|
СҮЙҮҮ МАЙРАМЫНДА БЕЛЕККЕ МАРЫГАНДАР№538 22-28-февраль, 2013-ж Улуу акындар ырга салып келген сүйүү – эң аруу сезимдердин бири. Мына ушул улуу сезимди даңазалаган 14-февраль – Махабат майрамына карата «Супер-Инфо» гезити менен www.super.kg порталы жыл сайын оюн-зоок өткөрүп, сүйүшкөндөргө жылуу маанай тартуулап келет. Быйыл да жаштарга атайын сынак уюштурдук. Өздөрүн мыкты деңгээлде көрсөтө алган эң алдыңкы 5 жуп убада кылынган белектерге ээ болушту. Сынак: «Сүйүү сезимдерин оригиналдуу түрдө билдирүү» жана «Фотосынак» деген эки багытта өткөрүлгөн. «ФОТОСЫНАКТЫН» ЖЫЙЫНТЫГЫ «СҮЙҮҮ СЕЗИМДЕРИН ОРИГИНАЛДУУ БИЛДИРҮҮ»
Эскерте кетсек, сынактын эки багыты боюнча 1-орунду ээлегендер романтикалуу кечки тамактануу, «Салам, Нью-Йорк» тасмасына чакыруу кагазына, шампан жана таттууларга ээ болушту.2-орундагылар профессионалдуу фотосессия, киного чакыруу, шампан, таттуулар; 3-орунга жеткендер «Сан Сити» муз аянтчасына, тасмага чакыруу, шампан, таттууларга ээ болушса, 4-5-орунга илинген түгөйлөр киного эки кишилик чакыруу кагазын, шампан, таттууларды алышты. Сынакты өткөрүүгө чоң көмөк көрсөткөн өнөктөштөр: «Домино-Рио» кафе-барына, «Mediastar» студиясына, «Дархан» соода маркасына, «Красная звезда» кондитердик бирикмесине жана «Салам, Нью-Йорк»тасмасынын жаратуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз. Асел Асанова Супер түгөйлөр тандалды"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Бул шилтеме аркылуу кирип көчүрүп алсаңыз болот)
http://www.super.kg/media/?type=video&id=82743
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
Timur sonun surottorun bar eken, baktyluu bolgula:-)