АЛА ТАЯКЧАНДАР МЕНЕН РЕЙД ЖЕ «БАЙКЕ, КЕТЕ БЕРЕЙИНЧИ, КЫРГЫЗБЫЗ ГО...»

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж


Көп бузулуп жаткан жол эрежелери, катталган кырсыктар, саатка созулган автотыгындар... Бул, албетте, баш калаада унаалардын батпай баратканынан башка маанини деле туюндурбаса керек. Республикалык жол коопсуздугу кызматы Бишкекте жана Чүй облусунда «Рулда болуу» деген аталыштагы рейд уюштуруп, бузулуп жаткан жол эрежелерине биз да күбө болдук.

«ТАРТПАЙ ТУРЧУ, БИЯК МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП АЛАЙЫН...»
Рейд 19-октябрь күнү түш оой башталып, биз жол көзөмөлдөө кызматкерлери менен биргеликте 4 саат чогуу иш алпардык. МАИ кызматкерлеринин жанында туруп, «байке, кыргызбыз го», «байке, өзүбүздүн эле кишилербиз го», «байке, сүйлөшпөйлүбү, бир күнү бизге да күнүңүз түшөт...» деген сөздөр кулакка сиңип калат экен. Бүт эле эрежени бузарын бузуп алып, эптеп кутулуунун жолун издеген айдоочулар... «Брат, камераңды ала турчу, бияк менен сүйлөшүп алалы» деп бири айтса, дагы бири унчукпай эле МАИчилерди камерадан оолагыраак жакка жетелегенге аракет кылып жатышты. Биздин камера дайыма иште болгондуктан, бул МАИчилерге да жардамга келип жатты окшойт. Адатта, терезелери чүмбөттөлгөн унаалардын айдоочулары МАИ кызматкерлерин коркутушат эмеспи. Андай «крутой» айдоочулар албууттанып чыгып эле, камераны көргөндө койдой жоошуп калып жатышты. Ошентип, 4 саат ичинде көптөгөн мыйзам бузууларга күбө болуп, МАИ кызматкерлери чоң жоопкерчиликти алып жүрүшөрүн байкадык.

КООПСУЗДУГУҢ БИРӨӨ ҮЧҮН КЕРЕКПИ, ЭЙ, АЙДООЧУ?
Бул күнкү рейддин «курмандыктары» бардык эреже бузуучулар, өзгөчө рулда телефон менен сүйлөшкөндөр, коргоочу курду такпагандар, жол чырак жана өтмөктөрдө эреже бузгандар, тыюу салынган жайга унаа токтоткондор жана терезесин чүмбөттөп алгандар болду.
Мурун да болгон рейддер жыйынтык берип, МАИчилердин айтымында, азыр көчөдө терезеси чүмбөттөлгөн унаалар кескин кыскарыптыр. Бул жагы кубандырат. Кейиткени, айрымдар МАИчини көргөндө гана коопсуздук курун тага калууга же телефонун таштаганга аракеттенишет. Ушундан улам айдоочуларга суроо туулат: Коопсуздугуң бирөө үчүн керекпи, эй, айдоочу? Жобого, эрежеге баш ийсең болбойбу? Сенин камың үчүн МАИчилердин кадам сайын турушунун кажети барбы? Кайран өмүрүңдү, башкалардын өмүрүн тобокелге салып, бөөдө кырсыкка түртүүдөн табарың эмне?

935 ЖОЛ ЭРЕЖЕСИ БУЗУЛДУ
19-октябрда рейд учурунда жалпысынан 935 жол эрежесин бузуулар катталган.
Мас абалындагы айдоочулардын саны – 9
Унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочулар – 21
Автоунааны жасалма мамлекеттик номери менен башкаргандар – 2
Мамлекеттик номуру жок унаа башкаргандар – 9
Автоунааны керектүү документтери жок башкаргандар – 47
Коопсуздук курун такпагандар – 108
Ашып өтүүдө жана өтмөктөрдөгү эреже бузгандар –
348
Жол чырактан өтүүдө эреже бузгандар – 89
Автоунаа менен баратып телефон менен сүйлөшкөндөр –
114
Башка жол эрежесин бузгандар –
188
Айып токтотуучу жайга жеткирилген унаа – 79

Максат Кудайбердиев
koom@super.kg



МАИчилер менен рейд же "Байке, кете берейинчи, кыргызбыз го..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
24.10.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол эрежесин сактабаган айдоочулар канчалаган иттерди эле эмес, адамдарды деле сузуп, из жашырып кетип жатышпайбы. Чындыгында Бишкектин жолдору тар, анан да кун сайын унаалардын кобойушу менен абанын кара тун болуп булганганын деле айтпасак болот. Азыр алы жеткен эле адам бир баштарына экиден унаа айдап калышты.Озбек байыса там салат, Кыргыз байыса унаа алат болуп. Айланайын айдоочулар!!! Жолду карагыла, элендеп эки жакты карабай.
SUPER.KG видео
24.10.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журналисттин шопуру озу ремень безопасности тагынбай унааны айдап баратат 03:17 минутаны корсонор. анан бизге журналист акыл уйротуп коет ремень кимге керек деп, видимо сага тоже кереги деле жок окшойт.
SUPER.KG видео
25.10.2012. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
itslujba:Сен даанасын го. Журналист мисалы деп корсотуп жатпайбы. Коопсуздук курун такпагандар, телефон менен суйлошкондор деп. Эмне сага тушунуктуу болбой калдыбы.Ошон учун кыргызча жазып,кыргызча суйлош керек.
SUPER.KG видео
25.10.2012. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maks100589 ооба туура айтасын бирок жакшы материал болуптур, коп нерсени айтып кеттин, эми жол эрежесин бузбай айдаганга аракеттенели туугандар
SUPER.KG видео
26.10.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маршруттадагы айдоочуларга аябай керек экен . жол эрежесин бузушат айдоочулардын кээбирлери ынтымактуу кээбирлери фасыр фысыр. хахахха
SUPER.KG видео
26.10.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun reportaj! Jumasyna bir jolu bolso dagy jol erejelerin buzgandardy ushul siaktuu tartyp, juktop tursanar.Betteri bolso, onolushaar.
29.10.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маи кызматын кыскартабыз деп коюшат дагы.булар жок болсо мындан да жаман абал болот
30.10.2012. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмкисинде жонокой жургунчулор менен рейд деген темада да кылыныздар. только вскрытый камера менен. маичилердин акча алганын да корбойлубу кантип жургунчулордун каныны шоргонун
30.10.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100дон 10%гана акча албашы мумкун,калганы эми шорунду куурутат
30.10.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айййй Суперчилеееер!! Ала таякчандардын бир кундук халтурасынан куру кол калтырган экенсинер да:))) Канчалаган эрежелер бузулуптур, бир топ акча сындырышмак кен каап:)))
30.10.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде эреже бузганда маи кызматкерлери акча сурайт сразу ле,маичиге акча берсен анын жана маинин чонунун чонтогуно кетет......айыпты мамлекетке токсон ал акчан башка чондордун чонтогуно кетет
31.10.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mai4iler aman bolgula4y degi, bul jon ele pokazuhada alarga, ak4a ele dep turushat a tak
31.10.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prima,
Albette bular kameranyn kozuncho stroga ishtep koiushtu a myndai kundoru postoyanno ele akcha alyshat menden da kancha akcha alyshty i eshe ne hvatalo nomerimdi da surashkanynan kuioom bar dep aldap ketkem ))))
31.10.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin terezemdi tonirovaitetkende 1200som alyshkan arzandap ketken go ))))
31.10.2012. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tak ishteshse albette jakshy birok menden 1 jolu ech kagaz jazdyrbai ele 3000min s algan
31.10.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А силерди бироо жол эрежелерин буз деп мажбурлап жатабы? Эрежени бузбай так айдагылачы, бир дагы МАИчи тийише албайт.
Калп эле башкаларды сындаганга устабыз. Чындыгында любойунарды МАИ болосунбу десе: ала таяк менен коп шабашка табам деп, ошол замат МАКУЛ болмоксунар ээ. Туурабы туугандар.
SUPER.KG видео
01.11.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат деген кабарчынын кабардары мага аябай эле жагат. Дайым кором. Пайдалуу кабарларды жана койгойлуу кабарларды алып барат.
02.11.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер биз жол эрежесин бузбасак алар тийише албайт. Анан дагы жол эрежесин бузган абалда да алар 300 сом айып жазып берейин десе озубуз аларга 100 кармата коёбуз да. Эгер биз акча бербесек алар бизден зордуктап акча талап кылышпайт.
03.11.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол эрежесин бузбагыла и все...же МАИчилер сен эрежени бузбасан деле акча доолап жатабы?Анан эле ким жаман оз жумушун аткарып жаткан МАИчилер жаман болуп чыга келишет....тимеле дагы прикол кылып ат коюп алгандары куйбогон жерини куйгузот да!
04.11.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эч ким окубай эле права алып алышат. Эрежелерди билишпейт, ошондуктан коп ката кетиришет. Айдоочулар жоопкерчиликтуу болуп,окуп-билип анан отурса, ичимдик ичип алып айдабаса ДТП болбойт да, адам да олбойт да.
16.11.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almazz tuurasyn aitty
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: