МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН БЫЧАКТАП, ҮСТҮНӨН ТЕБЕЛЕТИП КЕТКЕН

№536 8-14-февраль, 2013-ж


Үстүбүздөгү жылдын алгачкы айы милиция кызматкерлери үчүн кандуу болду десек туура болчудай. 11-январда Ошто ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевди атып кетишсе, 23-январда Жайыл РИИБинин күзөт кызматынын кызматкери Айдаркул уулу Сардарбек бычакталып каза болуп отурат. Шоноевдин өлүмү кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо, Сардарбекти кылмышкер жол кирени төлөбөө үчүн өлтүрүптүр.

КИШИ ӨЛТҮРҮП, ӨЗҮ ДА АСЫНЫП АЛГАН
23-январда таңкы саат алтылар чамасында Талас жана Ош тарапка бараткан айдоочулар Бишкек-Ош унаа жолунун 77-чакырымында, Сосновка айылына жакын жердеги жол боюнда оор жараат алган Сардарбекти байкап калышкан. Ал араң кол булгалап айдоочуларды токтотконго жараган. Аларга өзүнүн аты-жөнүн, милиция кызматкери экендигин, кимдер ушул абалга жеткиргендигин айтып, агасына телефон чалып айтып коюуларын суранган. Иниси тууралуу маалыматты уккан агасы өз кезегинде Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган.
Милиция кызматкерлери, «Тез жардам» келип, бирок дарыгерлерге Сардарбекти сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын денесине 11 жолу бычак сайылганын жана бир нече кабыргасы сынгандыгын аныктаган. Ал эми Сардарбекке тиешелүү
Субару Форестер үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул кылмыш боюнча Жайыл РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Эртеси күнү маркумдун уурдалган автоунаасы Чүй облусунун Панфилов районундагы талаадан, бадалдардын арасынан табылат. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр аныкталып, Феруза Мамытова жана Раимбек Кадыров деген адамдар колго түшүрүлгөн. Ал эми 27-январда эртең мененки саат 8дер чамасында Бишкек шаарындагы «Сорока» аталыштагы көлмөнүн жанындагы токойчодо башкы күнөөкөр деп шектелип жаткан Медербек Шералиевдин асынып өлгөн денеси табылган. Анын үстүндө Сардарбекке тиешелүү милициянын бушлаты жана чөнтөгүнөн маркумдун 2 уюлдук телефону табылган.

АКЧА БЕРЕМ ДЕГЕН КАРДАРЫНАН БЫЧАК ЖЕП...
Тергөөнүн версиясы боюнча окуя төмөнкүчө болгон. Күзөт кызматында иштеген милициянын прапорщиги Айдаркул уулу Сардарбек эмгек өргүүсүндө жүргөн. Эс алуусу аяктап, 1-февралда кызматына чыкмак экен. Эмгек өргүүсүн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы ата-энесинин үйүндө өткөргөн. Ош шаарында жашаган эжесине жолугуп, Бишкекке сапар тартмакчы болот. Жүргүнчү сала кетүүнү ойлоп, автобекетке барып кардар күтөт. Ошол убакта Медербек аттуу жигит келип, «аялым менен урушуп кеткем, аны кайра Бишкекке алып кетишим керек. Төрт кишинин жол киресин төлөйм. Бирок жанымда акча жок, Бишкекке барганда агам төлөп берет» дейт. Тактап алуу үчүн Сардарбек анын агасымын деген адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ал төлөөрүнө кепилдик берет.
Ошентип, келишим боюнча экөөнү Чүй облусуна караштуу айылдардын бирине жеткиргендиги үчүн 8000 сом төлөмөкчү болот. Оштун Батыш кичи районунан Медербектин аялын алып, Бишкекти көздөй сапар алышат. Медербек жолдо спирт ичимдиктерин ичип келет. Кантип төлөбөй коюунун шылтоосун издеп, Сосновка айылы тарапка келгенде «8000 сом эмес, 6000 сом деп макулдашканбыз» деп атайылап чыр чыгарып, экөө сыртка чыгып мушташа кетишет. Жүргүнчү бычак менен Сардарбекти бир нече ирет сайгылап, унаанын рулуна отуруп, канга жуулган адамдын үстүнөн тебелетип өтүп кетет. Ошондо Сардарбектин бир нече кабыргасы, колдору сынып кеткен.
Автоунааны айдаган Медербек Панфилов районунун Панфилов айылындагы эжесинин үйүнө жөнөйт. Жездеси Раимбекке кантип киши өлтүргөндүгүн толук айтып берип, анын үйүндө экөө кылмышка далил болуучу кан болгон кийимдерди, милиция кызматкеринин кызматтык күбөлүгүн өрттөп жиберишет. Раимбек аларды милиция кызматкерлери издеп жүргөндүгүн угуп, экөөнүн колдоруна 1400 сом акча карматат да, Бишкекти көздөй узатып жиберет. Кийин кайниси телефон чалганда «силерди милиция кызматкерлери издеп жатышат» деп маалымдаган.

«КҮЙӨӨМ МЕНЕН КОРККОНУМДАН УЛАМ ЭЛЕ ЖАШАГАМ»
Кылмышка шектелип кармалгандардын бири ФЕРУЗА МАМЫТОВА:
– Медербек – күйөөм, аны менен 3 жыл жашагам. Мени дайыма сабай берчү, ал тургай ал сабагандан калган тактар дале бар. Жаныма илеген коюп байлап койгон учурлары да болгон. «Мени менен жашабасаң апаңды үйгө камап, сыртынан өрттөп жиберем» деп коркутчу. Ошентип, аны менен 3 жыл жашагандан кийин ажыраштык.
Ошто жүргөм, 22-январь күнү кечки саат 8-9дар чамасында курбум экөөбүз баратсак, Медер курбумду бутуна тээп жыгып, жанындагы жигит экөөлөп мени машинага салып айдап жөнөштү. «Кайда барабыз?» дегениме «Бишкекке кетебиз» деп жооп берди. «Бишкекке барбайм» деп жол бою ыйлап келдим. Күйөөмдүн мүнөзүн жакшы билгендиктен, коркуп отурдум. Ага «машинадан түшүп, сүйлөшөлү» десем болбой койду, айдоочу да токтоткон жок. Жолдо айдоочу менден «Бишкекте кайнагаң барбы?» деп сурады эле, «жок» деп жооп бердим. Медер мени жаакка бир чаап, тиги кишиге «бул ушинтип айта берет, барганда жол кирени төлөп берем да» деп койду.
Сосновка айылынан өткөндөн кийин бир жерге келип токтодук. Сыртка чыккандан кийин экөө мушташа кетишти. Ажыратмакчы болсом, Медер «бар, машинага отур» деп мени кубалап жиберди. Бир убакта күйөөм кан болуп келди, «эмне болду?» десем, «тигинин каны чачырады» деп койду. Айдоочу ордунан туруп, жол жээгине отуруп калганда Медер машинаны айдап барып сүзүп, үстүнөн тебелетип өтүп кетти. Анан жолдо келе жатып таежесинин үйүнүн жанына токтоп, жездеси менен 5 мүнөттөй сүйлөшүп, кайра машинаны айдап Панфилов айылындагы эжесинин үйүнө бардык. Үйдөн Раим жезде чыгып, Медер ага иштин жайын түшүндүрдү. Экөө машинанын колонкасын чыгарып, айдоочунун кийимдерин алышты. Андан соң бир жакты көздөй айдап кетип, 2 сааттан кийин машинасы жок эле кайтып келишти. Кичинекей сумкада документтер бар экен, Раим жезде аны мештеги отко салып жиберди. Медер болсо үстүндөгү кан болгон кийимдерди чечип, айдоочунун кийимдерин кийип алды. Раим жезде бизге «бул жерде силерди кармап алышат, андан көрө Ошко кеткиле» деп 1400 сом акча берди.
Экөөбүз таксиге отуруп Бишкектеги «Ош базарына» келип, күнүмдүк берилүүчү батирге 2 күн түнөдүк. Медер «бирөөгө жолугуп келейин» деп сыртка чыгып, бир убакта кайра мас болуп келди. Апасына телефон чалып, «мен бирөөнү өлтүрүп салдым» деп айтты эле, ал «колуң менен кылганды мойнуң менен тарт, жадатып бүттүң. Бир камалганыңда чыгардым, эми дагы чыгарып алганга акыбалым жок» деп урушуп салды. Бир убакта сыртка чыгып кеткен, ошол бойдон кайтып келген жок. Мен сиңдимдин үйүнө барып, андан 500 сом акча алып, таксиге отуруп Ошко кеттим. Ал жактан мени кармап, кайра алып келишти.

«БАШКЫ КҮНӨӨКӨР АСЫНЫП АЛГАН»
Чүй облустук ИИББнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары АСКАТ КАЛИЕВ:
– Бул кылмышка шектелип 1984-жылы Кара-Суу районунда туулган Мамытова Феруза Пайзуллаевна жана 1971-жылы Ноокат районунда туулган Кадыров Раимбек Келдибекович колго түшүрүлдү. Бири Ош облусунан, экинчиси Чүй облусунан кармалышты. Феруза Мамытова «кылмышка кошо катышкан» деп айыпталса, Раимбек Кадыров «кылмышты жаап-жашырган» деп айыпталууда. Себеби ал күнөөлүү деп айыпталган Медерди «көргөн эмесмин» деп жашырып, милиция кызматкерлерин тетири жолго салган. Ал эми башкы күнөөлүү – 1981-жылы туулган Шералиев Медербек Марипбекович асынып алыптыр. Тааныштарынын айтымында, ал мындан мурун да 3-4 ирет өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет кылган экен. Кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын прапорщиги, 28 жаштагы Айдаркул уулу Сардарбек 2005-жылдан бери орган кызматында эмгектенип келген. Маркумдун артында кичинекей уулу жана төрөгөнгө ай-күнү жакындап калган аялы калды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Милицияны бычактап, үстүнөн тебелетип кеткен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
02.02.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтууууу окунучтуууу
SUPER.KG видео
02.02.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор мындай шакалдардан
SUPER.KG видео
03.02.2013. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан тартуулаган бир омур,бир жашообузду неге акылыбыз менен тируулуктун баркын билип жашай албайбыз?Заманды куноолоп,акыркы жылдары ар кандай оор тагдырларды талкалага кылмыштар кобойуп кетти.Буго коом куноолубу же балага оз учурунда тарбия брген ата энеби?
SUPER.KG видео
03.02.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аптасына супер инфо канчалаган кылмыштар тууралуу жазат, таң калганым кылмыш болобу же башка көп иштер коомго ачык жарыяланат экен. жада калса Кыргызстандагы окуялар дүйнөлүк маалыматка чыгып кеткенин кандай түшүнсө болот?
Ким кандай иш кылса да өз жазасын алат, закондон кутулса да кудайдан качып эч жакка бара албайт.
SUPER.KG видео
04.02.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунгон жокмун бул кызды неге кармашты анан???? Озун озу асып алса...кызыл шапкечендер тиги дуйнодон кармап келишпейби адам олтурдун деп...Мен бул кыздын версиясына кобуроок ишендим))Ушу милиция кызматкерлерин жиним суйбойт, канчалаган бейкуноо адамдарды эптеп ишти жабыш учун мажбурлап мойнуна алдыртканын билип эле журом...аман эле болгула кыскасы!!!
SUPER.KG видео
05.02.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы бул кызга ишенип жатам
байкуш кызга боорум ооруп кетти((((
SUPER.KG видео
05.02.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал олтургон Медерди омур бою отургузуп коюш керек,ато бул аялыны да олтуруп коюшу мумкун чынын айтып бердин деп,уйуно барган жездеси эмнеге адам олтургонуно жардам берген тушунбойм андан коро скорый чакырса байкуш аман калат беле жаш бала экен жашоонун кызыгын корбой кетиптир.
SUPER.KG видео
05.02.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфруАллах. Садырды Медер олтурсо, Медер озун озу асып олсо анан Ферузада не куноо. Тооба кылдым ошо Медердин жездесин сурака албайбы баарына жардам берген экен.
SUPER.KG видео
06.02.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо каяка гана баратат, келечекте жашшоо кандай болот??????
SUPER.KG видео
06.02.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки дуйнонун тозогунда жашады да...
11.02.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар эмне эле болуп кетип жатышат...Не деген шумдук ?Кудайга мин мертебе тообо кылалы.
11.02.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай мындайдын бетин нары кылсын,анчалыка барбайлы!!!
11.02.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakamdy tihstedim tooba kuday sakta! kebetesinen alkashtar go
11.02.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аскат алиев эмес бекен???
11.02.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа.Адамдардын ушунчалык мыкаачы болуп баратканы жаман....Бирок Медердин аялы турмодо отуруп чыккан болуш керек,коп жылдан бери чогуу эле жашап журушкон,эмнеге минтип алдап жатат милицияны.Анын бул жерде куноосу чон эле болуу керек..Ал каза болгон бала жаш эле бала,аялы торойун деп калган,болбогон акча учун ушунчалык мыкаачылыка баргандар тиешелуу жазасын соссуз алыш керек.
12.02.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы да озу олуп алыптыр. Ага повезло.Эгер тируу кармалганда жаралганына бушайман болмок. Болбогон бир айбан деп бир пенде олуп жатса ее?..
12.02.2013. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы да зечкаларга еле окшош екен,жон жургон кыздардан емес тусу да суук екен корунуп турбайбы!
12.02.2013. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Кудай ошолордон ашпасын, бизге жетпесин. Булар уюшкан топко менимче жездесинин деле туру суук. Дагы арабызда канчалаган ою арам макулуктар билинбей жашап журот болду экен ээ???.
12.02.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан десем, адамга окшоп кийинген,
Адамга окшоп ун салганы билинген.
Адам десем,айбандан да мыкаачы,
Адам неге кырылбайт деп куйунгон. (К.Маликов)
12.02.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш ен жакшы адамды да азгырат
12.02.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sardar ayabai jonokoi,ichinde kiri jok jakshy bala bolchu.jakshy adamdardy ajal bat ele alyp ketet tura.((((
13.02.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezi сен Сардарды тааныйт белен?Сардар Айдаркул уулу Аксынын Кош-Добо айылынан болбойбу?Мен армияда Сардар Айдаркул уулу 1985жылкы Кош-Доболук бала менен чогу кызмат кылган элем аттин ошол окшойт!Аллахым жайын жаннаттан кылсын!
13.02.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul duinodogu jazhadan kutulganun menen arku duynodo albette joop beresin
13.02.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш Сардарбек байке аябай жакшы шайыр жигит эле коп акыл айтчу. Эмне кылабыз айлажок жашоо ушул турбайбы жаткан жериниз жайлуу болсун
14.02.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ba-xa, Кечресин?Сардарбекти тааныйсынбы ал Кош-Доболук болот беле?
SUPER.KG видео
16.02.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызды уруп кыйнап мойнуна койуп камашат булар. азыр кызыл шапкалардын заманыда.
17.02.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынанда Сардарбектин кош бойлуу аялына кыйын болду.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul okuyany okup chygyp, men bul ayaldy da kunooluuu dep oiloim, antkeni bul ayal kolu menen jardam berip olturboso dagy Meder Sardardy olturup atkanda janynda bolgon, eger Mederden korkup jashap jurgon bolso anda any milisiyanyn koluna karmatyp koiso bolmok, Meder kankor adam ekenin kozu menen korup turup, unchukpai 3kun gostinkada jatkanyna tan kaldym, bul ayal dagy jakshy joldo jurgon adam emes dep oiloim.
SUPER.KG видео
09.03.2013. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sardarbek Aksynyn kulunu, jash kettin ukam, artynda 1balasy i boiunda bar ayaly kaldy,Jatkan jerin jailuu Topuragyn torpoo bolsun!
Tuugandarga teren kaigyruu menen konul aitam!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: