ЖАШ ФУТБОЛЧУЛАРЫБЫЗ БИЗДИ КАНТИП ЖЫЛМАЙТТЫ?

№536 8-14-февраль, 2013-ж


Жакында Санкт-Петербургда аяктаган футбол боюнча Шериктештик кубогунда 21 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курама командабыз жараткан 4 талкууну назарыңыздарга салып, комментарий алдык.

4 СУРОО ЖАНА 4 ЖООП:
1.
Чынында, футбол боюнча жаштар арасындагы Кыргызстан курама командасы «В» тайпасына түшкөндө алардан жогорку сапаттагы оюн көрөбүз деген ой жок болгон. Анткени башка командалар футболдун өнүгүшү боюнча Кыргызстандан анча алыс болбосо да, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кадырлуу орун күтүп калышкан. Антсе да биздикилер ушул тайпада Орусия менен Өзбекстанга татыктуу жоо болуп, эсептик катышта тең оюн көргөзүп, Казакстандан утулуп калышты. Кыргыз футболунун келечегине мактоо сөздөр айтылып, өмүрү футбол көрбөгөндөр да кызыгып, суроо салууга өтүштү.

– Ушул оюндар кыргыз футболунун өнүгүшүнө тепкич болуп бере алабы?
Курамдын башкы машыктыруучусу АНАРБЕК ОРМОНБЕКОВ:
– Биздин курамдын оюну, чынында, көпчүлүктүн чекесин жылытыптыр. Жылуу сөздөр айтылууда. Албетте, биз болгон күчүбүздү машыгууларга жумшадык. Машыгуу азыраак болуп калды деңизчи, бирок жакшы оюн көрсөттүк дейт элем. Көбүрөөк машыкканда анын да акыбети кайтат эле. Дагы бир себеби, курам жаштардан түзүлгөн. Көкүрөктө патриоттук дух ойноп турган маал. Катуу тартипте машыгып, эл аралык деңгээлде көбүрөөк тажрыйба топтоп турсак, эмне үчүн биздин футбол өнүкпөсүн?

2.Негизи, футболдо команданын ийгилигин 2 багытта карап көрүүгө болот. Жеңиштин 50 пайызы футболчулардын жогорку чеберчилигине, физикалык даярдыктарына байланыштуу. Ал эми 50 пайыз машыктыруучунун коюлган тапшырмасына, тактикага жана машыктыруучу түзгөн командалык оюнга жараша. Жеңиш алып келүүчү өңүттө көбүнчө машыктыруучунун эмгеги чоң. Орусиядан татыктуу оюн көргөзүп келген соң аталган курамдын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков да мактоолорго татыды. Кантсе да жакшы командир жакшы жоокер тарбиялагандай эле, жакшы машыктыруучу жакшы оюнчу тарбиялайт эмеспи...

– Башкы машыктыруучу курамды кантип жеңилүүдөн сактап калды?
– Оюндарга тапшырма менен чыгып жаттык. Казакстандан утулганыбыздын себеби, андай майданда тажрыйбабыздын жоктугу болду. Командага рахмат, кийинки оюндарда тапшырманы так аткарып, өзүнүн мыкты мүнөздөрүн көргөзүштү. Машыктыруучунун негизги жеңиши – курамды толук чогултканында. Мен өзүмө баа бере албайм. Бирок биздин командадагы футболчулар туура тандалган деген ойдомун.

3.Келечекке кайдигер карабаган, эч болбосо өзүбүздүн футболдо ойноого ниети бар курам даярдалыптыр. Негизинен, мактоого арзыганы оюнчуларыбыздын ар беттеште өзгөчөлөнүп жатканы болду. Бир суроо ушул жөнүндө болсун.

– Курам кандайча даярдалып, кантип чогултулган?
– Курамды, негизинен, «Абдыш-Ата» жана «Дордой» клубдарынын футболчулары түзөт. «Алгадан» да оюнчу алдык. Айрымдары Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү. Биздин жаштарда келечек бар.

4.Эң көп талкуу жараткан дагы бир жагдай, команданын капитаны Валерий Кичиндин айып соккусунан 30 метр аралыкта киргизген голу болду. Чынында, бул мелдештеги эң мыкты голдордун бири экени талашсыз. Дэвид Бекхэм, Криштиану Роналду сыяктуу мындай алыс аралыктан гол киргизгендер Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө колдун манжаларындай саналуу гана.

– Валерий Кичиндин бул голу кокустукпу же чеберчиликпи?
Команданын капитаны ВАЛЕРИЙ КИЧИН:
– Мен машыгууларда атайын алыстан тээп машыккам. Капитан катары команданын артта калуусун каалаган жокмун. Айып соккусу берилгенде болгон чеберчиликке салып, болгон күчүм менен тептим. Команданын колдоосун, ишеничин жонго артып турганда киргизген бул голум карьерамдагы эң мыкты голдордун бири болуп калды.



Жаш футболчуларыбыздын ийгилиги

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
SUPER.KG видео
09.02.2013. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодцы ребята так держать.
SUPER.KG видео
09.02.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЭЭ оригинал жыгиттер алга
SUPER.KG видео
09.02.2013. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргызстан!!!Алга Кыргызстан!!!Алга
Модератор admin_media түзөттү 11.02.2013 09:31
SUPER.KG видео
10.02.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар!
SUPER.KG видео
10.02.2013. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Wow! azamattar uwintip onugot KG alga!
11.02.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар. Бийлик тарабынан биздин футболго колдо жок чынын айтканда, азыраак колдо коргозуп футболчуларыбызга шарт тузуп койсонор мындан да жакшы ийгиликтерге кубоо болмокпуз.
12.02.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо го го Кыргызстанымдан айланайын патриоттор!респект силерге
15.02.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар достор!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: