«ӨЛКӨДӨ БААРЫ ЖАКШЫ БОЛСО, САЯСАТКА КЕЛМЕК ЭМЕСМИН»

№550 17-май-23-май, 2013-ж


Рубрикабыздын бүгүнкү коногу Японияда экономика жана саясат багытында докторантурада билим алууда. Ал ондогон чет тилдеринде түш жоруйт. Каарманыбыз Сейтек Качкынбаевдин Кыргызстанга келгенинен пайдаланып, өмүрүндөгү кызыктуу жана алгылыктуу окуялары, анын Кыргызстандагы бүгүнкү абалга көз карашы боюнча баарлаштык.

«КОЙДУ СОЙБОГУЛА» ДЕП ТЕРЕЗЕЛЕРДИ ТАЛКАЛАП САЛЧУ
Каарманыбыз артка кылчайып балалык күндөрүн эскерип, жылмайып отурду. Сейтек Качкынбаев ата-энеси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда иштеп жүргөндө туулган. Турмуш шартка байланыштуу аны 1 жашка чыкканда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы таята-таенесине беришет. Аларга жыт алып калган баланы бир канча убактан кийин ата-энеси өзүнө алат. Бирок көнбөй, таята-таенесин сагынып куса болуп кыйнала бергендиктен, Сейтекти кайра тайларынын колуна беришет. Ошентип, карындашы экөө тайларында чоңоюшкан.
«Карындашым экөөбүз каникулду саргара күтүп, төрт бир тууган чогуу ойногон күндөрүбүздү сагынчубуз. Анткени ар бир чейрек бүткөндө берилчү бир жумалык каникулда ата-энебиздин жанына барчу элек. Ошондогу Ала-Бука менен Кара-Кулжанын ортосундагы 300 чакырым бизге бир өлкөдөн экинчи өлкөгө баргандай сезилчү. Биз таята-таенемде, кичүү карындашым менен иним ата-энемде өскөндүктөн, тарбия жагынан бир аз айырмачылык бар»,- дейт ал.
Эрке, эркин өскөн тентек бала бүгүн да койду союуга чыдай албайт, жүрөгү ооруйт. Бала кезде кой союлганын көрсө, терезелерди таш менен талкалап, ызы-чуу салып ыйлачу. Анын ийкемдүү жолун тапкан таята-таене колуна тыйын карматып дүкөнгө жиберип, ал келгенче коюн союп алчу экен. Ашынган тентектик деп таякеси менен камыш кепени өрттөп, өзү анын ичинде өлүп кала жаздаганын эскерди.
Агасын көргөн иниси Советбек да Түштүк Кореядан билим алып, Япониядан магистрлик окуусун бүтүрүп келиптир.

ЧЫГЫШКА КЫЗЫГУУСУН ТАЯТАСЫ ОЙГОТКОН
Лингвист Сейтек Качкынбаев мектепте математика, биология, орус тилин кызыгып окучу. Андагы жаш жеткинчек азыр кыргыз, орус, англис, кытай, корей, япон, өзбек, монгол, дунган, калмак, алтай тилдеринде эркин сүйлөйт.
Таятасы Экинчи дүйнөлүк согушта СССРдин тилектеши Кореяда Германиянын союздашы болгон Японияга каршы резервдик аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Анын чыгыш жөнүндө айткандарына таасирленип, каарманыбыз 7-классында Москва университетинен чыккан «Чыгыш көйгөйлөрү» журналына жазылып, калтырбай окуй баштайт. Ошол кезде Москва университетинин чыгыш таануу факультетинде окусам деген эңсөөсүн телеберүүдөгү маалымат өзгөртөт.
«БГУда чыгыш таануу адистиги ачылгандыгын ошол кездеги ректору Топчубек Тургуналиев бир телеберүүдөн айтып калды. Бишкекке келип, ошол университетке кытай тили адистигине тапшырдым. Ошентип, чыгышка болгон кыялымдын ишке ашуусунун алгачкы кадамы башталды»,- деп эскерет ал күндөрдү Сейтек мырза.

КЫЗЫ ЯПОНДОР МЕНЕН ЧОҢОЮП ЖАТАТ
Келинчеги менен 2003-жылы Ташкентте өтчү япон тили боюнча чечендик өнөр сынагына баратып таанышып калат. Сейтек мырза 2006-жылы Японияга окууга кетет. Ташкентке баратып таанышкан Акбермет сулуу 2009-жылы Японияга окууга барып, тагдырдын буйругу менен Сейтек мырзага Токиодо жолугуп калат. Жердеш катары катташып, баарлашып жүрүшөт. Мүнөзү туура келип, 2011-жылы баш кошууну чечишет.
Учурда жубайы эл аралык мамилелер боюнча докторантурада окуйт. Ортолорунда аймончоктой Ырыскы аттуу 1 жаштагы кызы бар. Ал бала бакчада япон балдар менен аралашып тарбия алууда. «Кызым кыргыз тилин билбей калышы мүмкүн эмес. Эне тилин жакшы түшүнүп, жазуучу М.Элебаевдин ким экенин билген кыргыз тилдүү адам болот деп анык айта алам»,- деп ишенимдүү отурду каарманыбыз. Ал алдыдагы планы менен бөлүшүп, Японияга барып, өз тажрыйбасын, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын китеп кылып жазарын кошумчалады. Жубайынын окуусу бүткөндөн кийин дагы 3-4 жылдан соң Кыргызстанга келерин билдирди.
Сыртта билим алып, эл керегине жарасам деп жүргөн мекенчил мырза менен мезгилдин актуалдуу маселелери боюнча да баарлаштык.

– 1945-жылдан кийинки япон экономикасындагы секирикти дүйнөдө «япон керемети» деп атап келишет. «Кыргыз кереметин» жаратуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
– Ага үч нерсе тоскоолдук кылып жатат: эркиндиктин, мыйзам үстөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги жана билим. Арийне, биз Японияны туурабашыбыз керек. Ал керемет 70-жылдарда болгон окуя, так ошону кайталай албайбыз. Эркиндикти туура пайдалана билүүбүз, билимди колдонуубуз, анан мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүүбүз керек. Мыйзамдын үстөмдүгү жок үчүн депутаттардын айдоочусу үч адамды мерт кылса да камалбайт, ошол эле учурда бир жөнөкөй жаран тоок урдаса, аны 3 жылга камайт.

– Эне тилибиздеги көйгөйдү канткенде чече алабыз деп ойлойсуз?
– Биз «бир өлкөдө бир улут» деген саясатты жүргүзүшүбүз керек. Этностук топко бөлүнбөй, орусту орус тектүү кыргыз деп, өзбекти өзбек тектүү кыргыз деп өзүбүзгө жакындаштырышыбыз зарыл. Алар кыргыз паспортун алып жүргөн соң паспорттогу улуту деген жерге кыргыз деп жазылышы керек. Көптөгөн чет өлкөлөрдө улуту деген жерге өз улуту эмес, атуулдугу жазылат. Демек, бардык кыргызстандыктарга кыргыз деп жазылат. Мамлекеттик кызматкерлер ТОЕFL (чет элдиктер үчүн англис тил сынагы) сыяктуу кыргыз тил деңгээли боюнча тест тапшырып, ишке алынышы керек. Учурда ушул долбоордун үстүндө иштеп жатам.

– Мамлекеттик кызматта иштебеген, бирок чет өлкөдөн билим алган жаш адис катары кызматка чакырышса, ишти алып кете аласызбы?
– Адамды тажрыйбадан өткөрүп келчү планета жок, менин оюмча. Билим алып, ошол мамлекеттердин тажрыйбасын көрүп жатпайбызбы. Эгер өлкөдө баары өз ордунда баратса, анда мен саясатка келбей, китеп жазып жүрө бермекмин.

– Акыркы жылдарда Тышкы иштер министрлигине, элчиликтерге карата сындар айтылып келет. Япониядагы кыргыз элчилигинде абал дурус элеби?
– Мен жашаган Японияда абал мурдагыдан бир аз жакшырды. Негизи, элчилерге үч негизги талап коюлушу керек. Кыргыз тилин мыкты билиши, эл аралык мамилелер боюнча билими бар, ошол барган өлкөнүн тилин жакшы билген элчи болуусу кажет.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg



"Өлкөдө баары жакшы болсо, саясатка келмек эмесмин" дейт Сейтек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(32)
SUPER.KG видео
17.05.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элибизде ушундай атуулдар кобойо берсин,кудай омурун берип кыргызыма кылайын деген максаттарына жеткирсин ылайым,ушундай билимдуу дили таза элим жерим деп куйгон адамдарды коргондо,Кыргызстаныбыз дагы бир кун келип гулдоп онуккон мамлекет болотго деген ишеним,умут пайда болот.Супер инфонун жамаатына да терен ыраазычылыгымды билдирип кетейин,ушинтип айрыкча алыста жургон мекендештерибизге эли-жеринде эмне болуп атканынан кабар берип,кыргыз маданиятынан бир аз да болсо артта калтырбай жеткирип,
SUPER.KG видео
17.05.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
суугарып турганыныздарга коптон коп рахмат!Ишиниздер илгерилей берсин.
SUPER.KG видео
18.05.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын Сейтек! Сейтек дегенчелик, татыктуу атын бар экен! Мекенчилдик, улуттук намыс, кыргыз тилин билбеген мамкызматкерлер кыргыз тилинде "Тойфул" сынагын тапшыруу жана мектептерде милдеттуу турдо болушу, Кыргызстанда орус тектуу, же озбек тектуу, же дунган тектуу кыргыз деген эрежелер нормалдуу корунуш болууга тийиш, бул ойлорунду толугу менен колдойм. Ушул мекенчилдик коз карашынды Кыргызстанда жайылтуу керек, мен дагы оз тарабымдан, бардык болгон мекенчилдик аракеттеримди жасайм.
SUPER.KG видео
18.05.2013. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдойм кош колдоп колдойм ушундай жаштар керек бизге
SUPER.KG видео
18.05.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммммм дааа, кыргыз деп куйгон мырзалардын бири экендиги маектин башынан аягына чейинки журушундо байкалат экен. Чындап эле муун жаныртыш керек деген созу ото жакты. Созсуз турдо кыргыз эли учун ачылыш жасайт деп ойлоп кеттим. А кошумчалай кетчу нерсе озу да Брюс Лиге окшош экен :)
SUPER.KG видео
18.05.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы колдойм. Сейтек байкенин кичинесинен коомду таануу сезими ойгонуп, ошонун аркасынан мыкты деген мамлекетерге барып, окуп, тажырыйба топтоп жургонуно мен абдан суктандым.Анан сиздин идеяларыныз дагы абдан жакшы экен.Азыр мекен учун кызмат кылам деген жаштарга сиздей жол корсотчу адамдар абдан керек.
SUPER.KG видео
19.05.2013. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsiz Seytek baike!!! Konulduu, & maaniluu maek boluptur! Sovet baikeme da salam, Eldar,,,Illinois, USA
20.05.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaysi samuray dese))...

Sozdoruno kowulam!
20.05.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Сейтек мырзаны сырттан тааныйм 2005-жылдары япондорго котормочу болуп биздин Университетке келген. Озу кытай тил адистигин бутсо да япончо-орусча жон эмес адабий тилде которгону мени бир чети тан калтырса бир чети менин да чет тилди мындан ары оздоштурууго туртку болгон. Ал озуно озу жол таба алды. Негизи тил уйронуудо эрк керек. Эрки куч мырза экен. Дагы айтарым бизде баардык жерде билим беруу бирдей эмес, жада калса район райондон айырмаланат.
24.05.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, мен дагы бул байкени тааныйм. Аябай илимдүү байке. Баа берем, таң калам, өтө ыймандуу жана жөнөкөй жакшы адам. Келечекте президент болчу байке! Кызык, окусун бүттү болду бекен...
20.05.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ищинизге ийгилик! Кыргыз элинин атын чыгарып, алдыга карай умтула бериниз! Сиздин жолду жолдойлу.
20.05.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото кызыктуу маек, мына ушундай корком суйлоп чон билимдин устундо жургон кыргыз атуулдары мекен эл жер учун иштесе эле тез онугобуз бул чындык бирок тилеке каршы эмнеге булар келбейт бийлике? атаганат кыргыздын билимдуу уул кыздары олко башында туруп экономика, саясат жана маданиятны онуктурсо экен деп кудайыан сурап келем.
20.05.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ушундай патриоттордун бар экендиги жана көп экендиги мени абдан кубандырат! Аларды таап, алар менен маектешип, элге таанытканы үчүн Супер-инфого жана анын кабарчы-журналистерине ыраазычылык
20.05.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз,ишинизге ийгилик.Аллах Таала ыраазы болсун...
20.05.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашаган башка улуттарга айткан созу мага майдай жактыда,азаматсын!!!!
21.05.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыкты идеяларыныз бар экен,эл уулу,улуттун куйор инсандары деп силердей эр-азаматтарды айтуу керек!Азыркы окмотто кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын ойлогондор аз,бири олкендердин,бири АКШнын козун карап, ...кашып,ошолор чийген чийинден чыга алышпай. А тугул олкендердин составына кошулсак дешкен эл бузарлардын тобосу да корунуп калып жатат.Улуттун улуттук баалуулуктарын арттыруу силердей демилгечил азаматтардын гана колунан келет сыяктуу.
21.05.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан да элестетип кеттим 20 жылдан сон Кыргызстанда боз уй тибиндеги зангыраган имараттар, баардык жерлерде жанырган кыргыздын кылым карыткан куу-ырлары,кыргыз тилин мыкты билуу мн кошо дуйнолук тилдерди билген,илим багынткан жаштар,туризм ото мыкты денгээлде онугуп,башка мамлекеттердин кызыгын арттырса,кыргыздын каада-салтын чемичкедей чаккан муун пайда болуп,нукура кыргыз маданияты онуксо,улуттук тартип орносо,ыймандуу,меймандос,берекелуу эл болсок... эххх ото кыялданып салдым го
21.05.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле кыйын экен салыштырмалуу, кыргызда ушундай билимдуулор коп болсо ээээээх , кандай сонун.
21.05.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кайсыл олкодо жашаса ошол олконун паспортуна ошол олконун атуулу, улуту да ошол оконуку болуш керек. Жана башка мамлекеттерге элчи болсо озунун тилин ошол элдин тилин билиш керек. Азаматсын кыгыз элине салымын кошушуна тилектешмин.
SUPER.KG видео
21.05.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz tili boiuncha ayabai sonun idealardy aityptyr,jubaiy Akbermet ayabai jakshy kyz otlichnitsa, umnitsa
23.05.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу японецке окшош экен го:))
тема боюнча:
бизге саясатчылардын (бездельниктердин) санын азайтыш керек.
Бизге бизнесмен ишкерлердин санын кобойгондо гана КР онолот.
23.05.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай маданияттуу,билимдуу,акылдуу инсандарыбыз созсуз биздин саясатка келиш керек.Ошондо элибиздин пейили дагы онолот деп ойлойм.
24.05.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеону толук көралбай жатам
24.05.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rakyl12, кандай көйгөйлөр жаралып жатат? Балким, интернетиңиздин ылдамдыгы төмөн.
24.05.2013. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоо бул жигит биздин айылдан болот эле
25.05.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тил уйронууго да эрк керек деп, туура айтасынар. Негизи кыйын жигит экен. Кыргызда ушундай жигиттерден кобуроок болсо тезирээк онугот элек. Окууларын бутуп, тезирээк эле келишсе экен, эл керегине жарап.
25.05.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи менин оюмча ушундай байке сыяктуу илимдуу-билимдуу адамдар олкону башкарыш керек, англияда,америкада окугандар-англис тилин билишет, европада окугандар-немис, француз, испан тилдерин билишет, япон, кытай, корей ж.б. мамлекеттерде мыкты билим алып. аны мыкты оздоштуро алгандарды чогултса, единомышленниктер биригишсе, жакшы натыйжа чыгат болушу мумкун деп ойлойм. анан национальныйды эптеп септеп бутуп алып, ЖКда тантырашпай. негизи бир депутат бырбы англис тилин билген?
26.05.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сейтектин эн биринчи душманы озунун аялы.
27.05.2013. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1, munu kandai tyshynso bolot?
27.05.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Белошейка, адамдардын жаман жактарын, койгойлорун чукугандык-эн жаман сапат, бул кокро албастык. Карачы, бардык пикирлер он мааниде, сен гана ойду башкага бурасын.Сейтек балабызга ак жол гана каалайлы.
27.05.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жол.
SUPER.KG видео
27.05.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын Акбермет акылдуу, анан дагы компютерди абдан жакшы билет," хаккер". Бирок ошонусун башкаларга зыяны тийбегидей колдонсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: