ИНТЕЛЛИГЕНТ КАЙЫРЧЫ

№334 27-март-2-апрель, 2009-ж.


Күн сайын шаарыбыздын Совет көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен өтүп баратканда кайыр сурап турган жаш жигитти көрүп, жүрөгүм сыздай түшөт. Жигиттин тагдыры кызыктырып, жанына барып таанышып, аты Бектурсун экенин билдим. Каарманым өтө кыйналып сүйлөсө да, маектешүүдөн баш тарткан жок.

“Ата-энемди күнөөлөйм...”

– Бектурсун, бул тагдырга кантип туш болдуң же бир кокустук болду беле?
– Мен өзүм Өзгөндүн Кызыл-Дыйкан айылынан болом. 1984-жылы төрөлгөм. Үйбүлөдө 3 биртууганбыз. Артур аттуу иним жана Наргиза аттуу карындашым бар. Биртуугандарымдын ичинен мен ушинтип оорулуу болуп төрөлүп калыптырмын. Мурун “Жараткандын жазасыбы?” деп ойлочу элем. Кийин ойлосом, ата-энемдин күнөөсү экен. Атам эле ичсе бир жөн. Апам да мен боюнда экенинде аракты көп ичиптир. Апам менин оорулуу болуп төрөлгөнүмдү көрүп, чоң энеме түртө салыптыр. Байкуш чоң энем азабымды тартып, чоңойтту. Кеч да басыптырмын. Мен курдуу балдар буту-бутуна тийбей чуркап, чимирик ойноп жүрүшкөнүн көрүп жаман болчумун. Ал кезде менин мындай тагдырыма ким күнөөлүү экенин деле аңдачу эмесмин да. Ошентип, бала чактан баштап эле оор үшкүрүк менен чоңойдум. 1-класска кирип, балдар өңдүү эле окуйм го дегем. Бирок мени Жалал-Абаддагы интернатка өткөзүп салышты. 1 жыл ал жерде жашадым. Чоң энем кургурдун жүрөгү буга чыдап карап тура алган жок окшойт, мени кайра алып келип алды. Ошентип, билим алуудан да четтеп калдым. Чоң энеме колумдан келген үй оокаттарын жасап жардам берчүмүн. Майыптыктан улам бир нерсени жакшы кармай албайм. Муундарым калчылдап, колумдун эби келбейт. Муну көрүп чоң апам эч нерсе деле жасаткысы келчү эмес. Антсе да мен бекерпоздукту абдан жаман көргөндүктөн, аракет кылып, азыркыга чейин колуман келгенин жасап келем.
– Доктурлар жардам бере алышкан жокпу?
– Оорума доктурлар алсыздык кылышты. Чоң энемдин алып барбаган жери калган жок. «Мен кыйынмын» деген бакшыларга да көрсөттү. Эч кандай жылыш болгон жок. Акырында чоң энем да тагдырдын жазганына баш ийди окшойт, жөн койду. Мен да доктурларга кайрылгым келбейт. Бук болуп, башым зыңылдап ооруй баштаганда ысык көк чай ичип, өзүмдү алдайм. Буга ишенип алганмынбы, айтор, көк чай ичсем оорум басаңдап калат.

“Тырмагымды алганы үчүн акчамды уурдап...”

– Атам менен апам 1994-жылы ажырашып кетишти. Мына ошондон тарта атамдын ичкени да күчөдү. Бул жерге келип кайырчы болуу оюмда жок болчу. Бирок атамдын ичип алып эле мени сабаганы жаныма батып кетти. «Мейли, атам да» деп алгач чыдап жүрдүм. Кийин ансыз деле оорукчан жаным таякка чыдай албай калдым. Мен деле темир эмесмин да. Байкуш чоң энем чырылдап “качып кетчи, балам” деп болушат. Же мен кача алсамчы, буттарым шалактап кайда бармак элем? Ичип алса эле жинин менден чыгарчу. Атамдын ата болгонунан да кечип, “кайырчы болсом да жан багам” деген ой менен 1999-жылы март айларынын ортосунда Бишкекке качып келгем. Бул жакка келгенде жатар жерим жок эле. Алгач «Ош» базарында кечке кайыр сурап, анан түнкүсүн коробкаларды төшөнүп жатып жүрдүм. “Жазгы суук жандан өтөт” дегендей, калчылдаганыман ооруп тура албай калсам да, таң атары менен басууга аракет кылчумун. Жаан-чачын болуп калган күнү шорум шорподой эле кайначу. Астымдан өткөн суу жанымды кейитип, көзүмдүн жашы токточу эмес. Анан бир күнү Турбазага барып калдым. Ошондон баштап кичине оңоло баштадым. Күнүмдүк тапканым наныма жете баштады. Турбазадан бутума турдум десем жаңылбайм. Анан акырындап эң арзан батирге жетчүдөй акча таап калдым. Бир жолу Мунара деген айым мага боору оорудубу, «жүрү, биздикине жаша» деп калды. Аныкында жашап жүрдүм. Ага башында эле “мен бекер жашабайм, акчасын төлөйм” деп айткам. Тапканымды тамак-аштан башка эч нерсеге кетирбей, батир акчасын да топтогонго алым жетип калды. Батирден ашкан акчамды чоң энеме салып жиберейин деп чогултчумун. Муну Мунара эле билчү. Акчам 20 миңге жетип калганда таппай калдым. Менин эптеп чогулткан акчамды Мунара эле алганын билдим да, анын үйүнөн чыгып кеттим. Бирок мен ага деле таарынбайм. Балким, ал менин тырмагымды алып бергени үчүн алгандыр. Анткени мен тырмактарымды өзүм ала албайм. Бирок сураса деле бермекмин. Андан кеткенден кийин Айзада деген эженин үйүнө батирге чыктым. Эжеге абдан ыраазымын. Мен анын үйүндө батирде турсам да кийим-кечегимди жууп, тамак жасап коёт. Азыр ошол жердемин.

“Ааламда айкөл адамдар көп”

– Айына батирге канча төлөйсүң?
– 1000 сом берем.
– Мынча акчаны таппай калган күндөрүң болду беле?
– Кышында бир топ кыйналгам. Айрыкча былтыр абдан суук болду го. Суукта муундарым жакшы иштебей калат. Айла жок, өзүмдү өзүм бакпасам, анан ким карамак эле? Көпчүлүк маршрутка айдоочулар мени таанышат. Сунган колумду суутушпайт. Кээде жолубуз бир болсо, таксисттер үйгө жеткизип коюшат. Муну бир таксист көргөнбү, айтор, «сен калп эле анткорлоносуң, такси менен жүрөсүң го?» деп мени сөгүп жатпайбы. Мындайлар көп эле болот. Кээ бир кычыраган машина мингендер шылдың кылгансып, айрык акча берип кетишет. Кээ бирөө жөн кетпей сөгүп өтүшөт. Ошентсе да боорукер адамдардан куру эмеспиз. Бир жолу бирөө колума 100 доллар карматып өтүп кетти. Биринчи «тамашалап, жасалма акча берип койсо керек» деп ишенген жокмун. Кийин текшертип көрсөм, чын эле акча экен. Сүйүнгөнүмдөн өзүмө костюм сатып алдым да, калганын батирге төлөдүм. Негизи, мен спорттук кийимди жана жыртык кийим кийгенди жаман көрөм. Интеллигент адамдардай болуп жүргөндү жактырам. Маршруткага түшүп калсам, сөзсүз акчасын төлөйм. Анткени алар деле мага окшоп акча табуу максатында иштеп жатышпайбы.
– Биртуугандарың, ата-энең менен байланышып турасыңбы?
– Жыйырма төрт жылдан бери бир жолу «балам» деп койбогон апамдын мага кереги жок. «Балам» деп боор тартып койбогону аз келгенсип, биртуугандарымды да менден алыстатып, таптакыр жолоткусу келбейт. Албетте, мен биртуугандарым Артур менен Наргизаны тапкым келет. Аларды издеп телеге да кайрылгам. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Алар азыр Орусияда иштеп жүрүшкөн имиш.
– Бишкекке келгени айылга бара элексиңби?
– 2007-жылы атам кайтыш болуп кеткенде бардым. Таң кала турган нерсе, биртуугандарым келген жок. Ошондо мен апамдын таптакыр эле Артур менен Наргизаны туугандар менен катыштыргысы келбегенин сездим. Жакында айылга чоң энеме барып келейин деп жатам, абдан сагындым.
– Чоң атаң тууралуу таптакыр кеп кылган жоксуң...
– Чоң атам эрте эле кайтыш болуп кетиптир. Мен жакшы билбей калдым.
– Бул жашоодо ар бир адамдын өкүнбөгөн нерсеси болбойт эмеспи...
– Билим ала албай калганыма абдан өкүнөм. Менин бир нерсени бат үйрөнүп кетүүгө шыгым бар. Мисалы, компьютерди жакшы көрөм. Жакында интернетти колдонгонду үйрөнүп алдым. Уюлдук телефонду колдонгонду да жакшы билем. Бир жолу англис тилин үйрөнөйүн деп курска жазылганы барсам, албай коюшту. Анткени ал жерде жазыш керек экен. Мен жаза албайм да, колдорум эпке келбейт. Ошентсе да сүйлөгөндү үйрөнгөнгө аракет кылып жатам. Кээ бир сөздөрдү билип алдым. Бала чагымдан бери эле юрист болууну самачумун. Буга жете албасыма кээде көзүм жетсе да, кыялымда максат коё берем. Башында айтып кетпедимби, интеллигент болгонду жактырам деп. Ошол себептен ар дайым өзүмдү таза алып жүргөнгө аракеттенем. Менин «Бета Гурметте» досторум көп. Барып өз көзүң менен көрүп кел(маектешимдин каалоосу боюнча “Бета Гурметке” барып, ал жерден Назира аттуу кыз менен маектешип калдык).
– Назира, Бектурсунду көптөн бери билесиңби?
– 5 жыл болуп калды. Жакшы доспуз. Колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Жакшылыгыңды унутпайт. Бир жолу майрамда гүлүн көтөрүп келиптир. Баарыбыз ушунчалык ыраазы болдук. Учурда Бектурсунга биртуугандай мамиле жасайм. Мен эле эмес, бул жерде иштегендердин баары эле ушундай мамиле кылышат.
Ушуларды сүйлөшүп тепкич менен ылдый түшүп баратсак, Бектурсун: “Мен бул жерде иштеген бир кызды жактырам, бирок сезимимди билдиргенден тартынам”, - деп кошумчалай кетти.
Кайгыга кайрымдуулук күч берип, тагдырдын татаал жолунда жашап келе жаткан бул жигитке Кудайым күч-кубат берип, биртуугандары менен табышып, мындан ары бактылуу өмүр сүрүшүн каалап кетмекчибиз.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg



Интеллигент кайырчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(58)
SUPER.KG видео
20.03.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым эки дуйнодо жакшылыгын аябасын... Ыйлайм азыр, менин деним соо болуп туруп Бексултандыкындай амбициям жок, блин. Аллахка мин мертебе ыраазымын Бексултандай пендени Жараткан учун. Оо, Аллах ден-соолук бере кор, ырыскынды аяй корбо, Бейиштин торун насип кыл Бексултанга... Аминь!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin oium4a siler tuura kyldynar ushundai reportajchygaryp!bashka tushunbogon elder da korsun bul bala jyrgap jurgon emesin!anan da chyn ele bashka biroonun akchasyn,emne kylyp jurgonuno syntakpai,ozunun jashoosun ondop alyshsyn!Kudai koldosun!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozumon jash tegerenip ketti brat erkek bolsomda!!!! kolu butu soo adamda myndai darajaga jetishi kyiyn!!! kudaiym koldosun!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп алып аябай зееним кейиди!! Мен да ошол айылдан болом бирок бул баланы коргон эмес экем.Кудай сага куч кубат берсин!!!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бектурсун азаматсын сен кылганды ар бир эле адам кыла албайт.ушунчалык аракетчил,меенеткеч адам экенине мен башымды ийем.сенин акчанды уурдап,сени наарызы кылгандар жыргабайт. ишин алга жыла берсин.кийинки жылы сени чоон бизнес ачыптыр деп суперден окуйлу.ийгилик сага!!!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйлагым келет ыйлагым... Бактылуу бол чон жигит! Кудайым сага ден-соолук, омур берсин! Баардык жаклыктарды каалайм, азамат!!!!!!! Карачы адамзат башка дени карды соо адамдар кандай кылмыш кылып журушот, бул байкуш эмгек менен алек! АЗАМААААААААТ!!!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдакы макала жарыя коргон гезиттин номерин подскажите, супер инфо!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat. keede men dele oi chachim mindai, anan anim mindai dep Kydaiga bolbogon nerselerge naarazi bolobuz, a al emi bul videonu koryp al men naarazi bolgon nerseler tyyra emestigin tyshyndym. Azamat daima ushundaiyindan kalba, ishterine iygilik dagi dagi jakshi iygilikterge jetishe ber. Kydayim jakshi bir ayal zatin uchyratsin, Baktiluu bol!!!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюм боюнча, ушундай жигиттер биздин коп "жигит"терге улгу болуш керек... Если мозги есть.
SUPER.KG видео
21.03.2012. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сага омур жана куч берсин.Балким кудайымдын жакшы табышмагын короорсун,табаарсын.Бир гана алга
SUPER.KG видео
21.03.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men iyldym..(( azamat bala eken.. saga iygilikter))
SUPER.KG видео
21.03.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes,a9bai umnyi bala eken,uwundai akyl estuu,booruker jakwy adamdar dagy da b,so koboio bersin.
SUPER.KG видео
21.03.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура. Аллага тообо гана кылыш керек. Аллах сага ден-соолук берип, иштеринди илгерилетсин. Аман бол. Оз эмгегиндин акыбети кайтсын.
Бул кадам копчулук адамдарды эсине келтирсе дейт элем. Алар да мандай тер менен табылган нандын даамын сезишсе...
SUPER.KG видео
21.03.2012. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайга чон рахмат ушул баланы ушундай даражага жеткискен омурун узун болсун дагы дагы тилегине жетебер замандашым
SUPER.KG видео
21.03.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алты саны аман туруп адам тоногон айбандар.денесин саткан сойкулар ушуну коруп арданса жашоо эбак эле онолуп кетмек.Ийгилик сага ар дайым аман бол
SUPER.KG видео
21.03.2012. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде соз деле жок...Кээ бирлерге караганда оз оюн так айтат экен! Алла таалам озу колдосун! Бар бол!
SUPER.KG видео
21.03.2012. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектурсун азаматсын иним.кудайым берээрин унутпасын сага ылайым.мен сенин апанды да атандыда жакшы тааныйт элем.апан негизи начар адам болчу атанды араккечтике жеткиргенда апан болгон.эми булда болсо кудайымдын жазганы.Бишкекке барсам сага созсуз жолугам.аман бол
SUPER.KG видео
22.03.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай экөөңөр бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
23.03.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бектур ишине ийгиликтерди калаймын. Кардарларын кобойсун. Келгиле достор баарыбыз Бектурдун кардары болобуз!
SUPER.KG видео
23.03.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
den-sooluk, omurunuzdu bersin Bektur baike, sizdi bagip osturgon enenizgeda den-sooluk, omur bersin ishterinizge iigilik, aman bolunuz ....
SUPER.KG видео
23.03.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык адамдын колунан келе бербейт ,азамат кудайым ишине шериктеш болсун.ушул видеодон кийин коз карашым озгоруп калды коп нерсеге.
SUPER.KG видео
23.03.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Кудай колдосун! Бактылуу бол! Ишине ийгилик!
SUPER.KG видео
24.03.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы адам экен. Кайырчы болур иштесе да алдына койгон максаты бар экен. Майып болсо да озунун иши бар эч кимге муктаж эмес экен. Бийликтегилер ушун адамга кичине болсо да жардам берип койушсо. Бектур ишине ийгилик АЛЛА озу сен колдоп, мындан аркы иштерине ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
27.03.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koryp otyryp kozymon jaw ailanyp da ketti,MOLODES!!! kozdogon maksatyna jet!!!
28.03.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектур байке сизге ден соолук ишиңизге ийгиликтерди каалайм деп Оштон!
SUPER.KG видео
01.04.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla ozu koldosun seni Bektursun!ishin onunan kelsin.
SUPER.KG видео
05.04.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бектурсун менен бир жолу Ак босогодон чогуу келгем, ошол жакта жашайт окшойт. Озуно таза, тыкан бала экен. Видеосун коройун десем, уну жок анан дагы компум зависает, так что эмкиде, созсуз турдо коргонго аракет кылам. Бектурсунду кудайым колдосун демекчимин!
SUPER.KG видео
06.04.2012. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз эне огой энеге айланганы окунучтуу, менин да оз атам огой атага айланды((((
SUPER.KG видео
10.08.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба бир тууганым жок деген карындашын кара, кантип оозу барган ошону алып жашаган эркекда эр экен наадандар. туура айтат баары алладан, иштне ийгилик жараткан колдосун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: