ОПЕРЛЕР КОЙГОН «СПЕКТАКЛЬ» ЖЕ БАЛАНЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР БАШКА БОЛУП ЧЫКТЫ

№541 5-21-март, 2013-ж


Жакында эле оор кылмыштын бети ачылып, мурун күнөөлөнгөндүн ордуна башка күнөөлүү дегендер колго түштү. Ал эми алдыда биз сөз кылчу окуя милиция кызматкерлеринин арасында күнөөсүз адамды коркутуп мойнуна алдыруу дале бар экендигин каңкуулап койду окшойт...

ЭСИҢИЗГЕ САЛАБЫЗ
Эсиңиздерде болсо, гезитибиздин мурунку сандарынын биринде «Сак болуңуз, тилемчилик кылыш үчүн балдарды уурдап жатышат!» деген аталыштагы макала чыккан. Ал макалада беш жарым жаштагы Избек Ак-Ордо конушундагы үйүнүн короосунда ойноп жүрүп дайынсыз жоголуп кеткендиги баяндалган. Арадан 15 күн өткөндөн кийин гана колу-буту байланган Избектин жансыз денеси суудан табылган болчу. Мындан сырткары 4 жарым жаштагы Адинай аттуу кыз да жоголуп, ал 3 күндөн кийин аман-эсен табылган. Бул кылмыштарга шектүү деп Кундуз Үсөнова аттуу айым кармалган эле. Тергөө иштеринин негизинде ал айымдын Адинайды тилемчилик кылыш үчүн уурдагандыгы аныкталып, бирок Избектин өлүмүн милиция кызматкерлери коркутуп мойнуна алдыргандыгы билинип отурат.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШИ СОТТО»
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча окуя төмөнкүчө болгон.2012-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочусу, 1949-жылы туулган Исманалы Касымалиев 2006-жылы туулган уулу Избектин эшиктин алдында ойноп жүрүп, үйүнө келбей жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Аталган факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар деп шектелип Свердлов РИИБинин ыкчам иликтөө кызматкерлери Ч.И. жана Э.О. тарабынан 2012-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынан Кундуз Үсөнова аттуу эч жерде иштебеген, туруктуу жашаган жери жок айым кармалган. Ал Адинай Казыбаева аттуу кичинекей кызды уурдап кетип, кайыр суратып иштетип жүргөн деген шек менен колго түшүрүлгөн (К.Үсөновага азыркы тапта КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар) жана 167-беренеси (тоноо) менен иш козголуп, бүгүнкү күндө иш КРнын Жогорку Сотунда соттук кароодо).
Бирок айыпталуучунун айтымында, Свердлов РИИБинин кызматкерлери кыйноо жолу менен ага Избектин өлүмүн да мойнуна алууга мажбурлашкан. Милиция кызматкерлеринин кордугуна нааразы болгон Кундуздун туугандары Бишкек шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылышкан. Ал арыздын негизинде иликтөө иштери жүргөн.

Жогорудагы факт тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү бөлүмүнүн прокурору КЛАРА МАСАЛБЕКОВАга кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү билдирди:
– Аталган арыз боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Свердлов РИИБинин 3 кызматкери кылмышка шектелип кармалган Кундуз Үсөнованы кыйнап мойнуна алдыргандыгы аныкталды. 2012-жылдын 25-сентябрында Свердлов
РИИБинин кызматкерлери Ч.И., Э.О. жана М.Ага карата 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен иш козголгон. Аталган кылмыш иши бүгүнкү күндө Свердлов райондук сотунун кароосунда.

БАЛАНЫН ӨМҮРҮ DVD ҮЧҮН КЫЙЫЛГАН
2012-жылдын 20-декабрында беш жарым жаштагы Исманалы уулу Избекти өлтүргөн деп шектелип А.Э., А.Ш. жана А.Б. аттуу жарандар кармалган. Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жандандырылып, кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон.
2012-жылдын 11-апрель күнү А.Э. өзүнүн бир тууган эжеси Айзаданын үйүн убактылуу карап туруу үчүн Ак-Ордо жаңы конушуна барган. Ал күнү түнкү саат 22:00 чамасында классташ балдарына жолугуп, алар менен чогуу таң аткыча арак ичет. Эртеси саат 10:00 чамасында кайрадан эжесинин үйүнө келет да, А.Б. аттуу жездесин (үй ээси эмес) чакырып, аны менен чогуу дагы бөтөлкө бошотот.
Арак түгөнгөн соң кайра дагы алганга акчалары жок А.Э. эжеси Айзаданын үйүндө турган DVD ойнотуучу аппаратты алып, күрөөгө таштамакчы болуп эшикке жөнөйт. Ал чыгып баратканда эшиктин алдына кичинекей Избек эжесинин баласы Бакайды сурап келип калат. Анан А.Эге «эмнеге Бакайдын DVD’син алып кетип баратасыңар? Мен силерди айтам» дейт. «Эжеме уят болуп калбайын» деп куру намыска ызырынган А.Э. наристени бетке бир муштайт. Ал жерге кулап түшкөнүнөн жанына барып караса, баланын өңү көк болуп тырышып калганын көрүп коркуп кетет да, Избекти көтөрүп үйгө алып кирет. Үйдүн ичинен жездеси А.Б. да баланы 5-6 жолу таяк менен башка чабат. Өлдү деп ойлошкон экөө баланын колу-бутун байлап, полиэтилен мүшөккө салып, сыртынан төшөк менен ороп коюшат. Көп өтпөй А.Б. агасы А.Шнын машинасын айдаттырып келет. Үчөөлөп кичинекей баланы Кичи Чүй каналынын жээгине алып барып, каптын ичине кыш салып, сууга чөктүрүп жиберишкен.
Бул кылмыш иши боюнча А.Э. жана А.Б. Кылмыш жана жаза кодексинин 123 жана 97-беренелери (киши өлтүрүү) менен күнөөлөнүшүүдө. Ал эми аларга жардам берген А.Ш. 123-берене менен күнөөлөнүп, учурда бул иш Ленин райондук сотунда каралып жатат.

«БАЛКИМ, УУЛУМ ТИРҮҮ КАЛМАК БЕЛЕ?..»
«Жалгыз уулум эле, артымда из калсын, жаны бек болсун деп атын Избек койгом» деп өксүгөн ИСМАНАЛЫ КАСЫМАЛИЕВ буларга токтолду:
– Башында биз уулубузду Кундуз өлтүргөн деп ойлоп жүргөнбүз. Себеби жанагы жоголгон кыз да менин уулум каза болгон аймактан табылган да. Бирок кийин милициялар чыныгы кылмышкерлерди кармашты. Угушумча, уулумду өлтүргөндөрдүн бири «уктай албай кыйналып жатам» деп өзү келип мойнуна алыптыр.
2012-жылы 10-апрелде коңшубуздун апасы каза болуп, бизден карызга акча алып кетишкен. Үйүн коңшум кайнисине таштап кетиптир. Ошол кайниси башка жездесине кошулуп алып мас болуп, эшиктин алдына келген уулумду жыга чааптыр. Экспертиза аныктагандай, бала үйдө тирүү болчу экен. Анан сууга ыргытып салышканда тумчугуп өлүптүр. Ошондо коркпой бизди чакырышса, биз келип ооруканага алып барат элек да. Балким, уулум тирүү калмак беле?..
Азыр эми иш сотко өттү. Мен мурунку ишке эмес, ушул иш чындыкка жакын деп ишенем. Себеби кылмышка шектүүлөр кылмышты моюндарына алышты, анын үстүнө далилдер да чындыкка төп келип жатат. Учурда уулумду өлтүргөн баланын туугандары кечирим сурап алдыма келип жатышат. Мен кечирбейм! Уулумду өлтүргөндөр колу менен жасаган кылмышы үчүн тиешелүү жазаларын алышсын!

Жогорудагы окуядан кийин «менин милициям мени коргойбу же кордойбу?» деген суроого кептелесиң. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» демекчи, ушул сыяктуу көрүнүштөр жалпы милиция кызматкерлерин булгап жаткансыйт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Оперлер койгон "спектакль"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(46)
19.03.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле биринчи макала жарык коргондо кайырчы уурдады дегенге кошулган эмесмин.Бирок,ошол мезгилде жаш балдарды уурдап кетишип бойрокторун алып жатышыптыр деген каншаар кеп биздин райондо желдей тараган болчу...Kurguz туптуура айтыптыр аларга олум жазасы гана ылайык, жаль бизде смертный казнь жок.Ушуну киргизип койгондо коптогон адам кейпиндеги макулуктардын саны азаймак.
19.03.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылмышкерлер оздору мойнуна алып келишиптир,ал эми оперлерге кандай жаза берилет?Ушундай иттердин айынан канчалаган бейкуноо адамдар турмодо жатышат.
19.03.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Избектин атасына коюпберсе кана кылмышкерлерди,каалагандай жазалап алмак.Кичинеболсода куйуту басылмакбеле....кантседа баласын кайтаралбайтго эми...
19.03.2013. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер бетинде ушундай зоокурлор да жашашат
19.03.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну кылган акмактар арак эмес оз денесин тытып жеп калышсын ылайым.Акмактар эч качан жакшылык корбосун,каргыш жана каргыш...
19.03.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а погондуу шайтандарга кандай чара коруу керек? адатта алар бирин бири жаап турат эле...
19.03.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуп кеттим. Ушундайды окуп алып оз бплдарыбызды сыртка чыгаргандан коркуп калам
20.03.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дивиди учун жаш наристени олтургон алсыздар,айбанда мындай кылбайт акмактар 9урмодо буларды олтуруп койушат,олтуруп койушта аздык кылат кыйнап арматура менен чаап салыш керек,арактын айынан кантип колу барды акмактардын наристени айтып койот деп олтургон эшектер,айтса айтар еле олтуруп емне тапты,эми жазасын алып окунгону бир тыйын акмактар,биздин милиция кызматкерлерида акча учун олуп бутушкон алардыда камаш керек.
SUPER.KG видео
20.03.2013. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноолулор журушот куноосуздор камалып кетип жатат жаман жаман байкуш эне суту кете элек жаш баланы олтурушуп эже сабыр кылыныз сабырдын тубу сары алтын
20.03.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bodrum - 30 күнгө сайттан четтетилди.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
20.03.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bodrum, сиз кайсы бир маалыматтан күмөн санап жаткан болсоңуз дароо бул жакка ар кандай сөздөрдү жазардан мурда жогоруда жазылган электрондук даректерге кат аркылуу өзүңүздүн сын-пикириңизди жөнөтүшүңүз керек болчу. Ал катыңызга тиешелүү адамдар жооп беришмек.
20.03.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, жаннаттан жай, Фирдаус бейишине барсын. Ал эми милицияларды болсо баш оту менен тазалаш керек. Кантип? Милицияда иштегендердин туугандары кылмышкер болсо, аларды такыр милицияга албаш керек, урук тууганына чейин. Тартип темирдей болуш керек.
20.03.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ кудайым ушундайларга ыйман бере кор ушунун баары жинди суунун айынан болуп жатат ал эми избектин ата энесине сабыр кылыныздар дейм
20.03.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазаасын берсин алардын. Баланын ата энесине сабырдуулук тилейм.
21.03.2013. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энеге эле кыйын эч бир энеге баланыкын бербесин,кудай озу сактасын,арак деген ушуга алып барарын билип койушса эркектер,отконуно бир жыл болуптур олтургон балдар кантип чыдап жашоода басып журушот экен тан калам баланын арбагы да раазы болбойт буларга,турмодо кундору отуш керек деп ойлойм,наристе баланын жашоосун бузгандардын.
21.03.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
э АстагфырАллах ушунчалык мыкачы болуп баратабызбы а бир ботолко учун таптаза куноосуз ширин наристенин омурун кыйып буларды камабай элдин алдында даарга асыш керек ошондо билет башкасына да сабак болот азыр адам омуру менен таранчынын омуру бирдей эле болдуго басып баратып козго жаман корунсо эле жыга чаап олду жок болду деп кетеберип...
21.03.2013. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлтүрүп кереги жок буларды, андан көрө көп жашасын, өмүрүнүн аягына чейин тынчтык көрбөй, азап чегип, кыйналып-кысталып, эзилип, өзүлөрү өлүм сурап калгандай жашашсын, акмактар!!! Кантип колдору барды ушундайга? Адам эмес, желмогуздар булар!!!
21.03.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар мыкачылар олсо жаза женил болот кан койо бербейт озу болбосо жакындарына залалы тийет ал эми палисия кызматкерлерин иштен бошотуш керек ошол орган жетекчисине чейин
21.03.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ кудайым эй,кичине баланын мешокто жатканын элестетип,менин сай-соогум сыздап,дене-боюм чымырады,адам атына татыбаган айбандар,буларды статия койбой туруп атса да,аздык кылат.
21.03.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын ата энесине бериш керек бул тозоктун отундарын
22.03.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак ичпей эле балээни ичкирлер ...байкуш наристе эмне айып анда турмодо деле силерди кучак жайып тосуп албайт... Узака барбайсынар
22.03.2013. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kankorlor...
22.03.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ботодой боздоп,жалгызынан айрылган эне байкушка журогум ооруду жаш баланын канын ичкен зоокурлорду кан койо бербейт акмактар кантип жер бетинде басып журушту экен?
22.03.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы милиция кызматкерлери озу не иш кылышат, ептеп эле акча алышса го, кополдукту жана менменсигенди гана билишет .... Эч кандай адамдарга жардам берилип, жакшы создор эл тарабынан айтылганыны коро элекмин. Yшул убакка чейин ....Инсап берсин АЛЛАХ тарабынана....
22.03.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akmak eshekter,koldorynan kelgeni ushulbu uzabai kalgyrlar dese.aibandarga soz jok,atuuga ketirse da ubal jok.tash ichkirler,
22.03.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар эмне бп баратабыз? Кантип колу барды бал ширин баланы башка чаап дегенде сыздап кеттим. Карачы балдардын ойу да, тили да таза да досунун DVD таанып калганын. Соз жок бул жырткычтарга эмне деп айтышка. Баарыбызды Аллахым колдосун деп дуа окуйлу намазда.
23.03.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ушул президенти да депутаттары да дегеле бааардыгы жок болуп кетишсе кана !!!Кыргыздар кырылып жок болуп кетебиз го мейличи эч ким калбай кайрадан жаны тукум жаралбаса онбойбуз!
23.03.2013. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп ыйлап жибердим, ата энеге сабырдуулук тилейм..
23.03.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар кудай озу кордосун
24.03.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Избектин ата энесине айтаарым сабырдуу болунуздар, Избек сиздердин коргоочунуздар болот кабырда, сурак куну да! Балакатка жете элек балдар бейиште куш болуп учушат инша Аллах сурак куну сиздердин жаныныздарда болот! Мыкаачылардын болсо жазасын Аллах озу берет....
SUPER.KG видео
19.04.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз...Жаткан жери жайлуу болсун...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: