СЕЙДАХМАТ ИСМАИЛОВ, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары: «МЫНДАН АРЫ МЕНИ УРУП-СОГУП ЭЧ КИМ КОРКУТА АЛБАЙТ»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж


Өткөн саныбызда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Сейдахмат Исмаиловдун сабалганын жазганбыз. Чиновниктин ур-токмокко алынышынын себеби тууралуу ар кандай версиялар айтылып, бирок өзү менен байланышууга мүмкүн болгон эмес. Учурда Сейдахмат мырза президенттин алдындагы атайын бейтапканада жатат. Абалы бир аз жакшырып, маек куруп берди.

– Сейдахмат мырза, ошол күнү сиз үйүңүзгө түнкү саат 12лер чамасында келиптирсиз, дайыма кеч кайтасызбы?
– Мен үйүмдө жалгыз жашайм. Көп учурда кеч келем. Ошол күнү дагы жумуштарым боюнча бир иш-чарага катышып, үйгө түндө кайткам. Унаамдан түшүп, саатымды караганда түнкү 00:20 эле. Үйдү карай басканымда эки чымыр денелүү бала ур-тепкиге алып жатып калышты. Тепкиден сол колумдун эки манжасы сыныптыр, бул жерден дарыгерлер башымдан жаракат алганымды да аныкташты.

– Эмне үчүн сабап кетишти деп ойлоп жатасыз?
– Бишкек шаардык Кеңеште депутат болгом. Ал жерде эч кандай деле душмандарым жок болчу. Депутат болгонго чейин бизнес менен алектендим, ишкерлер ар дайым өзүнүн каражатына, күчүнө жараша иш кылышат. Мен деле ошолордун катарында, эч кимден карыз, банктардан насыя алган эмесмин. Андыктан бизнесиме эч кандай байланышы жок деп ишенимдүү айта алам. Албетте, сабалгандыгымды жумушума байланыштырдым, анткени Мамлекеттик паспортту өздүктөштүрүү борборун ачууга каршы чыккандар көп болчу. Мен башынан эле айтып келем, Кыргызстан көз карандысыз болгондон кийин паспорт даярдоодо кайсы бир жеке компаниянын көзүн карап отурбашы керек. Ушул позициям көптөрүнө жакпаган окшойт. Колунан кармап албаган соң ууру деп болбойт. Аларды көрүп же таанып калсам дароо айтып, укук коргоо органдарына кабарлайт элем.

– Укук коргоо органдары кандайдыр илинчек табыштыбы?
– Жок, азыркыга чейин укук коргоо органдары тарабынан да, өзүм тараптан да эч кандай илинчек табыла элек. Бирок милиция иштеп жатат. Тергөөчүлөр, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери келишти. Милиция кандай иштейт, эми көрө жатарбыз.

– Бул кызматыңызга кайрадан барасызбы?
– Мен өзүмдүн пикиримден кайтпайм. Мындан ары да уруп-сабап мени эч ким коркута албайт. Мына бүгүн Мамлекеттик паспортту өздүктөштүрүү борбору ачылып, паспорттордун алгачкы бөлүктөрү чыга баштады. Аларды болсо Кудайга койдум.



"Мындан ары мени уруп-согуп эч ким коркута албайт",- дейт Сейдахмат Исмаилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
20.10.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комерциялык компаниялардан сабашканда точно. Долбоорго окшогон мүмкүн ошол Долбоор сабаткандыр?
SUPER.KG видео
20.10.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ден-соолук сизге!ынтымактуу бололучу кыргызстаным,сонун ийгиликтерге жетмекпиз,эн окунучтуусу жакшы иштеп келе жаткандарды олтуруп же сабап кетмей "МООДАГА"айланып калды окшойт бизде.правительсво катуу кармап салык салынып жакшы козомолго алсак кандай болмок,бирок андай болбойт болуш керек жогору жактагылар оздору бар болушу мумкун.айла жок башынды жерге саласын да колундан келбей.
SUPER.KG видео
20.10.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кыргыз элибиз эч качан адам болбойбуз бизди кандай кылып жаратып койгон ушундай бир противныйбыз эми просто слов нет(((кичине ыйман ынсаптуу болсок онолор белек а то уже стыдно киргизи опять воюет деген созду укканда
SUPER.KG видео
21.10.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да кудай жазасын берет бир нерсени билбей суйулоо кыйын балким озунун да жашырган кыныр иштери бардыр ошого эскертуу болгондур.............
24.10.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм абдан өкүнүчтүү!!
SUPER.KG видео
01.11.2012. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетик кызматта олтургандардын баары КЫРГЫЗ тилде суйлоого милдеттуу эмесби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: