«КЫЙНАЛБАЙ ӨЛГҮМ КЕЛЕТ»

№550 17-май-23-май, 2013-ж


«АТАЙЫН ООРУКАНА ЖОК, АЗАПТАНЫП КӨЗ ЖУМДУ»
Жакында таанышыма жолугуп калдым эле, ал жеңесинин рактан каза болгонун айтты. «Рак менен ооругандарга ооруну сездирбөөчү укол лимит менен гана берилет экен. Андан ашса өзүң сатып алат экенсиң. Анысы да кымбат, анан да табылбайт. Оорукананын атайын бөлүмүндө болсо орун жок. Кийинки күндөрү уколу түгөнүп, кайра сатып алалы деп дарыканалардан издеп таппадык. Ошентип, жеңем үйүндө кыйналып жатып көз жумду. Азап тартып жатып «кыйналбай өлгүм келет» деп ыйлады.
Сураштырсак, менин жеңем эле эмес, башкалар деле үйүндө ушинтип кыйналып көз жумушат экен. Эмне үчүн атайын оорукана салып коюшпайт же керектүү бөлүмдөрдү көбөйтпөйт?»- деп көзүнө жаш алды. Ушундан улам бул маселе ойлондуруп, бул жаатында изилдеп көрүүнү чечтик.
Чынында, чет элде айыккыс ооруга чалдыккандар үчүн хоспистер бар. Хоспис бул – айыккыс дартка чалдыккандар акыркы күндөрүн өткөрүүсү үчүн ачылган оорукана. Пациенттердин жакындары эркин келип кете алышат.

«УКОЛДОР ЖОК, КЭЭ БИРЛЕР СУИЦИДГЕ БАРЫШУУДА»
Улуттук онкология борборуна барып, анда рактын акыркы стадиясы менен ооругандарды дарылоочу Паллиативдүү дарылоо жана реабилитация бөлүмү бар экенин билип, бөлүмдүн башчысы АСТРА АРЗЫМАТОВА менен кеп курдук.

– Сиздердин бөлүм кандай милдеттерди аткарат жана канча орундуу? Анткени элден «орун жетишпейт» деп уктук...
– Биздин пациенттер көбүнчө рактын 3-4 стадиясы менен ооругандар. Аларды биз химиялык жана нур терапиясынан өткөрүп дарылайбыз. Кыргызстанда айыккыс оору менен ооругандар үчүн атайын оорукана-хоспис жок. Андыктан бул бөлүм аргасыз чакан хосписти алмаштырууда десек жарашат. Бирок бизде 25 гана койка бар. Ошондуктан орун жок калган учурлар кездешет. «Коридорго болсо да жаткызсаңар экен» деп жакындары бүктөмө керебет көтөрүп келип, жалынган учурлары болот. Айла жок, кээде ошондой да кылабыз.
Биздин бөлүм 1992-жылы хоспис бөлүмү деп ачылган. Бирок 2 жылдан кийин хосписке керектүү шарт, аппаратуралар жок үчүн жабылып (керектүү каражат бөлүнбөй), кайра бөлүм болуп калган. Оорулуулар 14 күн жатат. Бир жылда 600-700 оорулуу дарыланат.

 – Сиздердин бөлүмгө келе албагандар жашаган жеринен бекер дары-дармек ала алышабы?
– Рактын акыркы стадияларына жеткенде адамда мурункудан да жан кыйнаган оору жаралат. Андай учурда күчтүү наркотикалык укол гана 1-2 саатка жардам берип калат. Башка дары-дармектин күчү жетпейт.
Рак менен ооруп, үйүндө дарылангандарга рецепт боюнча ооруну сездирбөөчү морфиндин же промедолдун 10 гана ампуласы жазылып берилет. Ал уколдор катуу оорутуудан 1-2 же 3-4 күнгө гана сактайт. Кайра ал бошогон ампулаларды врачка алып барып көрсөтүп, рецепт жаздыруусу кажет. Бошогон ампулаларды көрсөтпөсө укол берилбейт. Алар лимит боюнча берилет. Лимиттен ашса, аймактагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ФОМС) кат жазып, уколдорду бердирүү боюнча чечим чыгартыш керек. Чечим чыгарылып берилбесе же ФОМСко кайрылбаса, анда оорулуу өзү сатып алыш керек. Дары өтө кымбат жана наркотикалык болгондуктан, дарыканалардан оңой менен табылбайт. Уколду сатып алууга чамасы жоктордун эптеп жол кире тапкандары биздин бөлүмгө келишет. Бизге келүүгө жол кире таба албай же алып келе турган адамы жоктор үйлөрүндө өтө кыйналып жатып көз жумушат. Ооруну сездирбөөчү каражаты жок калганда кээ бири суицидге да барып жатышат.
Бизге келгендер ооругандардын бир аз гана пайызын түзөт. Ачык айтканда, кээ бир бейтаптар бул жерге өмүрү менен кош айтышуу үчүн гана келишет. Бирок үйдө көз жумгандарга караганда врачтардын камкордугу, дары-дармектердин арты менен акыркы сапарга анча кыйналбай узашат.

– Андай оорулууларга рецептке көбүрөөк эле укол жазып беришсе болбойбу?
– Мыйзам боюнча ушундай. Наркотикалык дарыларды рецептсиз сатып ала албайсың жана фармацевтикалык фирмалар андай каражаттарды аз алып келет. Себеби мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү абдан күч. Сыягы, андай дарылар «чёрный рынокко» өтүп, сатылып баштайт деп кооптонушат. Бирок мамлекет жашоосу аз калгандарга да гумандуулугун көрсөтүшү керек.

– Бишкектен тышкары жерлерде да сиздердикиндей бөлүм барбы?
– Ошто гана бар. Ал да аз эле орундуу.

Оорулуулар үчүн атайын оорукана ачуу убактысы эбак келген экен да?
– Сөзсүз атайын оорукана-хоспис ачуу керек. Хосписте оорулуулар ооруну сездирбөөчү дары-дармек, кычкылтек жана өз алдынча тамак иче албай калганда зонд менен тамактануу жардамын ала алышат. Хоспистин башкы максаты – оорулуунун азап тартуусун азайтуу жана акыркы күндөрүн жакшы өткөрүүгө шарт түзүп берүү. Андагылар мечит, чиркөө менен иштешет. Көз жумар алдында ислам динин тутунгандарга молдо, ал эми христиан динин кармангандарга чиркөө кызматкерин чакырып беришет.
Биз да чет өлкөдөгүлөрдөй ооругандарды үйүндө азап тартып жан кыйышына жеткирбешибиз керек.

– Бөлүмдө дарылар жетиштүүбү?
– Бөлүмдө жетиштүү, бирок баары укол түрүндө. Медайымдар укол салып беришет, а үйүндө ооругандар укол салдыруу үчүн кыйналып медпунктка баруулары керек.
Андыктан Кыргызстанга чет элдиктер колдонгондой ыңгайлуу тил астына салып коюлуучу морфин таблеткасын жана денеге жабыштырып коюучу, ооруну басуучу каражаттарды алып келүү керек. Бирок алар уколдорго караганда кымбат болгондуктан, бизге алынып келинбейт, ага акча бөлүнбөйт. Өкмөт ушул боюнча карап, каражат бөлсө ооругандарга адамча мамиле кылып, алардын укугун коргогон болот элек.

САНДАР СҮЙЛӨЙТ

  • Өлкөдө 1 жылда орточо эсеп менен 6000 адам рак менен ооруп, алардын 2000-2500дөйү көз жумат.
  • Бизде хофспис жок рактын акыркы стадиясы менен ооругандардын 80-90 пайызы үйлөрүндө кыйналып көз жумууда.

КЫРГЫЗСТАНГА ХОСПИС КЕРЕКПИ?

Дамира Ниязалиева, ЖКнын депутаты:
– Рак оорусуна чалдыккандар үчүн онкологиялык ооруканалар бар. Андыктан хоспис эмес, атайын паллиативдүү дарылоо бөлүмдөрүн ачып, көбөйтүү керек. Чынында, рак менен ооругандарга мамлекет өтө аз каражат бөлөт. Ал каражат оорунун акыркы стадиясында ооруну басуучу дары-дармекке гана араң жетет.
Учурда эмчектин рагы менен ооруган аялзаты көбөйдү. Андыктан ооруну алдын ала аныктоо үчүн 7 облуска санариптик маммограф (аппарат) керек. Булар 20-30 миң доллар тургандыктан, бюджеттин күчү жетпейт. Бирок мамлекеттик тиешелүү структуралар долбоорлорду иштеп, донорлорду таап, мындай аппараттарды алууга жетишүүлөрү тийиш.

 

Мыктыбек Арстанбек, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Халал комитетинин төрагасы:
– Муфтиятка «ооруп жатам, жардам бергилечи» деп күнүнө болжол менен 10-15тей адам келет. Алардын ичин­де «рак менен ооруйм» дегендер да бар. Болушунча акчалай жардам көрсөтүлөт. Муфтият та­ра­­бынан онкологиялык ооруканага баруу, оорунун акыркы стадиясы менен ооруп жаткандарга жардам көрсөтүү жүргүзүлө элек. Бул келечектин иши.
Рак менен ооругандар да, көз жумгандар да көбөйүп бараткандыктан, хоспис керек.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg



Кыргызстанга хоспис керекпи?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
20.05.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла озу. сактасын биринчи байлык ден соолук,туугандар ошон учун биринчиден озубузду карайлы чондор наары нурсун озубуздун врачтарда акчан болсо карайт экен мен москвадан барып лечениа алайн десем орун жок дейт уйундо алабер деп айтат анан врачтын халатын чонтогуно акча салсам бетине сразы башкача жылмайюуу пайда болуп суйунгонун шашкалактап кетти кийин сурасам бардык врачтарга берсен карайт экен биз байкуш четте иштеп журуп андайды билбесек.
20.05.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч качан ооруубайлы эч ким кыйналбасынчы баарынарга ден соолук каалаймын
20.05.2013. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
20-30 мин доллар бюджет учун эч кандай акча эмесго алып койсо болбойбу!!!!Булда биздин бийликтин алсыздыгы
20.05.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай проблемаларды министрлик чечиш керекда.Анкайып каякты карап отурат болдукен саламттыкты сактоо минстрибиз
20.05.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоба кызык ээ кантип бюджетте акча жетбесин менин да эжем 3баласы м.н куйоосу Таш-Комурдо иштеген боюнча дайыны жок эмчектен рак болуп каза болуп калды ачса дарылан беле
20.05.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бюджетте озу ушундай элдинтагдырын чеччу нерселерге акча эч эле жетпейт экен ,анан 20 30 депутатка делегацияга, салтанатка , кечеге мындан коп акча кортушатко кылы кыйшайбай, азыраак ойноп кобуроок пайдалуу нерселерге конул бурушса болмок
20.05.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошода ачса кандай соонун болмок рак менен ооругпн кандай гана жаман, менин атамда рак менен ооруду 1 минутда токтотпойт ооруусу ,чиновниктер бирин бири чукубай ушундай иштерди караса болмок.,
20.05.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир болгон окуя бир адам рак менен оруп омуру аз калганда жайлоого барып дари дегендин барын жей берген айтор чоп жылан курт кумурска алдынан чыкканын жей берген жойлоодон келип текшерилсе таза чыгат емнеден айыкканын озу билбей калган рактын диагнозу бар деп ойлойм
21.05.2013. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин чон энеме кыйналбай кетсин же жаны кыйналбасын деп ушул дарын салдырганбыз! Аттин, жаны оорубаганы менен, оозун кыбыратып, кыбыратып акыркы керээзин айта албай, бул дуйнодон кете берди......
21.05.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сырттан өзгөчө Кытайдан келип жаткан продуктыларды балдарга бербесеңер, тамак аштын сапатын көтөрүү керек, кыргыздар аз элбиз, бул оору көбөйдү, өкмөттү карагандан пайда жок, өзүбүздүн кылымдар сынагынан өткөн тамактарыбызга, каада-салттарыбызга кайрылсак.Курулай болоор-болбоско кан-жинибиз чыккыча жинденбей, мээрим, сабыр дегендерди туу тутсак.Оорунун себеби эмне дегенде жооп
21.05.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии,абдан окунучтуу. ыйлагым келип жатат. менин апам ушул оорудан коз жумган,озу да доктур эле.
21.05.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да синдим ушул оорудан коз жумган, 3 жыл жатпаган больницасы калган эмес, бул дарт чон кичине дебей алып кетет бир куну. Баарынарга ден-соолук каалайм, ал эми биздин чиновниктерге ар биринин уйундо ушул элдикиндей анан да болсо элдин оорусунан да кыйын дартка чалдыгышса анан гана элди тушуноор беле деймин да
21.05.2013. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар больницага синдимди жаткызган сайын бири чыгат 15-20 мин доллар менен чечилет деп, чечишкен да жок, айыккыс дарт деп алты ай омуру калганда колубузга карматып койду
22.05.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озун сактай кор.
22.05.2013. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо алла озун сактай кор
22.05.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озу ар бир пендесин сактасын!Журокту ооруткан маек болуптур,окуп алып башкача болуп кеттим.....
22.05.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Өкмөт ушул боюнча карап, каражат бөлсө ооругандарга адамча мамиле кылып, алардын укугун коргогон болот элек" - ойлонбой айтып алган го, адамча мамиле дегени кандай
22.05.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Damira ayim 20,30min dollar kerek aparatka,akcha jok deit go. Akcha bar,tuura koldonuwtu biliw kerek. Deputattarga kymbat mawinalardy byutjettin akchasyna alganga akcha bar. Milliondogon akchalar kerek emes nerselerge jumwalyp jatat. Uwundai jagdailarda koldonuw kerek,byutjettin akchasynan,xospis kurup,bol'nicalardy ondop. Okunuchtuu,ooru ech kimdin bawyna kelbesin.
22.05.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaratkan chin den-coolyk,yzyn omur bere kor jana jenil olym..
22.05.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кимге мындай нерсени каалабайм. Өз апам ушинтип кыйналып атып көз жумду. Апамдын кыйналганын көз алдыма элестеген сайын жүрөгүм тилинет. Ин ша Ллах эми мындай нары рак менен ооруган адамдарга жардам кылып өтөм. Себеби менин апам кыйналгандай эч кимдин апасы, апасы, иниси, агасы, эжеси, карындашы жана тууганы кыйналып көз жумбасын..
23.05.2013. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Majit,
Башка сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! Дагы кайталанса сайттан четтетүүгө туура келет!
23.05.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маммограф аппарат 20-30мин доллар турат экен,бул аппаратты сатып алганга окмоттун кучу жетпейт дейт го.Не деген кулкумуштуу нерсе?!Эгер ушундай ото зарыл нерселерге бюджеттен акча боло албаса?!!!Кыскасы чарчап калган да биздин окмотубуз
23.05.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактааа жашоо емне болуп баратат.
23.05.2013. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмот андай аппараттарга акча болсо ,оздоруно жегенге жетпей калбайбы.алкымы чон мыйзамдагылар силер да ,7 метир сулп мн жерге комулорунорду эстегиле ,эч ким ,эч качан байлыгынкорго кошо ала кете албайт ,жегендин ордуна ушундай маселелерди чечиш керек .байыбыз деле ,кедейибиз дагы,жесек жебесек дагыбир жерге барып чогуу сурак беребиз мусулмандар
25.05.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда Озу ВЕЧНО ЭЧ НЕРСЕГЕ денег НИКОГДА НЕТ,В БЮДЖЕТЕ НЕ ХВАТАЕТ,интересно а на что тратятся бюджетные деньги????элдер уже поделились по-моему на 2слоя,богатых и бедных!
25.05.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин синдим емчектен рак болуп 28жашында отуп кетти. Эстесем журогум ооруйт. Бир жыл болуп калды.
26.05.2013. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бийлик -Жок акча жок жетпейт деген созду ушунчалык катуу суйушот жок дегенде башка жолун тапканга аракет кылышпайт
26.05.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр оорулардын саны эле кобоюп бара жатат.акча жок эле дей бербей чондорубуз акчаны туура сооптуу иштерге жумшашса болмок.баары эле чет жактан уй салдырып кымбат машина ала бербей.30м.д бул бир эле депутаттын бюджети болсо керек
31.05.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жараткан Атамбаевдин ар мамилекеттен сурап келген акчалары каяка кетет ошолорго апарат алып бербейби уялбай бюджетте акча жок дешет чондордун башына келгенде тушунот болуш керек
SUPER.KG видео
01.06.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керек , оорулуулар жок дегенде акыркы кундорун даарынын жардамы менен,кыйналбай откоруусу учун !
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: