ЖАШ КЕЛИНДИ ЗОРДУКТАП, ТИРҮҮЛӨЙ ӨРТТӨП ЖИБЕРИШКЕН

№543 29-март- 4-апрель, 2013-ж


Мындан 3 жыл мурун болгон коркунучтуу кылмыш боюнча жакында сот өкүмү чыкты. Мээрим Ибраеваны зордуктап, анан тирүүлөй өрттөп жиберген кылмышкерлерди үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Сокулук райондук соту күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыратты.

РЕВОЛЮЦИЯГА УЛАЙ БОЛГОН КЫЛМЫШ
2010-жылдын 11-апрелинде Сокулук районунун Комсомол айылына жакын жердеги токойдон 20-25 жаштагы аялдын өрттөлгөн денеси табылган. Бул факт боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ошол убакта өлкөбүздө революциядан кийинки баш аламандык өкүм сүрүп тургандыктан, иликтөө толук кандуу жүрбөй, каза болгон аялдын өздүгү 3 айдан ашуун убакыт бою аныкталган эмес.
Оор кылмыштын бетин ачуу үчүн Сокулук РИИБинин кызматкерлеринен сырткары Чүй облустук ИИББинин жана ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери да тартылып, 3 айдан соң гана өрттөлгөн дене Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Мээрим Ибраева экендиги аныкталган.
Иликтөө учурунда Мээрим Бишкек шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштеп келгендиги белгилүү болгон. Курбулары Мээрим 10-апрель күнү кечки саат 10до Максат аттуу жигит менен жолугууга чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айтышкан. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип, Сокулук районуна караштуу Манас айылынын тургундары 1988-жылы Өзбекстанда төрөлгөн Махмуд Нуржанов жана 1986-жылы туулган Риза Арипов кармалышкан. Махмуд алгачкы эле суракта зордуктап өлтүргөнүн мойнуна алган менен, Риза мойнуна албай койгон. Экспертизанын жыйынтыгында Мээримдин жансыз денесинен Ариповдун уруктугу чыккан.

«65-ЖОЛКУ СОТТУК ОТУРУМДА ГАНА СОТ ӨКҮМҮ ЧЫКТЫ»
Мээримдин таякеси АКЖОЛ ИБРАЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жээним Мээрим ошол убакта кафеде официант болуп иштеп жүргөн. Орусияга иштегени кетейин деп жүргөн, анан эле дайынсыз жоголуп кетти. Аны издебеген жерибиз калган жок. 3 айдан соң гана өлүгү Сокулук районунан табылды. Бул убакта анын өздүгү аныкталбаганына байланыштуу көмүп коюшкан экен. Ал эми башын кесип алып, жашын, улутун аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүшүптүр. Сокулуктагы көмүлгөн жеринен сөөгүн казып алып, Көлгө алып барып койдук.
Мээримдин телефонун Махмуд деген өзбек бала колдонуп жүрүптүр, ал ошол аркылуу кармалып, кылмышын мойнуна алды. Ал «Риза экөөбүз тең зордуктаганбыз» деген менен, Риза мойнуна албай жатат. Көрсө, Махмуд Мээрим иштеген кафеде коопсуздук кызматкери болуп иштеп, экөө тааныш экен. Махмуд досу Риза экөө машина менен келип Мээримди алдап алып барышып, зордуктап, анан тирүүлөй өрттөп жиберишиптир. «Эмне үчүн зордуктап тим болбой, өрттөп жибердиңер эле?» деген суроого Махмуд «силердин үстүңөрдөн арызданам, каматам» дегенинен Мээримди өлтүргөнбүз» деп көрсөтмө берген. Ошондо «Мээрим милицияга берип коёт» деп коркуп, Махмуд башына катуу
нерсе менен чаап, анан Риза үстүнө 5 литр бензин чачып, Махмуд ширеңке чагып өрттөп салышыптыр. Ошого карабастан, Мээрим 5-6 метрдей сойлоп барып анан жан бериптир.
Башын алганы өлүкканага барганымда «өрттөшпөсө деле ал башына тийген катуу соккудан киши болмок эмес» деп айтышты. Окуя болгон жерди куран окутканы барганда көрдүк, бир жагы чоң суу, камыш болсо, бир жагы токой, ээн жер экен. Бул кылмышкерлер көнүп алышып, жалгыз эле Мээримди эмес, далай кыздарды чыркыратса керек.
Анан да бул ишти созуп, соттор футбол ойногонсуп тепкилешти. Эжем Көлдөн бери келип, кайрылбаган жери калбады. Эч жыйынтык чыкпаганда, Жаштар кеңешине кайрылдык. Аларга рахмат, чуркап жүрүшүп, 65-жолку соттук отурумда гана соттун өкүмү чыкты. Бирок экөөнүн жактоочулары аппеляциялык арыз жазыптыр, бул ишти Чүй облустук соту карамакчы. Эми дагы канча убакытка созуп убара кылат, билбейбиз.
Мээримдин артында 5-класста окуган уулу жана 6 жаштагы кызы калды, алар азыр таенесинин колунда.

«КЫЛМЫШКЕР «МЕН ӨЛТҮРГӨМ» ДЕСЕ ДА, СОТ ӨКҮМ ЧЫГАРБАЙ ЖҮРӨ БЕРГЕН»
Бул боюнча соттук отурумдарды көзөмөлгө алып, соттордун туура чечим чыгаруусун талап кылып келишкен Кыргызстан Жаштар кеңеши уюмунун тең-төрагасы ЖЕҢИШ МОЛДОКМАТОВ төмөнкүлөрдү айтат:
– Мындан 2 ай мурун бир ток-шоуго ушул маселе боюнча катышканбыз. Каза болгон айымдын апасы да катышып, алып баруучулар бизге «ушул көйгөйгө аралашып, маселени чечип бере аласыңарбы?» деп кайрылышкан. Андан кийин Мээримдин апасы,
бир туугандары да келишип, 60-сот отурумунан баштап биз ишке кийлигиштик.
Мурунку сот отурумдарынын биринде жактоочулары, дагы биринде сот өзү келбей коюп же прокурор катышпай, сот 3 жылдан бери созулуп келиптир. Аягында кыздын апасы ыйлап кайрылганынан сотко катышканбыз. Мээримдин апасы атайын Көлдөн Сокулукка келсе, ар кандай шылтоолор менен сот узартыла берген. Алгачкы сот отурумдарына Мээримдин көптөгөн тууган-уруктары келип катышып жүрсө, акыркы мезгилдерде апасы, иниси жана таякеси гана калган. Соттор өкүм чыгаргандын ордуна Мээримдин апасын бир да жолу кабыл албай коюшкан. Ал тургай биз суранганыбызда да кабыл албай, жаштар эшигин тээп кирүүгө мажбур болдук.
Эң өкүнүчтүүсү, Махмуд «мен зордуктагам», ал эми Риза «мен өрттөгөм» деп мойнуна алса да, соттор 3 жыл бою чоюп келген. Бир гана Чүй облустук соту өмүр бою камалууга өкүм чыгарып, калган соттор созуп жүрө беришкен.
«Сотто реформа жүрүп жатат» деген сөз жалган. Бир сотту башка жерге, ал жердегисин дагы башка жерге эле которуу жүрүп жатат. Негизи эле эгемендүүлүк тарыхыбызда бардык соттор коррупцияга малынып, адилетсиз чечимдерди чыгарып келген. Азыр деле ошол эле адилетсиз чечимдерди чыгарган соттор иштеп жатышат, ошондуктан бизде адилеттик, акыйкат деген жок. Ризанын туугандары Жогорку Сотко кайрылышы мүмкүн. Эгер Жогорку Сот карай турган болсо, дагы чыгабыз. Максатыбыз – соттор адилеттүү чечим чыгарып, башка кылмышкерлерге да сабак болсун дейбиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Жаш келинди зордуктап, тирүүлөй өрттөшкөн

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(107)
04.04.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
_xXx_, провокацияга жол берилбейт, бирөөнүн улутун кемсинтүүгө тыюу салынат.
Азырынча сизге эскертүү!
04.04.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., жаргон сөздөргө тыюу салынган.
04.04.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын! качан гана кыргыздар адилеттуулук дегенди уйронушот болду экен, абдан окунучтуу окуя!зордуктагандарды оздорун тируулой бычып,же тируулой атууга буйруш керек,башкаларга да сабак болсун!
04.04.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттордун адилетсиздигинин айынан ушундай балдары бар энелер жана башка адамдар каза болуп жатат,ылайым ушул эже кордук коргондордун акыркысы болсун.Балдары жаш экен аман эсен чонойуп алышсын.
04.04.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар лагерде опущенный болот.Таш баранга алсак ушундай жырткычтарды.
SUPER.KG видео
04.04.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahym ozyn sakta
SUPER.KG видео
05.04.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozbekterdi kafkaz ulutun turktordu olkodon kuush kerek,tigi eki mankurttu
Turmodo kyrgyzdar kyinap tiruuloi orttogulochu silerden suranaarym.
SUPER.KG видео
06.04.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sot maselesine kelsek oto nachar bizde sottor.Men sottordu mal ordunda korom.
06.04.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх пенделер пенделер бироонун омурун кыйып анан озу да жазаланып эмне куч келди ээ андан коро тынч эле жашай беришпейби.бироого олум тилегиче.озуно омур тиле дейт го!
06.04.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошон учун шариятта айтылгандай уйдо куйондун тилин алып олтур. Ар ким менен эрчишпей. Ач олтурсанда тынч олтур!
07.04.2013. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bankir, туура айтасын
06.04.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз гыздары да акылсыз кыргыз жигиттерге барбай ушул сарттарга барышат экен лицолору евро дешеби?
07.04.2013. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана окунучтуу...
07.04.2013. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча деп кыргыз бирибизди бирибиз жейбизго! Тиги соттогулар оз башыбызга келип калбасын дебейби? Алдагылардын турун карасанар ув
07.04.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай маняктарды атып олтуруш керек уже буларды Палаженияны карагандар эле тынчытатго.
07.04.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мееримдин балдарына жаман болгон турбайбы, эки жаш баланы эртенки кунун эстеп журогумон кан агат, андайларга олумда аздык кылат, андайларды ошол жеринен асып олтуруш керек, а биздин соттор, чондор, жогоруда олтургандар, баары эле керек болсо акча учун кочукторун дагы сатышат, апасын кыздарын дагы сатышат, аларга ишенбей биз жаштар озубузду озубуз колдойлу! Тимур Бишкектен
07.04.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах баардыгынын жазасын озу берет!
08.04.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMG, Bankir, силерге эскертүү!
Башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга болбойт.
09.04.2013. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зынадан этият болгула акыры ушундай болот..
SUPER.KG видео
10.04.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттогуларга да сурак бар ИНШААЛЛАХ .Кыргызымдын Айчырай кызы экен .СУББАХАНАЛЛАХ барган жери бейиш болсун!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
12.04.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhorobekt: ne sudi tashkenskih tak.ne vse ne odinakovye.a ubicy iz mestnyh toje vyhodit eshe huuuujjeeeee
SUPER.KG видео
15.04.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай акмактарды аянтка алып чыгып асып олтуруш керек болчу башкаларга корунуш болот!!!
22.04.2013. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы соттор эч нерсени кыйратпай калды гоо...
26.04.2013. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул акмактарга смертний казин берилиш керек и сотордун ишинда карап аларда тиешелуу жазасын алыш керек.
SUPER.KG видео
11.05.2013. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бейиштен орун берсин! аминь!
(биздин соттор жонундо туура айтты жанагы жаштар биримдигин торагасы!)
SUPER.KG видео
27.06.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamirgul, баш тамгаларды грамматикалык эрежеге ылайык колдонуу керек.
Азырынча сизге эскертүү!
SUPER.KG видео
29.08.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар жаман балдардардан алыс болгула кыргыздарда деле жаман балдар ото коп кенгирбаштар ойуна келгенин кылышат анан сонунда баштарын кармашат ошолорду бир уюм тузуп балдардан жазалаш керек катуу жазалаш керек болбосо улан берет
SUPER.KG видео
04.10.2013. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга атуу бериш керек, элдин алдында ортош керек болбосо кыздын ата энесине кул кылып байлап беришпейби.
Модератор admin_media түзөттү 04.10.2013 09:26
SUPER.KG видео
10.01.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки зоокурду АЛЛАХЫМ жазаласын((((((((
07.04.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот озбектердин акчасына тоюп алгаан.Корунуп эле турбайбы.Акча алып,анан кыздын туугандарын "тияка кел-бияка кел" деп чарчатат.Айла жок туугандары уйлоруно кетишмек.Жаштар коомуна рахмат.
SUPER.KG видео
03.11.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун ал эми узбек менен тажик омуру откончо темир тордо отурсун.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: