«ДЕПУТАТ КЕЛДИБЕКОВДУН ЖУБАЙЫ ЖЕТЕКТЕГЕН КЛИНИКАДА БАЛАМДЫ ӨЛТҮРҮП КОЮШТУ»

№536 8-14-февраль, 2013-ж


«Врачтардын айынан төрөгөн тун кызымдан айрылып калдым. Болгондо да өзүм ишенип барган Бишкектин 7-кичи районундагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунан. Кызымды өлтүрүп алышкандан кийин ал жердегилер калптарды айтып, документтерди да бурмалай башташты. Анткени жетекчиси депутат Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова экен»,- дейт көзүн жашылданткан Азиза айым.

«БАЛАЛУУ БОЛУУНУ ЭҢСЕГЕН БАКТЫЛУУ КҮНДӨРҮМ...»

– Азиза, алгач өзүңдү тааныштырып өтсөң...
– Мен, Азиза Беккелдиева, 31 жаштамын. Бишкектин Аламүдүн районунда жолдошум менен турам.

– Окуя баарына түшүнүктүү болсун үчүн башынан баяндап берсең...
– Балалуу болууну кимдер гана эңсебейт. Мен да кош бойлуу экенимде сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. 2012-жылдын июль айында кош бойлуулуктун 25-26-жумасы болгондо №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна каттоого турдум. Андагы гинеколог Асел Ускумбаева мени 37 жумалыкка чейин карап, анализдерди тапшыртып, «түйүлдүктө эч патология жок, жүрөк согушу, кыймылы жакшы» деп жүрдү. 6 ай болгондо допплерограф аппаратына (УЗИнин бир түрү) түштүм. Андагылар «баланын кыймылы, ички органдарынын өсүшү жакшы, патология жок» дешти. Андан кийин да
№3-поликлиникада текшерилип турдум. Боюмда 8 ай болгондо ал жердегилер алмаштыруу картасына (обменная карта) кошуп, төрөгөнгө №2-төрөт үйүнө жолдомо кагаз беришти.

«КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРҮП АЛЫШЫП, ТҮРКҮН КАЛПТЫ АЙТЫШТЫ»

– Сага жолдомо кагаз №2-төрөт үйүнө берилиптир. Анан сен кандайча Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна барып төрөп жүрөсүң?
– Аталган борбор мен жашаган жерден 3 үй эле ары болгондуктан, жакын деп ошол жерде төрөмөк болгом. Мени Сартбаев Тимур деген төрөт бөлүмүнүн жетекчиси кабыл алды. Баланын жүрөгүнүн согушун тыңшап, толгооң башталганда келесиң деп кетирди. Операциясыз төрөсө 6000 сом, операция болсо 7000 сом төлөнөрүн айтып, прайс-баракчаны көрсөтүштү.

– Анан качан бардың?
– 23-октябрда саат 8:15те бардым. Мени Саипжан кызы Гүлайым деген врач кабыл алып, «баланын жүрөгүнүн согушу жакшы» деди. Коридордо күткөн жолдошума «келинчегиң дагы 6-7 сааттан кийин төрөйт, сен үйүңө бара берсең болот» деп аны кетирип, мени 1-палатага жаткызып койду. Ошону менен саат 10го чейин жаныма бир да врач басып келбеди.
Төрөөрүмө аз калганда Гүлзина деген врач келип баланын жүрөк согушун тыңшап, «жакшы, азыр төрөйсүң» деп төрөт залга алып кирди. Ошол кезде бала кыймылдап жаткан. Анан 15-20 мүнөт ичинде өз алдымча төрөдүм. Гүлзина мени төрөтүп жатканда «бала кыйналып жатат, эртерээк төрө» деди. Толгоо чакырчу укол сайышкан жок. Сартбаевдин ордунда иштеп жаткан Романенко бала төрөлгөндөн кийин келди. Баланын киндигин кесип, боорума коюшту. Кызыл эт бала соолугансып эле жатты. Анан эле врачтар баланы дароо алып, маңдайдагы кушеткага жаткызышты. Оозуна бир аппаратты салып, жүрөгүнө массаж жасаганын, укол сайгандарын көрдүм. Бала ыйлаган жок. Врачтар мени бир карашты да, мен алып барган ороого ороп, бетин жаап көтөрүп чыгып кетишти.
Ошондон кийин заматта толгоо убагында мен көрбөгөн врачтар келип тегеректеп, «эмне менен оорудуң эле? Көрдүңбү, жашыл суу кетти. Кызың өлүү төрөлдү» деп киришти. Нес болуп, укканыма ишене бербедим. Эсиме келтирбей «ыйлаба, болбосо кан агуу башталып кетип, өлүмгө алып келет» дешкендеричи?! Ошентип, мени шок абалда палатага жаткызып коюшту. Жеңем, жолдошум барышса, аларга да «бир аптадан бери өлүк баланы көтөрүп жүргөн» деп ооздорун ачырды.

– Бөлүмдүн жетекчисинин өзүнөн сурадыңбы бул тууралуу?
– Толтура врачтар келип тегеректеп, кызымдын өлүмү боюнча версияларын айта башташты. Директору Аида Токтоматова «сенде инфекция болгондуктан, ушундай бала төрөлдү» деп түшүндүрдү. «Мен 9 ай врачтардын кароосунда жүргөндө инфекция жок болсо, эми төрөгөндө кайдагы инфекция? Андай экен, анализ алып, текшертип, жыйынтыгын бергиле» дедим. Төрөгөндөн 2-3 сааттан соң анализге деп кан алып кетишти. Анын жыйынтыгын чыгып жатканда алдым, инфекция жок экен.
«Күйөөң экөөңөрдүн каныңар келишпейт экен, ошондуктан бала өлүү төрөлдү да» деп айтышты. «Андай болсо бала төрөлмөк түгүл бойдо да болбойт го, мунуңар эмне дегендик?» десем жооп беришпеди.

– А сен төрөөрдө «баланын жүрөгү согуп жатат» деген Гүлайым аттуу врач эмне деди?
– Гүлайымды чакырып, «мени кабыл алганда баланын жүрөгү согуп жатат деп айтпадыңар беле?» десем, ал «кечирип коюңуз. Мен ичиңиздеги кан тамырдын согушун баланын жүрөгүнүн согушуна алмаштырып алыптырмын» деп өзүн актай баштады. А берки «эртерээк төрө, болбосо баланы кыйнап коёсуң» деген Гүлзина жаныма жологон да жок.

– Анан окуя кандай уланды?
– Сотко арыз жазып, чуу чыгарбасын дешти окшойт, баары эле көзүмдү карап, мени тегеректешет. Врачтарга «баламды өлтүрүп коюп, эмне кыларыңарды билбей жатасыңарбы?» деп ачык айттым. Мен төрөгөндөн 2 саат өткөндөн кийин эжем менен жолдошум келип, төрөт бөлүмүнүн жетекчиси менен борбордун директоруна кирип ызы-чуу салышты. Тигилер экөөнү сыртка чыгарып жиберип сүйлөшүп жатканда эжем менен күйөөм угуп калышыптыр.
«Силер булар менен сүйлөшүп бүтүрүп койдук дебедиңер беле, кана бүтүргөнүңөр?» деп жетекчилер Гүлайымды урушушуптур. Ал мага ыйлаган бойдон келип, түнү менен карады. 2-3 саат сайын келип «дары ич» деп жатты. Эмчегимди сүт тээп, анан кан кетпесин деп сактанышты окшойт, баамымда. Дарылардын баарын өзүм сатып алып жаттым. Эртеси мени ооруканадан чыгарышмак. Бирок жолдошум аларга «2 күн жаткызып, анан чыгарып коёсуңарбы?» дегенде ошол клиниканын гинекология бөлүмүнө которушту. Ийне салышты, тамчылатма дары коюшту. Буларды да өз акчама алдым.
Мен врачтарга ажаанданып, мүнөзүмдү көрсөткөн жокмун. Баладан ажыроо оор тийип, өзүм менен өзүм болуп, эч ким менен сүйлөшпөй калдым. Ошого карабай ооруканадан бир нерсе болуп калбасын деп коркуштубу, психотерапевт алдырышты. Мага анын кереги жок болчу. Мага 9 ай күткөн кызым гана тирүү керек эле...
Дагы бир айтып кетчү нерсе бар. Менин картамда төрөө мөөнөтү деген жерде «2012-жыл, 23-октябрь» деп жазылган. Ошол туура келип, ошол күнү төрөдүм. Эгер бала 1 апта мурун өлүп калса, анда ириң кетмек, ичим, белим оорумак. Дене табым көтөрүлмөк. А мен толготуп, жакшы эле төрөп жатпаймынбы?! Анан дагы «балаң өлүү төрөлгөндүгү үчүн сенден 6000 сомду албайбыз» дешти. Алар үчүн баланын өмүрү акча менен бааланып калыптыр!

«ДОКУМЕНТТЕРДИ ӨЗДӨРҮ КААЛАГАНДАЙ ТОЛТУРУШКАН»

– Кечиресиң, оор болсо да суроого аргасызмын. Маселе жаралганда баланы союп, эмнеден өлгөнүн аныкташчу эле. Андай болгон жокпу?
– Оор абалда жатсам жолдошум келди, «баланы өлүкканага алып баратышат, сойгонго уруксат бергиле дешти» деп. Баланы өлтүрүп туруп, документтерди бурмалашкан булар баланы сойдурганда деле кайсы бир диагнозду жазып коюшарын билдим. Анткени директору Келдибековдун жубайы болуп жатпайбы. Андыктан жолдошума «сойгондо деле баары бир жаап коюшат. Баланы кыйнабай эле коёлу» дегенге аргасыз болдум. Врачтар «баланы экспертизага берген жоксуңар. Ошондуктан бала эмнеден өлгөнүн билбей калдык» дешти да, «антенатальная смерть» (ичтен өлүү) деген диагноз менен ишти тым-тым кылышты.

– Баланы жолдошуң же эжең көргөн чыгар да. Анда ичтен өлгөндөгү кандайдыр бир белгилер бар бекен?
– Врачтар балада «трупное пятно» бар деп айтышкан. Андай болгондо баланын денеси көгөрүп туулат экен. А менин эжем, жолдошум көргөндө денеси купкуу болуп, көгөрүү деген болбоптур. Жолдошум айтат, жерге коюп жатканда кыздын оозунан кан чыгып кетти деп...

– Демек, сенин оюңча, алар төрөтүп жатып өлтүрүп алышкан...
– Бул боюнча 2 версия бар: төрөтүп жатканда алардын шалаакылыгынан бала тумчугуп калган же туура эмес төрөтүп, бала чарайнанын суусун жутуп алган.

– Алардын үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазган жоксуңарбы?
– Органдарга жазган жокпуз. Бирок 2012-жылы 26-ноябрда электрондук кабыл алуу аркылуу президенттин атына кат жазганбыз. 5-декабрда Президенттик аппараттан кат келди. Анда «сиздердин арыз Саламаттыкты сактоо министрлигинде каралып жатат, бул боюнча жооп аласыңар» деп жазылыптыр.
Аталган министрлик «служебное расследование» дегенди жүргүзүп, мен төрөгөн борборду текшерди. 10-декабрда жолдошум экөөбүздү чакырып, биздин версияны угушкан. Алардан 25-январда почта аркылуу жооп келди. Анда мен төрөгөн борбордо эмне деп жазышса, ошону эле көчүрүп жазып коюшуптур. Булар эч иш жүргүзүшкөн эмес. «Карганын көзүн карга чокубайт» дегендей. Катта оркойгон каталар бар. Мынакей, «...39 жумалыгында 3 күн жөтөлүү, чыйрыгуу коштогон дене табынын көтөрүлүүсү менен (өлчөгөн эмес) өз алдынча 3 жума бою дарыланып, гинекологго кайрылган эмес...» деп жазылып турат.
Эгер сасык тумоолоп 3 жума жүрсөм, анда мен 42 аптада төрөмөк элем да. А мен 40 аптада төрөп жатпаймынбы. Интернеттен окугам, башка тааныш врачтардан сурагам, 39 аптада сасык тумоолосо, балага зыян жок экен. А мен ооруган эмесмин.
Саламаттыкты сактоо министрлигине барып «бул клиника силерге отчёт береби?» десем, «жылдын аягында мынча бала төрөлдү, мынчасы өлдү» деген гана отчёт берерин айтышты. Ал эми аталган борбордо 1 жылда канча бала төрөлөрүн сурасам, 1 жылда 300 төрөт кабыл алышарын маалымдашты. Балдар эмнеден өлгөндүгүн сурашпайт да экен. Сыягы, канча баланын өлгөнүнө министрлик баш оорутпайт окшойт.
Менин билишимче, балам сыяктуу башка балдарды өлтүрүп койгон учурлары да бар экен. Мени кабыл алган нөөмөттөгү врач жана бөлүм жетекчисине жөн гана сөгүш берүү менен кутулушту.

– «Башка балдарды да өлтүрүп алган учурлары бар» дегениңе далилдериң барбы?
– Ошол борбордо 29-октябрда 1-кабатка УЗИге түшкөнү баратканымда медайым кара баштыкка оролгон баланын өлүгүн алып чыгып баратканын көрдүм.
Анан өзүм катталган бир сайттын форумуна баламдын өлүмү тууралуу жазсам, толтура адамдар жооп жазышты. Көрсө, ошол борбордо 2012-жылдын 30-майында бир келин төрөп, 2 күндөн кийин баласы чарчап калган экен. Ишти сотко беришсе, жаап коюшуптур. Дагы бир келин 2008-жылы төрөсө, баласы майып болуп калыптыр.

– Сөөктү кайра каздырып, иш козготууга кандай карайсыңар?
– Бул боюнча ойлоно элекпиз. Мүмкүн ойлонобуз...

КЛИНИКАНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Азизанын баянынан улам Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна телефон чалып, маектешүүнү макулдаштык. Маекке борбордун башкы врачы Айнура Азарова, Азиза Беккелдиеванын төрөтүнө катышкан врач-педиатр Кубаныч Байгазиев, төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Тимур Сартбаев катышты. Биздин Азизанын берген көрсөтмөлөрү тууралуу суроолорубузга төмөндөгүчө түшүндүрмө беришти.

Тимур Сартбаев:
– Пациентка Азиза Беккелдиева кош бойлуу кезинде №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда каттоодо болгон. Төрөгөнгө чейин бизге бир жолу келип көрүнгөн. Ошондон кийин келген жок. Биздин борборго 2012-жылдын 23-октябрында саат 8:15те түшөт. Саат 10:15те салмагы 3.440 килограмм, бою 53 сантиметр келген тирүүлүктүн белгиси жок кыз бала төрөйт. Анан 29-октябрга чейин бөлүмдө болуп, анализдерин тапшырып, дары-дармек алып турган. 29-октябрда абалы канааттандырарлык болуп чыккан. Бирок наристенин ата-энеси баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө таптакыр макул болгон эмес. Беккелдиеванын арызы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы чыккан. Беккелдиева ал документтин көчүрмөсүн алып кеткен.
Октябрда мен бюллетенде жүргөндүктөн, ордума Романенко иштеп турган. Андыктан мен ушулар боюнча гана айта алам.

Айнура Азарова:
– Күнөө Сартбаевдин ордуна анын милдетин аткаруучу болуп
турган А.Романенконун айынан кетип жатат. Биринчиден, ал төрөт кабыл алууну бизге жаңы келген, тажрыйбасы жок Саипжан кызы Гүлайымга табыштап койгон. Бирок баланын ичтен өлүү түшкөнү чындык. Экинчиден, Романенко «баласы ичтен өлгөн пациентка келди» деп дароо жетекчиликке кабарлаган эмес. Кабарласа биз ал пациентти кабыл албайт элек. Беккелдиеванын маселеси бизде, кеңешмеде каралган. Анын негизинде Саипжан кызы Гүлайым ошондон 2-3 жумадан кийин иштен өз арызы менен кетсе, Романенко да 2-3 аптадан соң иштен бошотулган.
Ал эми Беккелдиева сөз кылган Гүлзина врач эмес, медайым. Биз Беккелдиева менен анын жолдошуна «кийин дооматтар чыгып жүрбөсүн, андыктан бала соттук-медициналык экспертизадан өткөзүлүп, эмнеден жана качан өлгөнү так аныкталып, диагнозу коюлушу керек» деп бир нече ирет айттык. Ал тургай машина да бөлүп бердик, сөөктү алып барып текшертип келгенге. Алар макул болбой коюшту. Анан эми минтип бизге доомат артып жатышат.
Баласы өлүү төрөлсө, эне депрессияга түшөрү анык. Андыктан аны эне жана врач катары түшүнүп, психотерапевт алып келип, психотерапиядан да өткөрүп бердик.

Кубаныч Байгазиев:
– Беккелдиеванын баласы төрөлгөндө педиатр катары жанында мен да болгом. Бала көгөрүп, купкуу болуп төрөлдү. Төрөгөндө жашыл суу кетти. Бала туулганда киндигин кескиче баланы жерге жаткызып койбойбуз да. Андыктан апасынын ичине жаткыра турдук. Көп болсо 1 мүнөт да өткөн жок. Ошол убакыт Азизага көп көрүнүп кеткен окшойт.
Ал эми документтеги «...39 жумалыгында 3 күн жөтөлүү, чыйрыгуу коштогон дене табынын көтөрүлүүсү менен (өлчөгөн эмес) өз алдынча 3 жума бою дарыланып, гинекологго кайрылган эмес» дегенге биз мындай жооп беребиз:
3 жума дегенде 39 аптадан мурунку 3 жуманы түшүнүү керек. Тактап айтканда, 36 жумадан кийин 3 апта гинекологго кайрылган эмес, өз алдынча дарыланган деп. Беккелдиева ал 3 жуманы «39 жумалыктан кийин дарыланды деп жазылган» деп түшүнүп алган. «Баламды өлтүргөн соң ар түркүн калпты айтты» деген Азизанын өзүнүн сөзү, жеке ою. Биз, врачтар, фактынын баарын документке жазып, толтурганбыз. Биз пациенткага «трупное пятно» эмес, «трупное окоченение» (өлүү төрөлүү) деп айтканбыз. Экөөнүн айырмасы бар.
Төрөттү кабыл алууга 4 кызматкер катышкан: А.Романенко, Г.Саипжан кызы, К.Байгазиев, Г.Омургазиева.

P.S. «Сиздердин борбордо 1 жылда канча наристе төрөлүп, канчасы көз жумат?» деген сурообузга «биз мындай статистиканы Саламаттыкты сактоо министрлигине беребиз, башкаларга бере албайбыз» деп баш тартып коюшту.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



"Кызымдын өлүмүнө түркүн калптарды айтышты"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(48)
SUPER.KG видео
11.02.2013. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kovboi3, indeec,
Сиздерге эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар! Бул жерди флуддоонун кереги жок!
11.02.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunoolulordun jasasyn kudajm ozu bersin! Vrach ozunun ishin tak bilse, kijnalyp kelgen patientti da bez operatsi torotot.
SUPER.KG видео
11.02.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyrdyn tubu sary altyn... alla taalam ozu jazalait... emi super infodon jyiyntygyn kutobuz...
SUPER.KG видео
11.02.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ординатураны жаңы бүтүп, эми иштей баштаган врачты эмнеге күзөткө калтырышкан? Эгер тажрыйбасыз деп ишенбей жатышса эмнеге ишинен кабар алып турушпайт, жардамчы катары иштетип, тажрыйба топтогон соң анан жооптуу кызматка коюшпайт беле?
SUPER.KG видео
11.02.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ КУДАЙ сакта жашоо кайсы жака баратат тообо. Жалгандарды суйлоп биринин артын бири жаап адилетуулук жок баарын бирдейсинер, эже туура суйлоду карганын козун карга чокубайт деп.Эже сабыр кылын. АЛЛАХЫМ буюрса жазасын берет ИНШАЛЛАХ. Кучтуу болун.
11.02.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooba yavno ele bilinip turat bular vrachtardyn kunoosu! eger tuyulduk tiruu bolso tolgoo bashtalganda anan kantip oluk torolsun? menimche kelindi karabay koigon go oz ubaktysynda balaga kislorod jetpey anan kete berdi okshoit :( ozu da bizdin kelinder keserevo degendi ech jaktyryshpait eken doktorlar da bilip akyrky munotko cheyin kutkon go chygyp kalaar ozu dep. srazu monitordo balanyn juro tuura emes je yldam sogup kalganda bir chara koldonush kerek ele da, a vtachtar kayda jurgon tuhunboisun
11.02.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 саат бою карабай койсо туйулдуктогу суунун баары агып тушуп анан бала думугуп калды да. Эже сиз бул иштин аягына чыгышыныз керек экен. Бул деген врачтардын ишке болгон конулкоштугу, булар учун наристенин, адамдын омуру оюнчук катары экен да. Сиз эмнеге ошол замат сот органдарына кайрылган жоксуз?
14.02.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
konya, tuura bala dumugup kalgan. suusu jarylganda ele tusu jashyl ekenin korup turup bala tolgoodon stresske kabyldy je kyinalyp jatat degenden kabar beret. vrachtar libo bilbeyt je ignorgo salgan. srazu oshonu korgondon kiyin ele bir nerse kylyp chygarysh kerek ele da balany jeti saat jatkyzyp koiboy. ushu vrahtardy jaaktan ary ..
SUPER.KG видео
11.02.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сизге айтарым аман калыптырсыз мындан аркы жашоонузда дагы балалуу болосуз кудайым берерин унутпасын эн негизгиси сиз аман калганыныз эгер сизди да карабай койсо эмне болмок торогондон кийин.....баары алдыда
11.02.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Азиза эжеге коп кайрылам той-топурлар башталганда. Акыркы жолу октябрь айында баргам, жакшы эле басып жургон, ай-кунуно жетип калдым деп,кызынын чарчап калганы аябай жаман болуптур.Доктурлар эле куноолу болгону билинип турат,аягына чейин чыгыныз,сизге сабырдуулук каалайм.
11.02.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай жазасын берсин ошолордун сиз кандай зар какшап калсаныз кудай алардын башына да ошо кунду салсын
12.02.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах коруп туруучу зат баарын коруп турап алар кылган иштерине жооп беришет.
SUPER.KG видео
12.02.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай клиникага жана баардык торот уйундогу даарыгерлерге нааразымын баарына адам жаралыш кубаныч эмес алардан капчыгына акча тушса болду. даарыгерлердин баарын алмаштырыш керек андай кылбасат адам олуу боюнча кийинки жылдары биринчи оорунга жетип калышыбыз мумкун.
12.02.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aziza sabyr kyl, kudai bererin unutpasa dagy torop alasyn.men dagy saga okwop vrachtardyn kenebesinen 6ailyk uulum tushup kalgan.jurogu sogup jatat dep men 5 ayinda oorup barganymda,jakwy dep koiup 1jumadan kyin bala ichimde olup,any 2 jumadan kiyin uziden bilgem
12.02.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul vrachtardy kudai jazalasyn.
12.02.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыскасы врачтарга соз жок болуп калды канчалык ишенели, тушунолу деген сайын ашынып баратышат алдагы аппак халатты эмнеге кийишип журот ишин билбегенден кийин
SUPER.KG видео
12.02.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Центр Репродукция отстой. Мен биринчи кызыман кийин 5 жыл боюмда болбой, ушул центрга кайрылгам. Биринчи катталып киргенин эле 450 сом болгон болуш керек, андан сон анализдер, УЗИ алар да асмандын башы. Ошентип, ушулардын результатынан кийин, мени дарылап баштады. 10 күн дары ич, анан айызын келгенден кийин кел деген. Мен он кун дары ичип, сактанып жүрдүм, бирок айыздан дайын жок. Көрсө дарыланганга чейин эле боюмда болуп калыптыр.Мен барган эле күнү
SUPER.KG видео
12.02.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
УЗИ ге түшкөм. Бул УЗИ врачтын катасы болуп атабы? Бул биринчиси эле. Мен врачка айттым, мен толтура дары ичтим да, (ал дарылар алгачкы 3 айга чейинки боюнда барларга зыян эле)эми эмне болот, десем. Возможно выкидиш, бирок сен само внушение боло бербе, генетикке барып косултация ал деди. Консултациясы 500 сом экен. Бул Центр репродукциянын биринчи жоругубу, эми экинчисин айтайын:
Мен дарыланып баштагада эле, күйөөң да дарыланыш керек деди.Ага да макул бо
SUPER.KG видео
12.02.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ага да макул болдук. Менин боюмда бар экени билингенден кийин, күйөөмдүн анализи чыгып атпайбы?
Врач уролог сен мындай результат менен балалуу боло албайсың дарыланыш керек дептир.Күйөөм күлкүсү келип аялымдын боюнда бар экен десе, не может быть дептир. элестеткиле! Күйөөм жиндеп сен келгенде эле УЗИге түшкөнсүң, жок деген, сразу дарыланып баштадың, сактанып жүрдүк
SUPER.KG видео
12.02.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
анан каяктан деп,элестеткиле! Көрсө Ц.Р. эптеп эле оорубаган кишини ооруду кылып, кармап акча табышат экен да. Андан кийин эле, угроза болдум, 4 род.домдо дарыланып чыктым, төрөгөм, азыр бир жарым жашта. Күйөөм подозрение болуп жүргөн эле, атасынын копиясы. Бирок, тубаса жүрөгү тешик болуп төрөлдү. Пороктун женил түрү деп жатышат. БУл убактылуу, улам чонойгон сайын жабылат деп. Ошо эгер ки
SUPER.KG видео
12.02.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтарды вр дайым омур сакчысы деп оз омурлорубузду аларга тапшырып келебиз. Беш кол тен эмес дегендей оз кесибин мыкты билген врачтар да бар бирок окунучтуусу саналуу гана. Эч кандай потология жок ден соолугу чын бала торолуп,торот учурунда олтуруп алгандары жиндиге деле белгилуу болуп турбайбы. Эмнеге дегенде инфекция болсо бала 40 жумага чейин жетпей эле ичтен олмок жана дагы ичтен бала олуп калганда аялдан кан кетет. 36 жумадан кийин сасык тумоо болгон эч кандай балага зыянын тийгибейт бул
SUPER.KG видео
12.02.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кандай паталогия да болгон эмес балада эмнеге дегенде эгерде балада паталогия болгон болсо 3440 салмак менен 53см бой менен торолмок эмес! Абсолютно ден соолугу чын бала торолгон, врачтардын шалаакылыгы бул жерден энсеп куткон баласын энеден ажыратып койушту. Эмне учун ординатураны жаны буткон эч кандай тажрыйбасы жок врачты кузотко койушат. Ошол врачтын тажрыйбасы жок болгон кундо дагы 8 жыл бою окубай текей оттоп журдубу? Баланын журогунун согушу м.н кан тамырлардын импульсун аныктай албай!
13.02.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oz atasy kantip karap turat tyrmaktai balasyn olturup koiup anan soiup jatsanar
13.02.2013. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир Алладан башка эчкимге ишенип болбойт азыр. Менин курбумдун баласын да торотдон олтуруп салышты, азыр баардык жерде ушундай. Жакшылап текшерип врачтардын баарын сортировкалоо келек. Ушунун баардыгы билимдин жетишсиздиги жана кайдыгерлик.
13.02.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.Ичтен чарчап калса толгоо болбой, оз алдынча торолмок эмес 2.Торолгондон кийин ыйлаган жок, себебин тушунгон жокмун
14.02.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
magic1721, Туура ичтен чарчап калса толгоо болбойт, ага искусственные роды деп коет ошону менен торойт. Ушул баланы алып чыгып жатканда муунтуп койгон, же мойнун сындырышып койгон. Менин тааныштарымдын тун баласынын мойнун сындырып койушкан, анан ичинен чарчады деп заключение берип койгон. Эмнеси болсо да бул врачтарды Аллах озу жазаласын...
14.02.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai2010, 7 saat karabay koyso anan balaga kislorod jetpey kalsa kerek. moinun syndyrgandan olboso kerek.
14.02.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vai eshekter vai ne normalnyiler sizdin sozynyzgo koshylam aidai 2010 vrachtarga akcha bersen karait emese karabait byl ejeda bosh eken toroiyn dep jatkanda janyna ejelerin je ozynon chondordy kirgizip albaiby?????????????????
SUPER.KG видео
15.02.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos! Сынды кабыл алгыдай мен кылыптырмынбы?! Менин айтайын дегеним, бул иштин чоо жайын билбей туруп каралай Берген болбойт да. Мен 2 тарапка тен бирдей коз караштамын. Изилдесин, куноо кимде болсо жазасын алсын.
15.02.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kim kunoolu ekenin bir gana Allah bilet. , .
SUPER.KG видео
16.02.2013. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭЭЭЭ ушу биздин торот уйубуздогу дарыгерлер аман эле болушсунчу!
17.02.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде бала олгон торолсо эмнеге устуно жаткызат эле мээлери иштебейт го дейм кудайды карап калп айткыла
18.02.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торогондон кийин жашыл суу кетти инфекциян бар дешти дейт.Бул жашыл суу торогондон кийин эле эмес суу жарылганда эле билинет.Кудай сактасын го жашыл суу менен 2 бала тородум.Торотканага барганында эле карап коруп суун жашыл жакпай турат дешкен.Бирок баары куда шугур эле тородум.Эч кандай инфекциясы жок эле.Кан тамырдын согушун,баланын журогунун согушуна алмаштырып алыпмын дейт.Бул эки нерсенин согушу ат менен тоодой айырмасы бар го.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: