ФУТБОЛ ЖАНА СУЛУУ КЫЗ – КӨП МЫРЗАНЫН КЫЯЛЫ. СУПЕРФУТБОЛдон КҮТӨБҮЗ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж


Жамиля Бактыбек кызы:«СУПЕРФУТБОЛГО ОЙЛОНБОЙ ТУРУП ОЙНООНУ ЧЕЧТИМ»

Жамиля Бактыбек кызы
«Z-fashion Мода» командасынын капитаны

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Параметри – 88-60-88
Моделдик менен 17 жашынан тарта алектенет
Футбол менен мектеп жашынан тарта тааныш
Суперфутболдогу максаты
– Татыктуу оюн көргөзүү

– Жамиля, айтсаң, футбол ойноо пикири кандайча жаралып калды?
– Билесизби, мен мектепте окуп жүргөндө эле футболго жакын болчумун. Өзүм футболду сүйүп көрөм. Ошол себептүү Суперфутболго чакыруу түшкөндө ойлонбой туруп макулдугумду бердим.

– Команданын даярдыгы кандай жүрүп жатат?
– Жаман эмес. Моделдер маал-маалы менен ойноп жатабыз.

– Моделдик менен футболдун окшош жактарын издеп көрдүңүз беле?
– Ооба. Экөө тең көп эмгекти талап кылат.

– Мелдешке кандай максаттар менен келесиңер?
– Бизде чемпион болуп жиберебиз деген деле ой жок. Биринчи жолу катышып жатабыз, тажрыйбабыз башка командаларга салыштырмалуу азыраак. Андыктан өзүбүздү, өз оюнубузду кийинки мелдештерге чакырыла тургандай деңгээлде көргөзгөнүбүз жетиштүү.

Гүлназ Касымбекова, «Супер сулуу-2012» сынагынын "Ажарлуу сулуу" наамынын ээси, «SELA» командасынын оюнчусу:«ФУТБОЛ ОЙНОП МЕДАЛЬ ТАГЫНГЫМ КЕЛЕТ»

– Өткөн жылы "Супер сулуу" сынагына катыштың эле. Быйыл Суперфутболдон көрөт экенбиз. Сенин оюңду укпайлыбы...
– Өзүм футболду сүйгөндүктөн, аны ойноого да каалоом күч. Мен португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун оюндарындагы чеберчиликтерин, голдорун баалайм. Андыктан чабуулдук сызыкта ойногум келип жатат. Негизи, кичине кезимден эле спорт менен таанышмын. 7-классымдан тарта лицейлер арасында өткөн волейбол боюнча мелдештерге катышып, күмүш, коло медаль тагынып көргөм. Суперфутболдо да медаль тагынгым келет.


Канатбек Маматов, «SELA» командасынын капитаны:«КОМАНДАДАГЫ КЫЗДАРЫМА ИШЕНЕМ»

– Канат мырза, Суперфутболго командаңызды өзүңүз баштап чыгарыңыз бизди кубандырды. Себеби биз сизди КРнын Ардагерлер Лигасынын мыкты бомбардири катары билебиз...
– Рахмат. «Топ Юнайтед» командасынын курамында Ардагерлер Лигасында ойноп жүрөм. Эми жаштар менен тең ата чуркап, Суперфутболго катышуу алдында турабыз.

– Сиз ойноп, башында турган «Топ Юнайтед» командасы былтыр Ардагерлер Лигасында 2-орунду ээледи. Эми сиз «SELA» командасынын башында туруп, Суперфутболдо кандай максат койдуңуз?
– Биз алгачкы оюндарды утуп, байгелүү делген 3 орундун бирин ээлешибиз керек деп жатабыз. Биздин командада футбол сүйүүчүлөрү чогулган. Азыр даярдануудабыз. Курамда көптөн бери футбол ойноп жүргөн кыздар бар.

– Кыздарыңызга ишенесизби?
– Албетте, ишенем! 5 кыз майданда бизге чоң күч болуп берет. Мурунку жылдары Суперфутболдо 2 эле кыз ойночу эмес беле. Алар көрүнбөй деле калчу. Азыр 5 кыз деп туура чечим чыкты. Анткени оюнда кыздар бар экени даана байкалат.

Азамат Нуралиев, "Super.kg" командасынын капитаны:«КЫЗДАРЫБЫЗ БИР ЭМЕС, ЭКИ ЖИГИТТИН ОРДУН БАСАТ»

Былтыркы жылы www.super.kg порталындагы күйөрмандардын ичинде силердин оюнга ичи чыкпагандар көп болду эле...
– Быйыл былтыркыга караганда даярдыкты эрте баштадык. www.super.kg порталынын колдонуучулары арасында чакан мелдеш өткөрүп, курамды жаңырттык. Азыр команда футбол өтчү датаны өзгөчө сезимдер менен күтүп жатат. Форумда болсо бизди Дүйнөлүк чемпиондукка узатып жаткандай каалоо-тилектер айтылып, баталар берилүүдө. Моюнга алуу керек, бирок былтыркы Суперфутболдо биздин деле ичибиз ооруп калган. Былтыр мелдешти жеңебиз деген жеңил ой менен келсек, быйыл мыкты оюн көрсөтүүнү көздөп жатабыз. Кыздарыбыз "бир эмес, эки жигиттин ордун басабыз" деп катуу даярданып жатышат. Жалпысынан команда оюнга даяр.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg



Моделдер жашыл майданда

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
25.04.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Модель кыз-жигиттер ойнойт экен да ээ. Кызык, койкойгон моделдер кандай оюн корсотот болду экен? мен созсуз барам.
SUPER.KG видео
25.04.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да барам...
SUPER.KG видео
25.04.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыргызча эле суйлотпойсунорбу ары..балекеттей эле билет ой)))
SUPER.KG видео
25.04.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Модель деген аты эле болбосо, айылдан эле келген сулуу кыз экен. Обу жоктонбой эле, кыргызча суйлобойбу! Кыргыз кыздары озулорун акылдуу корсотуш учун, орусча суйлошот. Ушул улуттук намысы жок стероетипти жок кылсак, жакшы болот эле.
SUPER.KG видео
25.04.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менимче булардын тилдери " Папа, Мама" деп чыккан окшойт. Бирок кайсы тилде суйлосу дагы кыргыз тилин унутпаш керек.
Эн башкысы футбол ойносо болду да. Анан калганын ошол жактан коро жатарбыз.
SUPER.KG видео
25.04.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ogo,modelder uzun buttary menen 3 attaganda ele topko jetip alishat go.Jakshy...
SUPER.KG видео
25.04.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз боло туруп, орусча сүйлөп, орусча ойлонуп калган балдарда эмес, алардын ата-энелеринде айып көбүрөөк. Бала төрөлүп, сүйлөгөндү үйрөнүп, дүйнө таанып жатканында орус тилинде мамиле кылышкан, үйрөтүшкөн. Жамиляга окшогон көп эле кыздар-жигиттер эми үйрөнүп жүрүшөт, эне тилин.
SUPER.KG видео
25.04.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйундо кыргызча эле суйлошот,кочодо,агентте эле орусча суйлоп калышат,
SUPER.KG видео
25.04.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
модельдер кросовки кийип келгиле, шиштака мн келип албагыла:)
SUPER.KG видео
26.04.2013. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурда 4 тилде суйлой алам. Бирок кыргызстанда, кыргыз тилдуулордун жанында кыргызча суйлош керек. Мен ушундай орусча билген адам болуп орусча суйлогон адамдарды коргондо кыжырым келет. Эне тилди урматташ керек!
SUPER.KG видео
26.04.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Model bolso ele oruscha suiloi berishet ekenda))))))
30.04.2013. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга! Тек кана аАлга!
02.05.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NeXt Азамат! Качан болот деги? Пиво которуп барып калайын))
SUPER.KG видео
02.05.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобун жууп алса болмок экен эле.
03.05.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баары учун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: