КЫЗГАНЫЧТАН КИШИ ӨЛТҮРҮШТҮ

№529 21-27-Декабрь, 2012-ж


Масчылыкта киши өлтүрүп алуу бүгүнкү күндө турмуштагы кадыресе көрүнүш болуп бараткандай. Мындай кылмыштардын көпчүлүгүнүн сценарийи да окшош. Ичкилик – мушташ – өлүм. Себеби ар кандай, уурулук, жеке кастык же башка болушу да мүмкүн. Ал эми биз сөз кыла турган окуяда адам өлүмүнө кызганыч себеп болгон.

БИРӨӨСҮ КАЧЫП, ЭКИНЧИСИ ТОКМОК ЖЕП...
12-декабрда милицияга Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишине жакын жерде кишинин өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өлүк табылган жерге барган милиция кызматкерлери анын катуу токмок жегенден каза болгондугун аныкташкан. Кылмышкерлер курмандыгын аёосуз сабашкан экен. Маркумдун аты-жөнү да такталып, ал убактылуу эч жерде иштебеген Сергей аттуу 27 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Кылмыш болгон аймакта иш алып барышкан оперкызматкерлер бир нече сааттан кийин бул кылмышка шектүүлөрдү кармашкан.
Тергөөнүн версиясы жана кылмышка шектүүлөрдүн айтуусу боюнча окуя төмөнкүчө болгон. Валерий Колесников менен Андрей Зайцев спирт ичимдиктерин көтөрүп алып, тааныш кыздарынын үйүнө келишет. Алар менен чогуу майрамдап отурушканда кыздардын дагы эки тааныш жигити келип калат. Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт болгонбу же кыздарды кызганганданбы, айтор, чогуу ичип отурушуп, жигиттердин ортосунда чыр чыгат. Талашты күч менен чечишмекчи болушуп сыртка чыгышат. Чыр мушташка айланып баштаганда кийинки келген коноктордун бири качып кетип, экинчиси катуу токмок жейт. Жыгылып калганда да аны экөөлөп ур-тепкиге алышып, аны жаткан жеринде таштап, үйгө кирип кетишкен.

«САБАГАНДАН КИЙИН ҮЙГӨ КИРИП УКТАП КАЛЫППЫЗ»
Кылмышка шектелип кармалган Андрей Зайцев:
– Кечки саат тогуздар чамасында мешке от жагып жатсак кызуу абалда эки жигит келип калды. Алардан «кимге, эмнеге келдиңер?» деп сурасак, «силердин кыздарыңарга келдик» дешти. Ал кыздар менен жакын достордон экенибизди билишпейт окшойт. Сөздөн-сөз чыгып, алар сөгүнүп киришти. Жакшы айтып түшүндүрсөк да болбойт, бир убакта мушташып кеттик, бирөөсү качып кетип, экинчисин тепкилеп кирдик. Жатып калды эле, тургузсак, 2 метрдей басып отуруп алган. Анан биз үйгө кирип кеттик. Бир убакта чыксак, дале отуруптур, жакшы эле болчу. Кайра кирип арак ичкенден кийин уктап калыппыз. Эртең менен турсак, «киши өлтүрдүңөр» деп милиция кызматкерлери кармап кетишти.

«ЭКӨӨ ТЕҢ МУРУН СОТТОЛГОНДОР»
Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматынын инспектору Мырзабек Токтосунов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмыш боюнча шектелип, мурун уурулук кылгандыгы үчүн соттолгон 1981-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Валерий Колесников жана мурун баңгизаты менен кармалып, соттолгон 1986-жылы туулган Кант шаарынын тургуну Андрей Зайцев кармалган. Алар кылмышын мойнуна алышты. Экөөнүн үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кармалгандар СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.



Кызганычтан киши өлтүрүштү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(16)
24.12.2012. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан ичкиликтин арты жакшылык менен бутту эле.Зоокурлор!
25.12.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurbanalieva1991, Кайерге кирсем сен.
26.12.2012. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslanbek040410, Анда экоонордун жолунар бир болуп баратыптыр
25.12.2012. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да коомдун бир корунушу арак,тамеки, наркотик дегенди канча бекитсек да акылы кыска киши таза суу ичип да ушундай кадамга бара берет.Андан коро келгиле; мен таза болом, сиз таза болос баардыгыбыз тазарсак буга окшогон видеолор азаймак
SUPER.KG видео
25.12.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арактын кесепети эмес,бир эле алар ичпейтко аракты,арактан болсо анда баарыле кырылмакко
25.12.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жун баштар кылды орусияда да крда да!
25.12.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштин баары кыздарда, эки жакты тен чакырган ошолорда
25.12.2012. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мындай болуп турат,актап койгула
25.12.2012. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын!кылганын закон чегинде мойну менен тартыш керек!арактын артыда!
26.12.2012. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздарды да камаш керек
26.12.2012. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болду эми? Кош бол эркиндик!
SUPER.KG видео
26.12.2012. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноосу тактала электе эле киши олтуруу боюнча кылмыш иши козголо береби?
27.12.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир пенде адашат,кудайым кечирсин!
27.12.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар жаман болгонго эки тоонун чобун жейм деп балекет чыгарган
28.12.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы элибизде ыймандуулук эле кобойсунчу. Ал антиптир тигил мынтиптир деп табалагандан эч пайда жок. Элибизге ыйман, акыл парасат жана терен тушунучулук каалайм!!!!!! Мындай нерселер экинчи болбосунчу!!!!!
28.12.2012. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм капаста жыргагыла эми кыздардыда кошуп камап салуу керек кыргыз кыздар болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: