АЯЛДЫ ӨЛТҮРҮП, МҮШӨККӨ САЛЫП КӨЧӨГӨ ТАШТАП САЛЫШКАН

№545 12-18-апрель, 2013-ж


Жакында Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты. Бул кылмышта азырынча эмнени бөлүшө албаганы белгисиз, мас болуп калган сойкулардын ортосунда чыр чыгып, аягы бир адамдын өлүмү менен бүткөн. Кылмышка шектүүлөрдүн айткандарын угуп отуруп, ушундай да адамдар болот экен деп жакаңды кармайсың.

БӨТӨЛКӨНҮН СЫНЫГЫ МЕНЕН САЙЫП ӨЛТҮРГӨН
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде эртең менен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Ак-Муз жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр трансформатордун жанында азиат улутундагы, 30-35 жаштардагы белгисиз аялдын өлүгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери башы жарылып, мойну кескиленип каза болгон аялдын денесин көрүшкөн. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам издөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп баштаган. Ошол эле күнү кечке жуук аймактык инспекторлор тарабынан кылмышка шектелген 4 аял, бир эркек кармалган.
Иликтөөнүн алдын ала версиясы боюнча окуя төмөнкүдөй болгон. Спирт ичимдиктерин ичип отурган компанияда Канымгүл жана Замира аттуу эки аялдын ортосунда уруш чыгып, ал мушташка айланат. Канымгүл Замиранын башына бош бөтөлкө менен чаап, бөтөлкөнүн сыныгы менен мойнуна сайып жиберген. Таң калычтуусу, жатып калган Замира менен 2 жигит кезектешип жатып чыгышкан. Ошол маалда ал тирүү же каза болуп калгандыгы азырынча белгисиз. Масчылыктан анын өлгөнүн эртеси гана билишип, кылмышын жашыруу үчүн өлүктөн кантип кутулууну ойлошот. Акыры баш оорутуп отурбай, өлүктү мүшөккө салып, үйдөн алыс эмес жердеги коңшу көчөгө алып барып таштап салышат. Алар денени таштаган убакта жерге жарык түшүп, эл ары-бери басып калган. Компанияда болгон жигиттердин үчөөсү кетип калып, калгандары кармалган убакта дале соолуга элек болушкан.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН КӨПЧҮЛҮГҮ СОЙКУЛАР»
Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы НУРМАТ ДАВЛЕТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип 1965-жылы туулган Бурулсун Күчүкбаева, 1977-жылы туулган Канымгүл Бекболотова, 1984-жылы туулган Жылдыз Асанова, 1978-жылы туулган Айгүл Ибраева жана 1985-жылы туулган Тилек Казакбаев дегендер аймактык инспектор Нурлан Ажыгулов тарабынан кармалышты. Мындан сырткары дагы кылмышка шектүүлөр бар. Учурда алардын ким экендигин аныктоо, кармоо иш-чаралары жүрүп жатат.
Бурулсун «Ош базарына» жакын жердеги үйүн батирге берип жүргөн. Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын көпчүлүгү сойкулук менен алектенип, анын батиринде жашашкан. Үй деген эле аты болбосо, эч кандай шарты жок.
Алардын үстүнөн киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш болгондон кийин ошол аймакта «Көпөлөк» аталыштагы рейд жүргүзүлүп, анда 15 кыз кармалып, алардын өздүгү аныкталгыча «приёмникке» камалышты. Жакында дагы ушундай рейддерди өткөрсөкпү деп турабыз.

КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАРДЫН КӨРСӨТМӨЛӨРҮНӨН

Бурулсун
48 жаштагы Бурулсун Күчүкбаева – «Ош базары» жана батыш автобекетинин ортосунда жайгашкан үйдүн ээси. Ал үйүндөгү бөлмөлөрдү сойкуларга батирге берип жан багып келген. Коңшулары аны ичимдикке жакын болчу дешет. Эмнени майрамдашканы белгисиз, кылмыш болгон убакта Канымгүл жана Замира болуп ичип отурушкан. Бурулсундун айтымында, урушту «сени өлтүрөм, керек болсо мен түрмөнү көрүп келгем» деп Каным баштаган. «Бөтөлкөнүн сыныгы сайылгандан кийин Замира бурчка барып жатып алды. Андан соң Тайсон, кийин Замир деген бала аны менен жатышкан. Өлгөнүн эртеси гана билип отурабыз» дейт Бурулсун.

 

 

Канымгүл
Канымгүл Бекболотова, 36 жашта, мурун уурулук кылгандыгы үчүн темир тор артын көрүп келген. Ал «Бурул эженикине конокко баргам, анан тиги кыз менен уруша кеттим. Мени бетке муштап жиберди эле, бөтөлкөнүн сыныгы менен мойнуна сайып алыпмын. Мас болчумун, аны өлтүрүп алганымды бир саат өткөндөн кийин билдим» деп көрсөтмө берүүдө.

 

 

 


Тилек
Тилек Казакбаев, 28 жашта, үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Бишкектеги базарлардын биринде араба сүйрөп иштейт. Бурулсун Күчүкбаеванын уулу. «Ошол күнү базарда ичип, кызуу болуп калгандан кийин апамдын үйүнө конокко баргам. Ал жакта бир кыз менен жатып калгам. Эртеси турсам, башка бөлмөдөгү бир кыз өлүп калган экен. Замир мүшөккө салып, анан экөөбүз көтөрүп барып таштап келдик».

 

 

 


Жылдыз
Жылдыз Асанова, 29 жашта, турмушка чыгып, бирок ажырашып кеткен, 1 баласы бар. Ал «Бурул эженин үйүндө күнүнө 250 сомдон төлөп батирде турчубуз. Ошол күнү арак ичип отурсак, эки бала, кийин дагы эки бала кирип келишти. Чогуу ичип отурганбыз. Анан эле экөө уруша кетип, өлгөн кыз бөтөлкө көтөрүп чуркаганда Каным андан мурун бөтөлкөнү сындырып, тигинин мойнуна сайып жиберди. Каным бизди коркутуп, үйдөн чыгарбай кармап отурду. Тилектин Замир, Танка деген достору болуп өлүктү мүшөккө салып, эшикке алып барып таштап келишкен» дейт.

Айгүл
Айгүл Ибраева, 35 жашта. Ал «мен жумуштан чыгып, Бурул эженин үйүнө барып калдым. Кичине кызуураак болчумун. Барсам майрамдап отурушуптур, Жылдыз деген курбум да бар экен. «Кетпейсиң, биз менен чогуу отур» дегенинен калып калдым. Каным деген эже тиги кызды сабап салыптыр, ал тетири карап жатыптыр. Аны балдардын бири көтөрүп башка бөлмөгө алып чыгып кетти. «Бул ким?» деп сурасам, Бурул эже «бул Дубайдан бери иштеп келген кыз, азыр мен багып жатам» деп койду. Үйдөгү балдар сөз да түшүнүшпөйт экен, мен тиги кызды көрүп коркуп «кетем» десем, эшикти жаап алып «чыксаңар арматура менен уруп бутуңарды сындырам» деп кетирбей коюшту» деп көрсөтмө берүүдө.

Ал эми Тайсон, Танка, Замир дегендер азырынча кармалыша элек.



Аялды өлтүрүп, мүшөккө салып көчөгө таштап салышкан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
15.04.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоооооооооба кылдым.Эмне деген жашоо болуп жатат
15.04.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта,эмне деген адамдар тообо.Жаканды кармагандан башка,айтарга соз жок
15.04.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман жолдон кудай озу сактасын
SUPER.KG видео
15.04.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу, суперчилер. за кадр окуп жаткан кызынар, шоуну окугандай кылып жыргабай бир аз "олуттуу" окусунчу. Кыжырга тиет.
15.04.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркылардын баары нервинний эчнерсени которо алышпайт
17.04.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mir4ik, нервный десен?))
15.04.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым,окуп алып журогум ооруду.Баары арактын айынын да.
15.04.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман ынсап берсин инсанга!!!
15.04.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунун баары атын очкур арактын айынан оз жазасын алышсын эми
15.04.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым, тообо кылдым. Жаратканым озун сактай кор.
15.04.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок.....!!!!
SUPER.KG видео
16.04.2013. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ээ Кыргызым Эмне болуп баратабыз, Айбандарда жолдо калдыго ((( Ушул жинди сууну таштагылачы силерден сураныч?Ооооооо кудайым сенден мин мертебе суранат Элем кыргызымдын кыздарына- ыйман а балдарына- ынсап берчи ???
16.04.2013. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир сойкудан кутулуппуз
16.04.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sasik, саяк жургон,таяк жейт деп точна ушуларды айт, бул кебетелери менен каерде сойкулук кылышты экен наркомандан бетер ,адам коркот
16.04.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toobo kyldyym kuday saktaaa
16.04.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы суйлоп аткан кыз калчылдайт го?
SUPER.KG видео
16.04.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал аял деле арак ичип анан ушундай болду да кудааааааай мына кыргызымдын кыздары
16.04.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болуп эле баратышат адамдар тооба
16.04.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла таалам кыргыз элиме нысаап берсин ичкилик ичпей эле койгулачы.Бул жакшылыка алып барбайтко.
17.04.2013. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар баардыгынар!!!!
17.04.2013. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыздар сойкулугун токтото алышпады да эч, конуп калган адат имиш........ушул сойкулардан жиркенип эркектер барбай эле коюшса жоюлат эле ушул сойкулук.эркектер барбаса корот элем ошондо мамашасы менен эме
17.04.2013. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай бузулган адамдар,сойкулар жана аракечтер эл арасында кочодо баспай эле койгулачы.адам сыягынан кетипсинер
17.04.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо сойку пойкулардын баарын жок кылыш керек.Ошо окшогон кусур ургандардын айынан да биз омуру жакшылыка жетишбейбиз атууга окум чыгарып койсун чондор.Орусча айтатко бей своих чтобы чужие боялись деп.Жетимдер арбагы тынч койоор бекен аларды
18.04.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойкулар оздорун-оздору олтуруп эле азайышбаса, биздин колдон башка эч нерсе келбейт го!Эркектер барбай эле койгулачы ошолорго сураныч жийиркенгилечи бир аз да болсо,кумарга батам деп эле козду жумуп бара бербей,оору жугузгандан башка кайф албайсынар!
18.04.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, Сойкуларга нормальный эркек барат дейсинерби?Озулоруно окшогон эле немелер барат да.Анан кантип жийиркенмек эле?Окшошуп турушса...
18.04.2013. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойку олсо не жалко мне.Бирок тиги эркектерге жалко,тиги шайтан аял олтурсо, эми алар да шайтандын айынан турмого отуруп калышат.
19.04.2013. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды адам деп да айтууга сөз барбайт.Жада калса өлүк менен жатышыптыр бир канчасы тобо.....
20.04.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар адам эмес турбайбы... Бурул: "Тайсон менен Замир жатып чыгышкан"- дейт го, мен жанылбасам Тайсону баласы Тилек окшойт, а эмне буларда уят-намыс жокпу??? Апасынын козунчо ар ким менен жата берген??? Олум жаасын бериш керек, олгонду апасынын козунчо зордуктаган учун... А то кийин озунун кыздарын зордуктайт бул айбан....
20.04.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тообо, бирок баягы саяк журсон таяк жейсин деген кеп бекеринен эместир...
20.04.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет каттуу чара колдонуу керек. М: элге ММК дан эскертуу берип, ушундай сойкулардын жана аларга барган эркектердин бетин жашырбай, тескерисинче аларды теледен корсотуп айтуу керек. Укугун тебелеген болобуз деп журо берсек, аларды тыя албайбыз. Ошондо ата-энелер да уул-кыздарын катуу контролдосо керек деп ойлойм.
20.04.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astahfirullah akir zaman jakindaganda adam adamdi chimin olturgondoi ele bolup kalat degen.... toboo kildim mindai olumdu ech kimge bere korbo....
SUPER.KG видео
26.05.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буга чейин адам олтургондор башка улуттун окулдору болчу эле эми кыпкыргыздар башташыптыр даа окунучтуу жакшы эмес жаман жактарын уйронуп жатканыбыз(((((((((((((
SUPER.KG видео
28.05.2013. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жесть! ушундай алкашняны расстрелге жонотуш керек, жашына, аял эркек дегенине карабай.
Булар бут коомго зыян келтирет. чон эле кишилер, бирок мээси жок экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: