АБАЙЛА, ЖАРАМАЗАНЧЫ, ЖАБЫР ТАРТЫП КАЛБАГЫН!

№509 3-август-9-август, 2012-ж


Заман нугу жетелеген жакка көнбөгөнгө, өзгөрбөгөнгө арга барбы? Баары өзгөрүп барат. Жадакалса жарамазан айтуу салты бурмаланып, жаңыдан “иштелип” чыгыптыр. Куттуу Рамазан айында жашап жатып, буга күбө болдук. Жарамазанды “хитке” айланткан чыт курсактардын ата-энелерине кайрылуу иретинде ушул макалага токтолдук.

Минтип бир унаага бир эле жарамазанчынын
баруусу да алардын "мыйзамдарынан"окшобойбу...

“МАШИНА УРУП КЕТСЕ ЭМНЕ БОЛОТ?”
Жумуш убактысы бүтүп, кечке маал маршруттук такси менен үйгө жөнөдүм. Унаалардын, автотыгындардын уюгу болгон Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен маршрутка жол чыракка токтоду. Ушуну эле күтүп тургандай, бир топ жаш бала унаанын айдоочу отурган жагына өтүп, жарамазан айтып киришти. Ичиндеги биз баш чайкап тим болдук. Айдоочу майда тыйындарды суна берерде бирөө “чачыңыз” деп калды. Анан дароо жол чырак жанып, биз жүрүп кеттик. Күзгүдөн карасак, балдар унаалар өтүп жатканына карабай тыйын чогултуп жатышат. Чыдабай кеттиби, айдоочу: "Күнүгө жарамазанчыларга акча берем. Булардын минтип айтканы туура эмес. Мунун орду болот. Ата-энелери карабайбы буларды? Машина уруп кетсе эмне болот?"- деп күбүрөнүп коё берди.

ОРУС БАЛА КЫРГЫЗЧА ЖАРАМАЗАН АЙТЫП...
Кийинки күнү бул сүрөттөлүштү жакындан көрүү үчүн атайын келдим. Деле тың балдар экен. Рулу сол жагында жайгашкан унаалардын ары жагына өтө калып, оң жагында жайгашкандарга кичирээктерин жиберип жарамазан айтып жүрүшөт. “Милиция келатат” дегенде таранчыдай тарап жок болушат. Кай бирлерин ата-энелери урушуп, желкелеп алып кетип жатышты. Таң калтырганы, кыргызча түшүнбөгөн орус баланын жарамазан айтканы болду. “11-12 жаштардагы баланын пайда үчүн кыргыз тилинде жарамазан үйрөнгөнүн кара” деп баш чайкадым. Анан да бул жерден бура бастырбай ээрчип, жарамазан айткан кичинекей кыздарды да жолуктурдум. Жарамазанды баш аламан баштаган алар “адыр-адыр тоолордон, айгыр минип биз келдик, айгыр башын тарталбай, ушул байкеге туш келдик...” деп оңдоп кетишти аягын.
Бул жерде жашагандардын айтымында, жарамазан айткан бирөөнө акча берсең, артыңдан экинчиси келип айтат экен. Бири тигинтип унааларга, бири кырка тизилген дүкөндөргө айтып жүрөт. Бирок жарамазанчыларды сүйгөн бирөөнү да көрө алган жокмун.
ИИМдин Жол көзөмөлдөө башкы башкармалыгына чалдык эле, "мындай абалда кырсык каттала элек" деп билдирди. Антсе да айтып кетер элек, урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарды тыйыңыздарчы?! Жолдо минтип жаш өмүрдү тобокелге салышпасын!

ЖАРАМАЗАН КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Динде жарамазан айтуу барбы же бул салтпы? Аны кандай шартта айтуу керек?

Саясат ажы Асанов:
– Динде жарамазан деген түшүнүк жок. Муну орто жолдо кожоюнду мактап, андан пайда табуу дейт элем.

Дастан Сарыгулов:
– Негизи, жарамазан – кыргыздын салты. Анын тарбиялык мааниси чоң. “Кимдин үйүнө жарамазан айтып барса, кут келет” дешкен. Адамдарды биримдикке, тынчтыкка, ырашкерликке чакырат. Жарамазанды 8 жаштан баштап айтуу туура. Жарамазанчынын шагын сындырбоо үчүн куру кол узатпоо керек. Эң негизгиси, бул жерде үй ээсинин акча берүүсү эмес, бата берүүсү.

Максат Кудайбердиев
koom@super.kg



Абайла, жарамазанчы, жабыр тартып калбагын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
06.08.2012. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарамазан динде жок.Бир нерсе бериш шарт эмес.
07.08.2012. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба,бирой Сарыгуловдун айтканы туура окшойт,мен деле 12мин,мурдагы жылы мен да жарамазан айткам. Бирок ,бул жылы ойлондум,айткан жокмун. Менин YЙYМО мурда куну еле 2 чон киши айтып келишти. Аккардеон менем шыгырык алып алышыптыр.
07.08.2012. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ke4ee kunu menda baikelerim m.n iftarda otursam , jash baldar kelip jaramazan aityp kaldy. Biraaz jaman korunup kalat eken. Men dele jash kezde ait4u elem birok ,bizdiki bashka4araak bol4u . A azyrkylardyky takyr ele okshoshpoi kalat eken . Je sivilizasi9 degen ushubu
07.08.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан Сарыгулов ушул кишини былтыркы жааган кардан кийин коргум да уккум да келбей калды.
07.08.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарамазанды Биринчи дүйнөлүк согуштагы жакырчылык убагында айтышып, курсактарын тойгузушкан. Ал кийин бара-бара салтка айланып,учурда жаш балдардын кайыр суроо модасына айланды. Өткөндө парта баратсам эки бала артыман чуркап келип эле бай деп туруп жарамазанын шатыратып кирди. Кароосуз калган балдар го десем, жок ата-энеси бар эле балдар экен. Ата-энеси намыстанбайбы...
07.08.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbekkagan, Tuura. Jaramazandy kolunda jok bechara,jetimder gana aitat dep oiloim.
07.08.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарамазан салт болгону менен анын айтуу тартиби менен айтканы он болмок. Бир ит коруп урсо, бир ит корбой урот болбостон...
08.08.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар, бироого кор. Мисалы биз тарапка келсе азда болсо тыйын тыпыр бермекмин, бир аксакал да ушундай деп калды. Атамдын уйундо болсо Апам жадатышты булар тыйын болсо жаш балдардын шагын сындырбай берип кой деди. Эсимде кичинемде шагым сынганы, а мен нак эле которуп койдум.
08.08.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастан Сарыгулпв каарыды,интербю бербей деле койсо болот.
08.08.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaran - 20 күнгө банга!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
SUPER.KG видео
11.08.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eeei ata eneleri kunoolu da buga. Balasyn jakshylap baksa le kochogo chygyp 5 som uchun uwintip yilamak bele.
SUPER.KG видео
12.08.2012. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштар этият болгулада абайлагыла машиналардан.
SUPER.KG видео
12.08.2012. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллахым озу сабыр берсин Кыргыз элиме да бакыт кушу конуп калар жанагындай жаш балдар ойноп бала бакчага да барып калар аллахым ошол кундорго жеткирсин бирок менин айтаарым урматуу ата энелер балдарды мынтип туну суутуп койгон туура эмес.
SUPER.KG видео
13.08.2012. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush balanyn kozynyn jashy kol bolot da, yilasa. Boorum oorup ketti baikushka. Kantip? Kaisy betteri menen alyshat janagy GAIdegen nemeler ushulardan akchany, kudaiga toboo kyldym, oshonu dagy sinere alyshat beken ee? Jarylgany kaldynar ansyz dele.
13.08.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаланын баш созу аябай жакты, жакшы жазылыптыр, таасирдуу...
SUPER.KG видео
14.08.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оО кудай сакта елибизге ыйман бер!ушугу балдардын ата энеси аман еле болушсун
SUPER.KG видео
17.08.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттер ушулардан албай эле койбоптур.Барибир иттигине барасында.
SUPER.KG видео
22.08.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кудай ай кичине бала ыйласа озумда ыйлап алдым байкуш! Ата-энелери курсагын тойгозуп койсо чыгарбаса эшикке.
- Мен нан алып барсам уйдо нан болуп калат экенда дейт. айланайыын колумдан келсе кана жардам берсем! :(
SUPER.KG видео
29.08.2012. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janagy bala yilasa men da yilap juberdim men nan alyp baram uygo deit jurogum ezilip ketti
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: