«ЖЫЛАН ТОЙЛОРДО ДА КЫЗМАТ КЫЛАТ»

№493 13-апрель- 19-апрель, 2012-ж.


Жыланды көргөндө ичиркенип кетет эмеспизби. Ошол сүрдүү жандыкты үйүнө баккан адамдар да бар. Акыркы он жылдан бери жылан багып келе жаткан Марат мырза тууралуу угуп, үйүнө бардык. Анда жыландар тууралуу...

– Марат мырза, сүрдүү, сырдуу жаныбарды кантип асырап калгансыз?
-Өзүм Ысык-Көлдөн болом, бала кезимден эле көл жээгинен жылан менен сүрөткө түшкүсү келген туристтерди байкачу элем. Кийин жыландарга болгон кызыгуум күч ала баштады. 20 жашымда биринчи жыланыма жеттим. Аны Алматыдан 1500 долларга сатып келгем. Билбейм эмнеге, мен жыландарга жакынмын. Өзгөчө сүйүү десем да болот. Биринчи жыланымдын аты Клеопатра эле, питон-альбинос породасында болчу. 7 жыл багып, үй-бүлөбүздүн мүчөсү болуп калган. Узуну 3,5 метрге, салмагы 15 килограммга жеткен. Кийин ал суукка урунуп ооруп калып, бир айдай кыйналды. Болгон укол, дарыларды бердик, тилекке каршы, өмүрүн сактай алган жокпуз.

– Питон-альбиностор биздин климатты жакшы эле кабыл алышабы?
-Негизи, алар 40-45 жылга чейин жашашат, бул жыландар уулуу эмес. Бирок биздин климатта бир аз кыйналгандыктан, Кыргызстанда 30 жылга чейин эле өмүр сүрүшөт.

– Учурда канча жыланыңыз бар? Башка жандыктарды да багасызбы?
-Азыр колумда бир тууган эки питон-альбинос жыландарым бар, аттары – Маша, Даша. Аларды акыркы 3 жылдан бери багам. Ошондой эле жаңы жылдын алдында Гера аттуу кайманды Орусиядан сатып келдик. Азырынча болгону ушул.

– Үй-бүлө мүчөлөрү коркушпайбы?
-Жаңы үйлөнгөндө келинчегим аябай коркуп, жанына жакындачу эмес. Азыр эки күндө бир жолудан баарыбыз чогуу ваннага жуунтабыз.Кичинекей уулум да жылан менен ойногонду жакшы көрөт.

– Булар кандай шартта кармалышат, эмне менен тамактанышат?
-Үйдө кармаган соң, албетте, эң биринчи үйдөгүлөрдүн коопсуздугун ойлойбуз. Үйгө атайын жабык террариумдарды орнотконбуз. Анын ичинде абанын температурасы 18 градустан кем эмес жана нымдуулугуна да көңүл бурабыз.
Тамактанганы тууралуу айтсам, жыландарымды коёндун эти менен багам. Бир айда 3 тирүү коён жеп, аны бир ай сиңирет. Тамак жеген учурда алардын салмагы да, бою да өсө түшөт. Жылан 9 айга чейин ачка жүрө алат. Геранын азыгы – уйдун эти. Ал бир жумада 2 килограмм эт жейт.

– Кантсе да жапайы жырткыч эмеспи, сиздерден башка адамга кол салбайбы?
-Жыландар тубаса азиз болушат, ошондуктан буларда сезүү органы күчтүү. Жытты, жылуулукту, адамдын өзүнө болгон оюн билип коюшат. Эгер арак ичип же көп атыр себинип алган адам жанына келсе, сөзсүз реакция кылат, соймолоп, активдүү боло баштайт. Үйдөн мени жытымдан тааныйт, мен алганда тынч жата берет. Ал эми чоочун адам алса, тынчы кетип соймолоп, адамды коркутат, бирок чакпайт. Ал эми Гераны сыртка чыгарганда коопсуздугубуз үчүн оозун скотч менен ороп коёбуз.

– Жыландарыңызды көбөйтүү максатыңыз барбы?
-Албетте, бар. Бирок менин жыландарым азырынча кичинекей, дагы 2-3 жылдан кийин даяр болот. Питон-альбиностордун кошулуу маалы декабрга туш келет, апрель айларында 45тей жумуртка басат. Анан август айларында алар жарылып чыгышат. Буюрса, ал күнгө да жетебиз деп турам. Менин кыялым – келечекте калаабызга кичинекей экзотикалык жаныбарлардын зоопаркын ачуу.

– Сиз буларга ушундай камкордук менен мамиле кылат экенсиз, алар сизге кандай кызмат кылышат?
-Жылан менен бийлегендер бар эмеспи. Аларга алып барабыз, тойлордо кызмат кылат. Сейил бактарга алып чыгабыз, андан деле бир аз тыйын түшөт. Эми бул кичинекей бизнес.

Марат мырзанын апасы Шарипа эже да сөзгө кошула кетти.
-Жылан деген жылан да, баары бир коркунучтуу сүрү бар эмеспи. Башында каршы болгом, үй ичинде кантип багабыз деп жүрөгүм түшчү. Уулумдун жыландарды аябай жакшы көргөндүгүнөн көз жумууга туура келди. Кийинчерээк өзүм да аларды жакшы көрө баштадым. Биринчи жыланыбыз бизге балабыздай эле болуп калган. Ал өлүп калганда уулум кадимкидей ыйлаган. “Жыландын майы көп дартка дары дейт, союп алалы” десем такыр болбой, ак чүпүрөккө ороп көмгөн эле. Бир жолу Мараттын дос баласы үйгө келип конуп калды. Кечинде террариумдун жанына төшөк салып коюптурбуз. Эртең менен “түнү менен ордуман кыймылдай албай, кара тер басып жаттым” деп күлдүргөн.

 

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Жылан тойлордо да кызмат кылат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(36)
16.04.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп атып муздак тер басып кетти
16.04.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тущундо корсон - кенч,онундо корсон - жанч.
17.04.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ барибир апасно
17.04.2012. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dari berip. ukol saiyp. degi ukmuw eken ,
17.04.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы жаккан жок
17.04.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын сени.
SUPER.KG видео
18.04.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
:-О жылаанды мен аябай жаман кором корком кичинекей бала катип корпой кармап жатат
18.04.2012. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу экен мага жакты
18.04.2012. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoopark achkan tilegi jakshy eken.
SUPER.KG видео
18.04.2012. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koendu jegeni korkunuchtuu korunot eken..
SUPER.KG видео
18.04.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун экен жылан менен чоогу жашаган )
18.04.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy eken
18.04.2012. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маладец
18.04.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун,жаратылыш менен таттуу мамиледе бололу,Марат байкеге ийгилик, мындан ары да оркундото берсин.
18.04.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарибир жыланда баланызды этят кылыныз жаш бала эч нерсени тушунбойт
SUPER.KG видео
19.04.2012. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан соонунго бирок чонойюп кол салбаса еле
SUPER.KG видео
19.04.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечара крокодилине да шарт тузуп берип койсо болмок
19.04.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марат сиздин зоопарк ачсам деген тилегиниз жакшы, ишинизге ийгилик каалайм. Бирок уулунуз кичинекей экен, балалык кылып жинине тийип албасын, кантсе да жаныбар эмеспи, сак болунуз.
20.04.2012. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
" Balam jakshi korot "dep koiot kichinekei bala tushunboita jilan ekenin oyunchuktai korunup jatat da sak bolush kerek baari bir
20.04.2012. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tilegine jet,abdan jakshi plandarin bar eken,anan jok degende zoopark achip kalsan anin atini kirgizcha koychu degi...tushunboym nege ele bashka attardi koygondu soonurkaybiz,M:egizderge Zuura,Nuura koyson mina jakshinakay attar
20.04.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, жакшы тилек - жарым ырыс дейт. Максаттарына жетип, бизге музей тартууласан кандай сонун болор эле. Ийлик, жаныбарларына ден соолук!
20.04.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылан отто акуулду, бирок сурдуу.
Эгерде очошуп калса очун алат.
Тийишпей койсон оз жолу менен ган жашоосун улантат.
БИРЛЛАНТ ЖЫЛАН СЕНДЕ ЭМЕСПИ агатай.
20.04.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Argymak, :))) +100
20.04.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылаанда чакпайт деп итти каппайт деп болбойт жаш балага анчалык жакын кармабагыла биритке сактык жакшы чон бактысыздыкттан дейт го.Баари бир макулук да
20.04.2012. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вау... уйдо жылан баккан кандай коркунучтуу...мен азыр окуп жатып как будто бутумдун жанында жылан тургандай сезилип кетти... А вы молодец!!! коркпостон аны багып карап келе жатканызга... Кыялданган оюнуз ылайым ишке ашсын и Кыргызстанга жакшы ЗООПАРК ачыныз аке=)
21.04.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
брррр...койнума кирип алгандай болду го! "Анаконда" деген киного окшоп калбаш керек да кийин аттин кылып....
SUPER.KG видео
06.05.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
крокодилди байкуш эмне кылат. Бирок азамат кызыктуу экен.
SUPER.KG видео
17.05.2012. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу жаландан коро байкуш коендорду бакса болмок
30.05.2012. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылым жылан болсо да аябай корком...
29.07.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп буткончо кускум келип туалеткеда баргым келип кети.Тобо мынчалык туру суук болбосочу.Зоопаркынызды батырак ачып ошол жерде карманыз.жаш баланыз бар экен коркунучтуу.
19.08.2012. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын жыланды ойлосом тун ичинде уйкумдан ойгоном
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: