«КЫЗЫМДЫ ЗОРДУКТАШТЫ. КОЛУМА ТИЙСЕ АТЫП САЛМАКМЫН!»

№506 13-июль-19-июль, 2012-ж.


Макаланы жазардан мурда мен 4 жигит кордогон 15 жаштагы кыздын абалын ойлодум. Кимдир бирөөгө баягы эле көрүнүш чыгар. А кыз бул окуяны унута алар бекен?..

ЭЭН ТАМДЫН “ЭЭЛЕРИ”
(Окуя жабырлануучунун атасынын айткандарына жана сот токтомуна таянып жазылды.)
2012-жылдын 23-июнь күнү болжол менен саат 08:39дар чамасында жабырлануучу Миргүл майда-барат нерселерди алуу үчүн дүкөнгө жөнөйт. Үйүнөн 500 метрдей алыстыкта курулуш жүрүп жаткан. Жигиттер кыз дүкөндөн келе жатканда аңдып туруп, күчкө салып сүйрөп жөнөшкөн. Жаңы салынып жаткан ээн үйгө алып кирип, алар ыплас оюн башташат. Кызды көтөрүп кирген соң бир колун Н. деген кармаса, экинчи колун анын агасы Т. кармап, үчүнчүсү Д. аттуу зордуктап, төртүнчүсү эшикти карап турган.
Кыздын оозун басып, күч колдонуп арам ойлорун ишке ашырып бүткөндөн кийин “эгерде тирүү калам десең, эч кимге ооз ачпа. Өлтүрүп, жерге көмүп, кирпич менен бастырып салабыз! Эч ким билбей калат. Ооз ачпасаң, сен бизди, биз сени тааныбайбыз!” деп коркутушат. Кыз эч кимге ооз ачпасын айткандан кийин гана коё беришет да, эч нерсе болбогондой тарап кетишет. Ким билет, мүмкүн, окуя алар каалагандай “кар жаады, из сууду” менен бүтүп калмак беле?.. Окуянын калганын жабырлануучунун атасы Исмаил мырзадан угуп көрөлү...

“КҮНДҮЗ ЭЛЕ КОЛ САЛЫШЫПТЫР”
– Кызым он баланын кичүүсү.Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептин 9-классын быйыл артыкчылык менен бүтүргөн. Мектепте староста, жүрүм-туруму токтоо кызым бар эле. Кырсык болгон күнү мен үйдө болчумун. Дүкөнгө кеткен кызым кийимдери чаң, колдору тытылып, өң-алеттен кетип, ыйлап кирип келди. “Эмне болду?” десем, “жыгылып кеттим” деп өз бөлмөсүнө кирип кетти. Кызым айтмак деле эмес окшойт. 27-июнь күнү классташ балдарына жолугат. Манас аттуу классташы менен дос катары жакшы мамиледе жүргөн экен, ошого ачылыптыр. Ага деле “балдар сабап кетишти” дептир. “Тааныйсыңбы? Көрсөтүп бере аласыңбы?” десе, кызым “ооба” деген экен. Манас балдарды чогултуп барса, курулушта үчөө эле жүрүптүр, бири жок экен. Манас баш болуп алтоо экөөнү катуу урушкан экен. Чөгөлөтүп кызымдан кечирим суратышкандан кийин классташтары тарап кетишет.
Бир аз убакыт өткөндө үчөө жалгыз калган Манасты көчөдөн таап алып “сен кайдан чыккан кыйынсың?!” деп машинага салып алып кетишет. Ош базарындагы шаардык милиция бөлүмүнө алпарып “бул жигитти камагыла” дешсе, андагылар “сигнал түшпөсө же биздин район болбосо эле камай беребизби?” деп албай коюшуптур. Тааныштарына чалып отуруп Арча-Бешик конушундагы бөлүмгө алып барышса, ал жерден опертоптун жетекчиси деген тосуп алыптыр. Киргенден баштап милиция кызматкерлери Манасты 3-4 саат тынбай тепкилешет. Бул биз билгенге чейинки окуя.
28-июнь күнү эртең менен 20-21 жаштардагы бир кыз келди да, менин кызымды сурап калды. Кызымды ойготуп чыксам эле, ары жакка басып кетишти. Жүрөгүм бир нерсени сезип аркасынан барсам, тиги кыз “байке, сиздин кызыңызга болушам деп иним түрмөдө жатат. Кызыңызды 4 уста бала уруп салыптыр” дейт. Шак эле тиги төртөөнү издеп жөнөдүм. “4 уста бала иштеп жаткан, бүгүн жок” дешти айланадагылар. Машинага кызымды, Манастын эжесин, уулумду салып алып милиция бөлүмүнө жөнөдүм. Ошол жерге барганча кызымдын зордукталганын билген эмесмин. Тиги баланын жайын билейин деп кирип кетсем, артымдан уулум келип “ата, иш башкача экен. 4 жигит карындашымды зордуктап кетишиптир” деди. Жер астын-үстүн болуп, көзүм караңгылай түштү.

“АЙБАНДАР, МЕНИ ЭКИ ӨЛТҮРБӨГҮЛӨ!..”
– Арыз жаздым. Тез эле төртөөнү таап келишти оперлер. Иш жакшы бараткан, бир жигит келип калып опертоп менен сүйлөшө баштаган соң болбогон шылтоолорду айта башташты. Кызымды сотмедэкспертизадан өткөрөйүн десем, тиешелүү документтерди жазып бербейт. Эртең мененки 8ден кечки 5ке чейин күттүм да, ММКлардын өкүлдөрүн чакыра баштадым. Көрсө, алар “кыз мурун эле Манас деген жигит менен жыныстык мамиледе болуптур. Ал түрмөгө түшүп калганда аны чыгаруу үчүн 4 жигитти күнөөлөп жатыптыр” деп эбак эле ИИМге жалган маалымат берген экен. “Иш токтоп турат” деп биз дагы жогору жакка телефон чалсак, алар “иш ушундай болгон турбайбы” деп бизге жанагы версияны айтып жатышпайбы. “Ал наристе кыз! Айбандар, зордуктап кызымды бир өлтүрүштү, мени эки өлтүрбөгүлө жалаа жаап!” дедим. Ошол жерден сотмедэкспертизанын башчысы Бегилеровго кайрылып, ал ыкчам комиссия түзүп, кызымды экспертизадан өткөрдүк. Угушума караганда, милиция кызматкерлери “бул ишке байланышы бар” деп жок жерден эле 20 баланы тизмектеп алып, алардын алтоосунан акча талап кылышыптыр.

“ЖОККО АЙЛА ЖОК ЭМЕС, СОТКО АЙЛА ЖОК ЭКЕН”
– 30-июнда кылмышкерлерге санкция берүү үчүн соттун отуруму болду. Сокулук райондук сотунун судьясы Х. Мамадалиев 3 кылмышкерге 15 күндөн санкция берди да, бирин үй камагына чыгарды. Күлкүң келет аргасыз. Өздөрү токтомдун башында “кыздын оозун жаап, колун кармап берген” деген адамды токтомдун аягында “окуяга активдүү катышкан эмес” деп чыгышты. Сот 30-июнь күнү күндүзгү саат 13:00гө белгиленген. Кылмышка шектүү делген адамдардын туугандарын алып кирип кетип, сот 2 саат сүйлөштү. Жанагыдай чечим чыгаргандан кийин ордумдан турдум да, “мени эми чакырып убара болбогула, адилетсиз соттон көрө, башка айла табам” деп чыгып кеттим.
Эгерде ошол күнү окуяны уксам, төрт зөөкүрдү өз колум менен эле атып салмакмын! Дагы ажалдары менин колумда эмес экен.
Мындан 2 ай мурун Арча-Бешикте зордукталып 8 жашар кыз каза болгон. Ошондо эсимде калганы, кылмышкерлердин фотороботун тартып алып, айылдарды үймө-үй кыдырып чыгышкан. Ошол фоторобот жанагы кылмышкерлердин бирине союп каптап койгондой окшош экен. Мен кызымдын ар-намысы үчүн акырына чейин күрөшөм!

Окурман, мындай көрүнүш­төр күн санап өсүүдө. Учурда иш каралып, кылдаттык менен текшерилип жатканынан кабардар болдук. Кантсе да Исмаил мырзанын талаптары орундалып, адилет жаза колдонулат деп ишенебиз. Тергөө иштери аягына чыкканда бул окуяга кайрадан кайрылып, окурмандарды кабардар кылабыз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫЗ ЗОРДУКТАГАНДАРДЫ ЭЛ АЛДЫНА АЛЫП ЧЫГЫП ЖАЗАЛООГО МЕЗГИЛ ЖЕТТИБИ?



Болот Токтобаев, КУУнун Кыргыз-Кытай институтунун директору:
– Бул азыр бизде актуалдуу маселе. Кыз зордуктагандардын бир-экөөсүн эл алдында катуу жазалаш керек. Анан Кытайдагыдай телевизордон көрсөтүп коюшса, балким, мындай көрүнүш токтомок.


Динара Мадалбекова, абитуриент:
– Бул нерсе жабырлануучу кыздардын психологиясына өтө чоң залалын тийгизип, кайсы бир учурда өлүмгө түрткү болуп жатат. Кылмышкерлерди таш бараңга алса да татыктуу жаза болмок.



Саламат Молдалиев, экономист:
– Кыз зордуктагандар – айбандар! Аларды катуу жазалаш керек. Бирок эл алдына алып чыгып жазалоо туура эмес болуп калат. Ал орто кылымдагы жаза да. Андай мыйзам жок туруп таш бараңга алсак, биз күнөөлүү болуп калабыз. Түрмөгө камасак деле жетиштүү.


Кенже Жылкайдарова, үй кожойкеси:
– Кыздардын деле убал-сообу бар да. Эгер зордукчуларды элдин көзүнчө жазаласа, көргөндөр андай ишке барбай калышат эле. Бирок таш бараңга албай эле, башкача жазаласа болот. Ал эми мыйзам түрүндө жазалайт дегенге мен ишенбейм.



Узакбек Койчуман уулу, унаа жуугуч:
– Мезгил жетти го дейм. Ошол кыздар деле бирөөнүн баласы да. Ага карабай эле барып баса калып жатышат. Мындайды токтотуу үчүн кылмышкерлерди эл алдына алып чыгып, ар түрдүү кыйнап өлтүрүш керек.


Алтынай Байматова, программист:
– Зордуктоо айыл жергесинде да, шаарда да көп болуп жатат. Ошондуктан катуу чара колдонуш керек. Бирок эл алдында эмес, мыйзамдын негизинде эле жазаласа туура болот.


Адыл Төлөкул уулу, студент:
– Мезгил мурда эле жеткен. Педофилдерди колдон келишинче катуу жазаласа жакшы болмок. Эл өзү жазалайбы же бийликпи, так айта албайм. Бирок андайлар өтө катуу жазаны алууга тийиш.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Зөөкүрлөр, жырткычтар кызымды зордукташты!"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(122)
19.07.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тортоону кармаса сурабай эле олтуруп ташташ керек, Андай акмактарды жок кылыш керек! Биздин сотторго акча берсен эле сеники болуп чыга келет, Адилеттуулук жок бизде....
19.07.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аттууу жана аттууу жана аларга олум кыйноо менен
19.07.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы сот адилеттуу сот беле
Калктын кетти ишеними аларга
Адилеттуу боло албаган сотторду
Эл алдында тартыш керек жазага
Милициян да сотун да жактап турса
Таза деп акча алып кылмыш ишти
Жазага тартылбаса кылмышкерлер
Жасай берет дагы да жаман ишти
SUPER.KG видео
19.07.2012. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атып салыш керек атыыыып!!!
19.07.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор эмне иш кылат озу бизде, ал кыздын ордуна оздорунун кызын коюп корушпойбу.
20.07.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmaktar,aybandar ana sot menen kosho Kudayim jazanardi bereer inshallah
Al emi kiz menen atasina chin dilimden iygilik,ak jol kaalaym,chindik iyilet birok sinbayt aba,sabir kilin,sozsuz sizge jardam bergen biroolor chigip kalaar.
20.07.2012. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raund, 20 күнгө сайттан четтетилди.
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрду жазууга тыюу салынат!
20.07.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
без суда и следствие атыш керек мындайларды
21.07.2012. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги заман эмне эле болуп баратат. Азыркы учурда соттордо бир грамм дагы адилетуулук,акыйкаттык жок.
21.07.2012. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Братан ал балдарды тируулой олтуруш керек,сен мага кайрыл мага ошол зоордуктаган баланы корсотуп эле койгун калганын озум билем,мени кандай бала деп жатсан керек,мен сага окшоп жабыр тарткандарга жардам берип келем,и жардам берем,ал балдардын эн оной жазасы котуно ботолко тыгуу,мага кайрылын Аксакал 0779-08-95-29
SUPER.KG видео
21.07.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туроодон эч убакыта чыгарбаш керек анан да аны бут кыргызга жырткыч зоокур деген ысым менен тараыш керек ошондо бети болсо экинчи кыз зоордуктабай калат!
21.07.2012. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айбандарды биздин закон жазалай албайт, аларды башкача жол менен жазалаш керек... "Ворошиловский стрелок" деген кинодой кылса, туура болот.
SUPER.KG видео
21.07.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгач судя сооройлорду алып чыгып растрел кылыш керек жанагы бут органда иштегендерди Сталин сыяктуу растрел кылыш керек
21.07.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактарды олтуруп эле салыш керек!милиционерлерди да атыш керек кайсы ары мн иштеп атат милиция болуп аларга акчаны корсотсон эле тилдери саландап иттерче айтканынды кылышат айбандар!!!ошол кызга жардам бергендин ордуна.Ал эми кызга кааларым кучтуу болсун ийгилик баары алдыда.Кудайым баарын таразалайт!!!
21.07.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таш баранга алуу туура болот аллахтын жазганыго от таких баранов надо очистит общество для примера
21.07.2012. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ен негизгиси жоопкерчилик ЖОК бийликтен талап коюш керек катуу ошондо мыйзам негизинде (темирдей)катуу жазалаш керек
22.07.2012. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай акмактарды олтурбош керек. эн аз дегенде турмого отургузуш керек кыз кандай кыйналса, алар андан да жаман кыйналышсын да кудайга уну жеткенче. байкуш энелер билбептир да балдарынын ушундай айбан болуп чыгаарын. эх турмушун менен.
22.07.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janim91 bawka uluttun baldarun maktap kaldin ozun da owolor mn jurosun go e?
23.07.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда Сотко, милиционерлерге ишенип болбойт. Акты кара, караны ак кылгандар, ошолор. Акыйкаттык издеген менен жонокой адам аны таппайт. Зоокурлорду, эл алдына алып чыгып, же кандайдыр бир документине КЫЗЫЛ моор басыш керек. Омур бою очпогудой кылып, ал моордун мааниси"зордуктаган" дегенди билдириши керек. Кызга ичим ачышат.
23.07.2012. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызда эже карындаш бар,иттин балдарын эл алдында жазалаш керек.
24.07.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myndai akmaktardy 4ala jan kylyp jazalash kerek,ukmushtai kyinalyp kudaiga unu jetkendei kylyp...
al emi aksakl menen kyzyna 4on iigilik...
03.08.2012. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан арылабыз дейсинер... Соттогулар моминтип чыгарып коюп атса токтобойт мындай нерсе!!!
SUPER.KG видео
11.08.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
официальный видео тартылбаса
неофициальный ''заказ'' кылыш керек. Чекит эмес утур жарайт....
SUPER.KG видео
12.08.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй, баягы , москвадагы %Патриоттор% ушуга окшогон педофил, зордукчуларга кучунорду чыгарсанар жакшы болобу эле дейм да, аларды бычып салыш керек, таш баранга алыш керек
18.08.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аларды да сотту да таш баранга алыш керек
23.08.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол 4 зоокурду теледен корсотуш керек
05.09.2012. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм даже эмне деп айтышты....15-жашар кызды 4-бала...байкуш кыз десен....ошол балдардын (алигисин) кесип салыш керек болчу..кечиресиздер конечно, бул создун уяты жок...
SUPER.KG видео
17.01.2013. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ташпаранга алыш керек мындайларды!!! кыйнап олтуруш керек элдин козунчо
09.11.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул иштин жыйынтыгы чыктыбы, кабарлап коёсунарбы, кутобуз
09.11.2014. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор кыжырды келтиретда, биринчи ошол акчага сатылган сотторду жазалап анан зордуктаган торпокторду сигарет чекенче шашбай бычып салыш керек.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: