САК БОЛУҢУЗ, ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫШ ҮЧҮН БАЛДАРДЫ УУРДАП ЖАТЫШАТ!

№498 18-май-24-май, 2012-ж.


Бала – бизде бар нерселердин эң кымбаты. Үй-бүлөдө наристе жарык дүйнөгө келгенден баштап эле ата-эне баласына күн-түн дебей кам көрүп, бардык коркунучтардан коргоп келет. Андыктан акыркы убактарда жаш балдардын көп жоголуп жатканы коомчулукту кабатыр кылууда. Жакында эле Бишкек шаарындагы Төмөнкү Чүй каналынан колу-буту байланып, оозу скотч менен чапталган баланын сөөгү табылган.

“АРТЫМДА ИЗ КАЛСЫН ДЕП АТЫН ИЗБЕК КОЙГОН ЭЛЕМ”
12-апрелде беш жарым жаштагы Избек Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнүн короосунда ойноп жүргөн. Андан кийин эле аны эч ким көргөн эмес, Избек дайынсыз жоголуп кеткен. 15 күндөн кийин гана Избектин денеси колу-буту байланган абалда суудан табылып отурат.
Каза болгон баланын атасы Исманалы Касымалиев “жалгыз уулум эле, артымда из калсын, жаны бек болсун деп атын Избек койгон элем” дейт:
– Кудайдан сурап жүрүп 56 жашымда көргөн балам эле, айрылып калдым. Ошол күнү балам ойноп жүргөн. Саат он экилерде аялым таппай калыптыр. Келип калар деп бир-эки саат күтөт, келбегенден кийин издеп баштаган экен. Мен кечки алтыларда келдим, анан айлана-тегеректин баарын карап, кайрадан издөөгө кириштик. Караңгы кирип кеткенде милицияга кайрылдык. Алар келип сурамжылоо жүргүзүшүп, түнкү экилерге чейин эч натыйжа чыкпады. Алгач Ленин РИИБинин кызматкерлери издөөгө алышкан, алар кичине шалаакылык кылып коюшту. Ошондо эле жакшылап издеп, шаардын башка райондоруна кабар беришсе, тирүү табылып калмак беле дейм. 27-апрелде гана каналдан өлүгү табылып отурат.
Өлүкканадан ичин ачканда, тамак ичпесе керек, ичинде эч нерсе жок экен. Бишкек ШИИБинин кызматкерлери баламды өлтүргөн аялды кармашыптыр, азыр иликтеп жатышат. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Избек курсагы ачып ыйлаган экен, ал аял үнү чыкпасын деп оозун колу менен жаап, муунтуп салыптыр. Уктап калды деп ойлогонбу, баланы ошол күнү кечке көтөрүп жүрүп тилемчилик кылыптыр. Кийин гана өлтүрүп алганын түшүнүп, колу-бутун скотч менен таңып, сууга ыргытып салган экен. Кармалган аял “мен өлтүргөнмүн” деп көрсөтмө бериптир. Эми болсо укук коргоочу уюмдар “милиция кызматкерлери күчтөп моюнуна алдырып коюшкан” деп ызылдашып, үч-төрт жактоочуну алып келип, шектелген аялды чыгарганга аракет кылып жатышат. Ал укук коргоочу “Ош окуясында милиция башчысынын башын алып салган” деп кармалган адамды да чыгарганга аракет кылып жүргөн.

“УШУЛ АЯЛ МЕНИ УУРДАГАН”
Ал эми бала өлтүргөнгө шектелип кармалган аял Избекти уурдагандан беш күн мурун да төрт жарым жаштагы Адинай аттуу кызды уурдап кеткен деп шектелүүдө. Адинайдын бактысы бар экен, үч күндөн кийин аман-эсен табылган. Кармалган аял Адинайды жетелеп алып кайырчылык кылып акча таап жүргөн. Адинай курсагы ачып ыйлай бергенде эптеп кутулайын десе керек, таштап салып кетип калган. Кийин аны кармап келип Адинайга көрсөтүшкөндө ал үч аялдын ичинен өзүн уурдаган аялды ошол замат эле тааныган.
Маалыматтарга караганда, “балдарды уурдаган” деп шектелип кармалган аял мурун да бирөөнүн баласын уурдап, кайырчылык кылган. Бирок баланын ата-энеси наристеси табылганына ыраазы болгонбу, айтор, милицияга арыз жазган эмес. Ошондуктан ал аял мурункусунда камалган эмес экен.

Адинайдын атасы Алмаз Казыбаев:
– 7-апрелде күндүзгү саат эки жарымдарда кызым Адинай короодогу селкинчекте ойноп жаткан жеринен жоголуп кетти. Тегерек-четтин баарын кыдырып, таппай койдук. Кечки саат тогуздарда 102 телефону аркылуу милицияга билдирдим. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келгенден кийин биз да аларга кошулуп эки сутка бою күнү-түнү издедик. Үчүнчү күн дегенде кечки саат алтыларда милиция кызматкерлери кызымды таап беришти. Көрсө, шаардын айнек заводу жакта жашаган бир аял үйүнөн чыкса, менин кызым көчөдө ыйлап жүргөн экен. Кызым ага жоголуп кеткенин айтып түшүндүрүп, ал аял милицияга билдириптир.
Азыр кызымды уурдаган деп шектелип бир аял кармалган. Ал кызымды “балмуздак алып берем” деп кайыр суратыш үчүн уурдап кеткенин айтып, ушул жерге келип, кайсы жерден, кантип уурдаганы тууралуу көрсөтмө берип кетти. Анын аты-жөнүн азырынча мага айтыша элек. Угушума караганда, күйөөсү менен ажырашып, ичип кетиптир. Ал Адинайды үч күн бою ар кайсы жерде ээрчитип жүрүп кайыр сураптыр. Ошол убакыт ичинде алар люктарда, көчөдө жашап, коробкалардын үстүнө жатып жүрүшүптүр. Кызыма үч күн бою тамак да бербептир, үйгө келгенде “курсагым ачты” деп ыйлады. Тамак берсем ошол замат эле кусуп салды, ашказаны көтөрө албай койду окшойт. Анан көкүрөгүнө суук тийип калыптыр, жөтөлүп жүрөт.
Ал эми Адинай менен сүйлөшсөк, коробкада жатканын, кайыр сураганын кайра-кайра кайталап айтып жатты.

“2011-ЖЫЛЫ 822 БАЛА ЖОГОЛГОН”
ИИМдин маалымат кызматынын ага инспектору Эрнис Осмонбаев тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча толук маалымат бере албастыгын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:
– Исманалы уулу Избектин жоголгону боюнча 16-апрелде Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Анын эмне үчүн бул кылмышка барганынын себеби аныкталууда.
2011-жылы 18 жашка чейинки 822 өспүрүм издөөгө алынып, анын 814ү табылган. Ал эми 2012-жылдын биринчи кварталында 225 бала жоголуп, алардын 186сынын кайда экендиги аныкталган. 1997-жылдан бери издөөдө жүргөн 39 бала, анын ичинде 2012-жылдын биринчи кварталында издөөгө алынган 2 баланы издөө иш-чаралары уланууда.

Баланы татыктуу тарбиялоодон сырткары ата-энелерде алардын коопсуздугун камсыз кылуу, жоголуп кетүүдөн сактоо милдети турат. Ошондуктан ар бир бала, анын ичинде сиздин балаңыз да уурдалып кетпейт деген кепилдик жок экендигин унутпашыңыз керек. Ошондуктан, бала ээрчиткен шектүү адамдарга кош көңүл карабасак.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Сак болуңуз, балдарды уурдап жатышат!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(39)
21.05.2012. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакалга аябай жаман болуптур. Ушундайлардын укугун коргогон укук коргоочу да укук коргоочубу. Деги эле адамдар мыкаачы болуп баратабыз го,
21.05.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын убалы уктатпасын айбандарды.....
21.05.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайыр сурап отурган аялдардын баарын текшерип сураштыруу керек улутуна карабай.буга окшкогондор коп болсо керек дагы.жанагы укуук коргоочу уюмдарды таптакыр жоюп салыш керек го
21.05.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдук ко?Байкуш каарыганда коргон баласына аябай боорум ооруду.Ошондой ууру адамдарга каттуу чара коруш керек тезинен
21.05.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул укук коргоочулар НПОдон Батыштын акчасын жеп бутпой койушту го!?
21.05.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul baldardy uurdap olturup, anan baldardy zorduktagan ajbandarga olum jazasyn berish kerek, bolboso bizde e4 kim korkpojt azyr sujloshup taanyshy menen 4ygyp ketishet turmodon dagy,akmaktarga bashka jazalar azdyk kilat kijnap olturush kerek, oshondon kijin anan myndaj kilmyshtar toktojt
21.05.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
милициялар деле жанагындай кайыр сураган аялдарды сурап турса жакшы болмок .аксакалга куч берсин кудайым
21.05.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул проблема аябай бышып жетилди.Балдарды кайырчылыкта курал катары пайдалангандарды жоопко тартуу мүмкүн эмес.ОПСДлардын алы жетпейт.Подземкадагы балдарга транквилизатор,наркотик сайышаарын баары билишет Байкасанар,ал балдар кечке эле уктап отурушат.Бала деген бир ордунда турбаган жан да.Өлүк балдарды пайдаланышат деген да маалымат бар.Коомчулук бул проблеманы катуу талкууга алынганда гана туура чечим кабыл алса болот.НПОго бекер эле сөз тийгизип жатасынар,ошолор
21.05.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүп,балдарын тилемчиликте пайдалангандарды катуу жоопко тартуу керек.Антпесе милиция аларга чара көрө албайт,мыйзам жол бербейт.Андай Баланын кандай шартта өсүп жатканы эч кимди кызыктырбайт ЦУМдун подземкасындагы кайырчы кыргыз аялдын балдарынын баары ошол жерде чоңоюшту.Мектепте окушпайт,жан дүйнөлөрү,дүйнө таанымы талкаланган ал балдардын."Кыргыз лөлүлөрү"
21.05.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaiyrchy katyndardyby, keziktireinchii, aiban dese........
21.05.2012. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарга кол салган жырткычтарды туздон туз олум жазасына буйруш керек.ушундай законго 100% эл макул болушат.Биздин соттор, укук коргоо органдары бизди коргой албайт анткени ушул эле адамдарды кайра койберип атышпайбы.
21.05.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай коркунучтуу
SUPER.KG видео
21.05.2012. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janagy lolu sigandar erchitip ketishet kobuncho, menin taanishtarimdin kizin dagyaz jerden eerchitip kete jazdagan, Kudai saktasin!!!
22.05.2012. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарга кол салган айбандарды сот деп отурбай эле элдер чогулуп илгеркидей таш баранга алыш керек.себеби сот эртен эле чыгарып ийет
22.05.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын оо кудай. Эне деген кандай сонун ыйык зат. Энелик мээрими жок шумдук го булар. Эне деген ысым жарашпайт аларга , андай айбандарды сотко эмес эл-журтка соттотуш керек. Кандай жазаланышын эл чечет.
22.05.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
U6undai mykaa4ylardy kantip jer kotorut jurot. 4yndygynda sottoboi ele, orttosh kerek. Turmodon dele korkpoit bular.
22.05.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол аялдын колу-бутун кесип салыш керек.Тилемчилик кылганына жакшы болот.
22.05.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyrgal_msk, туптуура айтасын вообще укук коргоочуларды жок кылыш керек,акыркы 10 жылды эле алалы кайсы укук коргоочу кимдин укугун коргоп жыргатты эч ким айта айта албайт оздору да айтып бере албайт, алардын жургон жери чуу батыштын акчасы менен укук коргобой эле кордогондор баарысы
22.05.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushul kaiyr suragan kalkty kyrgyzstandan tazalap kuup chigarysh kerek.
22.05.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озун сакта жаман жакшына бала экен эле таланттуу .кудайым ошол аялдын жазасын берсе экен.
22.05.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбойм не учун укук коргоочулар ал аялды коргоп жатышат. Ата-эне баласынан айрылып жатса, тиги аял озу мойнуна алып жатса. Укук коргоочулар акыркы учурда мыйзам бузгандарды деле коргоп калышты. Кереги жок жерден коргогуч болуп кетебиз да,кийинки учурда таза эле укук бузгандарды эле коргоп калдынар да,не болду кимди коргош керек экендигин унутуп койдунарбы,же программанар озгордубу?
22.05.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай аракеч бала уурдагандардын барынан жогу жакшы.Кудай сактасын!Бирөөнүн бөпөлөп чоңойткон баласын,уурдап анан өлтүрүп да салса.Өзүн да кыйнап өлтүрүш керек.
23.05.2012. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга караганда биз Москвада коркбой турганго яя кыргыздардын чыкбаган тешиги калбаптырго я кайсы кылмыш иштин бетин ачба кыргыз чыгатта эмнелер эле болуп жатат. Озуууу!!
23.05.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомубузда болуп жаткан кайдигерликти жойбосок, мындай жүрөк ооруткан көйгөйлөр токтобойт. Ошол уурдалган балдардын ордунда биздин да бала болуп калышы мүмкүн.
23.05.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдарды мыкаачылык менен олтуруш керек.Ошондо гана кылмыш азаят!
23.05.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атып салыш керек андай аялды эмнеге карап отурушат.айылда деле сак болуш керек баланы карабаса болбойт жалгыз калтырбаш керек .16 жаштагы баланы бироонун уйун корсотуп койчу деп алдап машинеге салып кетип туп районунун четиндеги сарайга камап баланы бирооно сатмак болуп суйлошконун угуп байкуш багы бар экен танкы 4тордо кичинекей шоола тушкон жыртыктан чыгып караколго жоо келип уйуно кабар бердирип больница жардам бере албай кыргызча корсотуп журушту журогу аябай тушкон экен. чоочундар айылдарда
24.05.2012. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ акча табыш кара курсагын багыш учун кандай гана жолдорго барып жатышат карысы деле жашы деле мындай мыкаачыларга олумдон башка жаза аздык кылат
25.05.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ailanaiyn kudai zaman emne bolup baratat
25.05.2012. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toobo kyldym!Bul akmak alkaw katynda sezim degen jok eken go.Tigi advokat nege jardam beret buga???????Uwunchalyk kyiyn eken gezittin uwul sanyna chykkan Islam degen balaga berbeibi deimda jardam?
28.05.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай ууру адамдарды эл алдына алып чыгып олтуруш керек, мындай уурулардан кыргыз эли кобойуп да азайып да кетпейт.1 кишинин омурун кыйсак канча бала аман калат...
24.02.2014. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай коощ карачы деген бойдон кете бериптир жаркыраган жакшынакай бала экен эле жайы жанната болсун.Мындай уурулук кылган аялды олор олгончо тамак бербей кыйнаш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: