9 ЖАШАР КЫЗДЫ ӨЛТҮРҮП, КӨМҮП САЛГАН

№551 24-май-30-май, 2013-ж


«Мени Бакуля издеп жатат, эми апам издеп баштайт. Үйгө, мектепке барышым керек» деп ыйлап кирди. Издөөдө жүргөндүктөн, мени кармап алабы деп коркуп, кызды муунтуп өлтүрдүм. Анан баштыкка салып, үйдүн жер төлөсүнө көмүп койдум...» Милиция кызматкерлери тарткан оперативдүү тасмада кылмышкер жайбаракат ушинтип айтып берип жатат.

ЖЕР ТӨЛӨДӨН ТАБЫЛГАН СӨӨК
2013-жылы 5-майда Бишкек шаарынын 9 жаштагы тургуну Лидия Видясова жоголгон. Маалымат түшөр замат тажрыйбалуу кызматкерлерден оперативдүү издөө тобу түзүлүп,
ММКлардан Лидиянын сүрөттөрү берилип, изделе баштаган.
Алгачкы иликтөө учурунда Лидиянын апасы Юлия, бала багуучусу Бактыгүл да өздөрү үйдө эле болгонун, кызы да үйдө жүрүп жоголуп кеткенин билдиришкен. Бактыгүл болсо биринчи сурактан кийин из жашырып кеткен. Чиеленген жиптин учугу кайра эле Бактыгүлгө барып такалып, ал Аламүдүн районундагы дачалардын биринде кармалган. Ошондо гана ал Андрей аттуу жигит Лидияны уурдап кеткендигин айтып, Андрей бир нече күндөн кийин ошол эле дачадан колго түшүрүлгөн. Ал Лидияны өлтүрүп, көмүп салгандыгын моюнуна алып, кай жерге көмгөндүгүн көрсөтүп берген. Үйдүн жер төлөсүнөн табылган наристенин жансыз денеси целлофан баштыкка салынып, колу, буту скотч менен оролгон экен.

«ШЕКТҮҮ КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛДЫ»
Биринчи Май РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы НУРМАТ ДАВЛЕТОВ:
– 6-май күнү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 1986-жылы туулган Юлия Видясова аттуу айым арыз менен кайрылып, 9 жаштагы кызы жоголуп кеткендигин билдирген. Оперативдүү издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 17-май күнү Аламүдүн районунун Арашан айылында бул кылмышка шектүү делинип 1983-жылы туулган Андрей Овчинников жана 1969-жылы туулган Бактыгүл Бекказиева аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.
Сурак учурунда Андрей Овчинников кызды Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылына алып барып, муунтуп өлтүрүп, көмүп салгандыгын моюнуна алды. Айткан дарекке алып барганыбызда ал кызды өлтүргөн, көмгөн жерин көрсөтүп берди. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, Андрей Овчинниковдун үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү), 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми бала багуучу Бактыгүл Бекказиевага бул кылмыш ишинин негизинде юридикалык баа берилет. Учурда экөө тең СИЗОго киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Бирок эң башкы суроого жооп Андрейдин Лидияны эмне себептен алып кеткендиги азырынча аныктала элек. Ал наристени өлтүргөндөн мурун эмне кылгандыгын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жана тергөөдө аныкталмакчы. Себеби Лидиянын апасы Юлия «кызымдын өлүгүн көрдүм. Анын моюнунда муунткандын белгилери жок, бирок колу-бутунда скотчтун издери, бети-колунда чоң-чоң шишиктер бар экен. Кызымды башкача өлтүрүшү да мүмкүн» деп күмөн саноодо.

«ЫЙЛАГАНЫНАН МУУНТУП ӨЛТҮРДҮМ»
Кылмышка шектелип кармалган АНДРЕЙ ОВЧИННИКОВ жасаган коркунучтуу кылмышын төмөнкүчө баяндап жатат:
– Бактыгүл менен Сергей деген досумдукунан тааныштым. Мен барганда алар арак ичип отурушуптур. Эртеси Бактыгүл экөөбүз ал жашаган үйгө бардык, барсак үйдө 2 кичинекей кыз бар экен. Бактыгүл улуусун эшикке чыгарып жиберди да, экөөбүз дагы арак ичтик. Бактыгүл мага «кыздардын апасы көп ичет, ар кайсы эркектер менен жүрөт, сени да тааныштырам» деп алып келген болчу. Ал мас болуп уктап калганда мен көчөгө чыгып, Лидияны көрүп калдым. Аны «жүр, апаңа барабыз» деп алдап ээрчитип алып, Дмитриевка айылындагы туугандарымдын үйүнө алып кеттим. Алар азыр жашабагандыктан, үй бош болчу. Мастыгымдан улам барганда эле уктап калдым, Лидия болсо сыналгы көрүп жаткан. Эртең менен ойгонсом, ал «мени Бакуля издеп жатат, эми апам издеп баштайт. Үйгө, мектепке барышым керек» деп ыйлап кирди. Издөөдө жүргөндүктөн, мени кармап алабы деп коркуп, аны колум менен муунтуп өлтүрдүм. Андан соң баштыкка салып, жер төлөгө көмүп салдым.

Бактыгүл Бекказиева:
– Арашан айылында дачаларды кайтарган досумдун үйүнө конокко баргам, ал жактан Андрей менен таанышып калдым. Эртеси эртең менен «мен кетейин, үйдө балдар жалгыз калган» деп кетмекчи болдум. Мен Юлянын Лида менен Настя деген кыздарын карачумун. Мен үйдөн чыгып кетерде Юля да бир жакка кетейин деп жаткан.
«Жол кирем жок» дегенинен Андрейди ээрчитип алдым. Экөөбүз баш жаздык, анан мен бир бөтөлкө арак алып, үйгө кирдик. Алып келген аракты толук ичтикпи же ичкен жокпузбу, билбейм, мен «өчүп» калыптырмын. Эртең менен турсам, жанымда Настя уктап жатыптыр, Лида жок экен. Апасы да келбептир. Анан Юляга чалдым, «мен масмын, Лида жоголуп кетти» деп.

ЭШЕГИНЕ ЖАРАША ТУШАГЫ
Кылмышка шектелип кармалган 30 жаштагы Андрей Овчинников мурда тоноо, зордуктоо жана аскердик бөлүктү өзү билип таштап кетүү беренелери менен бир нече ирет соттолгон. Акыркы убакта Чолпон-Ата шаарындагы №44-колония-поселениеде жаза өтөп жүрүп качып кеткендиги үчүн издөөдө жүргөн.
Өлгөн кыздын апасы үйлөрдү тазалап иштейт. Бирок Юлияны 7-8 жылдан бери жакшы билген коңшусунун айтымында, эч жерде иштебейт, күнүгө ичип, ар кайсы эркектер, селсаяктар менен жүрчү экен. Кызы Лидияны да күнүгө себепсиз сабай берерин айтты. Лидиянын атасы болсо кайсы бир кылмышы үчүн абактардын биринде жазасын өтөп жатат.
Ал эми Бактыгүл Юлиянын үйүндө 3 жылдан бери чогуу жашап, кыздарын карачу. Эмгеги үчүн эч кандай акча да алган эмес, башка жерде да иштеген эмес. Өзү эле «мен сага жардамдашам, үйүңдө эле жашап турсам болду» деп суранып жашап жүргөн. Мындан сырткары милиция кызматкерлери Лидияны апасы тилемчилик кылган адамга ижарага берип жүргөнүн билдиришти. Алардын айтымында, иликтөөнүн жүрүшүндө апасы кызын Максим аттуу адамга күнүнө 300 сомго ижарага берип, кызы кээде үйдө түнөбөй жүргөнү билинген. Максим Лидияны жетелеп алып Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө тилемчилик кылышкан. Бирок Лидиянын апасы Юлия кызынын тилемчилик кылганын танып жатат. «Кызымды эч жерде иштеткен эмесмин, ал үйдүн жанынан алыс чыккан эмес» деп айтууда.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



9 жашар кызды өлтүрүп, көмүп салган

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
26.05.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай кыз экен аа э кудай озу жазасын берет
SUPER.KG видео
26.05.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасынын мээси иштебей калганбы дейм да.бала учун жанынды берууго даяарсын бул кыздын апасына эмне болгон.
27.05.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бул кылмышка шайтандын суусу арак себепкер!
27.05.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип жаш баланын козун жалдыратып туруп олтурду десенер. Кызга жаным ачып, куйуп атам да. Бала багуучуну карап албайбы, ичкиликтен алысыраагын деп алыпмын, апасы озу да ичкич болсо, атасы турмодо болсо окшошуп гана жатып калышыптыр да.
27.05.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ адамдар акылынан совсем адашып баратышат арактын айынан, карагылачы кебелери да бузулуп кетиптир бул арак деп журушуп.
27.05.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфирулла Астагфирулла Астагфирулла.
27.05.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфффф...алкаш, наркошторду качан ата башташат бизде???! булардан мутация болуп педофил же оз балдарын олтуро турган/зордуктай турган адам эмес, айбандар келип чыгат!
Ушуларга окшогондорду, дарылангысы келбегендерди атып эле салыш керек, жашына карабай.
27.05.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doritos, донуз ок менен болгондо да
27.05.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doritos, атып койсон сразу олуп калбайбы
кыйналбайле педик,наркош,алкаштарды бир жерге топтоп чункур казып тируулой оптом комуп салсан да аздык кылат ушу эркек болгонумда ушундайларга орхотага чыгат болчумун эххх былчыйтып салса...
27.05.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилемчилик деген эмне?
27.05.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JAZZ007 Тилемчилик деген,кочо-койдо кайыр сурап журушотго.ошолордун иши телемчилик деп айтылат
28.05.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, Рахмат эми билип журом
27.05.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еки буттуу жырткычтар
28.05.2013. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ушундай окуяларды окуп уга берип эле инфаркт болгону калдым! Байкуш Лидия , Бакулясынын кебетесин шумуройгон.
28.05.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактасын ушундай нерселерден. Апасы озу балдарын жакшы карабай маани бербей жургонунун кесепетидир
28.05.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах Таала озу жазасын берсин,байкуш наристе,жаны жаннатта болсун.
28.05.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар бироого кор, Колунда бар алтындын баркы жок, баласын кантип ушул Бакуляга каратканы да кызык экен го... Чырактай кыздын омурун кыйганын, дагы подвалга кооп койгонун курсун.... Илгери кинолордон корот элек подвалдан мертвые души детей адамдарды кыйнаганын эми бизге тез эле жетип келип калдыго ошол нерсе ....
SUPER.KG видео
28.05.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орус кишини алдыма салып берсе сойуп таштамакмын
28.05.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Издешпей табышкандар экенда шумдук. Буларга бияктагы жазаа аздык кылат. АЛЛАХ ТАЛЛАНЫН алдында жооп берет бул акмактар.
Бала багуучу болуп жургон Бакулясы "очуп калыптырмын" дегени кыжырды келтирет. Очконуно жараша такыр эле очуп калса болмок экен .
28.05.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozunun nariste kizinin denesini kantip bazarlayt!!!Kanday tashboorlor,adam emes aybandar bular!
29.05.2013. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеси себепкер турбайбы...
Эхх...
Жаткан жери жайлуу болсун. Атаганат айткангада ооз барбайт жабжаш кыз экен.
29.05.2013. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oooo,Jaratkan Alla araktan alis kilakor pendendi..
29.05.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай тентимиштердин кылмышы тез эле ачылат. А колунда барлардын кылмышы жаап жашырылат. Кой кордунбу жоок мал кордунбу жоок болотта азыркы заманда.
30.05.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул бала карабай жерге кир сен.
30.05.2013. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш чырактай кыздын омуру кыйылгыча ошол 3 мыкаачы мурт кетпептир ошол пайдалуу болмок.. Апасы куноолуу баарына жапжаш экен жакшы иш таап иштесе болчудай кайдагы кебетеси суук бакулялар мн достошпой..
30.05.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uxundailarga kar bolgon xorduu nariste-ai!!!
30.05.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюумча кызды зордуктаган мас болуп алып, анан бироолорго айтып койбосун деп олтуруп салган болуш керек, жонк эле коркуп кетмек беле уйуно кетем деп ыйласа. Эмнеси болсо да кунолуулор жазасын алсын демекмин!
30.05.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик менин колумда болгондо,Темир тордун артында чиритет элем буларды!
31.05.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech nerse bolbogondoi jurotko apasy....soz jok... baikuw kyz jalko abdan jaw eken
31.05.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канкорлор силерди аллах ушул жашодо турмодо чиритсин,аркы дуйнодо тозоктун отунда куйкаласын ылайым.
31.05.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооииий соз жок ушундай адамдар барда арабызда
Жазасын алышсын аркы дуйнодо да бул дуйнодо да
09.06.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо жараткан кыргыз элиме ,жалпы мусулмандарга журогуно ыйман бер .буларга аллах эки дуйно тозогун берет го.ал эми бул селсаяктар учун турмо эн сонун уй .кылмышкерлерди окмот багып жатпайбы,ошон учун мындай фактылар кучоп жатат
SUPER.KG видео
16.06.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ эшшшектер ушуга окшогон нерселер качан токтойт баары адам го айбан эмес апасы куноолуу корунуп турбайбы аракеч экени байкуш кыз жаткан жайы тынч болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: