ӨЗ АТАСЫН БАЛТАЛАП ТАШТАГАН

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж


Ар бир ата уулун жакшы максат менен чоңойтуп, ага жакшылыктарды гана тилейт эмеспи. Ал эми акыл-насаатын айтып, уулун түз жолго үндөгөнү үчүн биздин бүгүнкү сөз кыла турган каарманыбыз өз канынан жаралган баласынын колунан ажал табам деп ойлогон эместир...

ШЕКТҮҮ ҮЙ ЖАНА ШЕКТҮҮ АДАМ
Үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында болжол менен түнкү саат 01:45 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородное айылынын тургундары тарабынан көчөдө бир киши өлүп жаткандыгы тууралуу милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке алгач нөөмөттөгү Аламүдүн
РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкери барып, 55-60 жаштардагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин көчөдө жаткан жансыз денесин көргөн. Ошол замат милиция кызматкери үрөйдү учурган бул кылмышты жасаган кылмышкерди табуу үчүн тез аранын ичинде аракеттерди көрүп баштаган.
Милиция кызматкери маркум жаткан жерге жакын жердеги үйлөрдүн биринин дарбазасына жакын басып барып, ал үйдүн бардык бөлмөлөрүндө жарык жанып турганын, бирок ичинде бир да киши жок экенин байкайт. Болду-болбоду кылмышкер ушул үйдө болуш керек деген ой менен ал бактын аркасына жашынып, үйдү акмалап турган. Себеби маркум так ушул үйдүн дарбазасына 4 метрдей жакын жерде жаткан. Аңгыча дарбазадан бирөө чыгып, каяккадыр шашып кетип баратканынан улам кылмышкер экенин шекшиген милиция кызматкери аны кармап калууга жетишкен. Так ушул учурда ыкчам тергөө кызматкерлери да жардамга келип калышкан.

КЫРСЫК АЛЫП КЕЛГЕН ТУУЛГАН КҮН
Тез аранын ичинде маркумдун өздүгү такталып, ал Пригородное айылынын тургуну, 1954-жылы туулган Т.Ж. болуп чыккан. Анын жогоруда сөз болуп жаткан үйдүн кожоюну экендиги да билинген. Ал эми аны бир нече жолу башка чаап, мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелген адам маркумдун өз уулу, 1983-жылы туулган М.Ж. болуп чыккан.
Тергөөнүн маалыматына таянсак, окуя мындайча болгон. Так ошол күнү 29 жашка чыккан М.Ж. туулган күнүн көчөдөн теңтуштары менен белгилеп, түн ортосунда үйүнө мас болуп кайткан. Уулунун спирт ичимдигин ичип келгенин көргөн атасы аны жемеге алат. «Ичкилик жакшылыкка алып келбейт!» демекчи, атасынын акыл-насаатын кулагынын сыртынан кетирип, аны уккусу келбеген уулу каяша айтып, сөздөн чуу чыккан. Акыры чуунун аягы чоң жаңжалга айланып, мас абалындагы уулу атасын сабап, андан соң бычак алып келүү үчүн жөнөгөндө атасы көчөгө чыга качкан. Аны байкай койгон уулу эшиктин алдында турган балтаны алган да, атасынын артынан кууп жетип, башка бир нече жолу чапкылап жиберген. Андан соң эртерээк изин жашыруу максатында кайрадан үйүнө кирип, кийимдерин баштан-аяк которуп чыккан. Бирок ал максатына жетпей, чыга бергенде эле милиция кызматкерине кармалып отурат.

«КЫЛМЫШЫН ТОЛУГУ МЕНЕН МОЙНУНА АЛДЫ»
Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматынын инспектору Нурбек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кылмышка ошол жерден табылган кандын издери калган балта далил болгон. Кылмышка шектүү М.Жга КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Ал кылган кылмышын толугу менен мойнуна алып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Албетте, ар бир кылмыш мейли мыйзам чегинде, мейли Жараткан тарабынан, айтор, жазасыз калбайт. Атасын аёосуз балталаган уулду «уул» деп атоого да ооз барбайт. Эми анын орду темир тор артындагы муздак дубалдардын ичинде деңизчи. А жалпы коомчулук бул окуядан соң чектен ашыкча арак ичүү менен кызуу кандуулук эч кандай жакшы ишке алып барбай тургандыгын аңдаганыбыз оң.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Өз атасын балталап таштаган

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
11.12.2012. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум чыдабай кетти заман кайда баратат баары ушу жинди суунун айынан тооба кылдым...
11.12.2012. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын..... Тообо кылдым
11.12.2012. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактазын мындай окуяалардан эч кимде болбосун уулу да нак айбан экен ушунчага да барабы тобоо.
11.12.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге бир мыйзам керек ал олум жазасы смертный казнь, же ким бирооолорчосунон таш-барангы
11.12.2012. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз бир тууган атасын олтургон бул чон куноо...арак деген арам да.
SUPER.KG видео
11.12.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын ушундайлардан. балдарыбыз ыйманы менен акылдуу болсун суранам кудайдан!
SUPER.KG видео
11.12.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бунун баары динсиздиктен ыймнасыздыктан келип чыгат туугандарым ошол баланы чонойтуп жакшы карап эле койуу эмес да ага аллахды таанутту жашоодон максатты уйроту Силер чондор тариялап жатасынар бул чындык бирок туура тарбия беруу керек мисал мен азыркы учурда Москва жергесиндемин орус туугандар балдарын укумуш карайт бирок атин тилеке каршы алар ата энесин ошентип карабастан таштап кетишет Бул аябай окунушту балага туура тария бериш бул ата энеге каласа калабаса милдеттинер болуп кала берет
11.12.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылалы мусулмандар, менимче баласы психикалык жактан аябай начарго...
SUPER.KG видео
11.12.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
арак арам аягы жаман менен бутот.
11.12.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас
SUPER.KG видео
11.12.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары арам иштер жинди суудан келип чыгып жатат, жинди суу ичкен жандар итке бербеген сууну ичпесеңер жакшы болмок, мындай окуя акыл-насаат сөздөрдүн, жомоктордун мисалы катары айтылып жүрчү эле, мына арам суунун акыбети.
11.12.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын,балам деп журуп байкуш кете берди,ар бир балага кудай ынсап берсин.баласын эми эмне кылса да артка эч нерсе кайтарылбайт го.
11.12.2012. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Akyrky buwaiman,ozuno duwman" deit.
11.12.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баламдын колунан өлөм деп ойлобогон болуш керек,ата байкуш.Ар бир баланы ыйманы менен берсин да.
11.12.2012. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйман берсин ар бирибизге.ичкиликтин натыйжасы алы жеткен Адам ичсин ичккиликти да
11.12.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маркумдун жайын бейиштен берсин аллахым. Тарбияны туура берели балдарыбызга урматтуу мусульмандар балдардын тарбиялуу болуп осуп чоноюшу ата энеден болот. Ата энелер ар дайым бар болушсун. Ата эне бул уй булонун тамыры болуп эсептелет. Бардык ата энелерге омур тилейм. ал эми зоокур баланы аллах жазаласын. Андай зоокурдун орду турмо.
11.12.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сакта!Келме келтирип,тообону айтып журолучу арак ичпей.
12.12.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul bizdin tuugandarybyz bolot ayabai okunuchtuu okuia boldu (((( Meerimbek ozu negizi urist slavyanskyi universitetti butkon, apasy omur bou mugalim bolup ishtedi slavyanskyi universitette ,karyndashy Italida jashait, baikesi Amerikada tan kalasyn jakshynakai ele jurdu ele emne shaitan azgyrdy kim bilet(( emnesi bolso da Turgunbek baikege beiyshtin torunon orun berilsin jatkan jeri jailuu bolsun !!!
12.12.2012. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо кудай качан бизде жакшы жашоо болот.....адамдар не болуп атат, Жаратканым ыйман берчи элибизге
12.12.2012. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп баратат шумдугун кургур заман болду го буга атуу берсе оной жаза болуп калат андан коро турмодо чиритиш керек мындайларды!
12.12.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
американын кинолорундагы корунуштор ар жумада болуп жатат КРда.
13.12.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак ичпей заар ичип калсан экен ылайым. Сен акмак торолгондо атан суйунучу койнуна батпай аябай суйунсо керектир эле. Уулум чонойсо, мындай болсо тигиндей болсо деп. А сен арам олгур кылганынды карачы!
14.12.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуя 3 жолу уктап турсак тушко кирбесе керек. Кудай деп журолу, заман бузулуп баратат, алладан дуба кылып , ар бирибизге ыйман, тынччылык, адептуулук тилейли мусулман бир туугандар.
14.12.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кур заманыбыз эмне болуп баратат
SUPER.KG видео
14.12.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тообо кылдым мен мындайды озумдун душманыма да ыраа корбойм.. байкуш киши тушуно да кирбеген нерсени коруптур(((((
SUPER.KG видео
14.12.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу. арак жаман жолго жетелегени анык, бирок баары эле эмес да, чеги менен, мынчалык денгээлде эмес...... А бул КАНКОРдун болсо адам сыягы жок, озунун эн ыйык адамын мынчалык кордук менен олтургон, мындан жакшылык умут кылбоо керек, так что БУЛ КАНКОРго, бул дуйнодон орун жок, анын озун кыйнап олтуруу керек, ошондо тиги дуйнонун тозогуна алоолонуп куйсун
SUPER.KG видео
18.12.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу чечсин эми Бул жагын.Ичбеш керек достор!
25.12.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ал учун олтурбогондур,намысынан туулган кун шылтоо деп койгондур,атасы балким жаман иш жасаган,беш кол тен эмес,гандай болгондо дагы ата-энеси оздору гуноолуу,тарбияны адамча берген эмес,оздору чонойткон
SUPER.KG видео
05.03.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактан деле эмес адамдын озунон
SUPER.KG видео
20.03.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх арак себеб болгон бирок канча арак ичкен кунджо до оз атасын олтургон бул айбаню Алла кечирсин. айбанаттарда олтуро беришет заман кайда баратат. арактан еч качан пайда болгон емес и болбойт дагы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: