Арапбек: «ТАГДЫРЫБЫЗ ТАЙКЫ БОЛСО ДА, ТАЛАНТЫБЫЗ БАР...»

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.


Кеңсе. Кызыл диванда ачуу жашка жүзү жуулган аялды угуп, карегиме жаш толуп турду. Журналисттик кесибимде татаал тагдырларды угуп-көрүп жазганыма карабастан, оңой менен бошочу эмес элем. "Жүрөгүм тилинди, кызым!" деген сөздү улам кайталап, уулу тууралуу узун баян баштады Шарапат эже.
2011-жыл. 28-ноябрь. Спорт Ордосу. Залда адам толтура, сахнанын артында "ырчылар менен кошо ырдайбыз" деп кудуңдаган боз балдар. Бирок бир гана баланын маанайы чөгүңкү. "Энеме билдирбейин". Ичинен ушул сөздү миң кайталап, акыры кезегине аз калганда таежесин жеңден тарта:
– Таежоу!
– Оу, кагылайын, эмне болду?
– Менин сахнага акыркы жолу чыгышым...
– Кой, антпей жүр, сенин келечегиң алдыда. Өзүң концерттин алдында ооруп калбадыңбы, врачтар айтышты го, "концертке катышып келе берсин" деп.
– Ошентсе да... Энеме эч нерсе айтпай эле коюңузчу, мен жакшымын,- деп мукактанган жигит "сахнада – Арапбек!" дегенде гана арабасын тегеретип сахнаны көздөй жөнөдү. Арапбекти жүздөгөн көздөр аёо менен караганын көрүп, элди улам карай берди, карай берди. Акырында деми кысылып, аба жетпей баратты, бирок өзүн кармап "сезилет көл үстүндө бараткандай..." деп ырдап бүтүрдү...
29-ноябрь.
– Эне, тилим тартылып калды да менин.
– Садага болоюн, ооруп турасыңбы, бүгүн түнү чыдап кой, ооруканага алып барам, келме келтирип жатчы, уулум.
– Мен кечээтен бери келме айтып жүрөм, эне...
– Атаңа чалайынчы, Лейлектен келсин, ээ, балам?..
– Ооба, бирок сиз ыйлабаңыз...
Арапбектин апасы менен акыркы жолу сүйлөшкөнү ушул болуптур.
Арапбек биздин аярлуу, анан абдан таланттуу окурманыбыз эле. 2008-жылы аны менен маек курганыбызда: "Кудайдан болуп басып кетсем, анан ырчы болсом деп тилейм",- деген. Биздин "Тамаша тор", "Фотороман" сыяктуу рубрикаларыбызга активдүү катышкан да болчу. Арапбектин алты саны аман болбосо да, мүңкүрөп калбай, тагдырына таарынбай жашоо үчүн күрөшкөн тырышчаактыгы таң калтырчу бизди. Майып балдары бар жалгыз бой энелердин "Эне эмгеги" фондуна мүчө болуп, эстрада ырчыларынын коштоосунда өтчү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын концерттерине катышып жүрчү.
Анын апасы: "Арапбек – тун уулум. Кичинесинен эле буттары ичкерип баса албай калды. Телевизордон "Памперс" деп жалаяктын заманбап түрүн көрсөтсө "памперске" жетчү күн бар бекен?" деп ыйлачумун",- дейт. Анткени Арапбек заарасын кармана албай калчу экен. Ошентип, баласы үчүн баарына даяр ата-эне Баткенден Бишкекке көчүп келишет. Бирок аракеттен жыйынтык болбой, уулу коляскадан өйдө боло албады.
"Уулум бир концертте "биздин тагдырыбыз тайкы болгону менен, талантыбыз бар" деген болчу. Эч качан "мен ушинтип калдым" деп тагдырына таарынган жок. Кат-сабаты жоюлсун деп реабилитациялык борборлорго бердим, мугалим жалдап окуттум. Балам баарын дос көрчү. Анын жакшы бир досу "Супер-Инфо" эле. Бир күнү айылга кетсем чалат, "эне, бекиткен алмаң каякта? Үйгө Ильяз Абдыразаков, анан "суперчилер" келиптир" деп. Эми сүйүнгөнүн айтпа, көрсө, силер фотороман тарткан экенсиңер. Ак-Босогого гезит келбей калса карындашын шаарга жөнөтүп алдыртчу.
Анан "кой, балам, чыкпа" дегениме карабай "Дордой" базарына барып алчу. Үйдө мени кармап эмне кыласыз, эл менен аралашкым келет" дечү. Өткөн жылдын 1-декабрында уулумдан айрылып калдым. 3-4 күн мурда ооруканага алпарсам врачтар концертке катышып келе берсин, көрөбүз дешкен эле. Көрсө, алар Арапбектин саналуу гана күндөрү калганын билишкен экен да. Эрте кетерин билсем, үйлөнтүп коймок экенмин, сүйлөшкөн кызы деле бар эле, аттиң!"- деп арман кылат эне байкуш...
Энеге эмне дейбиз, тагдырдын жазмышы, 10-февралда Арапбек 18 жашка толмок экен. 17 жыл боортоктоп жүрүп ичтеги бугун ырдан чыгарган талант чанда кездешер. Арты кайырлуу болсун!

Бурул Исмаилова
koom@super.kg



17 жыл араба менен күрөшкөн Арапбек каза тапты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(55)
SUPER.KG видео
19.02.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah beyiwine kirgizsin!!!
20.02.2012. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!Эми бейиште так чуркап туболук жашоонун жыргалын корсун!
SUPER.KG видео
20.02.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! :(
20.02.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун.......
20.02.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ex.. Turmush! Jashoo! Jakshy adamdar kopko jashap jurushso alty sany aman kandai gana talanttu bala eken okup atyp jurogum syzdap ketti. Jatkan jeri jailuu bolsun baarybyz al bargan duinogo erteli kech barabyz.
SUPER.KG видео
20.02.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.бул баланы биз августа колдон концерт коюп барышканда коргон элек,алардын ырдап,бийлегендерин коруп аябай ыйлаганбыз.апасына кайрат айтабыз.
SUPER.KG видео
20.02.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх окунучтуу болуптур . Аябай акылдуу жана таланттуу бала болчу экен. Окуп алып жаман болдум.
Арапбектин жаткан жери жайлуу болсун. Топурагы торкоо болсун. Жаратканыбыз бейиштин торунон орун берсин.
20.02.2012. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанната болсун.
SUPER.KG видео
21.02.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти козумдон жаш агып кетти жаткан жерин жайлуу болсун!
21.02.2012. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жанната болсун
SUPER.KG видео
21.02.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы саламатту болсун...;(
SUPER.KG видео
21.02.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээ жараткан алла ушул момун мусулмандын жаткан жери жайлуу болсун ыймынаны саламат болсун бейиштин торунонон орун алсын
SUPER.KG видео
21.02.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасына аябай окшош болчу экен
21.02.2012. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанатта болсун! Алла таала ыраазы болсун!!!
SUPER.KG видео
21.02.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлу болсун!!
22.02.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jayi janatta bolsun.
22.02.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
22.02.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп олтуруп козумду жаш аралап кетти Аллах баардыгыбызды аман кылсын Албетте бул жигит талантуу болчу Ильяз Абдразаковдун ырын ырдап чыкканын коргон болчумун Аллах жаткан жерин жайлуу бейиштин торун насип кылсын Уй булоосуно Апакесине Аллахтан сабыр тилеп кетем.
22.02.2012. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, жаны жаннаттан жай алсын!
22.02.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннатта болсун!оомийин!
SUPER.KG видео
23.02.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп олтуруп козумду жаш аралап кетти Аллах баардыгыбызды аман кылсын бизди дени сак кылып жаратканына шугурлор болсун Албетте бул жигит талантуу болчу Ильяз Абдразаковдун ырын ырдап чыкканын коргон болчумун Аллах жаткан жерин жайлуу бейиштин торун насип кылсын Уй булоосуно Апакесине Аллахтан сабыр тилеп кетем.
SUPER.KG видео
24.02.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-(. Алла Таалам бейишинен берсин.Жаткан жери жайлуу болсун.
24.02.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энесене сабырдуулук тилейм,бир жакшына бала экен эле,ишенем ал азыр бейиште
25.02.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арапбектин энесине сабырдуулук тилейм. Бизди жараткан АЛЛА Арапбек керек экен алыптыр. Жаны бейиштен орун алсын,бул дуйнодо баспаса аркы дуйнодо чурка журсун деп АЛЛАдан тилейм.
SUPER.KG видео
25.02.2012. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерин жайлуу болсун!Кудайым орунду бейиштен берсин!Омин...
SUPER.KG видео
04.03.2012. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаах озу оорун берсин жаннаттан пендесине.жаткан жерин жайлуу болсун Арапбек.
SUPER.KG видео
10.03.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул баланы дордойго барган да ошол жактан коруп калчу элем. сыртынан эле аябай боорукер, жакшы бала корунчу. жаткан жери жайлуу болсун!!!!!
16.03.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен АРАПБЕКТИ тааныйт элем.дордой базарында иштеп жургонумдо эртен менен жумушка бара жатып болгон акчамды берип кетэр элем.жумуш буткондон сон АРАПБЕКтин жанына келип бир топко чейин суйлошуп отураар элек.ичиндеги болгон арманын айтып берээр эле.аттин ай.иничек жаткан жерин жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
26.03.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bul bala jonundo takyr ukkan emes ekem ukkanymda jardam bermekmin jakshy darygerlerge korsotkongo araket kylmakmyn.Jatkan jeri jailuu bolsun .
07.06.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!Энесине Алла сабыр берсин калган балдарынын омуру узун болсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: