КЫТАЙЛАРДЫН КИРЕШЕЛҮҮ ОЧОГУ – ХАЙНАНЬ АРАЛЫ

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.


“Кыш болбойт!” (“Зима не будет!”) деген сөз бүтүн кыргызга тарап, бирок кыш узаргандан узарып, аягы көрүнчүдөй эмес. Эл сууктан тажап, жазды күтүп турган чакта ысык аптапты эңсей биз “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева экөөбүз экзотикалык Хайнань аралына сапар алдык.

ЖОМОКТОГУДАЙ КООЗ АРАЛ
Кыргызстандан Хайнань аралына түз аба каттамы жок болгондуктан, алгачкы сапарыбызды Алматы шаарынан баштадык. Түнкү саат 12:10до учак көккө көтөрүлүп, 6 саат көпкө узарып кеткендей, качан эми Хайнанга жетебиз деп шаштыбыз кетти. Таң супа салганда көптөн күткөн Хайнань аралындагы Санья шаарынын үстүнөн көз жүгүртүп, жомокко түшүп калгандай сезимдерге кабылдык. Аэропорттон “Эдем” компаниясынын кытай улутундагы гиди Настя (гиддер атын бизге ылайыкташтырып, орусча коюп алышыптыр) тосуп алып, шаар тууралуу кеп козгоду. Учактан түшкүчө күн жаагандай, аба ырайы бүркөк сезилген. Бирок сыртка кадам таштаганда эле нымдуу, үп, ысык аба бетке урду. Кызыгы, шаар аралап жүрүп экөөбүздүн тең оозубузга келген биринчи сөз “жомоктогудай кооз экен” деген болуптур...

ЖАЙКЫ АПТАПТА ДЕҢИЗ ЖЭЭКТЕЙ...
Алгачкы күнү жайды ушунчалык сагынганбызбы же Кыргызстандагы ызгаар суук жанга катуу тийгенби, мейманканага кирерибиз менен чемодандарды таштап деңизге чуркадык. Биз жайгашкан “Инь Юнь” деп аталган мейманкана түштүк Кытай деңизинин жээгинде жайгашыптыр. Чалкып жаткан деңиз, чайпалып турган толкун. Чайыттай тийген күн, бут куйкалаган ак күмүш кум, жайкы аптап... Жээкте туруп, бир саамга айланага көз жүгүртүп, көнүмүш абадан кере дем алгым келди. Бирок мен мекенимден алыс кеткенимди унутуп калыпмын. Себеби Кытайда биз көнгөн таза абаны жута алган жокмун.

ХАЙНАНЬ – КАПЧЫГЫ КАЛЫҢДАР ҮЧҮН!
Хайнанда кызыктар ого эле көп. Маймылдар аралы, жырткыч жаныбарлардын түрүн кучагына алган зоопарк-сафари, океанариум, буддисттер сыйынган эң чоң ыйык борбор... Капчыгыңды калың кылып барып, айлап кыдырсаң да болчудай. Кытай медицинасы Кыргызстанда да өнүгүп калбадыбы. Бизди гид алгач эле атайын медициналык диагностикага алып барды. Жумуш, окуу деп жүрүп чарчаганды да, ден соолукка кам көрүүнү да унутуп калабызбы, айтор, текшерүүдөн Айсулуу экөөбүз тең организмибизде бир кучак гүлдестелик маселелер бар экенин эшиттик. Эгер дарыланам десең, анан албетте, чөнтөгүң калың болсо, дарыгерлер сенин кызматыңда болорун айтышты. Андан аркы жолубуз чыныгы бермет чыгарган музейге арналды. Ал жакта кадимки үлүл кабынан алынган асыл таштын азыркы абалга чейин иштелип чыгышы, алардын түрлөрү тууралуу узун, кызык баян айтылды. Бекеринен бермет Хайнандын сыймыгы эмес экенине ынандым. “Кытайдын жибеги укмуш” деп угуп жүрөбүз. Биз барган жибек салонунда таптаза жибек буюмдары, жибектин курт кезинен баштап кантип биз кийип жүргөн кийимге айланганына дейре көрсөтүп беришти. Андан кийин Кытайда жасалган жыпар жыттуу жана дарылык касиети бар чайлары менен таанышып чыктык. Жылан өстүргөн фермага да баш багып көрүүнү туура көрдүк. Кадимки уулуу кобранын туристтердин көзүнчө эле башын алып, кууруп, бизче айтканда, куурдак даярдап берет экен. Албетте, ал үчүн 2000 (15 миң сомдун тегереги) юанды санап беришиң керек. “Эми ал кичинекей, ичке кобраны кууруганда андан эмне калмак, бир аз эт жана сөөктөрү” деп калышты биз менен сапарлаш болгон орус туугандар. Жыландын канын аракка кошуп ичсе, организмге пайда имиш.

МАЙМЫЛДАР МЫКТЫ ОЮН-ЗООК КӨРСӨТҮШТҮ
Шаардан 80 чакырым аралыкта жайгашкан 2000ден ашуун гуан макакалары жашаган аралга асма аркан жолу аркылуу фуникулер менен барасың. Эки аралдын ортосундагы кооздукту сөз менен айтып жеткире албасам керек! Жапжашыл тропикалык өсүмдүктөр, деңиздин үстүнө эле жайгашып жашап алган элдин турмушу... Барганга чейин гид маймылдарга байланыштуу толтура окуяларды айтып берген. “Көз айнегиңерди алып койгула, маймылдар тартып кетишет, баштыгыңарды ачпагыла, талашат” деп айтып биздин үрөйүбүздү учуруп койду. Аралда биз угуп, кызыгып жүргөн маймылдар ары-бери шашпай басып, элдин колун карап жүрүшөт. Кичинекей болгону менен, бир топ сүрдүү көрүнгөн маймылдар туристтерге оюн-зоок көрсөтүп беришти. Алардын адам сымал сөзгө түшүнүп, кадимкидей жинденгенине айран таң болдум. Кээде жинине тийсең келип чаап кетип же болбосо 3-4өө болуп жабылып сабап кеткен күндөр да болот экен.

БУДДИСТТЕРДИН ЭҢ ЫЙЫК БОРБОРУ
Кытайга келип Наньшань тоосунун боорунан орун алган Борбордук Азиядагы буддисттер сыйынган эң чоң храмды көрбөй кетүү туристтер үчүн өмүр бою өкүнүч болуп калса керек. Бул храмдан будда дининдеги эң баалуу, ыйык буюмдар орун алыптыр. Кытайлардын сыймыгына айланган борбордо түштүк Кытай деңизине салынган
108 метр болгон эң бийик Гуаньинь Кудайынын айкели турат. Андан сырткары дүйнө жүзү боюнча жалгыз, алтындан жасалган 140 килограмм салмактагы Гуаньинь Кудайынын эстелиги храмда сакталуу. Анын жасалышына 100 килограммдан ашкан алтын, күмүш жана 120 карат бриллиант, бир нече миңдеген рубин, сапфир, изумруд, корал, бирюза, бермет, жадеит жана нефрит сарпталган экен. Айкелди уурдаганга аракеттер болуп, бирок каракчылардын тилектери дайыма таш капканын гид кошумчалай кетти. Гуаньинь Кудайынын эстелигинин төрт тегерегин кыдырата жалтылдап көз жоосун алган ошол эстеликтин майда айкелдери жайнап турат. Аларды атайын сатып алышып, өз атын жаздырып коюшат экен. Ортосунда турган Гуаньинь Кудайы алардын тилегин аткарып, жамандыктан сактап турат деген терең ишеним бар, кытай элинде. 50 чарчы чакырымды камтыган бул аймакты бир күндө да айланып бүтө албайсың. Кумурскадай жайнаган эл агымы күндө ушундай дейт. Будда борборуна кирүү үчүн көпкө кезекке туруп, анан сыйынганы киришет экен.

АШКАНАСЫ
Кытайлар ар кандай чөп-чар, жандыктарды кууруп жегенге маш эмеспи. Ашканасынан биздин “тилибиз өткөн” тамагы – креветка (чаян), шишкебек болду. Шишкебеги кадимки резинкадай, даамы биздин шишкебекке такыр жакындабайт. Европа ашканасы бар экен, атайын туристтер үчүн. Жакшы жери, телефон чалып койсоң өздөрү алып кетип, кайра мейманканага таштап коюшканы болду. Суусундуктары муздак чай, Фанта, ширеси да биздикине окшошпойт. Суулары тунук да, муздак да эмес. Нымдуу, баткактагыдай жыт уруп турат. Кадам сайын кокос дарагы, пальмалар өсүп, чыныгы тропикалык, экзотикалык шаар экен – Санья. Банан, папайя, манго, мангостин, ананас, киви дегендерден башың айланат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКЫ
Биздин гид калкынын көптөгөн сырлары менен бөлүшүп жүрдү. Жигиттери кумар оюндарына жакын келип, жумушта кыздар экен көбүнчө. Аларда да бири-биринин аймагынын тилдерин түшүнүшпөйт, биздей эле адабий тилинде жана диалектилерде сүйлөшүшөт. Гид “жергиликтүү калк начар турушат, кечинде көчөгө чыкканда абайлагыла” деп улам эскертип жатты. Хайнанда жай турмуш өкүм сүргөндөй. Күндүз да, кечинде да карасаң 60 жаштагы кемпир-чалдар сууда сүзүп же деңиз жээктей сейилдеп жүрүшкөнүн көрөсүң. Жергиликтүү эл күрүч эгип дыйканчылык кылышат. Шаар өтө кооз жана жапжашыл болгону менен, чет жакта карапайым элдин жашоосу жыргатарлык эмес экен.

КЫТАЙЛАРГА ДАҢКЫБЫЗ ТАРАПТЫР
Эгер Хайнанга эс алууга барсаңыз, кытай тилин билбейм деп көп чочулабай эле коюңуз. Анткени эс алуучулардын басымдуу бөлүгүн орус жана казактар түзөт. Бир күнү европа ашканасынан тамактанып келатсак, айдоочунун жанында отурган кытай жигити орус тилинде “кайдан болосуңар?” деп калды. “Кыргызстандан” десек, “Бишкектенби?” дейт, “ооба, кайдан билесиңер?” деп экөөбүз тең сүйүнүп кетиптирбиз, кыргыздарды да билишет тура деп. “Мекениңер тынчып калдыбы?” дейт, Апрель окуясы эске түшүп, “кайдан билесиңер?” десек, “бир кездерде телевизордон силерди гана көрсөтүп калган” деп жатпайбы. Дүйнөгө жаман жагыбыздан эмес, жакшы жактан да таанылсак го деп зээним кейиди.

ТОЛКУП-ТАШКАН ЭМОЦИЯЛАР!
Жомок жашоодон реалдуу жашоого кайтар күнүбүз да келди. Кооз, ысык, тропикалык Хайнань аралында болгон күндөр унутулгус көз ирмемдерге айланып калары шексиз. “Туулган жердин топурагы алтын” демекчи, 8-күндөн тарта өзүбүздүн манты, палообузду сагынып баштадык... 6 жарым сааттык жолубуз бат эле өткөндөй, кудуңдай сүйүнө үйгө келдик. Экзотикалык өлкөдөн көргөн-билгендерибизди жакындарыбызга төкпөй-чачпай айтып, эмоцияларыбыз менен бөлүшүүгө ашыктык...
"Супер сулуу-2011" сынагынын жеңүүчүсү Айсулуу Өмүралиева: – Чынында, Хайнанды мен токой сыяктуу тропикалык арал деп элестеткем. Мындай кооз, бийик имараттар, соода борборлору бар жай деп ойлогон эмесмин. Экзотикалык өлкөгө жөнөткөн “Супер-Инфо” гезитинин жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Жашоомдогу кубанычтуу көз ирмемдер сыяктуу 10 күн бат өтүп кетти. Чынында, “Супер сулуу-2011” сынагынын жеңүүчүсү болуп, экзотикалык өлкөгө эс алып келүү – мен үчүн аябай чоң сыймык болду!!!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



"Супер сулуу" Айсулуу экзотикалык өлкөгө барып эс алып келди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
14.03.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда мен кеттим уже:)
SUPER.KG видео
14.03.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен,
SUPER.KG видео
14.03.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап эле жомоктогудай кооз жер экен....мумкунчулук пайда болсо барып эс алып келем....
П.Сы жаны алып баруучу кыздын уну аябай жагымдуу экен- "успокаивающий")))) озунчоле
SUPER.KG видео
14.03.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ВААУ деп тан калган деле жокмун бул экзотикалык олкого.. Мага лично кызыксыздай эле сезилди
14.03.2012. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmmmmmmm daaaaaaa to4no magada an4a jakpadi............
SUPER.KG видео
14.03.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага чогуу барган журналист кыз жакты...)))
SUPER.KG видео
14.03.2012. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы екен бирок баарыбир КЫРГЫЗСТАНГА жетпейт
SUPER.KG видео
14.03.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо бул жакта зима билбойт турбайбы))))))))))))
SUPER.KG видео
15.03.2012. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакты ото жакшы ойноп келишиптир суктанып жатам россияда иштеп чарчадым чынында ;-)
SUPER.KG видео
15.03.2012. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga kop dele jakkan jok mindan da jakshy jerler bar, ayabay dele kooz dele emes eken. Birok barip es alip kelgenderi jakshy boluptur.
SUPER.KG видео
15.03.2012. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun jer eken
15.03.2012. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнбөйсүң адамдарга, боёнуп алса, "боёнбой эле койбойбу" дешет. Боёнуп алса, "боёнуп, өзүнө карап жүрсө болбойбу?" дешет, тобооо, кызык эле адамбыз да. Айсулуу азамат! Татыктуу жеңиш болду.
SUPER.KG видео
15.03.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргапсынар да ээ!
15.03.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myshyk mayga jetpei sasyk deyt...
SUPER.KG видео
15.03.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саякат сонун болуптур. чын эле журналист кыз супердин сулуусунан кем калышпайт экен.Конфетка болуп кетип шоколадка болуп кунго куйуп келиптир
SUPER.KG видео
15.03.2012. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага репортажды даярдаган кыздын уну жакты. Озунчо эле секси экен. Жагымдуу, эс алдыруучу ун экен. Ал анда меники!
SUPER.KG видео
15.03.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле аябай сонун эмес жакшы экен.биздин ысык-кол деле калышпайт.ал эми журналистка кыз сонун суйлойт экен.
SUPER.KG видео
16.03.2012. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай укмуштуудай кооз эмес экен, пляжы скучный го киши аз , же видеосунан ушундай корунуп атабы. Ысык- Колго жетпейт экен, а так жакшы аман- эсен эс алып келиптирсинер . Маймылдардын велосипед тепкендерин коруп арданып кеттим, срочно велосипед кетпенди уйронбосом болбой калды.
16.03.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жондон жон эле женуучу болобербейт да ......)))
!!
16.03.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, ооба да, 2000ден ашуун көрүүчүгө өнөрүп көрсөтүп, татыктуу адам алат.
16.03.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaaaaaaaaa. o vkusah ne sporyat degen soz bar go
SUPER.KG видео
16.03.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги "сулууга" караганда жанындагы кыз сулуу экен.
SUPER.KG видео
16.03.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага журналист кыздын уну жакты, жагымдуу экен.
"Супердин" жетекчилиги да жакшы экен, бир эмес эки адамды чет олкого эс алууга жиберген, ушундай заманда.
16.03.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу суротко озун корсотуп тушот экен,мага жаккан жок.
SUPER.KG видео
17.03.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койчу эй бул жерге барып эс алгандын ордуна Малазияга барсанар болмок олсо олугу артык бирок биздин Кыргызстандын жайлоолоруна жетбейт экии олко тен
SUPER.KG видео
17.03.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э ошенткилечиa tambai досум туура айты колдо бар алтындын баркы жокдеп туулган жериндин топурагы алтын дейтко.озумдун уйум олом тошогум дегендей
SUPER.KG видео
17.03.2012. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anday dele kooz jer emes eken, AKWnin Florida wtatina jetpeyt eken, bul jakta jomoktogyday es alsan bolot, okean plyaj degi ele soz jok
SUPER.KG видео
17.03.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанындагы сулуу менин девушкам
SUPER.KG видео
18.03.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа.озунчоле керемет,биздин козубузду да алыпбарып келдинер.
SUPER.KG видео
19.03.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya toje ho4uu tudaa
SUPER.KG видео
21.03.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super, сизден сураныч Нуржамалдын жигити барбы? Аты ким?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: