“Үч уулдуу болдук!” деп телефондон кабарлаган ата-эненин толкуп-ташып турган кубанычын тең бөлүшкүбүз келди. “Кыргыз калкы үч азаматтуу болду” дедим мен да сүйүнүп. Үч эм Бишкек шаарынын №2-төрөтканасында төрөлдү. Барып, бактылуу ата-эне менен баарлаштык.
Үч эмдин атасы Ырысбек Соодалиев:
– Келинчегим УЗИге түшкөндө эле үч эм экенин айтышкан. 12-апрелде келинчегим мага үч уул белек кылды. Уулдарым келечекте кыргыз элине кызмат кылсын деген ниетте улуусуна Алмазбек деп азыркы президентибиздин, экинчисине Өмүрбек деп өкмөт башчынын, ал эми кичүүсүнө Бишкек шаардык №2-төрөт үйүнүн башкы врачы Азамат агабыздын атын ыйгардым.
Көргөндөр уулдарымды мага окшоштуруп жатышат. Өзүм да, келинчегим да эч жерде иштебейбиз. 5 жылдан бери шаарда батирде турабыз. 3 жаштагы кызыбыз бар. Шарты жок батирде балдарды кантип багабыз деп ойлоп жатам. Сууну алыстан ташып келебиз, бөлмөнүн ичи нымдуу. Ошол себептен жардам сурайт элек, тиешелүү адамдардан.
Наристелер операция жолу менен жарыкка келишкен экен. Бирок азыр балдардын да, эненин да абалдары жакшы. Алардын апасы Бүбүкалича буларды маалымдады:
– Үч уулума алмак-салмак мээрим төгүп, энелик бакытка балкып турам. Негизи, өзүм жактан да, жолдошум жактан да эгиздер бар. Жараткан берип койсо, келечекте үч эм кыздуу болгум келет. Азыр уулдарымдын да, өзүмдүн да ден соолугум жакшы. Бири 2 килограмм 700 грамм, экинчиси 2 килограмм 600 грамм, үчүнчүсү 2 килограмм 100 грамм салмакта төрөлүштү.
Үч баланы эмес, бир баланы багуу оңой-олтоң иш эмес. “Ар бир наристе өзүнүн ырыскысы менен келет” деп коюшат эмеспи. Алмазбек, Өмүрбек, Азамат өмүрлүү болушсун!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg
мындай бакытты аябасын.мен да эгиз балалуу болсом деп ниет кылам.