайын какшашты эле. Бирок кыш башталбай жатып, элет жерин айтпайын, Бишкек эмне деген азаптарды тартып жатат? Жарык өчпөгөн күн жок. Бирок кыскартуу зарыл. Керексиз нерселер аябай көп. Мен эки жылдан бери айтып жүрөм, "кайсы жерден көрдүңөр, 4 миллион калкы бар мамлекетке 25 министрди?" деп. 300 миллион калкы бар Америкада, болгону, 11 министрлик бар. Бул соодагерчилик менен пайда болгон өкмөт. Мен төрага болуп келгенде 6 айдын ичинде 38 миллион сом үнөмдөгөм. Жакшы көрүндүмбү же бирөө рахмат айттыбы мага? "Келгиле, депутаттар, ар бирибиз "тээп" жүргөн унааларды токтотуп, ар бир комитетке үчтөн гана унаа калтыралы" десем, мени тытып-жеп жиберүүгө аз калбадыбы! Эт менен челдин ортосунда папке көтөрүп жүргөндөрдү кыскартыш керек.

ELTYN:
– Кыргыз болгонуңуз үчүн сыймыктанасызбы?
Мен ар дайым айтып келем, "бакытың эмне?" деп сураса, "Жараткан мени мусулман кылып, анын ичинде кыргыз кылып жаратып койгондугу үчүн бактылуумун" деп жооп берем. Сыймыктанганым ушул.

– Уулуңуз Нурмухаммед менен интернет аркылуу байланышат болчумун. "Улутуң ким?" деп сураганымда "казакмын" деп айткан. Сайтында да кыргыздын эч кандай символу жок, жалаң Казакстандын желеги, домбрасы, алардын улуттук кийимин кийип турат сүрөтүндө. Уулуңуз "кыргызмын" деп айтыштан уялабы?
Уулум жалгыз эле домбрада эмес, комузда, пианинодо жана гитарада мыкты ойнойт. Анын кайсы учурда эмнени ойноп жаткандагы сүрөтүн чыгарып койгон болсо, балалык да. Сезим ошондой. Мен баламды мактап жаткан жерим жок, кемчиликтери толтура. Бирок уулумдун мекенине сүйүү сезими аябай катуу өөрчүгөндүгүнө терең ишенем. Анан анын кыргыз экенин билип туруп "кыргызсыңбы?" деп сураса, атасынын баласы эмеспи, каны кайнап кеткенде атайылап тескери жооп берип койсо керек. Ошондой деп түшүндүм. Биздин үйдө таң эртеден кечке чейин бир гана кыргыз тилинде сүйлөйбүз.

Programmer:
– АКШнын "Манас" аэропортундагы аскердик базасы алынышы керекпи же калышы керекпи?
Эки жыл мурун Кыргызстанды кыдырып жүрүп, эртеби-кечпи, "АКШ менен Ирандын ортосунда согуш чыгат" деп какшагам. Мына ошол күнгө келдикпи? Эгер бүгүнкү күндө Иран Ормуз өтмөгүн жаба турган болсо, Америка "бомбалап баштайм" деп айтып жатат. Бул өтө кооптуу. Ирандын ракетасы Америкага жетпейт, бирок анын базасы турган "Манаска" жетет. ЖККУга кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнөн башка бир дагы куралдуу күч Кыргызстанда болбошу кажет.

BaatyrEL:
– Баарыбызга белгилүү президенттикке талапкерлердин телетаймашында алпаруучу айым сизге айткан сөзүңүздөн "Бакиев демократ, разве он расстрелял бы мирных людей как это сделал северянин Акаев в Аксы?" деп үзүндү келтирсе, сиз "мен айткан эмесмин" деп танып кеттиңиз. Мен ал интервьюңуздун түп нускасын интернеттен таап окудум, чын эле ошентип айтыпсыз...
Бирөөгө баа берердин алдында карап көрүш керек да, кандай мааниде жана кандай жагдайда айтылды. Кыргызда эң кыска "и" деген сөз бар. Ошол кандай айтылат, "и" деп кекетип айтылат, "ии" деп колдоп айтылат, "и" "анан" деген сөз, туурабы? Эгер мага суроо берип жаткан кыз кыргыз тилин түшүнбөсө, кыргыз тилинде түш көрө албаса, кыргыз тилин чанып жүргөн болсо, ал кызга жараша жообун бергем. Ошондуктан айтам, кыргыз болуш үчүн кыргыз болуп төрөлүш аздык кылат. "Улутум кыргыз" деп жаздырып алып, кыргыздын жыты чыкпаган, кыргыздын сезими, кыргыздын ой толгоосу, мүнөзү жок канча маңкурттар жүрөт. Менин сүйлөгөн сөзүмдү кандай түшүнсө, ошол кишинин деңгээлине жараша.

Azamatai:
– Сиз Бакиев убагында жасалма оппозицияга чыгып кеттиңиз эле, кайра бийликке келүү үчүн Бакиевдер менен мамилеңиз эмне болуп бузулду эле?
Мен бир эмес, эки жолу кызматымдан өз эрким менен кеткенден кийин бир да жолу оппозицияга чыга калдым деп айткан жокмун. Жасалма оппозицияны өтө жек көрөм. Эмне үчүн кетип калдым? Эгер ал киши менен көз карашым дал келбей калган болсо, ал кишини да, өзүмдү да кыйнаштын кереги жок. Кызмат эч качан бакыт алып келбейт. Мен жыйырма жылдан бери саясатта жүрүп, 20 тыйын пайда көрбөдүм. Тескерисинче, жаштыгымдын баары кетти. Өзүмдүн курдаштарымдын катарында оюн-күлкү сала алган жокмун. Эл катары кандайдыр бир ишкерлик менен алек болгон жокмун. Жанагы Кубат Жусубалиев "Мен чоңойгондо жакшы бир китеп жазам, ошону окуган адамдын баары оңолуп, таза болуп калат деп ойлончу элем бала кезде" деп жазыптыр. Менин бир катачылыгым ушул: "саясатка барам дагы, туура эмес болуп жаткан нерселерди айтсам, баары ошого ынанып андай нерселер жасалбай калат" деп ойлочумун. Ошондуктан күрөшүү жана ал күрөштү тынымысыз улантыш керек.

pbabaev:
– Кыргызстан эмне үчүн башка өлкөлөрдөн карыз алмай менен убара, мен буга намыстанам. Сиз кандай көз караштасыз?
Намыстанганым үчүн жанагы ХИПКке киребиз деп жатканда, вице-премьер-министр болуп турганымда жападан жалгыз кыйкырып чыксам, мени жек көрүшкөн. Муну тарых үчүн айтып коёюн. Ошол "ХИПКке кирбесек, Кыргызстан жок болот" деп жүргөн азамат бүгүн министр болуп отурат. Мына, турмуштун парадоксу. Ошондо депутаттар: "Вице-премьер катарында президент менен өкмөткө каршы чыгыптырсыз. Позицияңызды айтып коюңуз",- деп сураганда бир гана сөз айткам, "өмүр бою өрмөлөп, жугунду ичип жашаганча, тике туруп өлгөнүң артык, кыргыз" деп туруп трибунадан түшүп кеткем. Ошондо үчүнчү чакырылыштын депутаттары кол чабышкан. ХИПКке кирбей калганыбыз ушул кыргыздын бактысы, биздин намысыбыз. "Африкадагы жарды 5 мамлекеттин алтынчысы кылып Кыргызстанды киргизебиз" деген азаматтар бүгүн мамлекетти башкарып отурушат.

Kaitpas
– Сиз Аллага ишенесизби? "Атамбаев айт намазга дааратсыз келип окуду" деген сөзүңүздү далилдей аласызбы?
Ал эле эмес, ошол жердеги чиновниктердин баары түнү менен ресторанда отуруп алып, эртең менен барып намазга тизилип калат. Алар Алладан корккон үчүн эмес, камерага көрүнүп калайын, теледен эл көрүп калсын дегендер. Булар Кудайды да алдайбыз дешет. Даарат бул – улуу нерсе, анын өзүнүн жолу бар. Келмени билбеген кишилер барып тизилип алганда көрүп айтам, "ошолор ошол жердеги сапты да бузуп жатат" деп.

Латыш:
– Эмне себептен агитация учурунда "Кудай", "намаз" сыяктуу сөздөрдү көп колдоно баштадыңыз? Чын эле ишенесизби же добуш чогултуунун бир жолубу?
Кудайга чексиз шүгүрчүлүк келтиришибиз керек, чоң атам кезинде чоң молдо болгон. Молдо Мадумар дешип, абдан көптөгөн залкар адамдар келип, ал киши менен кеңешип турчу. Таятам да чоң молдо болгон. Эки чоң молдо жаш кезинде бири уулдуу, бири кыздуу болушкан да, "Кудай буюруп, насип этсе биз кудалашабыз" деп бешиктеги мезгилде эле шерттешип коюшкан экен. Мен ата-бабалардын жолунда жүргөн кишимин, эл көзүнө кожо көрсүн деп Кудайлап калган жерим жок. Кудай кут кылсын, мен ошол ата-бабалардын жолунда, мусулманчылык менен айыл жергесинде тарбияланган адаммын. Мунун саясатка тиешеси жок, дин саясаттан миң бир эсе баалуу нерсе.

– Мусулман падышалар жамаачы чапандар менен эле жүрүшкөн. Эмне үчүн силер майды аз ичкен унаа айдап, үнөмдөлгөн акчаны башка иштерге жумшабайсыңар? Билишимче, Лексус 570 унаасын айдайсыз...
Биринчиден, Лексус 570 эмес, Тойота 200 унаасында жүрөм. Бирөө эмес, экөө. Бизди колдогон, пикирлеш болгон инсандардын берген жардам, көмөгү. Туура, брондолгон унаа. Ал эми илгери падышалар самолёт менен учуп, телефон же элге кайрылганда микрофон колдонгон эмес да. Заман ушундай азыр. Кеп "эмне "тээп" жүрөсүң, эмне колдонуп жүрөсүң?" эмес, ошону кантип алдың, маңдай тер төгүп алгансыңбы же зордук-зомбулук менен алгансыңбы? Кеп ушунда.


"СУПЕР-ИНФОДОН" СУРООЛОР

– Бүгүн да Жогорку Кеңеште депутаттардын кызматтык унаасын жоюп салуу каралып жатат. Демилге мурункудай эле орто жолдо калбайбы?
– Мен төрага болуп турганда ушул идеяны айткам, азыр да колдойм. Ар бир комитетке чакыруу принциби менен үчтөн унаа бекитилиши керек. Анан депутаттардын машинасы аялын "Дордойго" алып барып, кудалары келип калса кинотеатрга же Ала-Арчага алпарып жүрө турган машина эмес. Спикер болуп турганда саат 8ден баштап сыртта жүргөн машиналарды "арестовать" этип, гараждан машина чыга турган болсо, түшүнүк кат жазсын дегем. Ошон үчүн жек көрүнбөдүмбү. Бирок жаман көрүнөт экенмин деп отуруп албаш керек. Баары бир жасаш керек бул нерсени. Кыргыздын биринчи трибунасы – парламент. Ошол жерге футболкачан, кара көз айнекти башына кыстарып, кроссовка, жынсы кийип алып, айланайын, кээ бир учурлар болду го, жайында чолок шым менен кирип алган депутаттар. Бул маскара. Анан канча көрдүк, чалкалап креслодо отуруп алып сагыз чайнап отурушат. Аны болсо операторлор чоң план менен көрсөтөт. Уят го, бул. Төрага болуп турганда артымдан ээрчиген унааларды токтоттуруп салгам. Конокко же жыйынга барганда унаамды өзүм эле минип алып чыгып кетчүмүн. Урушуп эле жатып калышчу "мындай мүмкүн эмес" дешип. Мен аны жар салып деле айткан эмесмин. Азыр эми жайлоого чыгып кетишти.

- "Бүтүн Кыргызстан" "Ата-Журт" менен биригип, оппозициялык блок курганы жатат" дешүүдө. "Ата Журттун" ички ынтымагы жок экени да айтылат. Мисалы, фракция ичинде өз ара блокторго бөлүнүшү, Ахматбек Келдибековдун төрагалыктан түшүшү. Ушундай партия менен биригүү тобокелчилик эмеспи?
– Буюрса, биз азыр Ташиев, дагы бир топ азаматтар менен чогуу бирдиктүү бир күчкө бириккени жатабыз. Кудай буюрса, эртең же бүрсүгүнү ушул багыттагы бир чоң кабарды угуп каласыз.
Саясаттын, жашоонун өзү тобокел. Эртең менен чайыңды ичип эшикке чыкканыңдын өзү тобокел. Унааңды жүргүзүп жолго чыкканың, сапар тартып самолётко отурганың, бул дүйнөнүн баары тобокел. "Адашкандын айыбы жок" дейт. Партиянын ичинде анча-мынча чырдашкан болсо, жаштык, курч сезимдер менен айтышкан сыяктуу болгондур, балким. Бирок биз келишим түзөрдө партиянын катарын тазалоо маселесин кабыргасынан койдук.

– "Парламент таркайт" деген сөздөр кайрадан күчөй баштады. Сиздин оюңуз кандай?
– Парламенттин тарашы логикага сыйган көрүнүш. Бул парламенттин куралышы, принциби туура эмес болуп калганын эки жылдан бери айтып келем. Парламентте отурган 5 партия биригип, элдин 40 пайыз добушун ала алган жок. Демек, анын легитимдүүлүгү чоң маселе жаратат. Экинчиден, кыргыз өкмөтүндө коалициялык башкаруу деген нерсе бизге жат көрүнүш. Бул болбойт. Азыр карасаң, "менин партиямдын мүчөсүсүң, ошондуктан сен ошол кызматка барасың" деп башка тармакта иштеп жүргөн кишини таптакыр уктаса түшүнө кирбеген тармакка алпарып отургузуп коюуда. Бул тажрыйба өткөрө турган лаборатория эмес да.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg



Адахан Мадумаров: «Адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик», (1-бөлүк)

Адахан Мадумаров: «Адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик», (2-бөлүк)

Адахан Мадумаров: «Адашкандын айыбы жок, кантсе да Ташиев менен бириктик», (3-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(125)
SUPER.KG видео
09.02.2012. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Адахандын жаман эле жактарын айтпай, жакшы жагын деле айтсанар!
SUPER.KG видео
09.02.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
absalutno bawka jany adamdar keliw kerek biylike sebebi bul kiwi dele biylikte jyrgon ech nerse ozgorgon emes,azyr biylike jetiw ychyn ele ozyn piar kylatta bul kiwi!!Murat Musabaev kelse dep oiloimun
SUPER.KG видео
09.02.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик
SUPER.KG видео
09.02.2012. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен ошол айылдан болом. Анарбек сени ким сатып алды досум. билесин адамдын кадыр баркы баа жеткис экенин.Мадумаровтун создору туура бары ал кишинин аркасы жаман болгондо элдин алдына чыгып ушул создорду айта албайт. Азыркы бийликтин келечеги жок. жада калса эмне деп суйлорун билбеген. билимсиз акчасы коптор министер болуп алышты. качанкыга чейин кыргыз башка олколорго маскара болуп журобуз.


SUPER.KG видео
09.02.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров Кыргызстандын призиденти. алга эл сиз менен.
SUPER.KG видео
09.02.2012. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен шайлоо боюнча чындап эле таза откон эмес,аны баары билет.А.Мадумаров менен К.Ташиев экооно элди дурботпогону учун чон ракмат, эркекче иш кылдылар.
Биздеги эн койгойлуу нерсе кучтуу-турукту онгугуу программасы жок,ал программаны ойлоп чыкканга профессионал адис ээлери жетишпейт,жокко эсе.
SUPER.KG видео
10.02.2012. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз десе чынгыз тушот есиме чынгыз десе кыргыз тушот есиме дегендей эми ал киши да кетеберди азыр эми кыргыз десе еске тушотурган ушул инсан калды ийгилик сизге Адахан мырза
10.02.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийге жалан опозиция чогулуп Мадумаровду жамандапсынар да билбей эле жазганынар андан коп Каркыра боюнча айтсак Акаев президент убагында Назарбаев экоо жолугуп мораторийге кол коюп макулдугун берип андан башка Каркыранын жанынан дагы башка альплагерге деп жер бериптир Акаев Казакстанга. Казакстан бизге кредит жана башка жардам берип жатып талабын коюп Каркыраны алды эмне учун Акаевди кунолобойсунор.Тили бар дейсинер дудук болгончо тили болсун дудук саясатчылар азыр ак уйдо коп.
SUPER.KG видео
10.02.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.bolush сен ошол айылдан болсон мен Адахам акам айтып жаткан Тогуз Булактын суусун ичип жаман адырдын чанын кечип чонойгон баламын. Адахам акам айтып жатат эки баатырдын айкелин тургуздук деп макул анысын тургузуп койду айылдын кире беришине. ансыз да эле демилге которуп озубуз баштаган элек ал ишти. Экинчиси мектеп куруп пайдаланууга бердик дейт аны Адахам акам оз чонтогунон салып бербегенин элдин баары билет. Ал мектепти заманбап кылып спорт залы менен мамлекеттин элдин акчасына салынды.
SUPER.KG видео
10.02.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учунчусу Таза сууну алып келдим дейт. Адахам ака ошол айылга барып бир ай эле жашап корунузчу. Эл кандай суу ичип жэатканын оз козунуз менен коросуз. Сиз айткан таза суу долбоорун бир тууган аканиз Аблаз Мадумаровдор иштешип таза суунун тамчысын да корбодук го. Тогуз Булактын тагыраагы Кызыл Октябрь айылынын эли арыктын суусун ат эшектен талашып ичип жатканын билсениз да уялбай таза суу чыгардык деп мактаныпсыз. Деги эле кыргыз эли учун кылдай кызмат кылбадыныз го. Калпты азыраак суйлосонуз!!!
SUPER.KG видео
10.02.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мадымаров акылы менен акчага чиренген байын дагы кучуно ишенген адамын дагы жыгат Мадымаров супер!!!!
SUPER.KG видео
10.02.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын 1сом акчасын албай акыйкат менен иштейбиз дейсинер, бул созунорго канчалык ишенсе болот
SUPER.KG видео
10.02.2012. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адаханчик озун тазамын деп ойлойт окшойт...
SUPER.KG видео
10.02.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазып турган адамы берки жака туруп жазса болбойт бекен астына барып шакылдатбай.биз ушундай жонокой нерседен баштасак жакшы болмок ар нерсенин ордун билсек
SUPER.KG видео
10.02.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусча аралаштырбай суйлосок.уже дебей
10.02.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаровка зажигалканы ким карматты?Менин билишимче ал тамеки тартпайт болчу!!!Адахан Мадумаровтун 2видеосунда ал колуна зажигалканы кармап айлантып жатты,ал даана корунуп турду.
SUPER.KG видео
10.02.2012. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кой озунду карма Anarbek.
10.02.2012. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын кыргызымды кимиси президент болсо да ыйман берсин бирок баардык кылган нерсебизге акретке барганда кудайдын алдында жооп беребиз ошол нерсени унутпасак кыргыз калкым
10.02.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KC_Bishkek эчкимдин ичи куйуп орттонгон жоок баары оз ойун айтып жатат сен антип элди болбо баарыбыз кыргызбыз ойлонуптурп жазсан жакшы болмок
11.02.2012. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кыргыздар,бизге президенттен жол болбойт окшойт.Бизге президент болгон адамда томондогу сапаттар болсо:И.Раззаковдун-ишмердигин,Масалиевдин-кен-пейилин,Акаевдин-акылын(акча жегичтигин эмес),Мадумаровдун-чечендигин топтогон адам Кыргызстанды кичине болсо да ондойт беле...(Из наших политиков вряд ли найдём человека-политика с такими талантами).
11.02.2012. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созу жок-сурот дегендей,созу жок-ДЕМАГОГсуз.Тилиниздей колунуздан да келсе,бийликте жургондо коп жумуш жасамаксыз.
11.02.2012. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийчилер эмне учун дайым экиге болунуп ынтымактуу болбойбуз мен ю тубдан ош окуясы жонундо видео роликти жана ага жазган комментарийчилердин жазууларын окуп ю тубду дуйно жузу корот го бизди колдоп жазганы да бар жамандап уят создор менен бизди согунуп жебегенди жедиртип жазгандары коп.Бир озбек комментчи минтип жазыптыр кыргыздар озу ынтымактуу эмес болунуп урушуп турушат ал мамлекет кийин жок болуп кетет дейт анын оозуна таш мына ушудан жыйынтык чыгаргыла ынтымактуу болгула кыргыз элим
11.02.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adahan Kimsanovich tuura aitat.Al Alladan korkkon akyikat uchun kurowkon insan.Urmattuu Adahan Kimsanovich iygilik sizge!
12.02.2012. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adaxah Kimsenbaevi4 prezident bolso oshondo kyrgyzystan bai olkolordun arasyna kowulat Sizge iigilik
SUPER.KG видео
13.02.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз убагында кыйратпаган азыр кыйратмак беле! Бийлик учун эмнени гана кылышпайт.
SUPER.KG видео
14.02.2012. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Адахан Кимсанбаевич биз сиз менен.Алгаа.
14.02.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Люди как можно свои комментарии удалить,подскажите пожалуйста
SUPER.KG видео
16.02.2012. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
oi ushu Adahan baiker KGni ojukturot deisinerbi...???bizdin biyliktin bashynda eski "volk" politikter...bir gana ozun oiloit,ozunun kyzykchylyktaryn...bir soz menen aitkanda baary ten demagogtor.bizge jany jash biylik bashchylar kerek.
SUPER.KG видео
27.01.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан президент болсо олкобуз онолсо керек ага чейин баякы эле корунуштор боло берет


SUPER.KG видео
12.04.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен колдоймун сизди алга
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: