«БИЗ СЕЛСАЯК ЭМЕСПИЗ» КЫРГЫЗ «СЕЛСАЯКТАРЫ» ФУТБОЛ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА 5-ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

№522 2-Ноябрь-8-Ноябрь, 2012-ж


«Үйсүздөр арасында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу» дегенди уктуңуз беле? 5-14-октябрда Мексикада дал ушундай аталыштагы мелдеш өтүп, Кыргызстандын командасы 5-орунду ээледи. Мелдешке 2 кызыбыз катышып, ийгилик жаратып келишти. «Футбол өлгөн» деп кейиген кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрүн жана «провалдарды» жаза берип тажаган спорт журналисттерин сүйүнтчү күн бар экени кубандырат.

АКМАРАЛ ЖУМАЛИЕВА
Туулган жылы – 1991-жыл, 30-ноябрь.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Статусу – Селсаяк эмес...
Мелдеште эсебине 15 гол жазды.
«Абдыш-Атанын» айымдар курамында ойнойт.
Учурда КУУнун 4-курсунун студенти.

ЖЫЛДЫЗ БООРУКУЛОВА
Туулган жылы – 1993-жыл, 6-июнь.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Статусу – Селсаяк эмес...
Мелдеште эсебине 25 гол жазды.
«Абдыш-Атанын» айымдар курамынын мүчөсү.

– Кыздар, куттуктайбыз! Кандай барып келдиңер?
Акмарал: – Рахмат, жакшы барып келдик. Келип эле Кантта айымдар арасында өтүп жаткан Өлкө чемпиондугуна катышуудабыз. «Абдыш-Ата» тизмеде биринчи келатат. Андыктан талап, машыгуу күчүндө.
Жылдыз: – Бутумдан алган жаракатка байланыштуу мен бул мелдешке катышкан жокмун. Мексикада бутумдан алган жаракатка карабай ойноп келгем. Бул жакта дарыгерлер ойноого уруксат бербей, азыр операция белгиленген күндү күтүп жүрөм.

– Жылдыз, айтсаң, бул мелдешке кандайча барып калдыңар?
Аталган мелдеш жөнүндө көптөн бери угуп жүргөнбүз. Анын өзгөчөлүгү, бир оюнчу эки жыл катары менен катыша албайт. Ортодо бир жыл өткөрүш керек. Биздикилер мурун да барып жүрүшкөн. Быйыл болсо "Абдыш-Атанын" президенти Советбек Сакебаевдин кызы Бегимай эже бизге сунуштап, акча маселесинен улам экөөбүз гана бардык. Мексикадан жергиликтүү футболчулардан үчөөнү катарыбызга кошуп, бир команда болдук.

– "Селсаяктар арасында Дүйнө чемпиондугу" деген сөздү биздин эл кандай кабыл алды?
Акмарал:(Күлүп) Азыр бизге жолуккан ар экинчи киши «чын эле селсаяксыңарбы?» деп сурап жатат. Кыргызстанда селсаяк эмес, кадимки кишилер футболго бериле элек го. Бирок чакырыктан баш тарткан жокпуз. Мелдеш ушундай аталганы менен, жогорку деңгээлде өтөт экен. Биз «селсаяк» деген сөзгө намыстанбай, уялбай эле, тескерисинче, океандын ары жагында футбол ойноп келгенибизге кубанабыз.

– Мелдештин жүрүшүндө эң оор беттеш кайсы болду?
Жылдыз: – Менин оюмча, Мексика менен болгон беттеш. Мелдешти өз мекенинде кабыл алып жаткандыктанбы, даярдыгы да, ылдамдыктары да жогорку деңгээлде экен. Аягында ошолор чемпион болушту. Бирок мелдештин башкы талапкерлеринин бири – Бразилия менен жакшы оюн болду. Бул экөө алдыңкы орунду ээлешти. Кызыгы, мелдештин башында бизден утулуп калган Чили 3-орунду алып кетти.
Акмарал: – Бирок бардык командалардын сыйлыгы бирдей эле болду, окшош медалдар менен сыйланышты. Калыстык болду.

– Ал жерде Кыргызстан жөнүндө билишет бекен?
Акмарал: – Футболго кызыккан кишилер билиши мүмкүн болчу, эгер Кыргызстан футбол боюнча күчтүү өлкө болсо. Тилекке каршы, билишпейт экен. Биз менен кытайча «нью хао» деп учурашып жаткандар болду. Мен баратканда ойлоп жаткам, мүмкүн болушунча өлкөбүздүн атын чыгарабыз деп. Максатыбызга жеттик окшойт, акыркы оюндарыбызда күйөрмандар ордунан туруп кол чаап жатышты.
Жылдыз: – Бир канча оюн ойногон соң гана алып баруучулардын тили жатыгып калды. Башында Казакстан деп адашып тааныштырып жатышкан. Андан кийин биздин аттарыбызды, мекенибизди так айта башташты.

– Мехико дүйнөдө калкынын жыштыгы, шаардын кооздугу менен белгилүү. Силерге эмнеси жакты, эмне эсиңерде калды?
Жылдыз: – Элестетиңиз, ошол эле шаарда 8 миллиондон ашык калк бар экен. Киши өтө көп. Бишкекке келсең, дээрлик киши жоктой сезилет.
Акмарал: – Мени да ошол таң калтырды. Жол чырактын кызыл жарыгы күйгөндө кишилер кадимкидей агылат экен. Андай сандагы кишини Бишкекте митинг болгондо эле көрсө болот.

– Маегиңерге рахмат.

ҮЙСҮЗДӨР АРАСЫНДАГЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ
Мелдеш 2003-жылдан тарта жыл сайын өткөрүлүп келет. «Селсаяк» десе ашыкча түшүнүк издебей, көчө футболунун жобосун элестетиңиз. Дарбазачы өз аймагынан чыкпайт, аут сызыктары жок. Топ тосмодон өткөндө гана аут деп эсептелет. Команда эркектерди да, айымдарды да камтыйт. Башкысы «селсаяк» деген статусу болсо болду.
Мелдеш УЕФАнын колдоосу астында массалык футболду көтөрүүгө жана коомдо орду, үнү жок селсаяктар менен байланышууга багытталат. Эгер коомчулук селсаяктарды киши катары көрүп, түз көз карашта карай баштаса, селсаяктар өзүнө ишенип, көйгөйлөрдү өз алдынча чече башташса – уюштуруучулар максатына жеткени. Айта кетсек, мелдешке катышкандардын жүздөн жетимиш жетиси мелдештен соң баңгизатынан жана спирттен оолактап, спортко, жашоого жана жакындарына кайтат. Үй, жумуш табышат.

Мелдеште Кыргызстан 13 команда менен бирден ойноп чыгып топтогон 24 упай менен 5-орунду камсыздады.

Жеңиштер:
Кыргызстан-Канада – 18:0
Кыргызстан-Чили – 4:3
Кыргызстан-Парагвай – 12:1
Кыргызстан-Англия – 11:3
Кыргызстан-Аргентина – 8:2
Кыргызстан-АКШ – 8:4
Кыргызстан-Колумбия – 8:7
Кыргызстан-Гватемала – 13:1

Жеңилүүлөр:
Голландия-Кыргызстан – 11:7
Мексика-Кыргызстан – 16:0
Кыргызстан-Венгрия – 1:2
Кыргызстан-Бразилия – 2:6



Кыргыз "селсаяктары" дүйнөлүк чемпиондукта

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
04.11.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatynakai kizdar eken,molodcy tak derjat'...
SUPER.KG видео
04.11.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заранее билгем биринчиле кыздардын сулуулугун жазышат деп внатуре красотки молодцы
SUPER.KG видео
05.11.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
молодцы кыздар футболунар ооркундоп осо берсин мирге чыкканга аракет кылгыла балдар чыкпаса силер чыккылачы.....
SUPER.KG видео
05.11.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар кыргыздын сыймыктанган кыздары
05.11.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар!!!
05.11.2012. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Azamatsynar kyzdar! Iygilik silerge!
05.11.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар кыздар! Алгаааа!
SUPER.KG видео
05.11.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аябай жакшы кыздар экен Кыргызды таанытып келген рахмат кыздар силерге
06.11.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул футбол чемпионатын биринчи жолу угушум,озубуздун сборный ушул денгээлде дуйнолук чемпионатка чыкканга не жетсин!
SUPER.KG видео
06.11.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul kyzdardy kotorgon sponsorlor tabylyp kop iigilikterdi jarata bergile!
06.11.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баракелдееее!!!
06.11.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ООО бар экенго бизден чыккан футболчулар алга!
06.11.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iygilik silerge kizdar,ar dayim bar bolgula,jash kizdardan onorluu kizdar chigip atishi suyundurot, bolboso kafe-restorandan jigitterden koldoru boshboy jatkan kizdar kop..kop...
07.11.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото сонун
07.11.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар ийгилик каалайм,мага аябай жагат фудбол менда ойночум
07.11.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нью хао )))
07.11.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СУПЕР, ийгилик каалайм !
08.11.2012. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar! Iygilik!
08.11.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
профессионал футболчулар экен го))
09.11.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул созду 1-2 жолу уктум, селсаяк деген эмне озу?? примерно мырктар деген окшойт э?? википедияда жок, айтып койгулачы
09.11.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оомей тиги ак футболкачан кыз менин соседкамго. молодец!!! кыйын кыз аябай щустрая. анан кичине эркекче нежная эмес.хехе. молодц,рада за нее.
09.11.2012. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онорунор оркундой берсин рахмат силерге кудайым дагы дагы жеништерди насип кылган болсун
09.11.2012. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар азаматсынар! биз силер менен сыймыктанабыз
10.11.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз спортун колдогон киши жок, эмне болсо эле акча жок болуп калат. Кыргызстандын спортун жетектегендер каякты карап жатышат!!! Жаш спортчуларыбызды колдобойбу.
Акмарал менен Жылдызга РАХМАТ, азаматсынар, силерге чоон чон ийгиликтерди каалайм
10.11.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aзаматсынар! Ийгилик!
11.11.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар биз силер менен сыймыктанабыз. Ийгилик. 0703030400 номерине созсуз чалгыла кутом.)))))
SUPER.KG видео
11.11.2012. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы!
12.11.2012. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум толкуп аябай кубандым чын созум достор келечек биздин колубузда. Акмарал Жылдыз силер азыр жанымда болгонунарда которуп алып чуркайт элем Кыргыздын кыздары ушундай болот деп.Башка олколорго мактанып....
12.11.2012. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар! Жогорудагы жыйынтыкдык эсепти карап силерге баа бердим, Онорунор оркундой берсин.
SUPER.KG видео
13.11.2012. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuugandar Akmaral Zhumalieva'nyn pochtasyn bilsener standartkgz@gmail.com ' go jiberip koyosunarby pls. Al kyz jonundo emne bilsener baaryn. sponsirovat etem. she got sth that i've never found.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: