
Жакында эле жүрөктүн үшүн алган кандуу окуя катталды. Көрсө, бул кылмыш баягы эле аты жаман арактын азабынан келип чыккан экен.
МАРКУМ КАНСЫРАП ӨЛГӨН
2013-жылдын 19-апрель күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылынын Короткая көчөсүндөгү бир үйдө жансыз дене табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам иликтөө кызматкерлери ошол замат окуя болгон жерге барышып, үйдүн ичинен европа улутундагы адамдын сөөгүн көрүшкөн. Ал сол бутунун санына сайылган бычактан улам кансырап каза тапкан экен. Маркум ошол үйдүн кожоюну, 1978-жылы туулган Виктор Ермолин болуп чыккан. Бул кылмышка шектүү делинип маркумдун аялы, 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Марина Бороздина кармалган. Алгачкы эле суракта ал жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган. Ал эми окуя болгон жерден далил катары кан болгон ашкана бычагы жана аялдын кан болгон кызгылт түстөгү водолазкасы табылган.
«МЕН АНЫ ӨЛТҮРӨЙҮН ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»
Тергөө учурунда кылмышка шектүү МАРИНА БОРОЗДИНА күйөөсүн кантип өлтүргөнүн төмөнкүдөй айтып берген:
– 19-апрель күнү эртең менен күйөөм экөөбүз чатакташа кеттик. Ал мени «дүкөнгө барып, карызга арак алып кел» деп кодулай баштады. Аны ичпесин деп айтканын аткарган жокмун. Бир маалда ал столдун үстүндө турган бош бөтөлкөлөрдүн бирин ала коюп мени көздөй ыргытып жиберди эле, мага тийбей, дубалга тийип чачырап кетти. Ага жини келген күйөөм дагы бир бөтөлкө менен мени башка урду, мен төркү бөлмөгө качып бардым. Күйөөм артыман кууп жетип, сабай баштады. Ошол учурда эптеп андан коргонуу үчүн колум менен сыйпалап бир нерсе издей баштадым эле, колума бычак урунду. Аны коркутуп, бир жерге акырын сайып койсом токтоп калабы деп ойлодум да, балтырга сайып жибердим. Чындыгында аны өлтүрөйүн деп ойлогон эмесмин. Көрсө, бычак анын кан тамырын кесип кетиптир. Күйөөм кансырап, эстен танып жерге жатып калды. Чочуп, эмне кылар айламды таппай калдым. Анан эшикке чуркап чыгып, кошуналарга айттым. Алар «Тез жардамга» чалышты. Андан соң менден «милицияга телефон чалалыбы?» деп сурашканда «албетте, чалгыла, кылган кылмышымды мойнума алам» дедим.
Милиция кызматкерлери келген соң аларга бардыгын төкпөй-чачпай айтып бердим. Бул кылмышты атайын жасаган жокмун, өзүмдү коргодум. Мындай кокустук болуп кетерин билген эмесмин. Учурда жасаган ишиме өкүнүп жатам.
«КҮНӨӨСҮН МОЙНУНА АЛДЫ»
Жогорудагы факт боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын ага инспектору НУРБЕК ТОКТОСУНОВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмыш боюнча маркумдун аялы, 1986-жылы туулган Марина Бороздина кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайга камалды. Ал мурда соттолгон эмес. Кылган кылмышын толугу менен мойнуна алып, көрсөтмө берүүдө. Учурда ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен күнөөлөнүп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Ошентип, бир-үй бүлөнүн дубалы урады. Бир кездерде бирге түтүн булатышкан эрди-катындын бири о дүйнөгө сапар алса, бири темир тор артына камалды. Ошондуктан арактын арты азап болорун аңдай жүргөнүбүз оң.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
эмнеге жакшы балдарды тандабайсынар аларды тоготпойсунра анан ушинтип ар нерсени жазбагылачы
эмнеден коркуп жашайсын тан калам мага айтчы жолдошунду эки уруп опкосун узуп салам
бирок эртеси экоон колтукташып жапжакшына болуп баратсанар мен озум уят болуп каламда
ошол учун кечир
Анткени озулору да зыян кылат алардан торолгон балдар жана тарбия алган балдар да ошондой болушу мумкун. Наркоман жана алкаш деген мусорлор.