ПЕДОФИЛДЕРДИ БЫЧЫП САЛУУ КЕРЕКПИ?

№548 3-май-9-май, 2013-ж


Педофилия – дүйнө элинин олуттуу баш оорусу. Буга кылмышкерлердин колунан жабыр тарткан наристелердин саны күбө. Статистика жакаңды карматат. Расмий маалымат боюнча, өлкөбүздө 2010-жылы жашы жете электерге карата 75, 2011-жылы 80 зордуктоо фактысы катталса, 2012-жылы 150дөн ашкан.

3 АЙ САЙЫН УКОЛ АЛЫП ТУРУШ КЕРЕК
Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде Жогорку Кеңештин депутаттары педофилдерди химиялык жол менен бычуу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул мыйзам жашы жете электерге карата жыныстык жактан кылмыш кылгандарга каршы иштелип чыккан. 85 депутат макул болсо, 2 депутат каршы болгон. Ал эми депутат Данияр Тербишалиев педофилдерди хирургиялык жол менен бычып салууну сунуштап, бирок мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети бул сунушту колдогон эмес. Кылмыш жана жаза кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөргө ылайык, жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамды бычуу медициналык комиссиянын чечиминин негизинде сот аркылуу дайындалат. Соттолгон адам абактан чыгарга 6 ай калганда укол сайылат.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев:
– Бул мыйзам жыл өткөн сайын көбөйүп бараткан жашы жете электерге карата болуп жаткан сексуалдык кылмыштардын санын азайтууга багытталган. Биз педофилдерди хирургиялык жол менен бычып сала албайбыз, анткени бул адам укугуна каршы келет.
Дарынын кымбатынын баасы 100 доллардын тегерегинде, күчсүзү 1 айга, күчтүүсү 3 айга жетет. Дарылардын кайсынысын тандайт, аны өкмөт чечип, дары мамлекеттин акчасына сатылып алынат. Балдардын келечеги үчүн бул каражатты аябоо керек. Абактан чыккандан кийин убагы менен жаза аткаруу жайларына барып укол алып турушат. Эгер келбей коё турган болсо, кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланат.

ШАРИЯТТА...
Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:
– Жаш балдарды жыныстык алакада зордуктоо кандай абалда болбосун шариятта арам деп табылат. Бул зынаа эмес, адамга кордук көрсөтүү, ден соолугуна олуттуу зыян келтирүү катары каралат. Бул туурасында «Табйинул хакааик» китебинде (3183) айтылат. Демек, аларга зынаа кылгандын өкүмү да берилбейт. Соттор кандай жаза берсе да ылайыктуу. Өлүм жазасын берүүгө чейин укугу бар, менин оюмча, дарга асып коюу туура. Адамдар бул кылмыштан корко тургандай чара көрүү зарыл.


ЗОРДУК КӨРҮҮ БАЛА ҮЧҮН ООР
Зордук көрүү наристе үчүн изсиз калбайт. Башкаларын унуткан күндө да, психикалык жабыркоону унутуу мүмкүн эмес. Мындай балдардын көпчүлүгү кийин психикалык көйгөйлөргө кабылып, ичимдикке жана баңгизатына тартылып, депрессияга учурайт. Ал тургай өз өмүрүнө кол салгандар да болот. Ошол күн наристенин тагдырында өмүр
бою кара так болуп калып калышы мүмкүн.

БИЗГЕ АДАМ УКУГУ МЕНЕН ЭРКИНДИГИН ҮЙРӨТКӨН ӨЛКӨЛӨРДӨ...
Эксперттер «педофилдерди бычып коюуда алардын укугу бузулат, бирок алардын укугуна караганда балдарды коргоо укугу алда канча маанилүүрөөк» деп белгилешет. Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына көңүл бөлсөк, анда көпчүлүк өнүккөн жана демократиялуу өлкөлөрдүн педофилдерге карата катаал мыйзамдары бар. АКШда жашы жете электерди зордуктагандар, өлтүргөндөр өмүр бою камалат же өлүм жазасына тартылат. Англияда өмүр бою эркинен ажыратылат жана өтө оор эмес делинген кылмышы үчүн 20 жылга чейин камалат. Жазасын өтөгөндөн кийин бала бакча, мектептерге жакын жашашына тыюу салынат. Алардын өлкөдөн чыгып кетүүгө укугу жок жана дайыма полициянын көзөмөлүндө болушат. Чехияда педофил жаза мөөнөтүн аяктагандан кийин аны психиатриялык ооруканага жаткырышат. Эгер ал бычтырууга макул болсо гана аны бошотушат. Орусияда болсо педофил-рецидивисттер өмүр бою эркинен ажыратылып, химиялык жол менен бычылат. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынган.
Ошол эле учурда Беларусь, Түштүк Корея жана Иран, Сауд Арабиясы сыяктуу мусулман өлкөлөрүндө педофилдер үчүн өлүм жазасы каралган. Бул үчүн аларды силердин
мыйзам катаал деп эч ким соттогон эмес.

САКТЫКТА КОРДУК ЖОК
Укук коргоочулардын айтымында, көпчүлүк балдар өз үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылат. Көбүнчө балдардын ата-энесинин көзөмөлүсүз калганы менен байланыштырып келишет. Ошондуктан ата-энелери биринчи кезекте балдарына сак болушу зарыл. Мындан улам балдарды кароосуз калтырбоо, кечкисин өз алдынча сыртка чыгарбоо керек.
Педофилдерди бычып сала турган мыйзам болгону жакшы деңизчи. Бирок «кыска убакытка гана күчү жеткен дарыга акча коротуунун өзү туурабы? Жатак абактагылардын жарымынан көбү издөөдө жүргөн өлкөбүздө педофилдердин убагында дары алып турганын көзөмөлдөй алабызбы? Издөө жарыяланган күндө да ал бул убакыттын ичинде дагы бир наристенин тагдырына балта чаап салбайбы?» деген суроолор азырынча жоопсуз. «Ийне сайдык, эми мындай ишке барбайт» деп эч ким кепилдик бере албайт.

ХИМИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН БЫЧУУ
Химиялык бычуу ыкмасы хирургиялык бычууга альтернатива катары ондогон жылдар мурун иштелип чыккан. Өткөн кылымдын 50-60-жылдары коомчулукка коркунучтуу делинген эркектерге карата сексуалдык функцияларын басаңдатуу үчүн АКШ, Англия жана Германияда тажрыйба катары колдонула баштаган. Мында эркектин жумурткалары алынбайт, дары организмдеги тестостеронду басат жана жыныстык каалоону төмөндөтөт. Убактылуу таасир эткендиктен, химиялык бычуу кылмышкердин келечекте жыныстык кылмышка барбашына кепилдик бербейт. Бирок, статистикага таянсак, мындай ыкманы колдонуу кылмыштын кайталануусун 80 пайызга чейин кыскарткан.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
МЫЙЗАМГА ПЕДОФИЛДЕРДИ ХИМИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН БЫЧУУ КИРГИЗИЛҮҮДӨ. СИЗДИН ОЮҢУЗЧА, УШУЛ ТУУРАБЫ?

Гүлбарчын Кендирбаева, Ысык-Көл облусу:
– Туура. Жакында өз атасы үч жашар кызын зордуктаганын угуп алып төбө чачыбыз тик турду. Мындайларды эл алдында таш бараңга алып, кескилеп кыйнаш керек. Биздин дагы 7-класста окуган кызыбыз бар. Мындайлардан улам кызымдан санаам тынчыбайт.

Төрөбек Орозобеков, Бишкек шаары:
– Мыйзамды эртерээк, 2-3-окуу деп отурбай кабыл алса болмок. Кылмышкерлерге кеткен каражатты андан көрө жетим-жесирлерге жумшаса пайда эмеспи. Наристелердин тагдырынан да зөөкүрлөрдүн укугу же коопсуздугу артыкпы? Таш бараңга алыш керек, педофилдердин коомго кереги жок.

Абдуманап Дыйканов, Жалал-Абад облусу:
– Педофилдерди химиялык жол менен бычып салуу мыйзамы туура кабыл алынды деп эсептейм. Бир-эки жолу бычылгандан кийин бул ишти жасоого болгон каалоо, балким, азая түшөт. Бирок психикалык жактан оорулуу болсо, дарылоо да керек экенин эске алуу керек.

Нурадил Кулбачаев, Талас облусу:
– Негизи, коомго зыяны күч мындай адамдарды өлтүрүп эле койгон оң деп ойлойм. Бирок бизде өлүм жазасы колдонулбагандыктан, педофилдерди өмүрүнүн аягына чейин камаш керек. Мындайча айтканда, коомдон таптакыр четтетип салуу туура.

Касиет Көкчөева, Баткен облусу:
– Ушундай мыйзам чыкканы туура. Жашоону көрө элек, наристе жыты кете элек кыздардын өмүрүн тозокко айландыргандарды адам деп атоо да оор. Андай зөөкүрлөргө мамлекет тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлүп, кайрадан мындай жолго барбай тургандай кылуу керек.

Адилет Салимбай уулу, Баткен облусу:
– Мен бул мыйзамга каршымын. Себеби мындай жол менен адам баласын малга теңеп коюудабыз. Педофилдерге дагы ойлонуп, башка оор жаза табыш керек. Андай болбосо, адам укуктарын тебелеген болуп калабыз.

Сайкал Койчуманова, Бишкек шаары:
– Эч кандай каршы эмесмин, андан да катуу жаза керек. Алардын укугу бузулат дегендер да чыгып жатышат, ал эми кенедей балдардын укугу менен тагдырын ким ойлойт? «Педофилдер өлүм жазасына тартылат» деген өкүм чыкса да каршы болмок эмесмин.

koom@super.kg



Педофилдерди бычып салуу керекпи?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
05.05.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажынын созуно кошулам,мындайларды асып олтуруу керек,коомго сабак болгондой кылып,антпесе зордуктоо жылдан жылга осуудо.
SUPER.KG видео
05.05.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гумандуу жол таптык деп койот тиги депутат,андай айбандарга гумандуу жол табуунун кереги жок,аларды бычып эле салыш керек болчу.андай айбандарга ай сайын акча коротуп эмне керек дейм да.
SUPER.KG видео
05.05.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун омуруно зыйн келтирген адамды так тугунон бычып салуу керек.
SUPER.KG видео
06.05.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атыш керек буларды!ашка жук башка жук кылбай!
SUPER.KG видео
06.05.2013. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай акмактарды эч ойлонуусуз эле дароо атып салыш керек!!!
06.05.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбандар барбаган мындай кылмыштуулукту адам баласы жасап жатканы абдан окунучтуу. Мен кастрацияны толугу менен колдойм, ар бир адам кылган иши учун жоопкерчиликке тартылыш керек. Балдарыбыздын келечегин ойлойлу, мыйзамды созсуз кабыл алуу керек.
06.05.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам укугу деп кайсы адамдын укугу жонундо айтып жатканынызды тушунбодум Дастан мырза? Жан дуйносу таза, эч жамандыкты билбеген жаш балдарды кордогон жаныбарларды "адам" деп бизге салыштырып, биздин адамдык касиетибизге, ар намысыбызга шек келтирбениз. Алардын сырткы келбети гана бизге окшогон адам сыйяктуу.
Менин сунушум: педофилдерге хирургиялык бычуу жасалышы керек жана бычылгандан кийин булар дайым куч орган-н козомолундо каттоодо болушу зарыл.
Ал эми зордуктагандарга убактылуу
06.05.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышкерлерди бакканыбыз аз келгенсип эми дарысына акча да береликпи? Мындай зоокурлорго башка бир айла ойлоп табыш керек. балким, омур бою эркинен ажыратылсын деген окум чыкса, мындай бачабаздыктын аягы тыялар беле
SUPER.KG видео
06.05.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бринчи бычып туруп анан таш баранга алыш керек ! Бул кылмыштын туру аябай кучак жайып баратканда эн керек мыйзамды кабыл алышы зарыл!Аларга ар айда же ар уч айда биздин кайдыгер врачтар , дары сайып турушат деп айтыш кыйын!Коргон кордугун эстегенде педофилдер кайрадан жаш наристелерге кол салышы мумкун !
06.05.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sakta! Kichinekei naristelerde emne kunoo?! Menin oiumcha alardy atyp saluu kerek. "At ailanyp kazygyn tabat" degendei murunku "kylygyn" kaira kylat da..
06.05.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да колдойм,туура эле,дарга асып же атып салыш керек.Жаш балдарды аябагандарды эмнеге аяш керек!!!
06.05.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anday amaktarga olum jazasy da azdyk kilat!!darga asysh kerek!tashbaranga alish kerek!uyalbay adam ukugu dep koet dagy!!
06.05.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен толук колдойм,аз да болсо азаймак
06.05.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жаза болсода, элдин алдына алыпчыгып жазаласа,корот элем акыбабдарын!
06.05.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай акмактар жонундо соз кылуудан да корком.
06.05.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Я не понимаю зачем аларга 100$ коротуп Ар бир ай сайын дарыга, самое лучшее площадка алып чыгып асып салуу керек, психика жактан оруулу адам омур бою больным останется! А депутат дастан полный идиот, какие права человека нарушается, этого зверя и изверга, да они не люди, даже животное так своим ребенком не поступает! Короче полный маразм, из за таких депутатов, которые ничего не понимают о законах, наш Кыргызский народ идет ко дну! Ну сказанул права, да у педофилов не должно быть прав жить
06.05.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дышать у нас в Кыргызстане
07.05.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men karshymyn, eger oshol zakon kuchuno kirse anda bychylyp kalgan erkekter kylmyshtyn bashka turun kylyp kalyshat, Ximiyalyk jol menen alyp saluu uchun karajatty kim toloit?
Menimche alardy bashka jol menen jazaloo kerek, olum jazasy je omur boiu erkinen ajyratuu degen siyaktuu jazalardy ele koldonsok bolot.
07.05.2013. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daryga akcha ketirip emne jynystyk jagyn tubunon kesip salsyn ekin4i adam balasy kaitalabait, korkot kalgandary munu 4ynygy korku dese bolot.
07.05.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында эле бычуу жазасын киргизуу керек,токтоосуз турдо.Ансыз эле башаламан жашоодо мындай нерселер жыл санаап осуп бара жатат бизде.Жогоруда гезитте айтылган олколордогудой кылып бизде да катаал жазаларды колдонсо балким кылмыштуулуктун саны азаймак. Педофилдерге бычуу жазасын же болбосо олум жазасын киргизиш керек. Суттой таза бобокторду кордоп, аларды омур бою жан дуйно оорусуна чалдыктырып, омурун сындырганга эч кимдин акысы жок жана аларга жогоркудай жаза гана ылайык!!!
07.05.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жынысын эле туп орду менен кесип ташташ керек.
07.05.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура жынысын тубу менен кесип салыш керек да озун камап салып кыйнаш керек айбандар десе бала чака чонойгон сайын журогум титирейт ушул маселени жогор жактагылар тезиреек чечишсе жакшы болмок бирин бири чукубай
08.05.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер корс айтылган болсо кечирим сурайм бирок менин оюм андай адамдын 'ошол' мучосун тамыры менен кесип салса анан кормокпуз дагы ушул ишке барарын! Башка способдор жардам беришине козум жетпейт
09.05.2013. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум олум олум бир гана олум бычуу кесуу жардам бербейт алар психикалык жактан ооруган маньяктар кайра ошол нерссеге барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт, ал эми ошо зоокурлордун укугун коргогондор анык кок мээ
10.05.2013. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алардын дарысына неге элдин акчасы жумшалыш керек экен. Башка проблемалар калбай калгандай. Ал эки буттуу айбандардын кандай укугу болушу мумкун. Аларды хирургиялык жол менен эле бычуу туура, алар укугун ошол ишке барганда эле жоготот да. Чубак ажы деле айтып жатпайбы, кандай жаза берсе да ылайык деп. Аларга кесип салуу же олум жазасы берилсе эн туура болоор дейм
11.05.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олум жазасы гана керек!!!
12.05.2013. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул мыйзамга каршымын, себеби каражат кетирип эмне кылабыз андай зоокурлорго ансыз деле мамлекет карызга белчесинен батып турганда. Омур бою камоо да туура эмес багып эмне кылабыз. А бычып салса очошконун да маняка айланып жаш балдардын омуруно коркунуч туулат. Эн жакшысы элдин алдына алып чыгып атып же дарга асып салуу керекда маалымат каражаттарынан туз без коментарий кыргызстандын баардык бурчуна таратуу керек.
SUPER.KG видео
26.05.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бычып салсанар же укол салып турсар мени ушинтип койду дегенсип очошуп кийин анданда оор кылмыштарга баруусу толук мумкун ошон учун аларды бир отоло жок кылуу керек кандай гана жол менен болсо дагы
19.06.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Таалайбек тубунон кесип ташташ керек ошондо зыян келтирбейт жаш оспурумдорго
04.08.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олтуруш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: