ОК ҮЧ АДАМДЫ О ДҮЙНӨГӨ УЗАТТЫ

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж


АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШКАНЫНА ЭКИ КҮН БОЛГОН
18-сентябрь күнү эртең мененки 08:45те Бишкек шаарында өзгөчө кылмыш иши катталды.
Алгач окуя жөнүндө айрым массалык маалымат булактарында «Бишкекте бир киши аялы менен анын ойношу саунадан чыгып келе жатканын көрүп, алгач экөөнү, анан өзүн атып өлтүрдү» деген кеп тарады. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы ал маалыматты четке кагып, окуя үй-бүлөлүк чырдан улам келип чыкканын билдирди. Расмий маалымат боюнча, бул иш мындайча болгон.
Энергетика министрлигинин 47 жаштагы кызматкери Шолпан Дукесова аттуу айым менен Каржы министрлигинде бир бөлүмдүн жетекчиси болуп иштеген 52 жаштагы күйөөсү Дүйшөнбек Бекбаев кандуу кылмыш болордон эки күн мурун мыйзамдуу түрдө ажырашышкан экен. Ошол каргашалуу күнү эртең менен күйөөсү аялы жашаган жатаканага келген да, аялы сыртка чыгар замат 16 калибрлүү мылтык менен аны колго аткан. Жарадар болгон аялы бут кийимин чечип, жылаңаяк үйүн көздөй качып жөнөгөн. Күйөөсү анын артынан тез эле кууп жетип, эки ок чыгарып, анан үчүнчү ок менен башка аткан.
Аялын аткандан кийин ал жакын эле жерде жайгашкан Энергетика министрлигинин имаратына барып, аялынын кесиптеши, тагыраак айтканда, жогоруда аты аталган министрликтин имаратында жайгашкан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын техникалык бөлүмүнүн жетекчиси, 57 жаштагы Сагынбек Абылкасымовго иш бөлмөсүндө отурган жеринен ок көзөгөн. Ал ошол жерден жан таслим болгон. Андан кийин ал кайрадан аялын аткан жерге кайтып келип, өзүнүн бетине мылтык такап, ок чыгарган.

«КӨҢҮЛДӨШТӨР» ДЕГЕН СӨЗ – УШАК»
Бул окуянын чоо-жайын жакындан билүү үчүн биз да жөнөп калдык. Алгач Энергетика министрлигинин имаратына барсак, каза болгон адамдын сөөгүн жаңы эле алып кеткенин айтышты. Анын иш бөлмөсүндөгү кандарды жууп жатышкан экен. Заматтын ортосунда болуп өткөн окуядан өзүнө келе албай турган кесиптешин кепке тарттык. Өзүн Валерий деп тааныштырган «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы адиси буларды айтты
:
– Эртең менен жумушта отурсам, бир киши келип «башкы жетекчиңер кайда?» деп сурады. Мен ага анын эс алууда экенин айтып, иш бөлмөмө кирип кеттим. Тиги бир нерселерди сүйлөнүп ары көздөй басып кеткен. Элес деле алган эмесмин. Аз өтпөй эле Сагынбектин иш бөлмөсүнөн мылтыктын үнү угулду.

– Ал киши мас бекен?
– Жок, соо эле болчу. Бирок кандайдыр кыжырданып, ачуусу келип жаткандай сезилген.

– Ал кишини мурда таанычу белеңиз?
– Ооба, келинчеги ушул имаратта иштечү. Келип-кетип жүрчү.

– Келинчеги менен каза болгон сиздин кесиптешиңиздин ортосунда мамиле бар деп жатышат...
– Азыр ар кандай ушактар чыгып жатат. Экөөнү көңүлдөш деп да айтышууда. Мунун баары болбогон кеп. Сагынбек тиги келин күйөөсү менен ажырашып жатканда сотуна барып, кесиптеши катары келинге күбө болгон экен. Сыягы, күйөөсү ошого кек сактап калган окшойт.

– Кесиптешиңиз кандай адам эле?
– Токтоо, жакшы адам болчу. Бүгүн неберелүү болгонун айтып, маанайы көтөрүңкү жүргөн.

«ЖАТАКАНАДА КЫЗЫ МЕНЕН ЖАШАЧУ»
Анча алыс эмес жердеги Тоо-кен университетинин №1-жатаканасын көздөй бет алдык. Окуя болгон жерде кызыл жаян кан. Маркум Шолпан Дукесованы анда жашагандардын көбү таанышпайт экен. Окуя тууралуу ошол жатакананын жашоочусу, студент Закир Кубан уулу төмөнкүлөрдү айтты:
– Сабакта отурганда мылтыктын үнүн уккам. Анан танаписте сыртка чыксак, бир аялды атып кеткенин айтышты. Келсек биздин жатакананын 4-кабатында коңшу жашаган эже өлүп жатыптыр. Жанында бир киши жатат. Сураштырсак, өзүн өзү атып салыптыр. Каза болгон аял биздин жатаканада 31-августтан бери 3-курста окуган кызы менен жашап жаткан.

 

Асхат Субанбеков
Ташболот Досалиев
koom@super.kg



Ок үч адамды о дүйнөгө узатты 21-09-2012

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
24.09.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai saktaaa...
24.09.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши чисто эркек экен аялы журсо конечно атат да,кишини тааныгандар айтат аябай жакшы киши анан да аялын аябай жакшы корчу экен...С олной стороны балдарын ойлосо болмок...
24.09.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С одной
24.09.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktasyn,emne ele kundor bolup jatat,adamdarga yiman bersin
24.09.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектик милдетин кылыптыр! Аялы начар болгон учун ошентти да!!!
25.09.2012. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Энергетика министрлигинин имаратына гилтейген мылтыкты алып кабинетине чейин кантип кирип атып, кайра чыгып кетти. Эчким тоскоол кылган жокпу? Ал жерде охрана деген жокпу? Биз дин министерстваларга кирип, бомба коюп кете берсе деле болотго, ыя?
26.09.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, ошо мен да ойлоп жатам, охрана деген жок окшойт деп. мисалы, башка министерстволорго барсаң укмуш текшерет го. эң жөн эле мэрияда. Анан бүт республикага таанымал министерствонун охранасына ошол күнү эмне болгон дейм даааа
25.09.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек экен братан!
25.09.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрди намыс, коёнду камыш олтурот деген ушуда
25.09.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тупптуура кылган.Болгону аялын,эгер ошол жашка барып ойноштук кылып жүргөнү чын болсо кыйнап өтүруш керек болчу.Эркектин жакан жери жайлуу болсун.
26.09.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын кызганбаган эркек БЕЙИШКЕ кирбейт деген Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Ьалейхи Васаллам кызганып туура эле кылган!
04.10.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo,
туура пайгамбарыбыздын ушундай хадиси бар! Бирок пайгамбарыбыз кызганып айалынарды жана ойношун атып салгыла деген емес..уйалбай кантип туура кылыптыр деп жатасынар? Еми ошол кызганып айалын озун дагы бирону олтургон адам бейишке кирет деп ойлойсунарбы? Пайгамбарыбыздын хадисин тура емес тушунуп алып туура кылган дебегиле.
27.09.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагырак маалымат, ал киши финансы министрлигинде эмес, управление драгоценных металлов деген иш канада иштеген.
27.09.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоооо эмне эми кызганычтын артынан ушундай да ишке барабы?! Чынында кантип энергетика министирлигине мылтык менен кирген? Анан да ок атылганда эмнеге эч ким чыккан эмес?
27.09.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мылтык даярдап коюш керек экен да анда ээ
29.09.2012. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас болуп бара жатат..бири бирин атмай,сабамай,коюп кетмей.бутпогон нерсе((помоему мунун баары мындайча айтканда"статистика"жашоодо дайым болот.7милиард адам бар..1суткада канчасы бирин бири башын жутту болдуэкен!?((
30.09.2012. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым,кудай сактасын десенер...кайдагыны суйлобой.Атып койгон эркектикке жатпаса керек.
30.09.2012. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахабалардын жыйынында, сахабалардан бироо Сааб Ибну Вакъас ''аялымын жанынан бироонорду корсом, башынарды кылыч менен чаап салам'' -дейт. Сахабалар пайгамбарыбыз Мухамад салаллооху алейки вассалламга келип ''Эй Рассулуллоох Сааб Ибну Вакъас ''Аялымын жанынан бироонорду корсом башынарды кылыч ненен чаап салам''-дейт. Бул аялымын жанына байкабай бир нерсе сурап барып албагыла дегени эмеспи''-деп сурашты. Пайгамбарыбыз салаллооху алейки вассалам анда ''Сааб Ибну Вакъастын кызганчаактыгына тан калб
30.09.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калбадынарбы''-дейт. Анда сахабалар ''Ооба тан калдык''-дешет. Пайгамбарыбыз Салаллооху алейки вассалам ''Мен андан да кызганчаакмын''-дейт. Бирок озун олтуруп туура эмес кылыптыр. Аллахым ал кишиге ырайым кылсын. Оомин!
30.09.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намыской экен.
06.10.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курубекер намыс 3 адамдын омурун алып кетти.экоо расмий турдо ажырашкан турбайбы.аялын жайына койсо болмок ажырашкандан кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: