«СҮФ, СҮФ, СҮЙДҮРҮП БЕРЕМ, БААСЫНА ЖАРАША...»

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.


“Баланчанын башын айлантып бер, мынча акча берем” деп бирөөлөрдүн башын айландыруу, өзүнө көз каранды кылып алуу, жашырганда эмне, азыр модада. Биз ошондой шумдукту, тактап айтканда, акчага сүйдүрүп алуу ыкмасын жон терибиз менен сезип-билүү үчүн сапарга аттандык.

“КЕЛ, ЦЫГАНДАРДАН АРЗАН ЖАСАП БЕРЕМ”
Сапарыбыз баягы эле “Ош базардын” тегерегиндеги көзү ачык, төлгөчүлөрдөн башталды. Кесиптешимди макул кылып сүрөтүн алып, интернеттен сымбаттуу жигиттин сүрөттөрүн кошуп чыгарып алып, кардар болуп жөнөдүк. Кандай болуп кетет деп дагы бир кесиптеш жигитти ээрчитип алгам. Караштырып жүрүп бир күркөгө баш бактык. Жашы 55тен ашып калган аял күлүп-жайнап, “келгиле, өткүлө” деп тосуп алды. Кесиптешим чү дегенде эле биз ойлоп тапкан баянды чуурутуп кирди. “Эже, бул менин дос кызым, бир жигитти аябай сүйүп, кыйналып жүрөт, жардам бериңиз”. Мен ыйламсырай кесиптешим Базарбектин (атын Тилек деп өзгөрттүм) сүрөтүн көрсөтүп: “Бул жигитти аябай жакшы көрөм, бирок мени карабайт”,- дедим. Төлгөчү эже жанымдагыга “кулагыңды төшөбөй, соткаң менен ойной тур. Мен бул кызга эле айтып жатам” деп сеансын баштады.
– Өзүң аракет кылсаң болот, бул бала деле сени убагында жакшы көргөн экен. Бир жылдай болуп калганбы же эки айдай болгонбу, сага салкындап калыптыр (бир жыл мурун кесиптешим экөөбүз тааныш да эмес элек). Бул бала дуба жеп калган, башка кыз дубалатып коюптур. Өзүңө каратыш үчүн кайтарма дуба окутуш керек.

– Дубасын кайтарып салбайлыбы, азыр окуй аласызбы?
– 2100 сом төлөгүлө.
– Акчасын төлөсөм, сиз кепилдик бере аласызбы?
– Эч жакка кетпейт деп айткандай ал мал эмес да... Дубаларын кайтарыш керек, түшүнөсүңбү? (жиндеп кетти)
– Анан ал кетпей калабы?
– Кандай кетпейт, кете берет, бара берет. Бул баланын жүрөгүн тазалаш керек, а буга канча убакыт кетет билесиңби? Күнү-түнү окуш керек. Эми мен эмне кылыш керек экендигиңди, уят кепти баланын көзүнчө айтайынбы? Сага түшүндүрүп жатпайымбы, айланайын...
– Ошондо азыр эмне кылабыз?
– Кайтарма окулат, анан экөөңөрдүн мамилеңерди бекемдеш үчүн дуба, анан коргондо үчүн, баары – 2100 сом. Анан мага эртең келип алып, “болбой жатат” деп айтпа. Цыгандарга барсаң 5-10 миңге окуйт.
Кесиптешим Максат ушул жерден кошулуп, “кепилдик бересиз да” деп калды эле, тиги жиндеп “жасатасыңбы, “нормально” отуруп, акчасын берип жасат. Болбосо цыгандарга 10-20 миңге жасаткыла! 1000 доллар бергиле, бок дагы болбойт” деп кыйкырып баштады. Ырымдап кичине акча кармата салып, коштошууга туура келди.

КАРА ДУБАНЫН БААСЫ КАНЧА?
Тизилген контейнерлерди аралап жүрүп, жалгыз отурган эжеге кирүүнү чечтик. Жанагыдай эле сценарий менен менин армандуу сүйүүм тууралуу баянды айттык. Колумда интернет булактарынан алынган жигиттин сүрөтү... Атын сураган соң таштарды бөлүштүрүп, төлгө сала баштады. “Бул жигитти азыр ой басып жатат. Аялы экөөнүн жашоосун жакшы деп айта албайм. Эки бала түшүп жатат, бир кыз, бир эркек. Азыр мен сага болгон мамилесин көрөйүн” деп дагы таш төлгөгө кирди. “Аялына көңүлү жок, бирок туугандарынын сөзүнөн чыга албай кыйналып турат. Сен окутуп эле жакындатпасаң, бул сага үйлөнбөйт” деди тагдырыбызды окуп койгондой.
– Сиз окуп бере аласыз да, ээ?
– Мен ысытма окуй алам, ал сага ысып, жакындап калат. Ал 500 сом болот.
– Кепилдик болобу?
– Бул ысытманын гана баасы. Башүртмө, баш айлантма деген да бар, баасы 3-10 миңге чейин. Мен 500 сомго ысытма жасап эле сага үйлөнөт деп айта албайм, ал үчүн күчтүүрөөк болуш керек.
– Мен 3000 сом берсем эле мага үйлөнөт турбайбы, ээ?
– Ооба, үйлөнөт.
– “Кара дуба окутса, оорулуу болуп калат” деп уккам. Чын эле ошондой болобу?
– Муну өзүң чеч (демек, бул чын окшойт). Эгерде сенин максатың бул жигитке жетүү гана болсо, окутабыз. Бирок сени менен түбөлүккө бирге болот деп айтуудан алысмын. Биринчи бул жигиттин жүрөгүн тазалаш үчүн 1500 сом керек. Ал эми кара дуба 3 миңден өйдө.
"Ойлонуп көрөйүн анда" деп чыккыча шаштым. Бир күндө биздейдин канчасы алданат болду экен? Айрымдары көзү ачык эле эмес, жеңенин да ролун аткарып жиберет экен. Ачык эле “сен ал жигит менен төшөккө чейин барсаң, ысытма жакшы таасир берет” дегенге чейин барды. Тобо деп жакаңды аргасыз кармайсың.

“ЭКИ ТАЛ ЧАЧ, БИР ПАЧКА ЧАЙ АЛЫП КЕЛ”
Эки аялдын айтканын угуп болуп, эми эркеги не дээр экен деп эркек көзү ачык издеп жөнөдүк.
– Жайдын этегинде бир жакка чыгат экен­сиң, чет өлкөгө жол ачылып жатат. Каа­ласаң кетип кал­саң деле болот, мүм­күнчүлүгүң бар экен.
– Тилек жөнүндө айтсаңыз (кесиптешимдин сүрөтүн көрсөтүп)...
– Бала сенин артыңан жакшы эле чуркаптыр, бирок ортодон бирөөлөр бузуп коюптур. Ал кыз менен өзүнүн эле досу тааныштырыптыр. Бирок сен буга унчукпа, өзүңдү токтоо карма. Эгер ал сага телефон чалып же кат жазса, жооп берип кой. Ал сага көз каранды болушу зарыл.
– Андан кийин эмне кылышым керек?
– Мага эки тал чачын, бир пачка чай, аялдын атырын алып кел. Сен аны өзүңө байлоо үчүн урушпайсың, анын оюн сурайсың, бирок өзүң сырдуу бол. Ал маселени Тилек өзү чечиши керек.
– Мага болгон ою кандай экен?
– Тилек сага үйлөнөм деп жүргөн, бирок ортоңорду бирөө бузуп жатат. Сен мага 2-3 жолу келишиң керек, ар бири 500 сомдон болот. Силердин никеңер жок экен, мен кирише албайм, эгер күнөөнүн баарын моюнуңа алсаң, мен жасай берем. Менин айтарым, кара дуба кылганда эркек кийин оорулуу болуп калат, кырк жаштан кийин окуткан аялдын да чачы түшүп баштайт. Эркеги психикалык жактан жабыркап калат же склеродермия деген ооруга чалдыгып, денеси катып, териси кургай баштайт. Бул ооруну бир да дарыгер аныктай албай калат. Окуткан аял да, эркеги да кырк жаштан кийин өлүп калышы толук ыктымал. Кыскасы, өзүң чеч.

КАРА ДУБА ИСЛАМ ДИНИНДЕ
Жигитали Исмаилов, Кыргызстан Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери:
– Мажбурлап сүйдүрүү болбойт, ысытмага кайрылган күнү да ал сүйүү көпкө узабайт. Көзү ачыктарга кайрылуу бул – ширк. Көзү ачыкка барып, ар кандай ысытма жасоо – ыймандан ажыроого тете. Бул – чоң күнөө. Төлгөчү жин-шайтандар менен иштейт. Демек, бул жакшылыкка алып келбейт.
– 200-300 сомго жолун ачып, сүйбөгөндү сүйдүрүп жаткан көзү ачык, төлгөчүлөргө кандай карайсыз?
– Бирөөнүн 20-50 сомуна жолун ачып, турмушун оңдоп же сүйбөгөндү сүйдүргөндөй алар ким? Шариятта никеси жок эркекти өзүнө каратууга тыюу салынган. Ысытма кылып, башын айландырып алгандар бар. Ал эркек ошол аялдын гана сөзүн сүйлөп, анын каалоосу менен жашап калат. Көп учурда ата-энесин, үй-бүлөсүн кечип кеткендер да жок эмес.
– Дубаны кантип кайтаруу керек?
– Аялдар келип “үйдө ынтымак жок, күйөөмө бирөө ысытма жасатып алыптыр, кетип калып жатат” деп кайрылышат. Анан молдолор экөөнө дем салып кайтарат.
– Дуба кылдырып жаткан адамдын күнөөсү көбүрөөкпү же дубалап жаткандыкы чоңбу?
– Эки адамдын тең күнөөсү чоң. Дубалатып жаткан айым ал адамдын тагдыры менен ойносо, дубалап жаткан бакшы ортомчу болууда.

Мына сага тамаша. Ушунчалык адамга зыян алып келерин билип туруп, дуба окуй бергендерге баракелде. Бирок көзү ачыктардын бири кара дубанын кесепетин ачык айтып койгонуна ыраазы болдук. Ушул макаладан кийин мындай жолго барам дегендер туура жыйынтык чыгарат деп ишенгибиз келет...

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Сүф, сүф, сүйдүрүп берем, баасына жараша...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(37)
SUPER.KG видео
10.03.2012. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларга ишенбегилечи!!!Аллах жалгыз,эч бир зат тен келбейт.Кантип адамдарды алдайт десен бети жоктор??Эмне кылышты билбей ушул жол м.н акча табышат да.Аркы дуйнодо не болоор экенсинер?Андан коро артка кайтып тообо кылгыла.
SUPER.KG видео
10.03.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым бир жакшына айал,ушунчалык калп айтып койдуго.ушинтип адамдардын бактын байлап олтурат екенда ой тобо кылдым мин мертте .ушулга окшогон айалдардан кудай озу сактасын.
SUPER.KG видео
10.03.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аферист-шарлатандарга барган-адамдардын оздору куноолуу-акчаларын бекер берип коюп ооздорун ачып жургон, Алладан сурасанар берет, ал аферистер акчанарга жыргап жашап-машина кийим сатып алып журо берет )))))
SUPER.KG видео
10.03.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анекдот : Согуш мезгили, Сталинге адъютанты(жардамчысы) келип: жолдош Сталин аты белгилуу көзү ачык, экстрасенс келди согуштун журушу туралуу алдын ала окуяларды айтып бергени келиптир десе Сталин атып салгыла деп тетири бурулуп кетет.
Ойлонуп турган Сталин эгер экстрасенс өз өлүмүн билгенде бул жака бут басмак эмес, кайдагы согушту айтсын деген экен.
SUPER.KG видео
11.03.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам айласы жок калганда ушундай коз ачыктарга бара баштайбыз.Алар психолог болуп бутушкон да адамды карап туруп божомолдоп айта башташат.Анана эле туура чыгып калат.Айии билет экен деген боюнча 2-жолу да келебиз.Эгер жакпай калса дагы башкасына барабыз.Анан эле иштеп тапкан акчабызды берип баштайбыз.Мындай кылыш керек тигиндей кылыш керек дегенде.Кээде адам кызыкчылык учун мен жонундо эмне айта алат экен деп барабыз.Адамдар негизи эле кызык жандарбыз.
SUPER.KG видео
11.03.2012. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде бироонун анча-мынча болсо да уяты бар экен.Ошол кичине суйунту.
SUPER.KG видео
11.03.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамдар жин шайтандар мн иштешет деген соз эле жетиштуу! Аллахка гана ишенгиле!!! Достор досторунарга айткыла!
SUPER.KG видео
11.03.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кантип болсун достор калп буга ишениш кыйын достор
SUPER.KG видео
12.03.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аферист кудай кечирбейт буларды каратып туруп калп айтып атат
SUPER.KG видео
12.03.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер корпогула! билесинерби мусулмандарга дуба отпойт!
SUPER.KG видео
12.03.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozu achik adamdarga iwenbew kerek, jalgiz gana Allahtan suranuu kerek
12.03.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktasyn, Men Kudaidan bawkaga iwenbeim.
12.03.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым!!!кудай озу кечирсин!
12.03.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo Kudai, jakwynakai bolup ak jooluk salynyp alyp anan urushup atkan sozdorun kara. adal emgek menen akcha tabysh kerek!!!
12.03.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul en 4on kynoo, myndailardan kudai ozy saktasyn.
12.03.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astagfirallo ewe i4inde Allah Mohammad dep ilinip tyrat, anan adamdardy aldawat kantip ia rabbi kaisy kyno baratabyz
SUPER.KG видео
13.03.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаа дегиле,мундай адамдарга такыр ишенбегиле туугандар.Булар Аллаага шек келтирген адамдар болот.Аллаа жалгыз ушуну унутпагыла достор!
SUPER.KG видео
13.03.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандан коркпогон адамдар экен го булар- ушунча да калпычы болушабы- тапкан акчалары деле буйрубаса керек....Баргандар да ото чон куноого батышат. Аллахка ишениш керек- кочодо отурган адамга эмес... мындай жол м-н суйдуруп алган- бактысыз адам...
13.03.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bulardin baari sharlatandar.Urmattuu jurnalistter araketinizder jakshi,birok Osh bazardin tegereginde ele juro berbey bulardan kiyiniraak kozu achiktardi dele bir ushunday siaktuu singa alip,reportaj jasasanar bolmok.Bulardi el dele bilse kerek...
SUPER.KG видео
14.03.2012. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч ишенбейм
14.03.2012. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур.
17.03.2012. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул козу ачыктардын катарын толуктаган томондогу козу ачыктарды да коруп койгула,

http://www.super.kg/article/?article=13813ушундан кийин бакшыга ишенгендер Аллахка ган ишенип калышаар,ай рыкча Сарыгулов эми отдыхай болду го....
17.03.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы материал!
Окуп билсин эл.
23.03.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da dojelis ludi tak smeshno
SUPER.KG видео
25.03.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан неге онукпойт деп ар кимибиз бушайманбыз!? Эгер тарыхка кылчайсак, ар дайым АЛЛА деген эл оскон...Арабызда мындай пенделер журсо бизге кайдан ыйман, пейил, ырыскы орносун.... Соз онолсо Иншаллах иш онолот. Тообо келтиргиле. Баарыбыздын куноолорубузду кечирген болсун..
SUPER.KG видео
02.04.2012. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo Alaxim men azir elderge emes uwul apalarga,ejelerge boorum ooruit...tigi duinodo emne bolushaaryn oiloshso uwundai kilmak emestir...Alahim men senden suranam uwul apalarga ejelerge kaidan jaidan sebep kilip shaitan jolunan aiyr...
16.04.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн чон куноо бул ШИРК! Эй мусулман бир туугандарым тообо кылгыла!
SUPER.KG видео
14.11.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматту супер инфо!! сураныч могул эркек кишинин адресин берип коюнуздарчы
SUPER.KG видео
14.11.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пффффф не дешет(((((((((((((
03.11.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эн чон куноо.женил жол менен деп ойлошот да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: